СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КРнын жер көчкүлөрү

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жер көчкү

Просмотр содержимого документа
«КРнын жер көчкүлөрү»

№ 5-УИТМЛ ЖЕР КӨЧКҮ    8-класс Мугалим: Зарнаева Н.Ж.

№ 5-УИТМЛ

  • ЖЕР КӨЧКҮ

  • 8-класс
  • Мугалим: Зарнаева Н.Ж.
5.5. Жер көчкүлөр Жер көчкүлөр -майда дисперсиялык борпоң тоо тектеринен турган капталдардагы гравитациялык процесстердин бир түрү, денудациянын ичине кирген рельеф калыптандыруучу экзогендик фактор.Оордук күчүнүн таасири астында жер алдындагы суулардын аракетинен капталдагы тоо тектеринин эңкейишти карай кескин жылып кетиши

5.5. Жер көчкүлөр

Жер көчкүлөр -майда дисперсиялык борпоң тоо тектеринен турган капталдардагы гравитациялык процесстердин бир түрү, денудациянын ичине кирген рельеф калыптандыруучу экзогендик фактор.Оордук күчүнүн таасири астында жер алдындагы суулардын аракетинен капталдагы тоо тектеринин эңкейишти карай кескин жылып кетиши

Жер көчкүнү прогноздоо

Жер көчкүнү прогноздоо

Жер көчкүлөрдүн жаралуу меканизмдери  Кесилип ажыраган, түртүлүп чыккан, жуурулган тоо тектеринин агымын түзгөн, гидродинамикалык жуулуу жолу менен пайда болгон көчкүлөр болуп бөлүнүшөт.Көпчүлүк учурда жер көчкүлөр дарыя өрөөңдөрүнүн капталдарында,көлдөдүн,суу сактагычтардын жана деңиздердин жээктеринде,тоолуу региондордо байкалат.Өзгөчө сейсмикалык жагынан активдүү региондордо татаал жана чоң өлчөмдүү жер көчкүлөр байкалат. Мындай региондордо капталдын табигый өөрчүп-өнүгүүсүнө адам баласынын таасири тийсе жер көчкүлөрдүн активдүүлүгү эң жогорку мааниге жетиши мүмкүн.

Жер көчкүлөрдүн жаралуу меканизмдери

Кесилип ажыраган, түртүлүп чыккан, жуурулган тоо тектеринин агымын түзгөн, гидродинамикалык жуулуу жолу менен пайда болгон көчкүлөр болуп бөлүнүшөт.Көпчүлүк учурда жер көчкүлөр дарыя өрөөңдөрүнүн капталдарында,көлдөдүн,суу сактагычтардын жана деңиздердин жээктеринде,тоолуу региондордо байкалат.Өзгөчө сейсмикалык жагынан активдүү региондордо татаал жана чоң өлчөмдүү жер көчкүлөр байкалат. Мындай региондордо капталдын табигый өөрчүп-өнүгүүсүнө адам баласынын таасири тийсе жер көчкүлөрдүн активдүүлүгү эң жогорку мааниге жетиши мүмкүн.

Кыргызстандын аймагы негизинен тоолуу. Тоо этектери, бөксө тоолор,адырлар негизинен неоген жана төртүнчүлүк мезгилдеринин борпоң тектеринен турат.Алардын көпчүлүгү майда дисперсиялуу лёсс (ак чопо) чопо, күлбото тектери менен капталган. Мына ошол тектер тараган аймактарда жер көчкүлөр байкалат
  • Кыргызстандын аймагы негизинен тоолуу. Тоо этектери, бөксө тоолор,адырлар негизинен неоген жана төртүнчүлүк мезгилдеринин борпоң тектеринен турат.Алардын көпчүлүгү майда дисперсиялуу лёсс (ак чопо) чопо, күлбото тектери менен капталган. Мына ошол тектер тараган аймактарда жер көчкүлөр байкалат
Өлчөмдөрү боюнча жер көчкүлөр төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт: кичине - 10 миң м3 чейин; орточо -11ден100миң м3 чейин; эң чоң өлчөмдөгү - 1000 миң см3 ден жогору.Таралышы боюнча 800мден1600 м ге чейинки бийиктиктерди ээлейт.Окумуштуулардын маалыматтары боюнча Орто Азиянын аймагында 12 миңден ашык жер көчкүлөрдүн очоктору белгиленген, алардын ичинен 2,5 миндейи чоң жана эң чоң өлчөмдөү жер көчкүлөр. Кыргызстандагы жер көчкүлөр тараган аянттар 8 миң км2 ге жетет. Көпчүлүгү Фергана өрөөнүнүн айланасындагы жапыз тоолордо жана адырларда. Эгерде жер көчкүлөр мүмкүн болгон аянттарды эсептесек, көрсөтүлгөн сандан он эсе чоң санды алууга болот.

