Саламатсыздарбы ,бүгүнкү биздин кубанычыбызга ортоктош болгон меймандар!?Алиппе майрамына кош келиңиздер!
Балдарды тосуп алуу
Билим адамзат үчүн керек болсо,мына ошол билимди бизге үйрөтүүчү негизги жардамчы Алиппе болуп саналат.
Анткени ,үйрөтүүдө ,үйрөнүүдө көптөгөн кубанычтарга,түйшүктөргө дуушар болосуң.
Биз сиздердин балдарыңыздар менен ушул күнгө чейин түйшүктүү күндөрдү ,кубанычтарды,эчен кызыктуу мүнөттөрдү башыбыздан өткөрдүк.Мына ушуларды өткөрүү менен биз көптү үйрөнүп,көптү билип койдук дегенден алыспыз.Билгенден биле элегибиз көп,алдыда окуй турган китептер ,билим казынасы күтүп турат.Анда эмесе “ Кош бол,Алиппе” аталыштагы 1-А классынын Алиппе майрамын ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер!Өнөрлөрүн көрөлү деп силердин, Ата-энелер ,мугалимдер келишти.
Кыргызымдын салты го бул эзелтен ,
Унутпайлы ысык салам беришти.
Окуучулардын саламдашуусу
Чогуу: Алтын заман нур заман,
А
йланабыз балкыган
Сиздерге салам айтабыз
1-а классынын атынан
1
.Алмаш: 2. Амир:
Бүгүн биздин майрамга Улуу биздин тарыхыбыз наркыбыз,
Ата-энелер келишти Кылымдарга сактап келген салтыбыз.
Кыргызымдын ыйык салты эзелтен Бар байлыкты мурас кылып өткөрүү
1а-классы сиздерге салам беришти Келечекте биздин милдет парзыбыз.
3. Элнур: 4. Наиля
Окусун,билсин балам деп Беребиз салам барыбыз
Шарт түзүп берген биздерге Ата-эне кабыл алыңыз
Ардактуу асыл ата-эне, Арналат биздин эл үчүн
Беребиз салам сиздерге. Аракет эмгек жаныбыз
5. Атай: 6.Айлуна
Ата-энелер ,эже-агайлар меймандар , Бактылуу чыгыа үнүбүз,
Амандыгын сураганга биз даяр Жадырап жайнап жүзүбүз.
Асмандагы күндөй жаркып дайыма Алиппе майрам айрыкча,
Бактыбызга бар болгула баарыңар! Коштошуу бүгүн күнүбүз.
Хор:Алиппе майрамы Мугалим: Ичи толгон арипке
Билим берген бул бизге
Биринчи колго кармаган
Кайсы китеп ал сенде?
Чогуу:Келечекке жол ачкан ,ал сүйүктүү Алиппе
Мөлтүрөгөн тунук булак өзөндөрдүн башаты,
Тып-тып тамган тамчылардан океандар жаралды.
Ошол тамга сыңарындай сен жашоонун башысың,
Бар бекен Алиппесиз илимдерди жаратчу
Алиппени чакыруу Чогуу : Алиппебиз келиңиз
Алкыштайбыз сизди биз.
Сизден алган билимди
Тартуулайбыз бүгүн биз
Алиппе :Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү майрамдын коноктору ,ардактуу ата-энелер жана менин сүйүктүү бөбөктөрүм! Майрамыңыздар менен !
Анда эмесе келгиле,
Алиппеден эмнени үйрөндүңөр
Бугүн биздин конокторго
Өзүңөр айтып бергиле
1.Рабия: 2.Акылай
Бул ааламдын баарына Бүгүн биздин мектепте
Жеткирдиң ойду татына Алиппенин майрамы
Илимдердин башаты Окуп калдык бүт таанып,
Сенсиң Алиппе казына Отуз алты тамганы
3.Раяна : 4.Б.Алинур
Бажырайган тамгалар Жакшы окуп билим алдык,
Баарыбызга жат болду Болсун бизге калайык
Алиппебиз сүйүктүү Эмне үйрөнүп эмне алдык
Ачып берди ак жолду Кана ортого салалык
5.Жазэл: 6.Айжаркын
36 тамганы Көптү билдик көп окуп,
Оңой эле үйрөндүм. Алиппе менен достошуп.
