СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат "Кош Алиппе"

Нажмите, чтобы узнать подробности

кыргыз класстарга

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат "Кош Алиппе"»

Алып баруучу:

Бала: Ассалоому алейкум алтын калкым.

Кыз: Амансызбы ак калпактуу кыргыз калкым.

Бала: Салам замандаштар, курбу-курдаш досторум.

Чогуу: Бүгүнкү той-жыйынга жыйналган, калкыма, баарыңарга салам.

Кыз: Той-той демекчи,

Тойго бѳбѳк себепчи,

Тойдо ѳзү болбосо,

Ортого ѳзү чыкпаса,

Кайда кѳркү бул тойдун.

Бала: Оо калайык, чакыралы кол созо,

Сүйүктүү биздин эжейди,

Балдары менен ортого.

Кыз: Анда эмесе эшик кенен ачылсын!

Сыртта турган балдар бизге шашылсын.

Аянбастан кол чапкыла коноктор.

Балдарыңдын бүгүн жарпы,бүгүн чери жазылсын!

Балдар сахнага чыгышат. Музыка коштолуп турат.

Бала: Мына бүгүн алиппенин майрамы.

Тамга таанып жаш бѳбѳктѳр жайдары.

Кѳп нерсени дал ѳзүңдѳн үйрѳнүп.

Күлкү чачат, бул балдардын жамалы.

Кыз: Алиппе менен коштошуу

Салтанатты ачалы.

Тоюбузга бүгүнкү

Ыр, бий чачыла чачалы. (чачыла чачылат)

Бала: Анда эмесе балдардын,

Бал тилине кулак салалы.

1 – Салам айтам кыргыз тоолуу жериме

Салам айтам бүткүл кыргыз элиме.

Салам айтам бийик тоолуу кең асман,

Сени сүйѳм, сени даңктайм ыр менен.

2 – Ѳнѳрлѳрүн кѳрѳлү деп балдардын,

Ата – энелер мугалимдер келишти.

Кыргызымдын салты го бул илгертен,

Унутпайлы ысык салам беришти.

3 – Кучагың жай, жаштарыңды тосуп ал,

Балалыкты сымбаты бар, күчү бар.

Таазим кылып уул, кызыңар силерге,

Келечекте колдон ак куу учураар.


4 – Амансызбы ак калпактуу кыргыз калкым,

Угармандар башымды ийип салам айттым

1г класс жалпыңызга салам айтат,

Урматтап келе жаткан ата-салтын.

5 – Окусун, билсин балам деп

Шарт түзүп берген биздерге

Ардактуу асыл ата-эне

Беребиз салам сиздерге.

6 - Аманбы кымбат ата-эне,

Кыргыздын уккун саламын.

Болсом деп самайм чоң адис,

Ойлогон элдин талабын.

7 – Алиппе майрамы бүгүн келди,

Агайлар эжейлер сүйүп келди.

А тамга үйрѳндүк, кошуп сѳздүк

Эне тил окууга кезек келди.

8 – А тамга, Б тамга кошо келген,

Билимди ѳрчүтүп салам берген.

Эжейлер айтышып, апалардай,

Акылын тѳгүшүп кѳңүл бѳлгѳн.

9 – Бир, эки, үч, кырк, сексен эсеп билип,

Мугалим айтканын эске тутуп,

Кошууну, алууну бүт үйрѳндүк,

Алиппе, орус тилин кошо билип.

10 – Алиппе билимин берип, терең,

Бүт тамга үйрѳндүк сени менен

Даярбыз окууга кубанычта,

Эне тил ѳзүңѳ салам берем.

Хор: «Биринчи класс»

Мугалим : Кымбаттуу окуучулар, бүгүн кубанычтуу күндѳрдүн бири болгон

«Алиппе» майрамын тосуп олтурабыз. Силер «Алиппе» китеби

аркылуу билимдин биринчи эшигин ачкансыңар.»Алиппеден» кийин

«Адабий окуу», «Кыргыз тили» китептерин окуйсуңар, андан башка

окуу китептерин окуп, үйрѳнүүгѳ жолуңар ачык.Ал эми балдар, буга

чейин «Алиппе» силерге эмнелерди үйрѳттү экен ѳзүңѳр айтып

бергиле.

