Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты "Бугу эне"»
Цитатаны толуктайбыз
Адамга эң кыйыны - .............. ................ ........... .........
«Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу.»
Ч.Айтматов
Көр,ойлон,суроо бер.
Бул эмне?
Силерде кандай ой пайда болду?
Силерде кандай суроо жаралды?
Бул сүрөттөр менен Ч.Айтматовдун кандай байланышы бар?
Бүгүнкү теманы болжолдоп таап көргөнгө аракет кылгыла.
Сабактын темасы: Ч.Айтматовдун «Бугу эне» жомогу
Биз бүгүнкү сабакта:
- «Бугу эне» жомогу менен таанышабыз.
- Кыргыз элинин тарыхы,географиясы менен таанышып,суроолорго жооп берип,чыгармага анализ жүргүзөбүз.
- Жаратылышка аяр мамиле жасоого,бири-бирибизди сыйлоого үйрөнөбүз.
1970-жылы чыккан “Ак кеме” повестиндеги “Бугу эне” жомогу -бул кыргыздардын бугу уруусунун келип чыгышы жөнүндөгү уламыш,жомок.Чыгармадагы башкы каарман Балага таятасы айтып берген жомогу.
Чыгарма ошондуктан алгач “Жомоктон кийин” деп аталган.
Алгач чыгарманын жаралуу тарыхына токтолсок.
Автору алакандай кыргыз элин бүткүл дүйнөгө тааныткан,чыгармалары 170 тен ашык тилге которулган залкар жазуучубуз Ч.Айтматов.
Жазуучу Ысык-Көлгө эс алганы барып калат.Ал жерде бейтааныш адам коруктан качып келген маралды атып алганын айтып, мактанып жатканын угат. Угуучулар аны мактап жатып калышат.Бул окуя жазуучуну терең ойго салып, тынчсыздандырат.Көз алдынан канга боёлгон маралдын элеси кетпей “Ак кеме” повестин жазат.
Жомок эмне жөнүндө?
4 бөлүктүү талкуу
1-окуучу
Видеодон эмне көргөнүңдү айтып бер.
2-окуучу
Бул видеону көргөндөн кийин сенде кандай ой жана эмоция пайда болду?
3-окуучу
Бул видеодон сени таң калтырган жана өзгөчө болгон нерсе бар бекен?
4-окуучу
Бул видеону көргөндөн кийин кандай жыйынтык чыгардың?
Жаңы сөздөр:
Атам заманда -
Талоончулук менен -
Алаамат болоор -
Күлүн көккө сапырып -
Тукум курут кылуу -
Мойсоп бүтмөйүнчө -
Каран күн түштү -
Аза күтүп -
Эки көзү балбылдап -
Из кубар(каармандарга талкуу)
1-тапшырма
Күлчө баатырды жерге коюу аземиндеги кыймыл-аракет, ошол учурдагы кыргыздардын аза күтүү каадасы тууралуу үзүндүнү китептен таап,айтып бергиле
2-тапшырма
Салтты бузган нарксыз жоонун каптап киришин китептен таап,айтып бергиле.
3-тапшырма
Кыз менен бала токойдон келип кандай көрүнүшкө туш болушат?Кыз менен баланын аракетине көз саласыңар.Узүндүну тапкыла
4-тапшырма
Майрык-Чаар-Жезкемпирдин иш аракетине көз салышат.Узүндүнү тапкыла.
3-2-1
Бул чыгарма боюнча кызыктуу 3 нерсе?
Силерге жаккан 2 каарман.
Бүгүнкү сабак боюнча 1 пикир же сунуш.
Рефлексия
Үйгө тапшырма: 1. Адам каза болгондогу салттарды салыштыруу.Азыркы салт менен жомоктогу Күлчө баатыр өлгөндөгү салтты салыштыруу. 2) Енисей тууралуу кошумча маалымат таап келүү.
3 ) Жомоктун уландысын кандай элестетесиң?(оозеки баяндап берүү)