Сөзүн окуп Алиппенин, Сезимдерди ойготту,
Эжекемдей сүйлөдүм. Оюбузга ой кошуп.
7.Айдана 8.Адеми
А тамга б тамга кошо келген Алгач жүрсөк апкаарып,
Билимди өөрчутүп салам берген Анан көнө баштадык
Агайлар айтышып аталардай Жаңылмачка тил көнүп,
Акылын төгүшүп көңул бөлгөн Жакшы ырларын жаттадык.
Алиппе : Тамгаларды билсеңер
Мени урматтап жүрсөңөр
Айткылачы угайын
Ар бир тамга сырларын
Ар биринин ырларын
1.Айдар: 2. Байаман:
Алиппени барактап Ооба Алиппе биз бүгүн
Тамга үйрөнүп окуп шар Даярданып келгенбиз
Баарын жатка билебиз Тамгалардын ырларын
36 тамгадан 39 тыбыш бар Таптак айтып беребиз
Айтунук : Бүгүн бизде чоң майрам
Алиппенин майрамы
Илим менен билимдин
Ушул китеп каймагы
Чогуу: Кана эмесе бир бирден
Тамгаларды айталы
Чогуу :Ынтымактуу баарыбыз
36 тамгабыз
Алфавиттей тизилип
Катар орун алганбыз
Кайсы тамга экенин
Ырларынан тааныңыз
“А” тамгасы Абил “Б” тамгасы Байаман
Алдыда турган биринчи Байаман деген атымды
“А”деген тамгамын Б тамгасы баштады
Ата,апа,ааламга Бешик билим босого
А тамгасын жазамын Бул жашоонун булагы
Алгач жолу билимди Б тамгадан башталат
Алиппеден алганмын Боз үй деген сөз дагы
“В” тамгасы Адеми “Г” тамгасы Гүлжайна
В тамгасын эстесем Гимин гербди жазганда
Врач болсом деп ойлойм Керек дайым “Г”тамга
Вера эжемдей мен дагы Г тамга менен башталат
Врач боло чоңойсом Гүлжайна деген атымда
“Д” тамгасы Айтунук “Е ”тамгасы Раяна
Далай иште кара кылды как жарган Егорь менен енотко
Дайым жашайт даңктуу эне Курманжан “Е”тамгасы жазылган
Даңазалап биз дайыма келебиз Египетте Сахара
Даңктала бер из калтырган энебиз Эң ысык жер абыдан
Ё тамгасы Жазэл “Ж” тамгасы Акылай
Й менен о биригип Жакшынын бир белгиси, жаман болбойт таптаса,
Ё тамга деп аталат Жамандын бир белгиси жакшы болбойт мактаса
Жашыл ёлка балаты Жакшы менен жаманды жаңылбастан бөлө бил
Жаңы жылга жасалат Жаманды да тепсебей жакшы жагын көрө бил
“З” тамгасы Муса “И” тамгасы Айдар
Зээндүү болуп досторум Ибраимов менин фамилиям
Зыян кылба эч кимге И тамгадан башталат
Зарыктырбай жардам бер Илимпоз барктуу адамдар
Залкар ата-энеге Илим менен даңкталат
“Й”тамгасы Атайбек “К”тамгасы Айлуна
Йогурт менен йодду , Касымова деген мен болом,
Й тамгадан баштайбыз. “К”тамгасы баштаган
Й башында бөлөк сөз Камкор болуп чоңоюп,
Издесек да таппайбыз. Калк ишине жарасам
“Л” тамгасы Наиля “М” тамгасы Рабия
Лампочка,лыжага , Манас баатыр бабабыз“М”тамгадан башталат
“Л”жазылат башына. Мектебиме жеткиче миң кадамым ташталат.
Лейла кооздоп алыптыр, Максатымда жакшы окуу математика сабагын.
Лента тагып чачына . Мыкты окуучу аталып,Мекениме жагамын.
“Н” тамгасы Нурислам “О”тамгасы Алмаш
Намыскөй биздин аталар “О”тамгасы баштаган
Насаат сөздөн көп айткан Орозалиева Алмашмын.
Наркын элдин көтөрүп Отун,орок,окууга
Намыс үчүн жаралган О тамгасын жазамын.
