СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кукук 4-класс адабий окуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кукук 4-класс адабий окуу»

Баткен облусунун Лейлек районундагы Ормош Сапаров атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Мурзаева Ыхывал Саматовна . 4-класс. Адабий окуу сабагында «RACE» стратегиясын колдонуу.

Сабактын темасы: Күкүк

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр:

а)Чыгарманын мазмунун түшүнө алышат.

-Чыгарманын мазмунун түшүнө алышса;

б)Берилген суроолорго ой жүгүртүп жооп берүү менен өз оюн жазуу жүзүндө көрсөтө алышат.

-Берилген суроолорго ой жүгүртүп жооп берүү менен өз оюн, түшүнгөнүн жазуу жүзүндө көрсөтө алышса;

в) Жалкоолуктан алыс болууга, мазмундуу, чыгармачыл жазууга багыт алышат.

-Жалкоолуктан алыс болуу керектигин түшүнүп, мазмундуу , чыгармачыл жазууга багыт алышса;



Сабактын жабдылышы: ОТК, сүрөт, скотч, баалоо баракчасы ж.б.

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

Компо-тент-түүлук-төр

Баалоо

Уюштуруу

1)Саламдашуу.

2)Жагымдуу маанай түзүү.

а)Слайд аркылуу күкүктүн

сайраганын угузуу

б)Ч.Айтматовдун чыгармаларына арналган көркөм ырды кыймылы менен аткарууну уюштуруу.


3)Канаттуулардын сүрөтү боюнча топко бөлүү .

1-топ-“Сагызган” тобу

2-топ-“Чабалекей” тобу

3-топ-“Күкүк” тобу.


4)Баалоо баракчасын таратуу жана кантип толтурууну түшүндурүү. Баракчанын ар бир саптагы торчосуна тапшырманы аткаруусуна жараша төмөндөгу быйтыкчаларды тартуу керектигин түшундүрүү.

№

Аткарылуучу тапшырмалар

Быйтыкча м-н белгилөө

1

Үй тапшырмасы


2

“Күкүк” чыгармасына RACE стратегиясын колдонуу


3

Суроолорго жооп берүү


4

Өтүлгөн темаларды RACE стратегиясын колдонуу менен кайталоо


5

Тесттик тапшырмаларды аткаруу


(Балдарга ар бир тапшырмадан кийин жогорудагы критерий боюнча баалоо баракчасын быйтыкчалар аркылуу толтуруп туруусун

түшүндурүү.)

-Балдар, демек биз бүгүнкү сабакта жогорудагы баалоо баракчасында көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткара алсак, максатыбызга жетип, “эн жакшы” деген баага татыктуу

болобуз.

Анда биз, биринчи баскычтагы үй тапшырмасын текшерип алалы.



Саламдашуу.

Жагымдуу маанайга катышуу.




Канаттуулар-дын сүрөт-төрүн алуу менен 3 топко бөлүнүшөт.

Баалоо баракчасын кантип толтуруу керектиги жөнүндө маалымат алышат.
























Мугалимдин сөзүн кунт коюп угуу менен аткарууга алышат.






НК2

ПК4











НК2

ПК4





























НК2

ПК5










Калыптан-дыруучу баалоо









































Калып-танды-руучу баалоо


Үй тапшырма-сын суроо

1-тапшырма:

Б. Абдухамидованын “Тыт” деген ангемесин карточкадагы суроолор аркылуу суроо.

М:-Нурайым кандай кыз деп ойлойсун?

-“Тыт” чыгармасынын каармандары кимдер?

-Нурайымдын ичи эмне учүн туз куйгандай ачышты?

-“Сыйлаар адамынды өз убагында сыйлап кал” дегенди кандай түшунөсүнөр? ж.б.(Балдардын баалоо баракчасынын үй тапшырма баскычын толтуртуруусун эскертүү)


Карточкада-гы суроолорго жооп беришет.

Жооп бергенине карап баалоо баракчасы-на быйтыкча тартышат.

М: Так жооп бере алса 1-быйтыкчаны “Үй тапшырма” деген сапка тартышат


НК1

НК3

ПК2

ПК5





















Калып-танды-руучу баалоо












Темага өбөлгө түзүү



-Балдар, доскадагы сүрөткө көнүл бурабыз жана сүрөт боюнча өз оюбузду айтабыз. Б.а. бүгүнкү биздин сабагыбыз эмне жөнүндө деп ойлойсунар?

