СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Китеп -алтын казына

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Китептин баалуулугу боюнча кеңири түшүнүк алышат

Просмотр содержимого документа
«Китеп -алтын казына»


Семинардын темасы: Китеп –алтын казына.(“Келиңиз ,апа,китеп окуйбуз!”сынагы)

Максаты : а)Ата –энелерди китеп окууга тартуу менен баланын билим алуусундагы китеп окуунун мааниси жана пайдалуулугу жөнүндө биле алышат.

Б)Үй- бүлөдө китеп окууга жана окуганын түшүнүүгө көнүгүшөт

В)Топто иштөөнү үйрөнүшөт жана кең пейилдикке,убадага бекем болууга,достукка тарбияланышат.

Жабдылышы:Слайддар,учкул сөздөр,көркөм китептер,А-4 барагы,түстүү кагаздар« Китеп – адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп - адамдарды байланыштырат. ». (Ч.Айтматов).

«Китепти сүйгүлө, ал силердин жашоо тирлигиңди жеңилдетет, адамдарды сүйүүгө, өзүңдү-өзүң урматтоого жардам берет, дүйнөгө, адамдарга карата оюңарды жана жүрөгүңөрдү эритип, көңүлүңөрдү кушубак кылат». (М.Горький) «Дүнүйө абдан кең. өз көзүңөр менен анын кымындай үлүшүн гана көрө аласыңар. Ошондуктан далилди китептен издеп, китепти жыйнай билгиле» (В.Обручев). «Китепти ойлобой окугандык, тамакты сиңирбей ичкенге барабар» (Э.Борк). «Жакшы китеп автор тарабынан адамзаттын тукумуна калтырылган мурас». А.Адиссон.

Жүрүшү: а) Уюштуруу иштери.

Саламатсыздарбы семинардын катышуучулары!Баарыбызга белгилүү 1-4-класстын окууучуларынын базасын окуу көндүмдөрүнүн өнүктүрүү максатында USAID дин «Келгиле ,окуйбуз!»долбоору Кыргыз Республикасы боюнча 900 мектепти камтып7000дей мугалимди алдыңкы окутуу ыкмаларын үйрөтүү менен бирге,1000дей директор,окуу бөлүмүнүн башчыларын,методисттердин жана китепканачылардын да чыгармачылык дараметтин арттырды. Китеп канага китеп сүйүүчүлөрдүн агымы көбөйүп окурмандардын саны жогорулады..

Баланын акыл эсин өстүрүп эс тутумун калыптандырууда китептин орду чоң,Китеп окуу баланын ар тараптуу кызыгуусун күчөтөт ошндуктан китепти үй бүлөдө окууну салтка айландыруу максатында өтүп жаткан “Китеп -алтын казына ”аттуу ”Келиңиз апа,китеп окуйбуз!”сынагына кош келипсиздер

Бүгүнкү сынакка катышкан 3-класстын 3 окуучусу жана 4-класстын 3 окуучусу апалары менен келип отурат, Анда эмесе сынактын катышуучуларын чакырып алалы.

1.Эдил менен _____________ апабыз,

Билим менен алга карай басуудабыз

“Келгиле,окуйбуздан” баарын билип,

Окурмандын шатысына чыгабыз деп келген



_____________________________________________________________________________

2.Бала кымбат энеге да,атасына,

Кезек келди таанышууга Жумалыга апасыга

Тыбыштарды кабыл алып сөз курайт

Китеп окуп кыйналбайт шар окуганга

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Чыгарманы тез айлантат ребуска

Келди кезек апасына Бекзатка

Окуу десе ичкен ашын жерге коюп

Катышам дейт “Келгиле,окуйбуз!”сынагына

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Китепке таазим кылат ар убакта

Окуганын түшүндүрөт апасына

“Келгиле ,окуйбуз!”долбоорунда

Катышууну каалайт Феруза бул сынакка

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________Окуйт күндө эки жомокту кеминде

Келди кезек апасы менен Ариетке

Суроолор айлампасы колго тийсе

Жооп издейт туралбайт бир жеринде

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Келгиле окуйбуз деп алга шашат

Назира апа кызы Алымкан менен келе жатат

Бул долбоордун модулдурын өздөштүрүп.

Бакага да багыт берип сүйрөп барат

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2. Калыстар тобу менен тааныштыруу.

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

Топторго бөлүү. (Эки түстүү гүл даярдоо ) Топтун атын жана урааны Сынактын максатын айтуу.

Өтүлүүчү сынактын жобосу

1-тур Укканын түшүнүү же аудио уктуруу .

1)Суроо-жооп

2) Чыгарманын картасын түзүү.


2-тур Баланын кыялы.(Апалардын сынагы )


3-тур Аңгеме үчүн убакыт “Менин апамдын жомогу ”

1) Чыгарманы өз сөзү менен жазуу.

2) Синоним сөздөрдү табуу.


4-тур Андай болбой, мындай бол! Сөздөрдүн антонимин табуу.


5-тур. Чыгарманы ар түрдүү абалда окуу (Энелер ар түрдүү окуп беришет)

Анда эмесе сынагыбыздын биринчи туру.

1-тур Укканын түшүнүү, Аудио уктуруу.деп аталат.

Угуу баланын элестетип кыялдануусун,таанып билүүчүлүгүн,угуу маданиятын жогорулатат.

