Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тил сабагы боюнча тест»
8-класстар үчүн тест
№1. Кыргыз тилинин синтаксис бөлүмү эмнени үйрөтөт:
а) сөз жана сөз жасоону
б) сөз жана сөз түркүмүн
в) сөз айкашы жана сүйлөмдү
г) жөнөкөй жана татаал сөздү
№2 Төмөнкүлөрдүн ичинен кайсынысы сөз айкашы
а) бака жалбыра б) жашыл жалбырак
в) темир жол г) төө куш
№3 Этиштик сөз айкашын тапкыла
а) бийик тоо б) алмаздан катуу
в) келгендердин бири г) мектепке келүү
№4 Негизги сөзү сын атоочтон болгон сөз айкашын көрсөткүлө
а) балдан таттуу б) калың токой
в) окууга баруу г) китептин экөө
№5 Кайсы сөз айкашында ыкташуу байланышы бар
а) ызгардуу кыш б) музейде болуу
в) биздин курбулар г) жаратылышты сактоо
№6 Башкаруу байланышындагы сөз айкашын тапкын
а) менин карындашым б) ачык-так сүйлөө
в) оюнга баруу г) сегизинчи класс
№7 таандык байланыштагы сөз айкашы кайсы
а) он эки окуучу в) тырышчаак болуу
б) баланын аты г) анардай кыпкызыл
№8 Ээрчишүү байланышы сүйлөмдүн кайсы мүчөлөрүнүн ортосунда болот
а) аныктооч менен бышыктоочтун
б) ээ менен баяндоочтун
в) толуктооч менен бышыктоочтун
г) бышыктооч менен баяндоочтун
№9 Сүйлөмдүн грамматикалык негизин кайсы мүчөлөр тузүшөт
а) аныктооч жана толуктооч
б) толуктооч жана бышыктооч
в) ээ жана баяндооч
г) аныктооч жана бышыктооч
№10 Айтылыш максаты боюнча сүйлөмдүн кандай түрлөрүн билесиң
а) жөнөкөй, татаал б) жактуу, жаксыз
в) толук, кемтик г) жай,суроолуу,илептүү, буйрук
№11 Бөлүнгөн сөз сүйлөмдүн кайсы мүчөсү.Жакшыдан жакшы ат калат.
а) толуктооч б) бышыктооч
в) аныктооч г) ээ
№12 “Күн калкылдап уясына батып баратат” деген сүйлөмдө бөлүнгөн сөз сүйлөмдүн кайсы мүчөсү
а) баяндооч б) аныктооч
в) толуктооч г) бышыктооч