1- Алиппебиз келиңиз,

Ардактайбыз сизди биз.

Сизден алган билимди

Тартуулайбыз бүгүн биз.

2- Тамгадан баштап үйрѳндүк,

Жаман балдар эмеспиз.

Алиппе, эми байкап кѳр,

Кантип калдык экенбиз.


Алиппе: Менин атым Алиппе

Үйрѳтѳмүн арипке

Окуп билип сыйласаң

Бардык бала даректеп.

Ар бириңер келгиле,

Үйрѳнгүлѳ кѳргүлѳ

36 арипти

Жатка айтып бергиле.

Менин атып алиппе

Балдар жакшы билишет.

Колдорунан түшүрбѳй

Дайым окуп жүрүшѳт.

Бала: Кел «Алиппе» балдардын,

Сѳзүнѳ кѳңүл бѳлѳлү

Сенден алар үйрѳнгѳн,

Ѳнѳрлѳрдү кѳрѳлү.

Ыр: «Мектебим» Рано

1 – Барактарын оодарып

Ачкан кезде жаңыдан.

Жазууларын биле албай

Сүрѳттѳрүн тааныгам

2 – Алтын китеп алиппем,

Ар күн окуп ачканбыз.

Отуз алты тамганы,

Ойдогудай жаттадым.

3 – Ойноп-бийлеп ыр ырдап,

Окуп жаткан балдарбыз.

Отуз алты тамганы,

Ордун жаттап алганбыз.

4 – Мына менде жашаган,

Ариптер бүт турушат.

Билим үчүн эми алар,

Далай эмгек кылышат.

5 – Майрамы деп алиппенин,

Ыр алып келдик баарыбыз.

Кайсы тамга экенин,

Ырларынан тааныңыз.

6 – Алиппенин ичинде,

Ар дайым жаткан бекинип,

Тамгалар бүгүн ээрчишип,

Чыгышат сыртка секирип.

Хор: «Мектебим»


Хор: Сүйлѳп жаткан сѳзүбүзгѳ

Отуз алты тамга бар.

Тизилип бул жерде турган

Бизбиз ошол тамгалар.

«А»: Аалам деген сѳздү алсак,

«А» тамгадан башталат

Адам аны кааласа,

Акыл менен башкарат.

«Б»: Бал тил балдар бизчилеп,

Бачым-бачым басалбайт.

Борбор шаары билимдин,

«Б» сыз Бишкек аталбайт.

«В»: Велосипед теппестен,

Вертолёт айдайм чоңойсом.

Вузда окуп билим аламын.

Врач болуу талабым.

«Г»: Мен Геркулес, Геркулес!

Адамдарды коргоочу.

Кѳздѳгѳн бир максатым,

Жерге тынчтык орнотуу!

«Д»: Д тамгадан башталган,

Дүйшѳнкул деген агам бар.

Даңкы чыгып кыргызыма

Душмандан элин сактаган.

«Е»: «Е» тамгасы катышат.

Алиппеге, дептерге.

Пекин шаары бар экен,

Кытай деген чет жерде.

«Ё»: «Ё» катышкат сѳздѳргѳ

Кирет экен коёнум

Жаңы жылда буйруса

Ёлкада боломун.

«Ж»: Жеки Чандай күчтүү болом,

Жеки Чандай шамдагай.

Там боорунда чуркайм мен да

Эч нерсени кармабай.

«З»: Зарыл кезде пайда болуп

Зор иш кылган заматта.

Зорромун мен, Зорромун мен!

Зорро элдик тарапта!

«И»: Индус ырын укканды,

Иним абдан жактырат.

Индиянын киносун,

Издетсе да таптырат.

«Й»: Айнектерге чагырып,

Ай түндѳсү жаркырайт.

«Й» тамгасы катышкан,

Сайдагы суу шаркырайт.

«К»: Компьютерге олтуруп

«Контур» оюнун ойноймун.

Жок кылсам деп террорду.

Ѳзүмдү ѳзүм коргоймун.

