Просмотр содержимого документа
«"Көчөт отургузуу" 2-класс»
Предмети: Адеп
Сабактын тиби: Жаңы материалдарды окуп үйрөнүү.
Сабактын ыкмасы: Аңгемелешүү,топтордо иштөө, акыл чабуулу
Сабактын жабдылышы: Окуу куралдары, слайд, ырлар, гербарий
А4 баракчалары компьютер, проектор.
Предмет аралык байланыш: адабий окуу, математика
| Сабактын максаты: | Күтүлүүчү натыйжалар: |
| Билим берүүчүлүк: Жаз мезгилиндеги жаратылыш өзгөчөлүктөрүн, ага байланышкан ишмердиктерин билип, текстти окуп, жаңы маалыматтарды алышат | Текстти окуп, жаңы маалыматтарды алуу менен жаз мезгилиндеги жаратылыш өзгөчөлүктөрүн, жазгы эмгек жөнүндө айтып бере алса. |
| Өнүктүрүүчүлүк: Жыл мезгилдерин салыштыруу аркылуу топтордо өз ойлорун эркин айтып, сөз байлыктарын өстүрөт. Эс тутумдарын бекемдеп, ой жүгүртүү менен суроолорго жооп издеп, тестти толтурушат. | Жыл мезгилдери жөнүндө билгендерин кенен сүйлөп, сөз байлыктарын өстүрүү менен логикалык ой-жүгүртүүсүн өстүрүшот. Алган билимдерин турмушта колдоно алышат. |
| Тарбия берүүчүлүк: Жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөнүн кооздугун баалай билүүгө, эмгекчилдикке үйрөнөт. | Жаратылышты коргоп, айлана-чөйрөдөгү кооздукту сезип, эмгекти балоого үйрөнүшөт. |
Сабактын жүрүшү:
| Сабактын этаптары | Мугалимдин иш-аракети | Окуучунун иш-аракети | ПК | Баалоо |
| Топторго бөлүү | “Жаз”, “Күн”, “Аба” деген топторго бөлөт | Окуучулар бөлүнүшөт | | Мактоо |
| Саламдашуу | Саламдашат | Саламдашат | | |
| Жагымдуу маанай | Балдар, бизге жаз мезгили келди.Күндүн жарк этип тийишиндей, силер дагы бири-бириңерге жарк этип жылмайып койгулачы? | Балдар бири-бирине жылмайышат. | | Мактоо |
| Тапшырманы кайталоо | “Багбан болом” деген ырды көркөм окуусун сурайт | Окуучулар ырды көркөм айтып беришет | К5 | Мактоо |
| Жаңы тема | -Балдар азыр кайсы мезгил? -Бул учурда адамдар эмне менен алектенишет? -Талааларда, огороддордо адамдар эмне кылышат? Азаматсыңар, азыр слайдда турган 4 сүрөттүн жардамы менен бүгүнкү сабактын темасын билип алабыз же “Төрт сүрөт, бир сөз” ыкманы колдонуу менен бүгүнкү сабактын темасын билебиз. | Берилген суроолорго жооп беришет. Сүрөттү жандырууга аракет кыла башташат. | К4 К5 | Мактоо Мактоо |
| |
| | Демек, бүгүнкү сабагыбыздын темасы “Көчөт отургузуу”.Балдар, силер көчөт отургузуп көрдүңөр беле? Же көчөт отургузуп жатканда ата-энелериңерге жардам бердиңер беле? Өсүмдүктөр уруктан өнүп чыгышат. Алар кантип көбөйөрүн слайддан көрөлү. Өсүмдүктөр кантип азыктанышат? Аларга көрсө минералдык заттар,суу, кычкылтек, күндүн нуру керек экен. Өсүмдуктөрдүн жалбырактары кычкылтекти жутуп, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарышат. Кычкылтекти абадан жана топурактан алышат.Өсүмдүктөрдүн жашоосу үчүн зарыл болгон шарттар: топурак, суу, жарык жана жылуулук, аба болуп эсептелинет. Өсүмдүктөр-жандуу организмдер, башкалар сыяктуу эле буларга да азыктанышы, дем алуусу, өсүү,өнүгүү, картаюу жана өлүү мунөздүү | Суроолорго жооп беришет Жаңы теманы кызыгуу менен угушат. | К3 К1 | Мактоо |
| Физ.минутка | “Жакшы” “жаман”оюнун ойнотуу -Жаздын жакшы жагын айт? Жаздын жаман жагын айт? Математикалык логикалык суроолор мене кайрылуу. | Жаздын жакшы жагы жана жаман жагы жөнүндө суроолорго жооп беришет. | К4 К5 | Мактоо Мактоо |
| Тапшырмалардын үстүндө иштөө. | “Жаз” тобуна “Суроолор айлампасы ” менен иштөө “Күн” тобуна зээндүүлүккө арналган суроо. “Аба” тобуна Өсүмдүктөрдүн бөлүктөрү жөнүндө айтып бергиле | Түзүшөт Ырдагы ар бир саптын баш тамгасын кошуп сөздү табышат. Атап беришет | К4 | Мактоо |
| Практикада көрсөтүү | 1-топ “Урук себүү” 2-топ “Өсүмдүктүн түзүлүшүн” 3-топ “ Өсүмдүктүн жашоосу үчүн зарыл болгон шарттарды ” көрсөтүү үчүн кластер түзүшөт. | Көрсөтүп,айтып беришет. А4 баракчаларына кластер түзүп жактап беришет. | К5 | Мактоо |
| Жыйынтыктоо | -Биз бүгүн эмне жөнүндө сабак өттүк? -Силерге сабак жактыбы? Тест алам | Колдору менен көрсөтүшөт. Тестти аткарышат | К5 | Мактоо |
| Үйгө тапшырма | Үйдөн көчөт отургузуу боюнча сүрөт тартып, аңгеме жазып келесиңер. | Үндөлүктөрүнө жазышат. Түшүнбөгөн суроолор болсо беришет. | | Мактоо |
| Билимдерин баалоо | Лидердин баалоосу, өзүн-өзү баалоо, мугалимдин баалоосу. | | | |
1 Өсүмдүктөрдүн түзүлүшү боюнча үч түргө бөлүнөт. Алар:
А) Чөп,бадал,дарак
Б) Жашылча, жер-жемиштер
В) Бөлмө,мөмөсүз,мөмөлүү
Г) жапайы, маданий, талаа
2. Өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн керектүү шарттар:
А) Суу, от,көлөкө, аба
Б) Жер, таш, аба, суу, от
В) Суу,топурак, аба, жарык, жылуулук
Г) Жер, суу, чөп,цемент,кум
3. Өсүмдүктөрдүн эң негизги тамагын белгиле?
А) Чөп
Б) Суу
В) Буу
Г) Нан
4. Өсүмдүктөр эмнеси аркылуу тамактанат?
А)Сабагы
Б) Гүлү
В) Мөмөсү
Г) Тамыры