Насирдин Исанов
Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри
(1991–1992)
Касым Тыныстанов
Кыргыз элинин биринчи агартуучу-илимпозу, алгачкы “Алиппенин” автору, улут алфавитинин уңгусун түзүп, жазма маданиятыбызды калыптандыргандардын бири
Сүрөттө И.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети. Алгачкы студенттерин 1933-жылы кабыл алган. Анда билим алам дегендердин саны болгону 53 киши болуп, университет ал убакта Кыргыз зооветеринардык институту деп аталчу. Ошондон бери окуу жайдын аталышы үч жолу өзгөрүп, азыркысы 2009-жылы берилген.
1939-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институту ачылып, жападан жалгыз "дарылоо" адистигине 200 адам тапшырган. Азыркы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы деген аталышты окуу жай 2008-жылы алган.
Сүрөттө 1926-жылы негизделген Жалал-Абад педагогикалык техникуму чагылдырылган. Ал убакта ири окуу жайлардын бири болуп саналып, 1993-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бир бөлүгү катары өз алдынча ишмердигин токтоткон.
Учурда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети
Жалал-Абад медициналык колледжи
1939-жылдын 26-мартында Кыргыз ССР КП БКнын чечими менен Жалал-Абад медициналык мектеби болуп ачылган. Медициналык мектеп Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо министрлигинин №102- 08.07.1957-жылкы буйругунун негизинде медициналык училища болуп, ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин №639 – 10.12.2009-жылкы буйругунун негизинде Жалал-Абад Медициналык колледжи болуп аталып калган .
1939-жылы түштүк калаада Ош мугалимдер институту ачылып, 10 жылдан кийин анын базасында Ош педагогикалык институту негизделген. 1992-жылы Ош мамлекеттик институту болуп өзгөрүп, кийинчерээк университет статусу ыйгарылган .
Ошто 1932-жылы айыл чарба кызматкерлерин даярдаган Айыл чарба техникуму иштей баштаган. Ошол мезгилден бери окуу жайдын аталышы эч өзгөргөн эмес .
1925-жылы Ошто педагогикалык профилдеги билим берүүчү мекеме пайда болгон. Аны менен А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институттун тарыхы башталган .
1967-жылы Кыргызстанда алгачкы ирет көркөм окуу жайы ачылып, учурда бул мекеме Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети деп аталат. Окуу жайдын аталышы үч ирет өзгөрүп, 1993-жылы ич ара бөлүнүп, натыйжада Кыргыз улуттук консерваториясы жаралган .
1955-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институт ачылып, 2005-жылы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына өзгөргөн. Окуу жай бул убакыт ичинде 20 миңден ашуун спортчуну даярдап чыгарган.
И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тарыхы 1953-жылы КМУ алдындагы техникалык факультеттин ачылышы менен негизделген. Өз имаратына окуу жай бир нече жылдан кийин ээ болуп, азыркы аталышын 1993-жылы алган.
Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаар алдында, 1945-жылы, өлкөдө Кыз-келиндердин педагогикалык училищеси ачылган. И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университет болгучакты алты жолу атылышы өзгөргөн. 1952-1992-жылдар аралыгында окуу жай Владимир Маяковскийдин атында болчу.
Кыргызмамбасылмасынын 1928-жылдагы имараты
Өлкөдө эң биринчи китеп басып чыгарган мекеме 1926-жылы 30-сентябрда ачылган. Ал республикадагы окурмандарды окуу китептери, адабияттар менен камсыз кылуу милдетин аткарган.
1928-ж
Буу менен жүрүүчү, дөнгөлөктүү алгачкы Трактор Улуу Британия менен Францияда 1830-ж. пайда болгон. Кийин АКШнын айыл чарбасында пайдалана башталган. Бирок аны менен жер айдоо кымбатка тургандыктан, кеңири тараган эмес. Россияда 1837-ж. Д. Я. Загряжский, 1889-ж. А.П. Костиков-Алмазов каз таман (гусеницалуу) Трактордун айрым жумушчу бөлүктөрүн ойлоп табышкан. СССРде 1923-ж. биринчи Трактор чыгарылган. Кыргызстанда Трактор 1920-жылдын ортосунан баштап пайдаланыла баштаган.
