СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кожожаш менен суречкинин образдары

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кожожаш менен суречкинин образдары»

Тема: Кожожаш менен Сур эчкинин образдары

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: окуучулар Кожожаш менен Сур эчкинин образдарын талдоого алышат

-эпосту адабий талдоого салып талдашат.

-чыгарманы башка чыгармаларга салыштырат.

Социо-маданий: жаратылышты кордобоого, табиятка аяр мамиледе болууга тарбияланышат.

-табият менен таттуу мамиледе болууга аракеттенишет:

-алтын эрежени сактап бири-биринин пикирин сыйлоого тарбияланышат.

Кептик: Кожожаш менен Сур эчкинин образдарын өз-өзүнчө талдашат.

-ар бир окуучу өз пикирин башкаларга таңуулабай айтууга үйрөнөт.

Лингвистикалык минимундар: куучуңдаган, шалпылдама, дүйүм, Аблетим, карышкан, окчо

Сабактын тиби: өтүлгөн материалды анализдөө

Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: фронталдык, жекече иштөө

Сабактын жабдылышы: проектор, экран

Дидактикалык материалдар: таркатмалар

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

Куучуңдаган-жаны тынбаган, жай албаган, шалпылдама-кар эрип суу аралаш болуп турган учур, дүйүм-ар түрдүү, эң көп, Аблетим-Афлатум деп да аталат. Бул аска азыркы Аксы районундагы аймакта, карышкан-каршылашкан, жоолошкон, окчо-алыс.

2)Үй тапшыр-масын суроо

(5-мүнөт)

  • Адам баласы кандай жашоолорду, доорду башынан кечиришти?

  • Жаратылышытан ырайым күтүп отурбай аны багынтам дегендердин бири Кожожашты кандай окуя күттү?

  • Күрөш темасы, жан багуу темасы кайсы бөлүмдө бийик сүрөттөөгө алынды?

  • Жаратылыш адам үчүн жаралганбы, же адам жаратылыш үчүн жаралганбы?

  • Жаратылыш койнундагы жапайы жаныбарлардан өз көзүңөр менен көргөнүңөр барбы?

3)Жаңы тема.

(10 мүнөт)


Бүгүн сабакта эки бөлүктүү күндөлүк менен иштейбиз.

1981-жылы Бетхофф тарабынан киргизилген.

Кадамдар. Муагалим чыгармаынын башынан, ортосунан, аягынан бир нече цитаталарды, кыска сүйлөмдөрдү биринчи бөлүгүнө жазат, окуучулар чечмелеп, жеке көз караштары менен чыгармадагы сюжетти байланыштырып өз пикрилерин экинчи бөлүккө жазышат. Мугалим күндөлүктүн биринчи бөлүгүндөгү көйгөйлөрдү, цитаталарды, суроолорду окуганда. Окуучулар жоопторун окушат. Далилдүү келтирилген жооптор бааланат. Эки бөлүктүү күндөлүктүү толтурууда белгилүү убакытты ченеп коюу шарт.





1)Окуучулар менен иштөө

(12 мүнөт)









К\№

Чыгармадан үзүндү же цитата, суроолор

Комментарийлер, ассоциациялар, ой жүгүртүүлөр, түшүндүрмөлөр

1

Сага мен энелигим тааныттым. (Сур эчки)



2

“Биз жаратылыштан ырайым күтүп отура албайбыз, биздин максат аны багынтып тартып алуу”. (И.В.Мичурин)


3

“Ар нерсенин чеги болот, андан-өтүү коркунучтуу, чегинен чыгып кеткен калыбына кайра келе албайт”.

(М.Ф.Достоевский)


4

“Адам баласы жаратылыштын тилин түшүнгөнгө чейин карайлап ага баш ийип берет, ал эми түшүнгөндөн кийин жаратылыш адамга багына баштайт”. Г.В.Плеханов


5

Атаң менен энеңиз,

Көзүнөн жашын тыйбасын.

Каалап алган Зулайка,

Кайгырып боздоп ыйласын. (Сур эчки)


6

Сенден өлчүү мен эмес. (Кожожаш)




4)Бышыктоо

(5 мүнөт)


  1. Сур эчки эмне үчүн мергенди бийик-бийик аскага алып чыкты?

  2. Өзүңөрдү Кожожаштын ордуна коюп көргүлө?

5) Рефлексия

(2 мүнөт)

Кайсыл окуялар таасирлентти?

Эмнелерди билдиңер?

Кандай маалыматтарды билгиңер келет?

6)Үйгө тапшырма

(3мүнөт)

Тесттер менен иштөө. Келерки сабакка тестке даярданып келүү. Чыгарманы баштан аяк кайталоо.

7)Бааолоо

(3мүнөт)

Окуучулардын аракетине жараша.

«5», «4», «3», «2»