«Л»: Лом менен жер казылат,

Лыжа тебем кышында,

Лампочкалар жаркырайт,

Үйдүн ичи-тышында.

«М»: «М» деген тамга боломун,

Мен дагы сонун ойдомун.

Милиция кийин болсом деп,

Максат кылып койгонмун.

«Н»: Нан деген бизде эң кымбат,

«Н» тамгадан башталат.

Нан болсо дайым курсак ток,

Нан болсо дайым бизде кайгы жок.

«О»: «О» деген мындай тегерек,

Ойлосок окуу эң керек.

«О» тамганы биле албай,

Ойногон бизге жарашпайт.

«Ѳ»: «Ѳ» тамга жана жеримди,

Ѳзгѳчѳ жакшы кѳрѳмүн.

Ѳнѳрлүү болуп чоңойсом,

Ѳлкѳмѳ тийсин керегим.

«П»: «П» тамга менмин мынакей,

Параход, Памир деп жазган

Пахтадан план толтуруп,

Сүйүнүп келем Ош жактан.

«Р»: «Р»га тилим келбесе

«Р»на жаттайм күнүгѳ.

Радиону кѳп тыңшайм,

Жаңылыкты билүүгѳ.

«С»: Сотка менен чалдым да,

Супер такси чакырдым.

Стамбулга учам деп,

Самолётко шашылдым.


«Т»: Тѳгүп ырдан турганда,

Тѳп келишкен затыма.

«Т» тамгасы катышат,

Токтогул деген атыма.

«У»: Улууларды урматтап,

Улуулардан ийменем.

Уятсызды жактырбайм,

Ушакты кѳп сүйлѳгѳн.

«Ү»: «Ү» тамга жазат үкү деп,

Үкү деген кызык куш.

Үргүлѳп кѳрбѳй күндүзү,

Түнкүсүн учат бул укмуш.

«Ф»: «Ф»нын бизге эң эле

Керектиги байкалат.

«Ф» тамгасы болбосо,

Футбол деп ким айта алат?

«Х»: Президент деп аташты,

Бул заманда хандыкты.

Хамелеон деп кобшат,

Түс ѳзгѳртмѳ жандыкты.

«Ц»: «Ц» тамгасы жаза алат,

Цирк, цемент, циркуль деп

Цемент керек үй курсак,

А циркте айбанды түрү кѳп.

«Ч»: Чырбаш деген чырбала,

Чоң муштумун кѳргѳзѳт.

Чыгарам дейт чатакты,

Чымчык атып бербесек.

«Ш»: «Ш» тамгасы болбосо,

Шайырлыгың бекер кеп.

Шах берем, - деп шаштырып,

Шахмат ойнойт Шекербек.

«Щ»: Щётка менен тазалап,

Плащымды илемин.

«Щ» - катышкан кыргызча,

Сѳздүн жогун билемин.

«Ы»: «Ы» тамганы үйрѳтүп,

Ырыскы сепкен жериме.

Ынтымак күүсүн таңшыткан

Ырахмат кыргыз элиме.

«Ь»: Мен кѳп деле чарчабайм,

Жок менин кѳп убарам.

Айрым гана тамганын,

Үнүн жумшак чыгарам.

«Ъ»: Ажыратуу белгиси десең,

Үн чыгарбай келем.

Ѳзүмдѳн кийинки тыбышты,

Кооздоп берем.

«Э»: Эне деген сѳз жазсам

«Э» тамгадан баштаймын.

Эрктүү болуп чоңойуп,

Эне сүтүн актаймын.

«Ю»: Баарын салам моюнга

Кѳп кызыгам оюнга.

«Ю» тамгасы бар экен,

Менин тулку боюмда.

«Я»: «Я» катышкан сѳздѳрдү,

Кѳкүрѳккѳ түйѳмүн,

Аяз кийим кийинген,

Январь айын сүйѳмүн.

Хор: Ачык кѳңүл балдарбыз.

Мугалим: Биздин балдар ал турсун.

Кѳп ырларды жаттады.

Азыр айтып беришсин,

Кана, балдар баштайлы.

1 – Алиппемди ачканда.

Таазим кылып башты ийем.