Өлчөмдөрү боюнча жер көчкүлөр төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт:

  • кичине - 10 миң м3 чейин; орточо -11ден100миң м3 чейин; эң чоң өлчөмдөгү - 1000 миң см3 ден жогору.Таралышы боюнча 800мден1600 м ге чейинки бийиктиктерди ээлейт.Окумуштуулардын маалыматтары боюнча Орто Азиянын аймагында 12 миңден ашык жер көчкүлөрдүн очоктору белгиленген, алардын ичинен 2,5 миндейи чоң жана эң чоң өлчөмдөү жер көчкүлөр. Кыргызстандагы жер көчкүлөр тараган аянттар 8 миң км2 ге жетет. Көпчүлүгү Фергана өрөөнүнүн айланасындагы жапыз тоолордо жана адырларда. Эгерде жер көчкүлөр мүмкүн болгон аянттарды эсептесек, көрсөтүлгөн сандан он эсе чоң санды алууга болот.
Көчкү жүрүү мумкунчулугу бар аймактар Түндүк Кыргызстанда Талас, Кыргыз Ала-Тоолорунун этектеринде, Ысык-Көлдүн адырларында жана Ички Тянь-Шандын өрөөндөрүндө лёсс (ак чопо) кум чопо тоо тектери тараган аймактардын бардыгы жер көчкү жүрүү мүмкүнчүлүгү бар аймактар.Жер көчкүлөрдүн жүрүшүнө көп факторлор таасирин тийгизиши мүмкүн, алардын ичинде геоморфологиялык, климаттык, гидрогеологиялык, сейсмотектоникалык факторлор табигый факторлорго кирет. Ал эми кийинки мезгилде аталган табигый факторлордун чогундусуна тете келген адам баласынын чарбалык ишинин таасири жер көчкүлөрдүн жүрүүсүн күчөткөн факторго айланды

Көчкү жүрүү мумкунчулугу бар аймактар

  • Түндүк Кыргызстанда Талас, Кыргыз Ала-Тоолорунун этектеринде, Ысык-Көлдүн адырларында жана Ички Тянь-Шандын өрөөндөрүндө лёсс (ак чопо) кум чопо тоо тектери тараган аймактардын бардыгы жер көчкү жүрүү мүмкүнчүлүгү бар аймактар.Жер көчкүлөрдүн жүрүшүнө көп факторлор таасирин тийгизиши мүмкүн, алардын ичинде геоморфологиялык, климаттык, гидрогеологиялык, сейсмотектоникалык факторлор табигый факторлорго кирет. Ал эми кийинки мезгилде аталган табигый факторлордун чогундусуна тете келген адам баласынын чарбалык ишинин таасири жер көчкүлөрдүн жүрүүсүн күчөткөн факторго айланды
 Жер көчкүлөрдүн жүрүшүнө эң ыңгайлуу шарттар Лёсс тектери (ак чопо) тараган жерлерде түзүлөт. Өзгөчө ал тектер башка суу өткөрбөөчү же начар өткөрүүчү жантайыңкы жаткан тоо тектеринин үстүндө жатса.Жер көчкүлөрдүн жүрүшү эреже катары суунун катышуусу менен болот.Эгерде капталдарда жер көчкү жүрүү мүмкүнчүлүгү бар тоо тектери жатса, кургак убагында эч качан тең салмактуулугун жоготпойт. Ал эми анын составында канчалык суу көбөйсө, ошончолук көчкү жүрүү мүмкүнчүлүгү артат.Жер көчкүлөр эңкейиштеги 19-20°тан жогору капталдарда байкалат.Бирок, көпчүлүк учурда жер көчкүлөр жүргөн капталдардын эңкейиштиги 25°тан 40°ка чейин.Жер көчкүнүн кыймылга келиши үчүн тоо тектери артыкча нымданыш керек. Андай мезгилдер табигый жол менен жаз мезгилинде келет. Демек, көчкү жүрүү мезгили жазында активдешет.Ал эми,жылдын башка мезгилине туура келген көчкүлөр адам баласынын таасири астында болушу мүмкүн

