Просмотр содержимого документа
«Логикалык суроолор 5-класс»
Окуу жана түшүнүү 1 – сабак
Адам өмүрү
Дүйнөнү жаратып бүткөндөн кийин Кудай адамды жана башка жаныбарларды өзүнө чакырып, алардын ар кимисине ар кандай өмүр жаш бере баштайт. Баарынан мурда адам барган экен. Ага Кудай мындай деген экен: – Адам мен жараткандардын акылдуусу, келбетүүсү сенсиң. Сүйлөгөнгө тил, ойлонууга акыл бердим. Башка жандуулардын баары эс – акылы жагынан сенден төмөн турат. Сен аларга каалагандай бийлик кыласын. Жердин чөбү, бак – дарактардын жемиштери, көл – дарыялар, тоолор, токойлор – баары сеники. Мен сага отуз жыл өмүр берем. – Ошондо адам бул сунушка нараазы болуп, өзүнчө ойлонот: “ Эгерде мен баарынан акылдуу, келбеттүү болсом, жер жүзүндөгү баары мен үчүн болсо, анда отуз жылдык өмүр мен үчүн өтө аз болот”. – деп көбүрөөк өмүр алып жаткан айбандарды карап турат. Кийинки болуп эшек келди. Кудай ага мындай дейт: – “Сен көп иштейсиң, аябай чарчайсың. Тынч күнүң аз болот экен. Жеген жемиң да даамсыз, ичкен сууң кир. Ошондуктан сага элүү жыл өмүр берем”- дейт. Эшек башын ийип, Кудайдан суранган экен; – Элүү жыл жүк көтөрүп, кыйналгым келбейт. Мага отуз эле жыл жетет. Ошондо адам жакын келип; – Эшектин жыйырма жашын мага кошуп берсеңиз, – деп Кудайдан сурайт. Адамдын бул сунушу кабыл алынат. Андан кийин ит келет. – “ Сен адамга кызмат кылып, үй кайтарасың, чоочун адам келсе үйгө киргизбейсиң”. Сенин ишиң өтө оор эмес. Сенин жашың кырк жыл болсун, – деп Кудай итке айтат. Ошондо ит башын ийип, өзүнүн оюн айтат; – Мен үй кайтарып, кырк жыл адамга кызмат кылгым келбейт. Жыйырма жыл жашаганым жакшы, – дейт ит. Аны угуп, Адам келип; – Иттин жыйырма жылын мага кошуп бериңиз, – деп өтүнөт. Адамдын өтүнүчү кабыл болот. Акыркы болуп маймыл келет. Ага Кудай муну айтат; – “ Сырткы көрүнүшүң адамга окшош, бирок акылың жаш баланыкындай. Ар кимге күлкү болуп, алтымыш жыл жашайсың”. Маймыл да Кудайдан жашын кыскартууга суранып; – Эгер адамга окшоп, бирок өзүм акылсыз болсом, ар кимге алтымыш жыл күлкү болуп жүргүм келбейт. Менин жашымды отуз жашка кыскартыңыз, – деди маймыл. Маймылдын калтырган отуз жашын мага кошуп бериңиз, – деп суранды Адам. Бул жолу да анын суроосу кабыл болду. Мындан кийин Адам башында берилген отуз жашын эң жакшы жашайт. Отуз жаштан элүү жашка чейин эшектей иштеп, абдан кыйналат. Анан элүү жаштан жетимиш жашка чейин үй ичин ар түрдүү буюм менен толтуруп, аны иттей кайтарып, эч кимге бербей отурат. Ар ким менен урушуп, талашып жүрөт. Жетимиштен ашкандан кийин жүзгө чейин кичинеден акылдан айрыла баштап, жаш баладай болуп калат. Кээде жасаган иштери менен элге күлкү болуп жүрөт экен.
Суроолору
Эмне үчүн Адам Кудай берген отуз жашка ыраазы болгон жок? а) акыл эстүү болгондуктан б) сүйлөй алгандыктан в) келбеттүү болгондуктан г) отуз жылдык өмүр аз болгондуктан
Адам Кудайдан эшектин ________ ________ ________ кошуп бериңиз деди. а) отуз жашын аларга б) жыйырма жашын мага в) он беш жашын итке г) отуз жылдык өмүр аз болгондуктан
Ал иттин да жыйырма жашын ................................. . а) ага кошуп бериңиз деп суранат б) аларга кошуп бериңиз деп тиленет в) мага кошуп бериңиз деп өтүнөт г) тигиге кошуп бериңиз деп жалбарат
Адам .......... отуз жашын да ............ алгысы келди. а) иттин, өзүнө б) эшектин, өзүнө в) алла берген, өзүнө г) маймылдын, өзүнө
Эмне үчүн ит дагы кырк жыл жашагысы келбеди? а) узак мезгил кыйналгысы келген жок б) аз убакыт иштегенди каалады в) үйдү кайтарганды жаман көрөт г) анын акылы жок болчу да
Төмөнкү суроого берилген жоопторду толуктагыла. Адам кандай өмүр сүрдү ( туулганынан баштап отуз жашка чейин)? а) эң жакшы жашайт б) эшектей кыйналып жүрөт в) аябай чарчап, дем алууну каалайт г) байлык топтоп, иттей кайтарат
Отуздан элүү жашка чейин........ а) эс алып калат б) көп эмгектенет в) иштегиси келбейт г) байлык топтоп, иттей үй кайтарат
Элүүдөн жетимишке чейин ............. а) эс алууга чыгып ишти токтотот б) кадыр – барк жыйнайт в) байлык топтойт г) балдарды жайлап, небере багат
Жетимиштен кийин .................. а) элге журтка күлкү болот б) иштемчилдиги артат в) балдардын үзүрүн көрөт г) акылдан азып, карыйт
Төмөнкү макалдардын кайсынысы тексттин идеясы менен үндөшүп турат? а) Жаш келсе ишке, кары келсе ашка б) Адам жашка тойбойт, бөрү нанга тойбойт в) Өтпөс өмүр, сынбас темир болбойт г) Жаш – улук эмес, ажал - улук.