“Убадага бек жигит”

Илгери, илгери өткөн заманда үч бир тууган болгон экен. Алар ата-энеден эрте ажырап, көрүнгөн байдын жумушун жасап, эптеп күн көрүшөт экен. Бир күнү байдын чөбүн чаап, аябай чарчап көлөкөдө отурушса, жакын эле жерге топ кара чыйырчыктар келип конуп калат. Биринен бири озуп оттоп жаткан кара чыйырчыктарга карап бир туугандардын эң улуусу:

— Ой, чиркин, ушундай жер жайнаган малым болсо, өмүр бою бир да кишини иренжитпей, кенен өмүр сүрүп өтөөр элем, — дейт, кичинекей чокчо сакалын сылап.

Анда ортончусу туруп: — Эгер менин ушундай короо-короо коюм болсо, өзүбүз сыяктуу кедей-кембагалдарга каралашып, үйгө мейман келсе, кой союп, аларды ар дайым сыйлап, алардан алкыш алып кана жүрөт элем, — деп тилек кылат.

Алардын эң кичүүсү үндөбөй отурган соң: «Ал эми сенин ушунча малың болсо эмне кылат элең?» — деп сурап калышат эки агасы.

«Менби, менин мынча малым болбой эле эл катарлуу азын оолак, бир аз туягым, үстүмдө үй, жанымда акыл-эстүү жарым болсо, мен дагы эч кимди иренжитпей өмүр сүрөр элем» деп жооп берет. Алар ушундай таттуу кыялга батып, ойлоп жатышканда маңдайларына келип калган ак сакалдуу карыяны байкабай калышат. Сакалы тизесине түшкөн алиги карыянын кайдан чыга калганын билишпей үчөө тең орундарынан атып турушат. Ошондо карыя туруп:

— Менин атым Убада. Силердин сүйлөгөн сөзүңөрдү жанатан бери угуп турдум. Эгерде силер айткан сөзүңөргө турсаңар, мен силердин тилегиңерди орундаймын! — дейт ак таягын көтөрүп.

— Биздин тилегибизди орундатсаңыз, айткан сөзүбүздө турабыз — дешти үч бир тууган.

— Эмесе силердин тилегиңерди мен орундайын. Сен экөөң мал дедиңер, тээтиги көрүнгөн дөбөнүн ары жагында эки короо кой жайылып жүрөт. Бир короосу өңчөй ак, экинчи короо кой кара түстүү. Барып бириң карасын, бириң агын алгыла, — деп күнгө чагылышкан таягын силкип-силкип алды.

Экөө чуркаган бойдон карыянын көрсөткөн жерине келишет. Келишсе, чын эле эки короо кой жайылып жүрөт. Экөө койлорду айдап өздөрүнчө кетишет.

Карыя таягын дагы силкип туруп, эң кичүүсүнө карап:

— Эми сен тээтиги түтүн чыккан жерге бар. Үй десең, тилеген үйүң, өмүрлүк жарың, азын-оолак малың ошол жерде. Бар эми, тилеген тилегиңе жет, — деп ак сакалын сылап коюп көздөн кайым болду.

Ушул күндөн баштап, үч бир туугандын турмуштары оңолуп, өз тилектерине жетип, жашап калышат. Күндөр жылып, айлар оошуп, жылдар өтөт.

Бир күнү баякы карыя Убада жанына Пейил менен Бакытты ээрчитип: «Ошол жигиттердин барып сынап көрөлүк, айткан сөздөрүн орундаар бекен?» деп жолго чыгышат. Алай-дүлөй бороон болуп жатканда алды менен улуусунун үйүнө келишет.

— Биз кудайы конок болобуз, бороон өпкөдөн өтүп баратат — отуңа жылынып, муздаган сөөгүбүздү жылытып чыгалык, үйгө кирүүгө уруксат эт, — дейт келген карыялар үндөрү дирилдеп.

Малына ээ боло албай убара болгон бай:

— Ушундай кым-куутта, койлор суука чыдабай кырылып жатканда, конок эмес кудай болсоңор да кеткиле, — деп кыйкырат.

Сакалдарына муз тоңуп калтыраган карыялар ал үйдөн чыгып, ортончу байдыкына келет. Ал дагы ачууланып, аларды үйгө кийирбей кубалап жиберет.

Булардын түрүн көрүп, кичүүсүнүн үйүнө жөнөштү. Аларды көрүп жан алы калбай үргөн иттин үнүнөн атып чыккан үй ээси конокторду колтуктап үйгө киргизип, аттарын отко коёт. Коноктордун суу болгон кийимдерин чечип, башка жылуу кийим кийгизип, суу кийимдерин кургатып, тамак ашын берип аябай, жакшылап сыйлайт.

Эртеси коноктор жолго жөнөрдө Убада туруп: «Балам, урмат сыйыңа чоң ыракмат. «Өлүмдөн уят катуу» дегендей болоттон бек жигит экенсиң. Аз дөөлөткө мас болуп, эл менен иши жок, тиги агаларыңа окшобойсуң. Ар дайым ушундай айткан сөзүңдө тур, өркөнүң өссүн!» дейт таягын силкип. Баягы жигиттин кашына бакыт да, пейил да кайра оролуп түбөлүккө бактылуу болуп жашап калган экен.


Конкурс 1-туру эки этаптан турат.

1.Суроо жооп (6 суроо түзүү)

Суроо 1-топко

1.Бир туугандар эмне жумуш жасап жан багышкан?

2.Жем издеп жаткан чыйырчыктарды карап бир туугандардын эң кичүүсү эмне жөнүндө кыялданды?