Кайсы бете кайсы сѳз,

Жазылганын жат биллем.

2 – Ариптердин бардыгын,

Так жазганды үйрѳндүм.

Муундардан сѳз жасап,

Сѳздѳн түзѳт сүйлѳмдү.

3 – Жомокторду кѳп окуп,

Тентектикти таштадым.

Улуулардан ийменип,

Сылык боло баштадым.

4 – Табышмактын маанисин,

Жандыруунун сыры бар.

Ынтаа коюп бѳбѳгүм,

Алиппеден билим ал!

5 – Мына соңку сѳзүңдү,

Окуп азыр бүтѳмүн.

Эстен кетпес кымбатым,

Эң алгачкы китебим.

Хор: Баканын ыры.

Бала: Биздин балдар орус тилин да үйрѳнүштү. Үйрѳнгѳнүңѳрдү айтып

бергиле.

1 - Кана, балдар келгиле,

Ырга кѳңүл бѳлгүлѳ.

Эки тилди жаш кезден,

Даана сүйлѳп кѳнгүлѳ.

Баланы айтат-мальчик,

Сѳѳмѳйдү айтат – пальчик,

Двер деген – эшик,

Дыра деген – тешик,

Учёба – окуу,

Вязать – току,

Облака – булут,

Нация – улут,

Язык – тил,

Знай – бил.

Муз. Пауза: «Песенка первоклассника»

Алиппе: Ой рахмат, баодарым,

Ыраазымын баарыңа,

Майрамыбызды утурлап

Келе жатат меймандар

Анда күтүп алгыла.

Күндѳлүк: Жакшы окуса мактанат,

Жүрүшү да такталат.

Ар бир бетим, сызыгым,

Эң чоң кызмат аткарат.

Дептер: Жакшы барктап алгының,

Бирок таза кармагын.

Бат жазам деп кирдетип,

Ѳкүнүчтѳ калбагын.

Сызгыч: Пайдасыз дей салбагын,

Этияттап кармагын.

Чийгиң келсе түз кылып,

Ѳтѳ тиет жардамым.

Альбом: Эл жиретип жүрѳктү,

Тарта билгиң сүрѳттү.

Сыймык менен күтѳмүн,

Сен беш алчу мүнѳттү.

Ѳчүргүч: Болсом да ѳзүм кичине,

Жараймын далай ишиңе.

Туура эмес чийсе келемин,

Жактаймын сенин таламың.

Мизилдейт десең токтолбойт,

Ѳчүрүп коё саламын.

Китепкап: Жапсаң бекем жабылбайт,

Чапма кулпум чабылат.

Китеп, калем, дептериң,

Баары мага салынат.

«2» Узун моюн экимин,

Эске тутуп койгула.

Жалкоо, тентек балдардын,

Ороломун мойнуна.

«3» Алдыман да коркомун,

Артыман да коркомун.

Жаман эмес, жакшы эмес,

Бар болгону ортомун.

«4» Билип койсун бѳбѳктѳр,

Бирдей карайм баарыңа.

Жакшы окуган баласын,

Сүйрѳйм дайым алдыга.

«5» Мен «беш» болом «беш» болом

Жамандарга ѳч болом.

Жакшыларга ДОС болуп,

Кадыр барка ээ болом.

Муз. Пауза: Кыргыз бий.

Алиппе: Бешиктеги баланын,

Бек болорун ким билет?

Карындагы баланын,

Хан болорун ким билет?

Демекчи: Келечек жаштарга таандык. Ал эми ар бир жаштын алдыга койгон

максаты, эңсеген үмүтү, тилеген тилеги болот эмеспи.

Анда досторумдун максат, тилектерин угалычы:

1 – Сылык сүйлѳѳ адаты,

Жарашып бойго халаты.

Чоң бойго деп тилейм,

Ырдаса бүтпѳс сананы.

2 – Сылык сүйлѳѳ адаты,

Жарашып бойго халаты.

Чоң болсом деп тилейм,

Ырдаса бүтпѳссанаты.

3 – Ачып турмуш барагын,

Алып таалим сабагын.

Болуп элдик депутат,

Аткарсам дейм талабын.

