СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Комуз жонундо болот

Нажмите, чтобы узнать подробности

Комуз жонундо

Просмотр содержимого документа
«Комуз жонундо болот»

Тема:Комуз.

Сабактын максаты:

1.Окуучулардын комуз жөнундо тушүнүктөрү калыптанат.

2.Комуз анын пайда болушу жөнүндө билишет.Сынчыл ой жүгүртүусу,кабыл алуусу,сөз байлыгы өсөт.

3.Улуттук баалуулуктарды сүйүүго тарбияланышат.

Сабактын тиби:Жаны материалды окуп үйрөнуу.

Сабактын ыкмасы:ангемелешуу,суроо-жооп,өз алдынча жана топтордо иштөө.

Сабактын ресурстары:Суроттор,уламыш,слайд,ырлар.

Сабактын жүрушу:

1-этап:Саламдашуу.

Жагымдуу маанай.

Алтын эреже.

2-этап:Үй тапшырманы суроо.

3-этап:Жаны тема:Сабактын максаты менен тааныштыруу:

Комуз жөнундогү түшүнүгүңор калыптанат.Комуздун пайда болушу жөнүндө уламыш аркылуу билесиңер .Топтордо иштөө менен ой жугүртуүңөр,сөз байлыгыңар өсөт.

Комуздун пайда болушу жөнундөгү уламышты айтып берет.Сүрөттөр ,слад аркылуу музыкалык аспаптар,комуз жөнундө кенири түшундүрот.Комузду көрсөтөт,тетиктерине токтолот.

Уламыш:Илгери-илгери бир каардуу хан болуптур.Анын Камбаркан аттуу жалгыз уулу бар эле.Кундөрдүн биринде хандын эрке уулу аң уулоого токойго кетип,бир нече кун дайынсыз болот.Ошондо кыжаалат болгон каардуу хан элдин баарын чогултуп:-Менин уулумду таап келесинер,эгерде кимде-ким кайгылуу кабар алып келсе,анын башы алынат ,-деп буйрук берет.

Дүрбөлөңгө түшкөн жалпы калайык туш тарапка издеп жөнөшөт.Бир нече жол жүргөндөн кийин токойдон муңдуу үн угушат.Ошол үн чыккан жерге келишсе,хандын уулун арстан чалып кеткен болот.Ичегиси бутакка илинип,үн ошондон чыгып жаткан экендигин билишет.Бул кабарды ханга кантип угузаарын билишпей көпкө үнсүз отуруп калышат.Ошондо элдин арасынан бир уста жигит бөлунүп чыгат да,жыгачтан кыйып,ага ичегини тагып ,күүгө келтирет да,аттанып жөнөп кетет.Артынан эл да ээрчип жөнөшөт.Баары хандын алдына келип,аттан түшуп,тунжурап отурушат.Баягы уста жигит өзү жасаган аспабын колуна алып,күүгө салат.Муңдуу күүнү уккан хан ачууланып,токтотууга буйрук берет.Жигиттин башын алууга буйруйт.Ошондо жигит таазим кылып:-Ханым,сизге мен эмес,мына бул аспап айтты,ушунун башын алыныз,- дейт.Хан көпкө үнсүз отуруп ,аспапты кармап көрөт да,ал аспапты “Комуз”,ал эми күүнүн башы “Камбаркан”,-деп атаган экен.

Ошондон “Комуз”деп аталган бул аспсп биздин улуттук музыкалык аспабыбыз болуп ушул күнгө жетиптир.

Окуучулар комузду кармап көруп ,тетиктери менен таанышышат.

4-этап:Көнүгүүлөр,машыгуулар:Окуучулар үч топко бөлүнушөт,тапшырмалар менен таанышышат.

1-топ:Комуз жөнундө ырларды айтышат,таркатмалар менен иштешет.

2-топ:Комуздун тетиктерин плакатка туташтырышат (пазыл).

3-топ:Комуздун ,тетиктеринин сүрөтүн тартышат,айтып беришет.

Жыйынтыктоо:Комуз тууралуу төрт сап ырды аудио уктурат;

Үч буроо ,жалгыз тээк,үчкыл комуз.

Чертилбейт,куугө келбейт,чебер колсуз.

Оп-оной көргөн көзгө жөп-жөнөкөй,

Бирок да өнөру бар айтып болгус.

5-этап:Бышыктоо

Суроо жооптор менен талкуу жаратат.

Тапшырма:Комуз жөнүндө ыр,табышмак таап жаттап келүү.

Баалоо:Комуздун макетин таркатып,диагностикалык баалоо жургүзүлөт.