| Саб.этабы | убакыт | Усулу, ыкма | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Колдонулган кɵрсɵтмɵ куралдар, каражаттар | Баалоо критерийлери: |
| уюштуруу | 35мүн | | Саламатсынарбы, балдар. ɵзүңɵргɵ маалым болгондой быйылкы жылы мамлекеттик тилибиздин макам алгандыгына 30 жыл толуп олтурат. Анда сабагыбызды мамлекеттик тилдин гимнин ырдоо менен баштайлы.(Мамлекеттик тил гимни хор аткарылат) Ыракмат балдар, орун алгыла. Эми силерден сураныч, мамлекеттик тилди даңазалаган ыр саптарынан кɵркɵм айтып берсеңер. (3-4 окуучу суралат) | | - мамлекеттик тил жɵнүндɵ ырды кɵркɵм айтып бергендерге (1 упай) |
| Сабактын темасын, максатын, милдеттерин билдирүү, окуучуларды окуу ишмердүүлүгүнө шыктандырып даярдоо | 5 мүнɵт | Мээ чабуулу | Сабактын темасы, максаты, кɵрсɵткүчтɵрү, баалоо критерийлери менен тааныштыруу. «Мамлекеттик тил турмушта кайсы учурда колдонулат?» деген суроо аркылуу окуучулар менен мээ чабуулун ɵткɵрɵбүз. (Окуучулардын айткан ойлору четке кагылбастан, доскага жазылып турат) Ыракмат, балдар, эми силер менен кыргыз эли баалап келген 3 буюмдун атын атоо менен 3 топко бɵлүнүп алалы. «Боз үй», «Калпак», «Комуз» деп атоо менен 3 топко бɵлүндүк топтордон орун алыңыздар. (Топтор жайгашчу орунду кɵрсɵтɵт) | | - берилген суроо боюнча ɵз пикирин айтса (1 упай) - топко бɵлүнүп жатканда жана иштеп жатканда тартипти сактаса, башкаларга жардам берсе (1 упай) |
| Билимдерди практикада колдонуу жана билгичтик, көндүмдөргө ээ болуу | 5 мүнɵт. | Топто иштɵɵ | 1-тапшырма: убакыт 5 мүнɵт. «Боз үй» тобу үчүн: Топтун ар бир мүчɵсү ɵзүңɵр келечекте эмгектене турган жериңерге кызматка орношуу үчүн арыз жазгыла. Ишкананын жетекчиси ɵзүнɵр ойлонуп тапсаңар болот. «Калпак» тобу үчүн Топтун ар бир мүчɵсү машина базардан авто унаа сатып алдынар, бирок, бир аз акча каражаты жетпей калды. Авто унаанын ээсине ошол акчаны кийинчерээк берүү үчүн тил кат жазгыла. «Комуз» тобу үчүн: Топтун ар бир мүчɵсү капысынан автобустан уюлдук телефонуңузду алдырып койдуңуз, ошол окуянын кантип болуп ɵткɵндүгү тоюнча түшүнүк кат жазгыла. | Окуучунун саны канча болсо ошончо А4 ɵлчɵмүндɵгү барактар | - топтогу ар бир окуучуга берилген жумушту ɵз алдынча аткарса (1 упай) - аткарган жумушу так, туура жазылган болсо (5 упай) |
| 5 мүнɵт | Топто талкуулоо | 2-тапшырма: убакыт 3 мүнɵт Топтор аткарган тапшырмаларды алмашкыла, «Боз үй» тобу аткарган жумушуңарды топтоп, «Калпак» тобуна бергиле, «Калпак» тобу жазган жумушуңарды жыйнап, «Комуз» тобуна бергиле, «Комуз» тобу силер аткарган тапшырмаларыңарды «Боз үй» тобуна бергиле. Силерге келген ар бир ишти текшерип чыккыла да эмнеден ката кетиргенин айтып бересиңер. Бул учурда слайддан арыз, тил кат, түшүнүк каттын маалымдаректери (реквизиттери) кɵрсɵтүлүп турат. | Слайд: арыз, тил кат, түшүнүк каттын маалымдаректери кɵрсɵтүлгɵн слайддар | - башка бирɵɵлɵрдүн жумушун текшерип, катачылыктарын айтып жатканда, сылык-сыпаа сɵздɵр менен сунуш иретинде айтса (3 упай) - слайдда кɵрсɵтүлгɵн иш кагаздарынын реквизиттеринен пайдаланса (3 упай) |
| 810 мүнɵт | Суроо-жооп | 3-тапшырма: Суроо-жооп. Суроону талкуулаганга 1 мүнɵт убакыт, жооп берүү үчүн 2 мүнɵт. Ар бир топко 1ден суроо берилет. Ошол ойлорду далилдеп бересиңер. «Тилден уу да, бал да тамат» бул накыл сɵз, туурабы? «Мамлекеттик тил жалпы улуттук кенч» бул макал, кошуласыңарбы? Мамлекеттик тилди мамлекеттик жумушта иштегендер кана колдонуу керек, буга макулсуңарбы? | Суроолор жазылган карточкалар | - суроого жооп берип жатканда конкреттүү далилдерди келтире алса (3 упай) |
| 15 мүнɵт | «Азыркы сɵздү мага бергиле» ыкмасы | 4-тапшырма: Кɵркɵм баяндоо. Ар бир топ үчүн 4 мүнɵт убакыт. Ар бир топ ɵзүңɵрдүн тобуңардын атын 20-25 сүйлɵмдүн тегерегинде кɵркɵм баяндоо менен презентациялап беригиле. Силер, презентацияны «Азыркы сɵздү мага бергиле, мен …..» деп баштайсыңар. | | - Кɵркɵм баяндап жатканда ыраттуу, орунсуз кайталоосу жок баяндаса (3 упай) - кептин ой жүгүртүү туру менен баяндаса (5 упай) |
| Кайтарым байланыш | | «Бир сүйлɵм менен жалпылоо» | - Балдар, бүгүн сабактан сен эмнени үйрɵндүң? Бир сүйлɵм менен жалпылагыла. Кааласаңар, жазуу жүзүндɵ да берсеңер болот. (каалоочуларды жаздырбай оюн укса да болот) | баракчалар | - сабактан ɵздɵштүргɵнүн бир сүйлɵм менен айтып берсе (3 упай) |
| Баалоо | 2 мүнɵт | «Өзүн-ɵзү баалоо» | - сабактын башында тааныштырган баалоо критерийлери менен ɵзүңɵрдү баалагыла. Упайларыңарды эсептеп чыккыла. Кимде- ким 25-30 чейин упай топтосо, «5» 19-24 чейин упай топтосо, «4» 13-18 чейин упай топтосо, «3» 7-12 чейин упай топтосо, «2» деген баалар коюлат. Кундɵлүгүңɵрдү алып келсеңер болот. | Баалоо графасында кɵрсɵтүлгɵн баалоо критерийлеринин доскага жазып же слайддан кɵрсɵтүп койсо болот | |
| Жыйынтыктоо | 1мүнɵт | | Демек, балдар силерге маалым болгондой, мамлекеттик тил биздин турмушубузда аба, суудай зарыл. Аны ар бир сүйлɵгɵн сɵзүбүздɵ колдонуп, ɵнүктүрүү бул атуулдук милдетибиз экендигин жүрɵгүбүз менен сезип жоопкерчиликтүү мамиле жасайлы. | | |
Бул сабак тарбиялык саат катары ɵтүүгɵ сунушталат.
Сабакты иштеп чыккан Ош билим берүү институтунун кабинет башчысы РАИМБЕКОВА ЧЫНАРА