(Балдардын оюн угуу)

-Демек, биз бүгүн балдар К.Акматов агайыбыздын “Күкүк” деген чыгармасы жөнүндө түшүнүк алат экенбиз.


Алгач сабагыбыздын максаты жана көрсөткүчү менен таанышып алалы.

(Ватманга жазылган сабактын максаты жана көрсөткүчү менен окуучуларды тааныштыруу)





Андан ары балдарды “Сөздүктөр дубалы” менен тааныштыруу.

(Мында “Сөздүктөр дубалындагы” өтүлө турган темада кездеше турган жаңы сөздөр менен тааныштырып, маанисин түшүндүрөт)

М: эмен- дарак

тыбыт-жумшак жүн

кадырың жан болсун-кабатыр болбо деген мааниде











Доскадагы сүрөткө карап өз ойлорун айтышат.


Бүгүнкү өтүлө турган тема жөнүндө билишет.


Бүгүнкү сабактын максаты жана көрсөткүчү менен таанышы-шат.



Балдар дубалдагы сөздөрдүн маанисин түшүнүшөт



НК2

ПК3

ПК5


























НК1

ПК2

ПК3










Калып. баалоо


Жаны тема

-Анда чыгарманы кунт коюп угабыз.(Чыгарманы интерактивдүү окуу ыкмасы менен окуучуларга тааныштыруу.Чыгарманын мазмуну боюнча окуучулар менен суроо-жооп жургүзүу.)

М:

-Канаттуулар кайсы мезгилде уя сала башташты?

-Күкүк сагызгандын суроолоруна кандай жооп берди?

-Эмне үчүн Күкүктү канаттулар уяларына кийиришпеди?

-Күкүктү кандай канаттуу деп ойлойсунар?ж.б.


Чыгарманы кунт коюп угушат.


Керектүү жерлеринде берилген суроолорго жооп жооп беришет.

М: -Канаттуулар жаз мезгили келип, уя сала башташты. ж.б.


НК2

ПК4

ПК5





















Калып-танды-руучу баалоо









Бышыктоо

-Балдар бүгүнкү сабакта биз жаны көнугүү аткаруу менен темага карата кыскача эссе жазганды үйрөнөбүз.Б.а. өз оюбузду кыскача жазуу жүзүндө көрсөтүүгө аракет кылабыз. Алгач доскадагы бул жазууга көңүлүңөрдү бурайын. (доскага төмөндөгүдөй көрсөтмө илинет)

RACE-кыскартылган англис сөзү. Бул сөздүн ар бир тамгасы төмөндөгүдөй чечмеленет:

R

суроону кайталаныз: суроону кайра түзүү

A

жооп: суроого жооп берүү

C

жоопторду далилдөө

E

тема боюнча өз оюн билдирүү

-Балдар , бул көнүгүүнү силер бат үйрөнүп, аткарууда женил болсун үчүн жөнөкөйлөтүп түшундүрүп өтөйүн. Б.а. силер суроолорго жооп берүү менен тапшырманы түшунүп аткара аласынар деп ойлойм.

2-тапшырма: Жалпы класс менен иштөө. Стратегияны аткаруу менен чыгарма боюнча кыска эссе жазууга көнүктурүү

М:

R-эмне болду? (Чыгарманын көйгөйлүү жеринен суроого жооп жазуу)Күкүк уя салбады.

A-эмне үчүн?(Эмне себептен ошол көйгөй жаралганын бир сүйлөм менен жазуу) Анткени , ал жалкоо эле.

C-жыйынтыгы кандай болду? Акыры ал ууру жолго түштү.

E-Сенин оюнча кандай болушу керек эле? Эгерде ал убагында жалкоолук кылбай уя салганда, жаман жолго түшмөк эмес.

-Балдар, эми жогорудагы стратегиянын жардамы менен түзгөн эссебизди ар бир топтон бирден окуучу окуп берсе, биз мазмунуна көнүл бөлүп, угуп көрөлү.