3.Карыя кимдерди ээрчитип бир туугандардын улуусуна барды жана аларды кандай кабыл алды?

Суроо 2-топко

1.Жем издеп жаткан кара чыйырчыктарды карап бир туугандардын улуусу эмне жөнүндө кыялданды?

2.Бир туугандардыын кыялын ким,кандай шарт коюу менен ишке ашырды?

3.Карыя кимдерди ээрчитип бир туугандардын эң кичүүсүнө барганда кандай тосуп алды?


2.Чыгарманы өз сөзү менен жазуу.


2-тур Баланын кыялы. (Апалардын сынагы ) балдарына мурдатан суроо берип жообун алып салыштыруу ар бир туура жоопко 1 упай.


1.Балаңыздын жактырган сабагы.

2.Балаңыздын жактырган мугалими?

3.Балаңызды жактырган мультфильми?

4 Жактырган мультфильмдеги жактырган каарманы?

5.Балаңыз жакшы көргөн түсү?

6 Сүйүп окуган жомогу?

7 Жактырган киносу?

8 Сүйүп уккан ыры?

9 Тамшанып жеген тамагы?


3-тур “Менин апамдын жомогу ” Апалар жомок окуп беришет.


Чыныгы бейиш

Бир адам жакшы көргөн итин дайыма эрчитип жүрчү экен,Бир күнү фермага бара жатып экөө да кырсыкка кабылып,жан ьаслим болушат.Ошентип отуруп аркы дүйнөгө чогуу аттанышат.Уч кыйыры көрүнбөгөн жолду басып өтүп,жапжашыл бакчага туш болушат.Гүлбакчанын дарбазасында “Бейиш ”деген жазуу бар эле.Ичкери кирейин десе ,кароочулар жаныбарлар киргизилбей турушун айтышты.”Анда мен да кирбейм,анткени бул –менин тиги дүйнөдөгү да,бул жактагы да эң жакын досум,”-деп,адам андан ары жолун улантты .Дагы бир топ жүргөндөн кийин ,так эле ошондой гүлбакчага туш болот.Ал жердин кароолчусуна суроо салат.

-Бул эмне болгон жер?

-Бейиш.

-Биз буга чейин дагы так эле ушундай жерди көрдүк ,ал эмне болгон жер эле?

-Ал жер тозок болчу,жалган дүйнөдөн келгендер үчүн акыркы сыноо эшиги болчу.Ал жакка досун таштагандар,өзүмчүлдөр жана ач көздөр киришет.Чыныгы достор үчүн чыныгы бейиштин жолу бул жакта,-дейт да кароолчу аларды ичкери киргизет.

1) Чыгарманы өз сөзү менен жазуу.

2) Синоним табуу.


4-тур Андай болбой, мындай бол!

сөздөр

Антоними


Жүүнү бош


Тыкан

Ичи тар

Кең пейил


Жалкоо

Эмгекчил


Зыкым

Берешен


Кас

дос

шашма

токтоо

Убадага

Бек бол

Орой

сылык

Жалганчы

Чынчыл


5-тур. Чыгарманы ар түрдүү абалда окуу (Энелер ар түрдүү окуп беришет)

А.Алиев “Светафор ”

Арты алдыңды карагын

Алданбагын оюнга

Чуркап өтөм дебегин

Жолдун аркы боюна


Кызыл күйдү карагын

Токто кайда шашасың

Сары күйсө камданып

Жашыл күйсө басасың


Өткөөл жолдон өтүп жүр

Машинадан сак болуп

Билгин жолдо жүргөндү

Эрежеге так болуп.

1.Ырдап окуп бериңиз. 2.Күлүп окуп бериңиз

3.Коркуп окуп бериңиз 4.”Манас” айткандай окуп бериңиз.

5.Ыйлап окуп бериңиз 6.Ачууланып окуп бериңиз.

Жыйынтыктоо үчүн сөз калыстар тобуна берилет

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо




























Өтүлүүчү сынактын жобосу

1-тур Укканын түшүнүү же аудио уктуруу .

1)Суроо-жооп

2) Чыгарманын картасын түзүү.


2-тур Баланын кыялы.(Апалардын сынагы )


3-тур Аңгеме үчүн убакыт “Менин апамдын жомогу ”

1) Чыгарманы өз сөзү менен жазуу.

2) Синоним сөздөрдү табуу.


4-тур Андай болбой, мындай бол! Сөздөрдүн антонимин табуу.


5-тур. Чыгарманы ар түрдүү абалда окуу (Энелер ар түрдүү окуп беришет)

К№

Сынактын жобосу

1

2

1

Укканын түшүнүү



а)

Суроо –жооп



Б)

Чыгарманын картасын түзүү



2.

Баланын кыялы



3

Аңгеме үчүн убакыт”Апамдын жомогу”



А)

Чыгарманы өз сөзү менен жазуу.



Б)

Синоним сөздөрдү табуу.



4.

Андай болбой, мындай бол! Сөздөрдүн антонимин табуу



5.

Чыгарманы ар түрдүү абалда окуу (Энелер ар түрдүү окуп беришет)




Жалпы жыйынтык





Сынактын калысы:




Акылдуулар


Билимдүүлөр



Акылдуулар


Билимдүүлөр













Арты алдыңды карагын

Алданбагын оюнга


Чуркап өтөм дебегин

Жолдун аркы боюна


Кызыл күйдү карагын

Токто кайда шашасың


Сары күйсө камданып

Жашыл күйсө басасың


Өткөөл жолдон өтүп жүр

Машинадан сак болуп


Билгин жолдо жүргөндү

Эрежеге так болуп.