Benz Patent-Motorwagen 1885-жылы курулган ички күйүүчү кыймылдаткычы (Даймлердин унаасы сыяктуу) менен
дүйнөдөгү биринчи унаа.Немис ойлоп табуучу Карл Бенц тарабынан. 1886-жылдын 29-январында №37435 патенти расмий түрдө берилген, ал ички
күйүүчү кыймылдаткычы бар биринчи коммерциялык
жана ийгиликтүү автомобиль болуп эсептелет
Ford Quadricycle (1896). Генри Форддун биринчи машинасы, Ford Motor Company түзүлгөнгө чейин жасалган (ал алты жылдан кийин пайда болгон). Бардыгы болуп, Форд сатуу үчүн 3 квадроциклдерди жасап, кийинчерээк көп жылдардан кийин алардын бирин кайра компаниянын музейине сатып алган. Бул көчүрмө бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган.
Алгачкы кыргыз
милициясы
Кыргызстан дагы жумушчу дыйкан милиция сынын алгачкы уюштуруучулары: бир туугандар
Балтакожо жана Насрулло Султановдор
(ал Өзбекстан дын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал -майору Султанов, Мухтар Насруллаевич тын атасы болгон), Газыбай Казыбаев, Абдылда Исабаев, Николай Нерабоченко, Атажан Сулайманов, Николай Парфентьев, Санжар Касымбеков Машариф Масабиров, Т. Машрапов,
Эргеш Алиев , Петр Гайлис ж. б. Кара - Кыргыз АОсунда 1924 -ж. октябрда Облмилициянын башкармасы иштей баштаган. Анын 1 - начальниги - А.П. Арумов. Кыргыз АССР инин 1-ички иштер эл комиссары - Искандер Жанузакович Жоломанов. Ош уезди милициясынын алгачкы уюштуруучусу жана 1 - башчысы Балтыходжа Султанов болгон 1925 -ж. Кыргыз АОсунун Ички иштер эл комиссариатынын тармагында 1 - жолу окуу пункту ачылып, коп узабай ал 11 айлык мектеп ке айланган.
Алгачкы кыргыз милициясынын
аткарган иштери жөнүндө кирип окуңуз
Алгачкы кыргыз радио, телеберүүсү
Алгачкы берүү күнү
Теле - 1958-жыл (Радио - 1927-жыл )
Тарыхын окусаңыз болот
Дүйнөдө биринчи телевизор
качан пайда болгон?
1907-жылы немис ойлоп табуучу Макс Дикман катоддук нур түтүкчөсүндө али чыныгы объектилерди чагылдыра элек растр сүрөтүн түзө алган. Сүрөттүн көз ирмемдик берилишинин биринчи демонстрациясы 1909-жылы немис физиги Эрнст Румер тарабынан жасалган.
Дүйнөдө биринчи телевизор качан пайда болгон? Биринчи телевизорду ким ойлоп тапкан Биринчи телевизорду 1926-жылы орус окумуштуусу Владимир Зворыкин ойлоп тапкан. Ал телевизордун дизайнын жараткан, ал кийин АКШда
патенттелген. Бирок, биринчи жумушчу телевизор 1927-жылы америкалык ойлоп табуучу Фило Фарнсворт тарабынан түзүлгөн .
компас
Биздин заманга чейинки
III кылымда (болжол менен
2400 жыл мурун) Кытайда
негизги багыттарды көрсөткөн
аппарат ойлоп табылган.
Байыркы компас ичке сабы бар кашык сыяктуу эле,
кашыктын өзү магнетиттен
жасалган
Компас жөнүндө
кирип окуңуз
Дорожный компас и солнечные часы, XVIII век