Нурислам деген мен болом
Намысты бийик караган
“Ө” тамгасы А.Алинур “П” тамгасы Байтемир
Өмүр деген эң бааалуу Пахта,пилге,партага,
Ө тамгадан башталат “П”жазылат баш тамга
“Өлкөң үчүн талыкпай , “П”тамгасы болбосо,
Өрнөк бол”,-деп айтышат Парча айланат арчага
“Р ”тамгасы Барсбек “С”тамгасы Сабина
Ракета, ремень Сабиз менен согондо
Сөз башына “Р ”келген С витамин көп дешет
Компьютерлер башкарып, Сабина деген атымда
Роботтор иштеген. С тамгасы кездешет
“Т”тамгасы “Ү”тамгасы Кубат “У”тамгасы Б.Алинур
Үртүк,упү,үпүпкө, Улуу тоодо жашаган,
Үстөл,үкөк үлүлгө Укулуктуу сайраган.
“Ү”тамгасы жазылат Ушул кайсы канаттуу,
Жана дагы үтүккө “У”тамгадан башталган.
“
Ф”тамгасы Фатима “Х”тамгасы Айжаркын “Ф” тамгада катышкан
Халат ,Хасан халвага, Фатима болот өз атым.
“Х ”тамгасын жазабыз. Фартук жана фонарга
Көк тирегени чокуну, “Ф” тамгасын жазамын
Хан -Теңир деа айтабыз.
“Ц”тамгасы Элнур
“Ч”тамгасы Арууке Айлананы кагазга
Чабалекей,чагылган Циркуль менен чиебиз
“Ч”тамгасы жазылат Сонун оюн көргөнгө
Чынчыл болуп чоңойгун , Циркке барып киребиз
Чындык ыйык баарына
“
Ш”тамгасы Нагима “Э ” тамгасы Айдана Шыпылдатып колдорун,
Эшик,элик эмерек Шырдак шырыйт Шарипа
“Э”тамгасы эң керек. Шабдалыны үзөм деп
Эң бир ыйык адамың Шакир чыкты шатыга
Эне десең Э келет “Я”тамгасы Амир
Э тамга менен жазылат Й менен а кошулса,
Эшик,элик эмерек Я тамга деп аталат
“Э”тамгасы эң керек. Якорь,ялта январь
Атамдын аты Эркинбек Я тамгадан башталат
Алиппе: Абил :Алиппе майрамы бүгүн келди
Азаматсыңар баарыңар Агайлар ,эжелер сүйүп келди
Тамгалардын ички сырын айттыңар А тамганы үйрөндүк кошуп сөздү
Аракетти жумшаганыңар байкалды Эне тилди окууга кезек келди
Билим үчүн чын дилден жалпыңар
Алиппе : Алиппеден жаттаган ырлардан айтып бергилечи 1.Нагима ,Айжаркын
Карасаңар Ниязды
Аарчып жатып пиязды
Көзүнөн жаш агыптыр
Аны көрүп Турдубек
Оозун ачып калыптыр
Ниязды урду пияз деп
Телефонго чалыптыр
А.Алинур: Кыргыз тили эне тилим
Орус тилин билемин
Эми болсо англисче
Билсем деген тилегим
Кубатбек: Жаман адам белгиси
Өз камы үчүн жүгүрөт
Жакшы адам белгиси
Эл камы үчүн жүгүрөт
Муса: Бирдин көөнүн оорутуп
Теппегиле балдар ай Түбү кандай болорун
Эстегиле балдар ай
Барсбек:
Алиппе : Азаматтар ,азамат,
Балдарга мен кубанам .
Көптү үйрөнгөн карасам.
Шашып турам кетсем деп
Эмдиги биринчи класска
Даярданып мен дагы
Сентябрда жетсем деп .
Фатима :Кош,Алиппе сени кыйбай турабыз
Бирок керек биз алдыга жылабыз
Сенден алган билимдерге таянып,
Эне тилге коркпой салам сунабыз
Мугалим: Орус тил предметине кезек берсек;
Мугалим : Силерди жарык дүйнөгө алып келген ким?
Окуучулар : Апабыз
Мугалим : Тарбиялап өстүргөн ким?