1.Ырдап окуп бериңиз.


2.Күлүп окуп бериңиз


3.Коркуп окуп бериңиз


4.”Манас” айткандай окуп бериңиз.


5.Ыйлап окуп бериңиз


6.Ачууланып окуп бериңиз.



Жумалы Гулсана Эдил Мария

Ариет Наргиза Сапаргул Феруза

Назира Алымкан Бекзат Сажира

Кызыл гүл сары гүл

















































Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн. Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары Байыркы Греция менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган. Кийин Кичи Азиядагы Пергам падышалыгы учурунда (биздин заманга чейинки 2-кылым) жаңы жазуу материалы катары — айбанаттардын терисинен пергамент жасалган. Папирус менен пергамент өтө кымбат болгондуктан, Байыркы Грекия менен Римде аларды үнөмдөө үчүн адегенде мом чапталган тактачага учтуу таякча менен жазышып, андан кийин гана папируска же пергаментке көчүрүшкөн. Ал эми орто кылымдарда Комитети пергамент баракчаларынан жасалган дептерге кол менен жазышкан. Барактары бүктөлүп же бырышып калбас үчүн дептерлерди эки жагына жыгач такта коюп бириктирип көктөшкөн. Жыгач тактаны булгаары же кездеме менен капташкан



Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын "Кыса-и-Зилзала" деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз "Алиппесин" жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган...



. Китеп окуу стрессти азайтат. Cейилдөө, музыка угуу стресстен арылтат. Башыңызды чыңалткан бул оорчулукту жоюу китеп окуу менен андан да жеңил болорун Сассекс университетинин окумуштуулары аныкташкан. Андай абалда китеп окуу музыка угуу жана сейилдөөгө караганда стресс абалынан 2-3 эсе тез арылтат. Демек, китеп окуу - стресстен чыгуунун эң натыйжалуу жолу.

2. Уйкусуздуктан арылтат. Китеп окуу - эс алуунун жана уйкуга жакшы камынуунун эң жакшы багыттоочусу. Уйку алдында телефон карап жатууда жана телевизор көрүүдө алардан чыккан ачык түстөр уйкуну качырып, мээге жакшы уктоо программасын түзүүгө жолтоо болот. Ал эми уйку алдында пайдалуу китеп окуу мээни тынчтандырып, жакшы ойлорду топтоп алуу менен уйкуга кетүүгө шарт түзөт.

3. Акылыңызга акыл кошот. Китеп окуу маалында биз башкы каармандын кубаныч-кайгысын өзүбүздө жашатып, ага айланып кеткендей абалда болобуз. Көркөм чыгармаларды окуу менен адам жашоону, айланасындагыларды туура түшүнүүгө калыптанат.

4. Мээнин иштөөсүн жакшыртат. Эмори университетинин окумуштуулары китеп окугандан кийин адамдын интеллекти канча бир деңгээлге жогоруларын далилдешкен. Ал изилдөөчүлөр окуу менен мээнин нерв байланыштарынын саны физиологиялык деңгээлде көбөйөрүн аныкташкан.
5. Депрессияны айыктырат. Китеп окуу депрессияны айыктыруу үчүн жакшы ыкма экендиги окумуштуулар тарабынан аныкталган. Оор абалдан кутулууда бир жыл бою китеп окуу менен алек болгон оорулуулардын абалы китеп окубай дарыланган оорулууларга салыштырмалуу кыйла жакшыргандыгын практика көргөзгөн.

6. Китеп окуу менен кызыктуу адамга айланасыз. Жогорку интеллектуалдык деңгээл сизди айланаңызга кызыктуу кылып көрсөтөт. Андан улам айланаңыздагылар талкууларда, таанышууларда, баарлашууларда сизге ишеним артып, сизге карата жакшы ойдо калышат.

7. Китеп окуу жашоого максат коюуга көмөктөшөт. Адам китепти канчалык көп окуса, ошончолук жакшы каармандарга окшошууга аракет кылып, жашоосун китептегидей кызыктуу кылып жашоого умтулат. Ошондой эле көп окуган адам максаттарды так коё билүү менен бирге кыйынчылыктардан оңой кутула алат жана сүйүүгө бай келет.

8. Көп окуган адам жигердүү жашоо образына ээ болот. Коомдук жана маданий органдардын жигердүү катышуучулары жашоосунда абдан китепкөй адамдар экендиги аныкталган.

9. Эс тутумду жана ой жүгүртүүнү жакшыртат. Адам китеп окуган сайын жаңы маалыматтарды алуу жана эске тутууга аракет кылуу менен мээсин машыктырган болот. Бул китепти үндү сыртка чыгарып окуу менен ого бетер бекемделет. Андан улам угуп гана коюучуларга салыштырмалуу окуган жана көп жазган адамдардын эс тутуму жакшы, ой жүгүртүүсү тез болот. Андыктан көп окугандан эч качан качпаңыз.

10. Сөз байлыгыңызды кеңейтет. Китеп окуу маалында окурман көптөгөн жаңы сөздөрдү кезиктирет. Натыйжада аны сөздүктөрдөн карап сөз корун кеңейтет. Эч болбоду дегенде анча түшүнө бербей жүргөн сөзүнүн маанисин тереңден билип алат. Билип алган сөздөр менен адам сөз байлыгын гана кеңейтпестен, билимин да бекемдеген болот.