4 – Эң бир элпек жүрүшү,

Дартка даба күлүшү.

Медсестра болсом деп,

Ойлонуп ойго толомун.

5 – Кийими бойго жарашып,

Каратат бизди баратып

Милициялык кызматты,

Дегдеп жүрѳм жаратып.

6 – Менин апам мугалим

Бѳбѳктѳрдү окутат.

Ишкер болуп чоңойсоң,

Болосуң дейт депутат.

«Жок» - деймин мен апама,

Мен мугалим боломун.

Анткени ал депутат,

Мугалимден окуган.

7 – Ойнотуп колдо комузду,

Чыгарып кату добушту.

Залкар күү чертип, чер жазып

Атангым келет комузчу.

Муз.: Элдияр күү чертет.

Алиппе: Кана балдар эмесе,

Табышмак айтып кѳрѳлү.

Табышмакты таба албай,

Кыйналысшын кээлери

1 – Ак шооласы чачырап,

Тиктесең кѳздү качырат.

Бүт жер бети жанданып,

Нурунан гүлдѳр ачылат. (Күн)

2 – Ѳтѳ баалуу бир зат бар,

Сүйлѳгѳндү билбеген.

Кызыл, жашыл кѳздѳрүн

Ирети менен ирмеген. (Светофор)

3 – Он тѳрт жѳжѳм бар менин,

Теңи кара, теңи ак.

Кара канча, ак канча,

Ойлоп аны ѳзүң тап?

Бий: Жѳжѳлѳрүм.

Алиппе: Тамгаларды үйрѳнүп,

Шар окууга жеттиңер.

Макал айтып берүүгѳ,

Кемиң даяр келүүгѳ.

1 – Тоону, талиты сел бузат.

Адамзатты сѳз бузат.

2 – Жалгыз жыгач үй болбойт, жалгыз жигит бий болбойт.

3 – Акылы бар билимди самайт

Акылы жок кийимди самайт.

4 – Алтын жерден чыккан байлык болсо,

Акыл – элден чыккан байлык.

5 – Баатырдын ѳмүрү кыска, даңкы узун.

Бала: Манас кыргыз кенчи байлыгы

Тийген күнү, тийип турган ай нуру

Ооздон оозго ѳтүп келет жыл санап

Элдин ѳзү сактап жүргѳн сандыгы

Кичинекей манасчылар

Сиздерге манас айтып беришмекчи. (манас айтышат)


Алиппе: Балдарга мен кубанам

Кѳптү үйрѳнүптүр карасам.

Шашып турам кетсем деп

Эмдиги 1-класска,

Даярданып мен дагы

Сентябрга келсем деп.


1 – Кыса кармап тѳшүмѳ,

Кирпиктерим сууланып,

Коштошо албай турамын,

Кѳзүмдѳн жаш куланып.

2 – Ынак элек эгиздей,

Кош алиппе китебим!

Сенден алган билимдин,

Сапарына түшѳмүн.

Муз. пауза: Рахмат, сага алиппе.

Алиппе: Мына «Адабий окуу» да келип калды.

«Адабий окууну» силерге тааныштыра кетейин.

Жакшы урматтан окугула.

Чиймелебей беттерин.

Эми балдар,

Кош болгула кетейин.

Адабий окуу: Улантайын ишиңди,

Берейин алтын билимди,

Кош бол!

Жалпы: Кош бол, Алиппе! Каалайбыз ак жол, Алиппе!

Адабий окуу: Таанышып балдар алалы,

Мына менмин «Адабий окуу».

Кир кылбай окуп билим ал,

Баарына тиет керегим.

Кыз: Мына баладр «Адабий окуу» китебиң.

Сүйүп оку, үйрѳн бардык бергенин. (китеп менен тааныштырат

Адабий окуу: Билимге ишен, күчүнѳ эч ишенбе,

Аты калат жардам кылса ким элге.

Мен Адабий окуу келе жатам атайын,

Жардам берип кетсемби деп силерге.

Билген сырын баарын айтып койдубу?

Айткандары кѳңүлдѳргѳ толдубу?

1 жыл ѳтүп келгенине алиппе,

Бул мезгилде ѳзгѳрүүлѳр болдубу?

