Көлөмдүү фигураларды жасоо
Тема:Куб жана параллелепипед.Алардын жайылмасы
Классы: 4-“В” классы
Сабактын максаты:окуучулар кубдун жана параллелепипеддин жайылмасынын негизинде кесип,көлөмдүү фигурага бириктирип даярдоого үйрөнүшөт,мейкиндикте элестөө көндүмдөрү калыптанат,өз ара туура мамилелешүүгө тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы:окуу китеби,дептер,карандаш кайчы клей,фигуралардын жайылмасы
Маанилүүлүгү:окуучулар көлөмдүү фигуралардын моделдерин даярдашат, пред-меттик-манипулятивдик ишмердүүлүгү өнүгөт,бөлүктөн куроо көндүмү өнүгөт,чийме каражаттары менен иштөө көнүмү өөрчүйт,мейкиндик элестөөсү,логокалык ой жүгүртүүсү өсөт.
Сабактын жүрүшү:
1-этап.Сабакты ачуу жана сабакка киришүү.
Уюштуруу.Жагымдуу маанай түзүү(“Мен мактанбайм,бирок.....) жана топторго бөлүү (геометриялык фигуралардан тандап тобун аныкташат).
Темага байланышкан билимдерин эске салуу сабакты актуалдаштыруу.
-Стол үстүндөгү фигураларды кандайдыр бир белгиси,касиети боюнча 2 топко бөлгүлө жана эмне үчүн ушундай иштегенииңди түшүндүрүп бергиле.
-Жалпак фигуралар кайсылар?Эмне үчүн жалпак фигура дейбиз?
-Көлөмдүү фигураларды атай аласыңбы?
-Бул фигуралардын окшоштук жана айырмачылыктарын айтып бергиле.
-Көлөмдүү фигураларды турумушубузда кай жерде кездештиребиз?
2-этап.Окуучуларда түшүнүүнү калыптандыруу
-таратылган чиймени карап чыгып,чеги боюнча кескиле,
-пунктир сызыктар боюнча бүктөгүлө,
-чогултуп чаптагыла.
-Пайда болгон фигуранын канча граны,канча кыры жана канча чокусу бар?Санап көрсө аласыңарбы?
-Кандай фигураны түзө алдыңар?
-Чийме боюнча фигураны кантип чогултканыңарды көрсөтүп бергиле.
-Кубду куроонун башкача жолу менен бөлүшө аласыңарбы?
-Кубга,параллелепипедге кандай математикалык мүнөздөмө бере аласыңар?
-Башка класстын окуучусу жайылманы куроодо 6 квадрат пайда болду дейт.
-Силер бул окуучунун айтканына кошуласыңарбы?Ал бул жыйынтыкка кантип келди?
-Жооп туура эмес болсо,ал окуучуга кантип түшүндүрөсүңөр?
-Эгер көлөмдүү фигуранын кырларын кесип,тегиздикке жайгаштырсак,анда ал фигуранын жайылмасы болот.
-Жогоруда силер көлөмдүү фигураны түзүүнү үйрөндүңөр жана бир бети тегиздикте жатса,калган бөлүгү мейкиндикте жатарын аныктадыңар.
-Кубдун жана паралеллепипеддин 6 граны,8 чокусу,12 кыры бар экенин чогуу санайлы.Демек куб параллелепипед болот.
-Бардык көлөмдүү фигуранын жайылмасын түзүүгө болот.
-Слайд көрсөтүү менен фигураларды мейкиндикте элестүү кабыл алууга багытоо
-Кубга дагы мисал келтирсек:күндө колдонгон ичүүчү түздүн кристаллы куб формасында болот экен.
Эс алуу мүнөтү:музыканын коштоосунда фигуралардын абалын туурап дене-боюн жазышат.
Практика:бардык окуучуга жайылмалар таратылат.
Жогорку деңгээл:
параллелепипеддин жайылмасына карата тапшырма:
-карама-каршы же параллел грандарына бирдей фигураларды тарткыла жана жообуңардын тууралыгын жайылманы чогултуп текшергиле
Туура келген деңгээл:
кубдун жайылмасына карата тапшырма:
1.Төмөнкү граны боелгон болсо,кайса граны жогорку болот.
Аны башка түс менен боеп,тууралыгын текшерүү үчүн жайылманы чогулт
2.Төмонкү граны боелгон.жогорку гранынын цифрасын тегеректе.
Тууралыгын текшерүү үчүн фигураны чогулт.
Төмонкү деңгээл: таратылган жайылмалар(куб,параллелепипед) боюнча фигураларды чогултуу.
3-этап:Окутуунун жыйынтыктарын баалоо
Кубдун төмөнкү граны боелгон,жогорку гранын кайсы санда турат
Эгер параллелепипеддин чоң граны карага боелгон,каршы граны кандай өндө?
-Бүгүнкү сабакта эмне үйрөндүңөр,эмне кызыктуу болду?
-Сабак түшүнүктүү болду
-Бироого жардам бердим
-Мен түшүнүүдөн кыйналдым
Аталышын ата:Сабакта кандай фигуралар менен тааныштыңар?
Эмне үчүн?Бул фигуралар көлөмдүү деп аталды?
Түшундүр:Куб парелеллепипед экенин түшүндүр
Сунушта:Кубду дагы кандай жерге колдонсо болот?
Ойлоп тап:парелеллепипед жок болсо,ордуна эмне колдонмоксуң?
Башкаларга бөлүш:Сабактан кандай таасир алдың?