11. Китеп окуу, жазуу шыгыңызды арттырат. Китеп окуунун сыйкырынан адам кантип автордун жазуу стилин өзүнө өздөштүрүп алганын байкабай калат. Маселен, бирөөгө кат жазууда жакшы көргөн авторуңуздун чыгармасындагы өзгөчөлүктөрдү өзүңүздүкү сыяктуу эркин колдонуп калган болосуз.

12. Китепкөйлөрдүн күч-кубаты туруктуу болот. Китеп окубаган жана аз окугандарга салыштырмалуу күн сайын китеп окууну адатка айландыргандар физикалык оорчулуктарды оңой көтөрүшөт. Ошондуктан машыгуу залында оор көнүгүүлөрдү жеңил жана узакка аткара алышат.

13. Ачык-айрым болууга жардам берет. Китеп окуган адамдардын идеяга бай экенин байкап эле жүрсөңүз керек. Ырас эле китеп жаңы идеялардын булагы болуп саналат. Ошондуктан көп окуган адамдар кичинекейден чоң идея табууга жөндөмдүү келишип, кеңешчилерге анча муктаж болушпайт.

14. Чет тилин тез өздөштүрүүгө жардам берет. Дайыма китеп окуган адамдар жаңы нерсени тез түшүнө алышат. Ошондуктан китеп менен дос болгон адамдар чет тилин үйрөнүүдө кыйналышпайт.

15. Альцгеймер оорусунун алдын алат. Альцгеймер – эс тутумдун кескин жоголушуна алып келген коркунучтуу оору. Бул оорунун китепти көп окуу менен алдын алса болот. Мээ да башка органдар сыяктуу эле мындай коркунучтуу оорулардан коргонууга муктаж. Андыктан бул абалдан сактанууда китеп окуу эң идеалдуу жол болуп саналат.

16. Бирге китеп окуу ата-эне менен баланы жакындатат. Психологдор бала менен бирге китеп окуу аны менен болгон жакындыкты кыйла жакшыртарын байкашкан. Балаңыз менен мамилеңиз мээрим, сүйүү сезимдери менен жакындоосун кааласаңыз, анда аны менен ойноо, телевизор көрүү сыяктуу аракеттериңизди бирге китеп окууга алмаштырыңыз.

17. Каржылык абалды оңдойт. Статистикага таянсак, китеп окуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланбаган адамдар 43 пайызды түзүп, натыйжада алар жакырчылыкта күн кечирип келишет. Ал эми каржылык абалды жакшыртууга жол көрсөткөн китептерди окуган адамдарда каржы маселеси аз экендиги маалым.

18. Китепти көп окуган балдар окууда жетишкендиктерге көп ээ болушат. Китепти көп окуган жана окуудан ырахат алган окуучулар мектепте артыкчылыктарга ээ болушат. Ошондуктан мындай окуучулар гуманитардык сабактардан гана эмес, илимдердин падышасы болгон математика сабагын кызыгуу менен окуп, оңой өздөштүрө алышат.

19. Жакшы маектешке айлантат. Башкалардын окуяларын окуу менен адам өзүнүн жашоосу тууралуу кызыктуу кылып айтууга үйрөнөт. Ошол эле маалда айтууга кызыктуу жана айтып убакыт коротпой турган нерселерди иргеп ала алат. Айткандарыңыз канчалык кызыктуу болсо, ошончолук кызыктуу маектешке айланасыз да, айланаңызга сизге ишенген адамдарды топтой аласыз.

20. Китеп ааламдагы жакшы нерселерди көргөзөт. Ыктыярчылар жана кайрымдуулук иш-чаралары менен алектенгендердин негизги курамын жигердүү китеп окуучулар түзүшөт. Анткени алар бардык жерден жакшы нерсени таап көрө алышат, жагымсыз абалдардан качышпайт жана жардам берүүдөн аянышпайт. Ошондой эле ал адамдар мындай көз карашты башкаларга жуктурууга аракеттенишет.







































Сабактын темасы: 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү.

Максаты : а)Окуучулар китеп жөнүндө анын билим алуудагы маанисин жана китеп

окуунун пайдалуулугу жөнүндө биле алышат.

Б)Китеп окууга жана окуганын түшүнүүгө көнүгүшөт

В)Топто иштөөнү үйрөнүшөт жана кең пейилдикке,достукка бекем болууга тарбияланышат.

Жабдылышы:Слайддар,учкул сөздөр,көркөм китептер,А-4 барагы,түстүү кагаздар

Жүрүшү: а) уюштуруу иштери.

Жагымдуу маанай түзүү.Жылуу пикир айтуу.

Китеп –алтын казына.

Казына –мүлк,байлык сакталуучу жай.

Күтүлүүчү натыйжа эмнени билгиң келди.

Сабактын темасы максаты менен тааныштыруу.

«Китеп – адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп - адамдарды байланыштырат». (Ч.Айтматов).

«Китепти сүйгүлө, ал силердин жашоо тирлигиңди жеңилдетет, адамдарды сүйүүгө, өзүңдү-өзүң урматтоого жардам берет, дүйнөгө, адамдарга карата оюңарды жана жүрөгүңөрдү эритип, көңүлүңөрдү кушубак кылат». (М.Горький).