Жер көчкүлөрдүн жүрүшүнө эң ыңгайлуу шарттар

  • Лёсс тектери (ак чопо) тараган жерлерде түзүлөт. Өзгөчө ал тектер башка суу өткөрбөөчү же начар өткөрүүчү жантайыңкы жаткан тоо тектеринин үстүндө жатса.Жер көчкүлөрдүн жүрүшү эреже катары суунун катышуусу менен болот.Эгерде капталдарда жер көчкү жүрүү мүмкүнчүлүгү бар тоо тектери жатса, кургак убагында эч качан тең салмактуулугун жоготпойт. Ал эми анын составында канчалык суу көбөйсө, ошончолук көчкү жүрүү мүмкүнчүлүгү артат.Жер көчкүлөр эңкейиштеги 19-20°тан жогору капталдарда байкалат.Бирок, көпчүлүк учурда жер көчкүлөр жүргөн капталдардын эңкейиштиги 25°тан 40°ка чейин.Жер көчкүнүн кыймылга келиши үчүн тоо тектери артыкча нымданыш керек. Андай мезгилдер табигый жол менен жаз мезгилинде келет. Демек, көчкү жүрүү мезгили жазында активдешет.Ал эми,жылдын башка мезгилине туура келген көчкүлөр адам баласынын таасири астында болушу мүмкүн
Жер көчкүлөр эл чарбасына эсепсиз чоң зыяндарды алып келет. Буга мисалдар 1993-1994-жылдардагы Өзгөн, Сузак райондорундагы жер көчкүлөр.Токойдун көчкүлөрүнүн алдында канча үйлөр адамдары менен калгандыгы Республикабыздын бардык элине белгилүү. Дүйнөдө андан да чоң трагедиялар болуп өткөн.Мисалы,1963-жылы Италияда болгон жер көчкүдөн 5 шаар жапа чеккен жана 3 миңден ашык адам каза тапкан.

Жер көчкүлөр эл чарбасына эсепсиз чоң зыяндарды алып келет.

  • Буга мисалдар 1993-1994-жылдардагы Өзгөн, Сузак райондорундагы жер көчкүлөр.Токойдун көчкүлөрүнүн алдында канча үйлөр адамдары менен калгандыгы Республикабыздын бардык элине белгилүү. Дүйнөдө андан да чоң трагедиялар болуп өткөн.Мисалы,1963-жылы Италияда болгон жер көчкүдөн 5 шаар жапа чеккен жана 3 миңден ашык адам каза тапкан.
Жер көчкүлөр менен күрөшүүнүн тарыхы байыркы заманга кетет. Азыркы кезде жер көчкүлөр менен күрөшүүгө көптөгөн адистер жана чарба кызматкерлери катышып жатышат.Ал кубулуш менен күрөшүү активдүү жана пассивдүү болушу мүмкүн.Эмнеси болсо да, ал кубулушту изилдөөгө, прогноздоого каражатты аяган болбойт.
  • Жер көчкүлөр менен күрөшүүнүн тарыхы байыркы заманга кетет. Азыркы кезде жер көчкүлөр менен күрөшүүгө көптөгөн адистер жана чарба кызматкерлери катышып жатышат.Ал кубулуш менен күрөшүү активдүү жана пассивдүү болушу мүмкүн.Эмнеси болсо да, ал кубулушту изилдөөгө, прогноздоого каражатты аяган болбойт.
Көп каражатты талап кылбаган чаралар да аз эмес. Алар:   -жер көчкү жүрүү мүмкүнчүлүгү бар капталдарды айдоого, жол салууга ж. б. гидродинамикалык режимин буза турган иштерге тыюу салуу; -капталдарга, алардын үстүнө сууга тоскоолдук түзө турган ар кандай иштерге жол бербөө; -суу чогултуучу курулуштарды курбоо;

Көп каражатты талап кылбаган чаралар да аз эмес. Алар:

  • -жер көчкү жүрүү мүмкүнчүлүгү бар капталдарды айдоого, жол салууга ж. б. гидродинамикалык режимин буза турган иштерге тыюу салуу;
  • -капталдарга, алардын үстүнө сууга тоскоолдук түзө турган ар кандай иштерге жол бербөө;
  • -суу чогултуучу курулуштарды курбоо;
Жер көчкүлөрду болтурбоо чаралары: -жер алдынан чыккан сууларга тоскоолдуктарды түзбөй, грунттан анын эркин агып чыгышына мүмкүндүк берүү;  -капталдардагы, анын үстүндөгү өсүмдүктөрдү жогогууга жол бербей, мүмкүн болушунча тамыры терең кеткен жыгач өсүмдүктөрүн өстүрүү: -капталдардагы, алардын үстүн сугарууга, айдоого жол бербөө; -жер көчкү мүмкүн болгон жерге эч кандай курулушка, айылдын жайгашышына жол бербөө; -эгерде жер көчкү байкала турган жерге курулуш курууга муктаждык болсо, анда жер көчкүдөн сактоочу ар кандай инженердик курулуштарды куруп чарба объектисин сактоого аракет кылуу керек. Албетте, андай чаралар кымбатка турат.

Жер көчкүлөрду болтурбоо чаралары:

  • -жер алдынан чыккан сууларга тоскоолдуктарды түзбөй, грунттан анын эркин агып чыгышына мүмкүндүк берүү;
  • -капталдардагы, анын үстүндөгү өсүмдүктөрдү жогогууга жол бербей, мүмкүн болушунча тамыры терең кеткен жыгач өсүмдүктөрүн өстүрүү:
  • -капталдардагы, алардын үстүн сугарууга, айдоого жол бербөө;
  • -жер көчкү мүмкүн болгон жерге эч кандай курулушка, айылдын жайгашышына жол бербөө;
  • -эгерде жер көчкү байкала турган жерге курулуш курууга муктаждык болсо, анда жер көчкүдөн сактоочу ар кандай инженердик курулуштарды куруп чарба объектисин сактоого аракет кылуу керек. Албетте, андай чаралар кымбатка турат.
Жер көчкүнү алдын алуу Мисалы, Япониядагы Ияма районундагы Такабаяна жер көчкүсүн алдын ала айтууда окумуштуулар 6 минутка гана жаңылган. Ал эми 1972-жылкы Фукун шаарындагы жер көчкүнү 1-декабрда 20 саат 30 минутада жүрөт деп айтышкан. Ал туура беш саат кечигип 2-декабрдын түнкү саат 1.30да жүргөн. Демек, жер көчкүнү прогноздоого болот.Кыска мөөнөткө прогноздоону так айтса болот экен.Узак мөөнөткө алдын ала айтуу кыйыныраак, бирок мүмкүнчүлүк жок эмес.

Жер көчкүнү алдын алуу

  • Мисалы, Япониядагы Ияма районундагы Такабаяна жер көчкүсүн алдын ала айтууда окумуштуулар 6 минутка гана жаңылган. Ал эми 1972-жылкы Фукун шаарындагы жер көчкүнү 1-декабрда 20 саат 30 минутада жүрөт деп айтышкан. Ал туура беш саат кечигип 2-декабрдын түнкү саат 1.30да жүргөн. Демек, жер көчкүнү прогноздоого болот.Кыска мөөнөткө прогноздоону так айтса болот экен.Узак мөөнөткө алдын ала айтуу кыйыныраак, бирок мүмкүнчүлүк жок эмес.
Суроолор жана тапшырмалар:   1.Жер көчкүлөр деген эмнелер жана алар кандай шарттарда жаралат? 2.Силердин мектептин айланасындагы тоо капталдарында жер көчкүлөр байкалган жер барбы? 3.Түштүк Кыргызстандагы жер көчкүлөр жөнүндө эмнелерди билесиңер?

Суроолор жана тапшырмалар:

  • 1.Жер көчкүлөр деген эмнелер жана алар кандай шарттарда жаралат?
  • 2.Силердин мектептин айланасындагы тоо капталдарында жер көчкүлөр байкалган жер барбы?
  • 3.Түштүк Кыргызстандагы жер көчкүлөр жөнүндө эмнелерди билесиңер?