1 - Кел конокко «Адабий окуу»,

Жүрѳлү биз достошуп.

Сырдашалы сен менен,

Ой – максатты козгошуп.

2 - Кел сүйүктүү «Адабий окуу»,

Күткѳн элек биз сени.

«Алиппе» кетти коштошуп,

Билим бергин бизге эми.

3- Тамганы таанытып мына эми

Ааламды ачып эне тили

Дүйнѳгѳ парда терезени,

Кѳп нерсе билер мезгил келди.

4 - Жашоо булагы неде-билгин

Илимдин сырдуу кереметин

Босого аттап эне тилиң,

Узак жолго ээрчитет билим!

Алиппе: Мына ушунда бизге келчү жаңылык.

Кетип калды, калабыз го сагынып.

Алиппенин абдан тийди кереги,

Тамгалардын баарын бирдей тааныдык.

Математика: Баарын жеңип жолубуздан тоскоолду

Эсептѳѳгѳ чакырабыз досторду.

Математика эң кереги үйрѳткѳн.

Алып-бѳлүп, кѳбѳйткѳндү, кошконду.

Мекен таануу: Жер кыдырып салыштырсак алтындай,

Кѳрктүү болду жашообузда жаркырай.

Мекен таануу жаратылыш жѳнүндѳ,

Маалыматтын баарын берди калтырбай.

Орус тил: Ѳлкѳбүздѳ чет тилдер да сүйлѳшүп,

Бир тил менен чектелип биз жүрбѳдүк.

Ѳз тилибиз кыргыз тилге кошумча.

Ѳздѳштүрдүк орус тилин үйрѳндүк.

Биз бирдиктүү жакшы ѳмүр сүрѳбүз,

Биз ѳмүрдү урматтайбыз сүйѳбүз.

Билимди алуу менен токтолбой,

Ден-соолукту чыңдап дагы жүрѳбүз.

Адабий окуу: Анда эмесе мекен таануу китеби менен математика китебинин

акыйнегине күбѳ бололу.

  1. Мекен таануу: Асман-жердин кыйырынан

Горизонтту сездирген

Компас сырын үйрѳтүп,

Аң-сезимди ѳстүргѳн.

Мекен таануу мен,

Демек!

Математика китеби

Кантип мага тең келет?

Акыя, акыя!

Акый, акый, акыя!!!

  1. Математика: Бешке бешти кошкондо

Он болорун тактаткан

Тѳрт амалдын жолдорун

Жадыбалдай жаттаткан.

Ѳлчѳм, бирдик мен болом!

Бардык наркка чен болом.

Илимдүүлүк жагынан,

Мекен таануу мен сенден.

Ашпасам да тең болом.

Акыя, акыя!!

Акый, акый, акыя!!!

  1. Мекен таануу: Аба, Тоо таш, сууларын,

Жылдыз, ай, күн нурларын.

Жашылчанын жемиштин,

Үйрѳтѳмүн сырларын.

Түркүн түрлүү керемет,

Сулуулуктар менде бар.

Тунжуратып ойлонткон,

Эсебинде эмне бар?

Акыя, акыя!!!

Акый, акый, акыя!!!

  1. Математика: Сен санаган заттардын,

Канча жашка чыкканын.

Үнѳм менен пайдадан,

Адам канча утканын.

Эсептеген илиммин

Билип койгун билбесең

Осол болор жоругуң,

Мени кѳзгѳ илбесең.

Акыя, акыя!!!

Акый, акый, акыя!!!

Муз. пауза: Тып, тып.

Адабий окуу: Акыл менен кең келечек куралы,

Жаман эмес жакшыларды жолдойлу.

Алиппенин жолун улап мен дагы,

Мындан ары биримдикүү болойлу.

Жалпы: Китеп билим булагы,

Китеп билим чырагы.

Бардык балдар ар дайым,

Китеп тилин угалы.

Бала, кыз: Бүттү майрам кѳңүлдүү,

Үйгѳ эрте кайталы.

Канча мезгил, канча күн

Жакын болгон арабыз.

Билим берген эжеге

Чоң рахмат айтабыз.