. «Дүнүйө абдан кең. өз көзүңөр менен анын кымындай үлүшүн гана көрө аласыңар. Ошондуктан далилди китептен издеп, китепти жыйнай билгиле» (В.Обручев).

«Китепти ойлобой окугандык, тамакты сиңирбей ичкенге барабар» (Э.Борк).

«Жакшы китеп автор тарабынан адамзаттын тукумуна калтырылган мурас». А.Адиссон.

Китептин кандай пайдасы бар?

“Китеп окуунун пайдасы”видео ролик

Слайд менен тааныштыруу

Китеп окуп берүүгө келген конок менен тааныштыруу.

Аудио уктуруу

“Ысык отургуч” Чыгарма боюнча суроо берүү.



Суроо берүү жообун айтуу.

Көнүгүү иштетүү.”Менде суроом бар жообу кимде?”



Кыймылдуу көнүгүү.

Китептин түрлөрү жөнүндө айтып электрондук китеп.

Слайд түрүндө көрсөтүү.

Чыныгы бейиш

Бир адам жакшы көргөн итин дайыма эрчитип жүрчү экен,Бир күнү фермага бара жатып экөө да кырсыкка кабылып,жан ьаслим болушат.Ошентип отуруп аркы дүйнөгө чогуу аттанышат.Уч кыйыры көрүнбөгөн жолду басып өтүп,жапжашыл бакчага туш болушат.Гүлбакчанын дарбазасында “Бейиш ”деген жазуу бар эле.Ичкери кирейин десе ,кароочулар жаныбарлар киргизилбей турушун айтышты.”Анда мен да кирбейм,анткени бул –менин тиги дүйнөдөгү да,бул жактагы да эң жакын досум,”-деп,адам андан ары жолун улантты .Дагы бир топ жүргөндөн кийин ,так эле ошондой гүлбакчага туш болот.Ал жердин кароолчусуна суроо салат.

Кы -Бул эмне болгон жер?

-Бейиш.

-Биз буга чейин дагы так эле ушундай жерди көрдүк ,ал эмне болгон жер эле?

-Ал жер тозок болчу,жалган дүйнөдөн келгендер үчүн акыркы сыноо эшиги болчу.Ал жакка досун таштагандар,өзүмчүлдөр жана ач көздөр киришет.Чыныгы достор үчүн чыныгы бейиштин жолу бул жакта,-дейт да кароолчу аларды ичкери киргизет.

Достук тар кыяда сыналат.

Башкы каарманга мунөздөмө берүү.

Ичи тар,көрөалбас,өзүмчүл,дос,эмгекчил.деген сөздөрдүн антонимдерин түзүү.

Жыйынтыктоо

Китеп казынасынан эки чыгарма менен таанышып өзүбүзгө туура багыт алдык.







































Семинардын темасы: Китеп –алтын казына.(“Келгиле окуйбуз”сынагы)

Максаты : а)Ата –энелерди китеп окууга тарттуу менен баланын билим алуусундагы китеп окуунун мааниси жана пайдалуулугу жөнүндө биле алышат.

окуунун пайдалуулугу жөнүндө биле алышат.

Б)Үй бүлөдо китеп окууга жана окуганын түшүнүүгө көнүгүшөт

В)Жупта иштөөнү үйрөнүшөт жана кең пейилдикке,достукка бекем болууга тарбияланышат.

Жабдылышы:Слайддар,учкул сөздөр,көркөм китептер,А-4 барагы,түстүү кагаздар

Жүрүшү: а) уюштуруу иштери.

Жагымдуу маанай түзүү.Жылуу пикир айтуу.

Саламатсыздарбы семинардын катышуучулары!Баарыбызга белгилүү 1-4-класстын окууучуларынын базасын окуу көндүмдөрүнүн өнүктүрүү максатында USAID дин «Келгиле ,окуйбуз!»долбоору Кыргыз Республикасы боюнча 900 мектепти камтып7000дей мугалимди алдыңкы окутуу ыкмаларын үйрөтүү менен бирге,1000дей директор,окуу бөлүмүнүн башчыларын,методисттердин жана китепканачылардын да чыгармачылык дараметтин артырды.

Республикабыздын ушул мектептеринин катарында Сүлүктү шаарынан 4билим берүү мекемеси №5,№6,№9мектептери менен бирге биздин №2 жалпы билим берүүчү техникалык лицейи да киргени биз үчүн сыймык.

Бул долбоордун 10 модулдан туруп ,ар бир модулдун пайдалуу маанилүү,ары пайдалуу,ары жемиштүү экендигин окуучулардын билим деңгээлинин өсүшүнөн,китепке болгон кызуусунун кескин жогорулашынан көрсөк болот.

Айрыкча

Казына –мүлк,байлык сакталуучу жай.

Күтүлүүчү натыйжа эмнени билгиң келди.

Сабактын темасы максаты менен тааныштыруу.

«Китеп – адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп - адамдарды байланыштырат». (Ч.Айтматов).

«Китепти сүйгүлө, ал силердин жашоо тирлигиңди жеңилдетет, адамдарды сүйүүгө, өзүңдү-өзүң урматтоого жардам берет, дүйнөгө, адамдарга карата оюңарды жана жүрөгүңөрдү эритип, көңүлүңөрдү кушубак кылат». (М.Горький).

. «Дүнүйө абдан кең. өз көзүңөр менен анын кымындай үлүшүн гана көрө аласыңар. Ошондуктан далилди китептен издеп, китепти жыйнай билгиле» (В.Обручев).

