| Калдайып турган тоо сүйсүн, Ишиңди коллегалар бүт сүйсүн. Ичкениң минерал суу болсун, Өмүрүң түгөл дуу болсун | Чайкаганың чай болсун, Чайнаганың май болсун. Бата бердик жаш кары, Алганың менен тең кары! |
| Тенирим берген бакытты, Тепкилесе кетпесин. Кудайым берген бакытты, Кубаласа кетпесин! | Эчкиң эгиз туусун, Эки жылда сегиз туусун. Казанында май кайнасын, Пайгамбарым төрүнөрдө тайрандасын. |
| Ат берсе ала берсин, Акылдуу баш бала берсин. Пайгамбар назарын берсин, Кыдырым баарын берсин! | Казынаң чачылбасын, Каймагын бузулбасын. Уулуң урум болсун, Кызың кырым болсун! |
| Дасторконуң жабылбасын, Кайгы сага кабылбасын Сыймыктуу дөөлөт жашынбасын Жашооңдо тойлор көп болуп, Ийгиликтер кайра-кайра кайталансын! | Бак карасын, Кыдыр даарысын. Кудай жалгасын, Жан-башынды, Аман кылсын баарысын! |
| Кызырың кыяласын, Ырысың уяласын. Башынан бак тайбасын, Үй-бүлөдөн ынтымак качпасын! | Кетпес кешиктүү бол, Кенири дөөлөттүү бол. Улуунун жашын берсин, Вангонун башын берсин! |
| Көл боюнда талын болсун, Көлөкөлөөр чагын болсун. Үйүңдүн үстү жагында, Үн тартылган кайын болсун! | Үйүң толо бала берсин, Кудайым сага бата берсин. Аттанып үйдөн чыкканда, Ар дайым жолун болсун! |
| Башынды таштан кылсын, Урматтуу асыл заттан кылсын. Сулуулугун күндө артып, Алган жарың мактансын. | Билимин жугумдуу болсун, Таалимин татыктуу болсун. Адебин ашып ар дайым, Ардактуу келин болсун! |
| Башынан бакыт кетпесин, Башканын каргышы жетпесин. Балдарын чечен болсун, Бир тууганы эсен болсун! | Кыдыр сени даарысын, Кылымга атын таанылсын. Тилин кызыл болсун, Тилегин узун болсун! |
| Кудай бак берсин, Бак берсе бат берсин. Кудайым ырыс берсин, Ырыс берсе дурус берсин! | Жаркыраган гүлдөй бол, Жайнап жаткан чоктой бол. Күнүң кыяласын, Күнүң уяласын! |
| Бактылуу бол, баштуу бол, Узун өмүр жаштуу бол. Телегейин тептегиз, Малынып турсун майга кол! | Бактылуу болуп балдарын, Ачылсын багы ар дайым. Түндүктөн ырыскы куюлуп, Жолу болсун күн сайын! |
| Өзүңө узун өмүр берсин, Балдарына бак берсин. Бакыт берсе, Ар дайым артык берсин! | Көтөр айым билегинди, Кудайым берсин тилегинди. Бак карасын, Кыдыр даарысын! |
| Атадан калган ак бата, Ар адамга бап бата. Айыкпас балаа, Жок жалаадан сактасын. Ата-бабандын арбагы колдосун, Эч жамандык болбосун! | Кудайым кабыл көрсүн тилегинди, Каз каркылдап кечкис көл бол. Куш куркулдап, өткүз кол бол. Балдарын журтка таанылсын! |
| Илимин башка толсун, Илебин ташты жарсын. Казанын кайнап турсун, Отун жайнап турсун! | Башындан бакыт кетпесин, Жооңо бийлик жетпесин. Шыбагалуу баш берсин, Берекелүү баш берсин. |
| Баркыраган башберсин, Уучун узарсын. Жаның жыргасын, Өмүрүң узун болсун! | Өрүшүң жайык болсун, Ырысын журттан ашсын. Көңүлүң толкуп жатсын, Эч нерседен кем болбо! |
| Үй-бүлөңө бакыт берсин, Ырыскынды каухардай чачып берсин. Бак карап, кызыр даарып, ырыс жетип Дөөлөтүң суудай агып, өсүп өтсүн! | Каныкейдей тилектүү бол, Айчүрөктөй келиндүү бол. Алманбеттей, уулдуу бол, Өзүң өмүрлүү бол! |
| 100 жаш өмүр берсин, Курманжан датканын Көңүлүн берсин, Үйүнө кут береке берсин! | Атактуудан улуу бол, Жалтырактан түстүү бол. Ардактуудан күчтүү бол. Акылдуудан бийик бол! |
| Энелүүдөң эрке бол, Эл алдында эрке бол. Кызыл тилден тандайлуу бол, Ырыскыдан мандайлуу бол | Кийимин кептуу болсун, Ишин эптуу болсун. Дидарын чуроктоу болсун, Жашоон корктуу болсун! |
| Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң жайык болсун. Тукумунар журттан ашып, Тууганын канат болсун! | Жети мүчөл жашагын, Тартпагын жоктун азабын. Билимдүү болсон жөлөк бол, Баарыбызга өбөк бол! |
| Ак саамайлуу байбиче бол, Алганын менен тең карып Жейрендин этин ашагын, Жети мүчөл жашагын! | Буудайдай бутакта, Талдай шакта. Жүзүмдөй мөмөлөп, Арчадай көгөр! |
| Алдынды бала бассын, Артынды мал бассын. Ак жоолугун башынан ообасын, Алганын менен тен кары! | Көчтө минер Жипиң болсун, Тойдо кийер шубан болсун. Өзүңө бап күйөөң болсун, Жетелээрге балаң болсун! |
| Үнүң угумдуу болсун, Колуң жугумдуу болсун. Окуткан балдар кубанып, Сизди сыйлагандай болсун! | Кызын сыйлуу болсун, Уулуң урматтуу болсун. Келиниң келбеттүү болсун, Жашыңа жаш кошулсун! |