Просмотр содержимого документа
«Компетентуу мамиле»
Компетенттүүлүк -
практика жүзүндө гана демонстрациялануучу окутуунун жыйынтыгында ээ болуучу сапат.
Компетенция - бул
адамдардын конкреттүү турмуштук кырдаалдарда билимин, билгичтигин жана сырткы ресурстарын эффективдүү ишмердүүлүгү үчүн мобилизациялоо даярдыгы.
Компетенция –бул аныксыз кырдаалдарда аракет этүүгө даярдыгы
компетенция
Алган билимдерин практикада колдоно
билүү жөндөмдүүлүктөрү
Аң-сезимдүүлүк,
активдүүлүк
принциптери
Окутуунун
жыйынтыгынын
бекемдик
принциби
Окутуунун
практика менен
байланыштуулук
принциби
окуучу– субъект
познания,
мугалим- консультант
- Компетенттүүлүк – (лат. – шайкеш, туура келүү) – адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык, кесиптик) билимдин, билгичтиктердин ар түрдүү элементтерин жана ишмердиктин ыкмаларын өз алдынча колдоно билүүгө болгон интегративдик жөндөмдүүлүгү. Компетенциялар негизги жана предметтик болуп бөлүнөт.
- Атайын (предметтик) компетенттүүлүк - негизги компетенттүүлүккө карата алганда жекече болгон жана билим берүү тарамдары менен окуу предметтеринин алкагында калыптануучу компетенттүүлүк.
Негизги компетенциялар
Баарлашуу- эффективдүү окуу, жазуу жана оозеки речь
Кызматташтык- использование навыковбашка адамдар менен эффективдүү иштөө үчүн өзүн уюштура билүү жана өз ара аракеттенише билүү көндүмдөрүн колдонуу
Проблемаларды чечүү- проблемаларды анализдөө ; пландаштыруу , уюштуруу , проблеманы чечүү боюнча ишмердүүлүгүн аткаруу жана баалоо
Негизги компоненттүүлүктөр
Маалыматтык
өз ишмердигин пландап, жүзөгө ашыруу, жүйөлүү тыянактарды чыгаруу үчүн маалыматты колдонууга даярдык. Бул маалымат менен төмөндөгүдөй иштей билүүнү билдирет: жетишпеген маалыматты максаттуу түрдө издөө, анын айрым бөлүктөрүн салыштыруу, бүтүндөй талдоо билгичтиктерине ээ болуу, божомол жасоо.
Бул компетенттүүлүк адамдын маалыматты сынчыл кабылдоосуна негизденип, аң-сезимдүү түрдө чечим кабыл алышына өбөлгө түзөт.
Өз ишин уюштуруу жана маселелерди чече билүүчүлүк
маалыматтагы, окуу жана турмуштук кырдаалдардагы карама-каршылыктарды таба билүүчүлүк жана өз алдынча же башкалар менен биргеликте ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен аларды чече билүүчүлүк, ошондой эле андан аркы иш-аракеттер жөнүндө чечим кабыл алууга жөндөмдүүлүк.
Социалдык-коммуникативдик
өзүнүн ой-мүдөөлөрүн башка адамдарын жана коомдук топторунун таламдары менен шайкеш келтирүүгө, көз караштардын ар түрдүүлүгүн кабыл алуу менен өз пикирин цивилизациялуу түрдө жактоого, башка адамдардын баалуулуктарына (диний, этникалык, кесиптик, инсандык ж.у.с. дөөлөттөрүнө) сый мамиле жасоого даярдык. Диалог аркылуу зарыл маалыматты алууга, жекече, коомдук жана кесиптик маселелерди чечүү үчүн аны оозеки жана жазуу түрүндө билдирүүгө жөндөмдүүлүк. Бул компетенттүүлүк башка адамдардын жана коомдук институттардын каражаттарын маселе чечүү үчүн пайдаланууга мүмкүндүк берет.
.
Компетенттүү мамиле жана предмет аралык интеграция
Окуучуларда негизги компетенцияларды калыптандыруу максаты окуу предметтерин окутууда эле калыптанбастан бардык мектеп турмушунун уюштурулушунда,окуучулардын жашоосунун башка чөйрөлөрүндө да калыптанат.
Компетенттик мамиле мугалимге жана окуучуга эмне берет?
- Окутуунун педагогдор тарабынан коюлган максаты менен окуучулардын жекече максаттары макулдашылат;
- Окуучулардын ВУЗда, колледждерде аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү окуусуна даярдайт;
- Айтылбаган жашоонун закондоруна ылайык турмуштун ийгиликтерине даярдайт
Компетенттүүлүккө негизделген мамиле
- Компетенттүүлүккө негизденген мамиле боюнча биринчи орунга окуучулар билип алган маалыматтардын саны эмес, турмуштагы иш-аракеттерде келип чыгуучу маселелерди чече билүүчүлүгү жана ишмердик ыкмаларын өздөштүрө билүүчүлүгү коюлат. Компетенттүүлүккө маселени өз алдынча коюп, аны чечүү үчүн зарыл билимдерди издеп таба билген жана аларды изилдөө аркылуу аныктай билген шартта гана жетишүүгө болот.
Билим берүү процессинде негизги компетенттүүлүктөргө окуучу төмөндөгүдөй шарттар түзүлгөндө ээ боло алат:
- окуучулар кандайдыр бир ишмердикти (изилдөөнү, долбоорлоону) жүзөгө ашырууга катышканда;
- окуу процесси окуучунун өз алдынчалыгын, өз ишмердигин уюштуруу жана анын натыйжалуулугу үчүн жоопкерчилигин өнүктүрүүгө багытталганда;
- максат коюп, ага жетишүү тажрыйбасын өздөштүрүү үчүн кырдаал түзүлгөндө;
- топтордун иши натыйжалуу уюштурулганда;
- мектептин педагогикалык кызматкерлери өздөрүнүн компетенттүү жүрүм-турумун көрсөткөндө.
-
Компетенттик мамиле төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет
- Окуучулардын нагрузкасын механикалык түрдө мазмунун кыскартуу менен азайтпастан, жекече өз алдынча билими алуунун эсебинен азайтуу;
- Окуу жана тарбия процесстерин теорияда эмес практикада айкалыштыруу.
Компетенттик мамиле төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет
- Окуучулардын бүгүнкү жана эртеңки жашоосу үчүн билим алуунун пайдалуулугун түшүнүүнүн эсебинен окуу мотивациясынын даражасы жогорулайт;
- Окууда окуучулардын өз алдынчалуулугунун жана жоопкерчиликтүүлүгүнүн даражасынын акырындап өсүшү менен мугалимдин эмгегин жеңилдейт