«Китепти ойлобой окугандык, тамакты сиңирбей ичкенге барабар» (Э.Борк).

«Жакшы китеп автор тарабынан адамзаттын тукумуна калтырылган мурас». А.Адиссон.

Китептин кандай пайдасы бар?

“Китеп окуунун пайдасы”видео ролик

Слайд менен тааныштыруу

Китеп окуп берүүгө келген конок менен тааныштыруу.

Жомок окуп берүү.

“Ысык отургуч” Чыгарма боюнча суроо берүү.



Суроо берүү жообун айтуу.

Көнүгүү иштетүү.”Менде суроом бар жообу кимде?”

С .Аялдын балдары эмне жумуш менен алектенген?

Ж.Балдары бөлүп алган жерине эгин эгип ,бак тигишип,жайлай иштешет.

С.Уулдары уктап жатканда энеси дайыма эмнени көрчү?

Ж. Уулдары уктап жатканда энеси дайыма экөөнүн тең башында эки чолпон жылдыз жанып турганын көрчү.

С.Кичүү баласы кырманга күзөткө келгенде эмне жумуш кылды?

Ж.Кырманга келип ары басып бери басып агасынын эгинин ташып ,өзүнүкүнө кошуп коет.

С.Агасы кырманга кезекке келгенде эмне болду?

Ж.”-Инимди баба дыйкан колдогон экен.Ошондуктан анын эгини көбөйүптүр,”-деп кубанды.

С.Энеси кырман кайтарууга кезекке келгенде эмне окуя болду?

Ж.Улуу уулунун эгини кыбыр-кыбыр деп кыбырап көбөйүп,кичүү баласына чачырап, анын эгини азайып анан токтоп калды

С.Аял кырманды кайтаруу кезегинен келип эмнеден улам чочуду?

Ж.Балдары уктап жаткан,чоң уулунун маңдайында чолпон жылдыз күйүп турат ,кичүү уулунун башында бир кара ит үрүп турганын көрүп чочуду.

С.Чыгарма эмне менен аяктады?

Ж. Кичүү баласы ичи тардыгын коюп ,агасына жардам берип калды.

Кыймылдуу көнүгүү.

Китептин түрлөрү жөнүндө айтып электрондук китеп.

Слайд түрүндө көрсөтүү.

Чыныгы бейиш

Бир адам жакшы көргөн итин дайыма эрчитип жүрчү экен,Бир күнү фермага бара жатып экөө да кырсыкка кабылып,жан ьаслим болушат.Ошентип отуруп аркы дүйнөгө чогуу аттанышат.Уч кыйыры көрүнбөгөн жолду басып өтүп,жапжашыл бакчага туш болушат.Гүлбакчанын дарбазасында “Бейиш ”деген жазуу бар эле.Ичкери кирейин десе ,кароочулар жаныбарлар киргизилбей турушун айтышты.”Анда мен да кирбейм,анткени бул –менин тиги дүйнөдөгү да,бул жактагы да эң жакын досум,”-деп,адам андан ары жолун улантты .Дагы бир топ жүргөндөн кийин ,так эле ошондой гүлбакчага туш болот.Ал жердин кароолчусуна суроо салат.

-Бул эмне болгон жер?

-Бейиш.

-Биз буга чейин дагы так эле ушундай жерди көрдүк ,ал эмне болгон жер эле?

-Ал жер тозок болчу,жалган дүйнөдөн келгендер үчүн акыркы сыноо эшиги болчу.Ал жакка досун таштагандар,өзүмчүлдөр жана ач көздөр киришет.Чыныгы достор үчүн чыныгы бейиштин жолу бул жакта,-дейт да кароолчу аларды ичкери киргизет.

Достук тар кыяда сыналат.

Башкы каарманга мунөздөмө берүү.

Ичи тар,көрөалбас,өзүмчүл,дос,эмгекчил.деген сөздөрдүн антонимдерин түзүү.

Жыйынтыктоо

Китеп казынасынан эки чыгарма менен таанышып өзүбүзгө туура багыт алдык.















УБАДАГА БЕК ЖИГИТ

Илгери, илгери өткөн заманда үч бир тууган болгон экен. Алар ата-энеден эрте ажырап, көрүнгөн байдын жумушун жасап, эптеп күн көрүшөт экен. Бир күнү байдын чөбүн чаап, аябай чарчап көлөкөдө отурушса, жакын эле жерге топ кара чыйырчыктар келип конуп калат. Биринен бири озуп оттоп жаткан кара чыйырчыктарга карап бир туугандардын эң улуусу:

— Ой, чиркин, ушундай жер жайнаган малым болсо, өмүр бою бир да кишини иренжитпей, кенен өмүр сүрүп өтөөр элем, — дейт, кичинекей чокчо сакалын сылап.

Анда ортончусу туруп: — Эгер менин ушундай короо-короо коюм болсо, өзүбүз сыяктуу кедей-кембагалдарга каралашып, үйгө мейман келсе, кой союп, аларды ар дайым сыйлап, алардан алкыш алып кана жүрөт элем, — деп тилек кылат.

Алардын эң кичүүсү үндөбөй отурган соң: «Ал эми сенин ушунча малың болсо эмне кылат элең?» — деп сурап калышат эки агасы.