Окуучулар : Ата-энебиз
Мугалим: Анда келгиле ата-эне жөнүндө ырлардан айтып берели
Нурислам: Апамдын мага кылган зор эмгеги ,
Апамдын мага кылган мол эмгеги.
Эне сүтүн актабаса,
Канткенде адам атка коном деги
Арууке: Апамдын ар бир сөзү кубат мага,
Сезимде чырак болуп күйүп турат
Андыктан өзүмчө коркунучсуз
Кыйындык тоодой ташын уратса да
Байтемир:Ак бешикке алдейлеп таптап баккан
Амансыңбы ай чырайлуу алтын апам
Оорубастан сак-саламат болуңузчу
Амандыгын тилеймин мен кудайдан
Ата-энелер аман болсун бактыбызга ,
Жарык кылып өмур бергин жалпыбызга .
Бар үчүн силер жашообузда
Жаралганбыз өмүр берип биз жарыкка
Эне жөнүндө ыр: Апакем
1.Алиппе :Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү майрамдын коноктору ,ардактуу ата-энелер жана менин сүйүктүү бөбөктөрүм! Майрамыңар менен!
Анда эмесе келгиле,
Алиппеден эмнени үйрөндүңөр
Бугүн биздин конокторго
Өзүңөр айтып бергиле
2. Алиппе : Тамгаларды билсеңер
Мени урматтап жүрсөңөр
Айткылачы угайын
Ар бир тамга сырларын
Ар биринин ырларын
3.Азаматсыңар баарыңар
Тамгалардын ички сырын айттыңар
Аракетти жумшаганыңар байкалды
Билим үчүн чын дилден жалпыңар
4.Алиппе : Азаматтар ,азамат,
Балдарга мен кубанам .
Көптү үйрөнгөн карасам.
Шашып турам кетсем деп
Эмдиги биринчи класска
Даярданып мен дагы
Сентябрда жетсем деп .
Классымда 29 окуучу
Күндөрүмдүн аяктады окутуу.
Атай,Амир,Раяна
Алинур ,Арууке, Рабия
Келе жатат окуучулар таланттуу
Кечээ гана босогосун аттаган
Мыкты окуп алиппени барктаган
Айдар,Алмаш,Байаман
Акылай менен Нурислам
Мына ушундай окуучум менен мактанам
Билим алып маанайлары жаркырап
1-классты биз турабыз аяктап.
Муса,Жазэл ,Байтемир
Адеми ,Ная Барсбек
Тапшырманы так аткарып турушат.
Окуу,окуу ,окуу деп ай тырышат
Айткандары көңүл коюп угушат
Элнур,Абил ,Алинур
Айтунук жана Фатима
Келечекке бийик максат коюшат.
Классымда шамдагайлар окушат
Ата-энелер дайым колдоп турушат
Кубат ,Адеми ,Айжаркын,
Айлуна менен Айдана жана дагы Гүлжайна
Окуу,окуу окусак деп турушат
Бүгүн бизде Алиппенин майрамы
Баарыбыздын маанайыбыз жайдары
Кана эмесе келгиле
Колдоп коштоп бергиле
Конок болуп көңүл ачып кеткиле
| № | Фамилия | саламдашуу | Алиппе | Тамга | Эне | ыр | | |
| 1 | Элнур | | | | | | | |
| 2 | Атай | | | | | | | |
| 3 | Байаман | | | | | | | |
| 4 | | | | | | | | |
| 5 | | | | | | | | |
| 6 | | | | | | | | |
| 7 | | | | | | | | |
| 8 | | | | | | | | |
| 9 | | | | | | | | |
| 10 | | | | | | | | |
| 11 | | | | | | | | |
| 12 | | | | | | | | |
| 13 | | | | | | | | |
| 14 | | | | | | | | |
| 15 | | | | | | | | |
| 16 | | | | | | | | |
| 17 | | | | | | | | |
| 18 | | | | | | | | |
| 19 | | | | | | | | |
| 20 | | | | | | | | |
| 21 | | | | | | | | |
| 22 | | | | | | | | |
| 23 | | | | | | | | |
| 24 | | | | | | | | |
| 25 | | | | | | | | |
| 26 | | | | | | | | |
| 27 | | | | | | | | |
| 28 | | | | | | | | |
| 29 | | | | | | | | |