СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздардын саламдашуусу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыздар ал-жайды сурашкандан кийин эле «Мал-жан эсенбиге?» өтөт. Ага «жакшы», «шүгүр», «дурус» деген жооптор айтылат. «Мал боор эт менен тең» деген сөз тегинден эмес. Себеби, бул – адамдын жандуу жаратылыш менен тыгыз алака-катышын терең аңдап-таануудан улам чыгарылган тыянак. Мында адам табият менен бирге болсо гана анын турмушу жайлуу болот, атүгүл, этин жеген жаныбардын касиеттери ага өтүп, аны кубаттантып турат деген элдик ишенимдин изи даана сезилип турат: «Мал ээсин тартпаса, арам өлөт» ж. б.

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздардын саламдашуусу»

Кыргыз элиндеги саламдашуу адеби тууралуу

Салам

Мааниси

Алик

Мааниси

Кыргызча

Арыбаңыз

Адамга кадимки күү-деми, күч-кайратынан тайбай, кайгы-капага жеңдирбей, куунак көңүлдө, узак өмүрдө жашашын каалап, чын дилден айтылган угумдуу, жугумдуу салам-тилек сөз

Бар болуңуз

Бул жоопто адамдын ал-абалы кандай болбосун, ал үчүн башкысы – бар болуудан, башкача айтканда, тирүүлүктөн өткөн дөөлөт жок экендиги таасын туюнтулган: «Куур тондун ичинде куурасын, жигит өлбөсүн», «Киши болор кишинин киши менен иши бар». Бул – кыргыздардын адам парасатын артыкча баалап, бөтөнчө бийик койгон адамгөй, жапакеч эл экендигин далилдеген нарк-насилинин бир гана мисалы.

Кыргыздар ал-жайды сурашкандан кийин эле «Мал-жан эсенбиге?» өтөт. Ага «жакшы», «шүгүр», «дурус» деген жооптор айтылат. «Мал боор эт менен тең» деген сөз тегинден эмес. Себеби, бул – адамдын жандуу жаратылыш менен тыгыз алака-катышын терең аңдап-таануудан улам чыгарылган тыянак. Мында адам табият менен бирге болсо гана анын турмушу жайлуу болот, атүгүл, этин жеген жаныбардын касиеттери ага өтүп, аны кубаттантып турат деген элдик ишенимдин изи даана сезилип турат: «Мал ээсин тартпаса, арам өлөт» ж. б.

Орусча

Здравствуйте

Саламат болуңуз. Каалоо-салам. Мындан ал элдин артыкча баалаган асылдыгы (ден соолук) айкын баамдалып турат.

Здравствуйте

Сиз да саламат болуңуз. Жооп-салам. Мындан ал элдин артыкча баалаган асылдыгы (ден соолук) айкын баамдалып турат.

Арабча

Ассалом алейкум

Сизге тынчтык каалайм

Алейкум ассалом

Сизге да тынчтык каалайм

Алтайлыктар

Такшилар ба?

Жакшысыздарбы?

Такшилар ба?

Жакшысыздарбы?

Татарлар

Исэнмесез?

Эсенсизби?

Исэнмесез?

Эсенсизби?

Учурашуунун «Привет», «Хеллоу», «О кей», «Чао» сыяктуу «баш ийкешүү», «колун жаңсоо», «ээгин экчөө», «өбүшүү» сыяктуу өөн учураган түрлөрү өрчүп баратат.

Куттуу элибиздин ата салты, эне адебиндеги улуу-кичүү, аял-эркек ортосундагы амандашуу адебин аздектеп сактоо, аны заманга шайкеш ардактап урунуу – ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Айталы, жаңырткыбыз эле келсе, күн маалына ылайык бири-бирибизге «Кутман таң», «Кутман күн», «Кутман кеч», «Кутман түн» деп каалоо-салам айтып турсак болбойбу?..

Бул маалыматтар төмөнкү интернет булагынан алынды: http://ruhesh.kg/ky/dasmiya/1114-iptaruulu-sabir/sabir-iptaruulu-kirgizdin-salami-aribaiz-aligi-bar-boluuz