М: Күкүк уя салбады. Анткени ал жалкоо болчу. Акыры ал ууру жолго түштү. Эгерде ал убагында жалкоолук кылбай уя салганда, жаман жолго түшмөк эмес.

(Албетте, ар бир суроого окуучулардын оюн сурап жазса, ар түрдүу жаны ойлор жаралышы мүмкүн. Бул RACE стратегиясын колдонуп үйрөнүү үчүн болгон алгачкы көнүгүү. Эгерде такай колдонулса, окуучулар үчүн жеңил жана дил баян, эссе жазуу көндумдөрүн калыптандырууга жакшы жардам берет.

Тапшырманы аткаргандан кийин окуучуларга баалоо баракчасынын 2- сабын толтурууну эскертүү )


3-тапшырма: Кыска суроо, нуска жооп. Жупта иштөө.(Мында жупта же ар бир топ мүчөсү учүн суроо берсе болот.)



4-тапшырма- Өтүлгөн темаларды RACE стратегиясын колдонуу менен кайталоо

-Анда балдар, “Тыт”, “Бир көчөнүн балдары”, “Сот болгон коён” деген чыгармалары боюнча

RACE-стратегиясын аткарабыз. (Ар бир топко төмөндөгүдөй схема таратылат жана ошондой эле окуучулардын аткаруусуна байкоо жүргүзүү менен көнүгүүнүн аткарылышын көзөмөлдөө)

1-топ:


2-топ:

3-топ:



(Баалоо баракчасынын 4-сабын белгилөөнү эскертүү)


5-тапшырма-Тесттик тапшырманы аткаруу.

(Окуучуларга мини-тест таратылат жана убакыт белгиленет. Жооптору убакыт бүткөндөн кийин слайд аркылуу текшерилет.)

(Окуучулар менен оозеки кайтарым байланыш түзүү. Тесттик тапшырманын аткарылышы боюнча баалоо баракчасына белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүү)


Ар бир тапшырмага катышуусуна карап топторго улуттук буюмдардын сүрөттөрү берилип турат жана сабактын акырында топтолгон буюмдун санына карап топтор бааланат .

Бүгүнкү сабакта аткарыла турган жаңы көнүгүү менен таанышат.





Стратегия-ны аткаруу эрежеси менен таанышат.
















Стратегия-нын ар бир тамгасында-гы суроолорго топто жооп жазышып, жалпы класс менен талкуула-шат.



Акырында топтон бирден окуучу жазган текстин окуп беришет.





Окуучулар ар кимдин ою баалуу экенин түшүнүшөт.






2-тапшырма боюнча баалоо баракчасын толтурат.


Карточкада-гы суроолорго жупта жооп беришет.















“Сагызган” тобу “Тыт” ангемесин стратегияга коюп эссе жазышат.





“Чабалекей” тобу “Бир көчөнүн балдары” ангемесине жазышат.



“Күкүк” тобу “Сот болгон коён” тамсилине

жазышат.

Ар бир топ жазма иштерин жактап беришет.




Таратылган мини-тестти жекече аткарышат жана слайд менен салышыты-рып текшеришет.




Тема боюнча кайтарым байланышка катышат.

Акыркы тапшырма боюнча баалоо баракчасын белгилешет.






НК2

ПК4

ПК5





































НК2










ПК2

ПК3

ПК5
















НК2

НК3


ПК5





НК1

НК2









ПК3

ПК4

ПК5



























НК1

НК3



ПК2

ПК5













НК3











Калып-танды-руучу баалоо
























Калып-тандыруу-чу баалоо

























































































Диагнос-тикалык жана калып-танды-руучу баалоо



















Үй тапшырма берүү

“Күкүк” деген темага синквейн түзүп келүүнү тапшыруу

Үй тапшырма-сын күндөлүккө белгилешет.

НК3

ПК5

Калып. баалоо

Баалоо

Окуучулардын баалоо баракчасына тарткан быйтыкчалары жөнүндө кыскача баарлашып, кайсы окуучу теманы канчалык денгээлде өздөштүргөнүн жана кайсы баскыч боюнча жардам керек экендигин байкоо. Сабактагы активдүүлүгүнө карап баалоо.

Баалоо баракчасын-да белгилеген-дери боюнча мугалим менен ой бөлүшөт.

НК3

ПК3

ПК5

Жыйын. баалоо