«Менби, менин мынча малым болбой эле эл катарлуу азын оолак, бир аз туягым, үстүмдө үй, жанымда акыл-эстүү жарым болсо, мен дагы эч кимди иренжитпей өмүр сүрөр элем» деп жооп берет. Алар ушундай таттуу кыялга батып, ойлоп жатышканда маңдайларына келип калган ак сакалдуу карыяны байкабай калышат. Сакалы тизесине түшкөн алиги карыянын кайдан чыга калганын билишпей үчөө тең орундарынан атып турушат. Ошондо карыя туруп:

— Менин атым Убада. Силердин сүйлөгөн сөзүңөрдү жанатан бери угуп турдум. Эгерде силер айткан сөзүңөргө турсаңар, мен силердин тилегиңерди орундаймын! — дейт ак таягын көтөрүп.

— Биздин тилегибизди орундатсаңыз, айткан сөзүбүздө турабыз — дешти үч бир тууган.

— Эмесе силердин тилегиңерди мен орундайын. Сен экөөң мал дедиңер, тээтиги көрүнгөн дөбөнүн ары жагында эки короо кой жайылып жүрөт. Бир короосу өңчөй ак, экинчи короо кой кара түстүү. Барып бириң карасын, бириң агын алгыла, — деп күнгө чагылышкан таягын силкип-силкип алды.

Экөө чуркаган бойдон карыянын көрсөткөн жерине келишет. Келишсе, чын эле эки короо кой жайылып жүрөт. Экөө койлорду айдап өздөрүнчө кетишет.

Карыя таягын дагы силкип туруп, эң кичүүсүнө карап:

— Эми сен тээтиги түтүн чыккан жерге бар. Үй десең, тилеген үйүң, өмүрлүк жарың, азын-оолак малың ошол жерде. Бар эми, тилеген тилегиңе жет, — деп ак сакалын сылап коюп көздөн кайым болду.

Ушул күндөн баштап, үч бир туугандын турмуштары оңолуп, өз тилектерине жетип, жашап калышат. Күндөр жылып, айлар оошуп, жылдар өтөт.

Бир күнү баякы карыя Убада жанына Пейил менен Бакытты ээрчитип: «Ошол жигиттердин барып сынап көрөлүк, айткан сөздөрүн орундаар бекен?» деп жолго чыгышат. Алай-дүлөй бороон болуп жатканда алды менен улуусунун үйүнө келишет.

— Биз кудайы конок болобуз, бороон өпкөдөн өтүп баратат — отуңа жылынып, муздаган сөөгүбүздү жылытып чыгалык, үйгө кирүүгө уруксат эт, — дейт келген карыялар үндөрү дирилдеп.

Малына ээ боло албай убара болгон бай:

— Ушундай кым-куутта, койлор суука чыдабай кырылып жатканда, конок эмес кудай болсоңор да кеткиле, — деп кыйкырат.

Сакалдарына муз тоңуп калтыраган карыялар ал үйдөн чыгып, ортончу байдыкына келет. Ал дагы ачууланып, аларды үйгө кийирбей кубалап жиберет.

Булардын түрүн көрүп, кичүүсүнүн үйүнө жөнөштү. Аларды көрүп жан алы калбай үргөн иттин үнүнөн атып чыккан үй ээси конокторду колтуктап үйгө киргизип, аттарын отко коёт. Коноктордун суу болгон кийимдерин чечип, башка жылуу кийим кийгизип, суу кийимдерин кургатып, тамак ашын берип аябай, жакшылап сыйлайт.

Эртеси коноктор жолго жөнөрдө Убада туруп: «Балам, урмат сыйыңа чоң ыракмат. «Өлүмдөн уят катуу» дегендей болоттон бек жигит экенсиң. Аз дөөлөткө мас болуп, эл менен иши жок, тиги агаларыңа окшобойсуң. Ар дайым ушундай айткан сөзүңдө тур, өркөнүң өссүн!» дейт таягын силкип. Баягы жигиттин кашына бакыт да, пейил да кайра оролуп түбөлүккө бактылуу болуп жашап калган экен.























1.С .Аялдын балдары эмне жумуш менен алектенген?

Ж.Балдары бөлүп алган жерине эгин эгип ,бак тигишип,жайлай иштешет.

2.С.Уулдары уктап жатканда энеси дайыма эмнени көрчү?

Ж. Уулдары уктап жатканда энеси дайыма экөөнүн тең башында эки чолпон жылдыз жанып турганын көрчү.

3.С.Кичүү баласы кырманга күзөткө келгенде эмне жумуш кылды?

Ж.Кырманга келип ары басып бери басып агасынын эгинин ташып ,өзүнүкүнө кошуп коет.

4.С.Агасы кырманга кезекке келгенде эмне болду?

Ж.”-Инимди баба дыйкан колдогон экен.Ошондуктан анын эгини көбөйүптүр,”-деп кубанды.

5.С.Энеси кырман кайтарууга кезекке келгенде эмне окуя болду?

Ж.Улуу уулунун эгини кыбыр-кыбыр деп кыбырап көбөйүп,кичүү баласына чачырап, анын эгини азайып анан токтоп калды

6.С.Аял кырманды кайтаруу кезегинен келип эмнеден улам чочуду?

Ж.Балдары уктап жаткан,чоң уулунун маңдайында чолпон жылдыз күйүп турат ,кичүү уулунун башында бир кара ит үрүп турганын көрүп чочуду.

7.С.Чыгарма эмне менен аяктады?

Ж. Кичүү баласы ичи тардыгын коюп ,агасына жардам берип калды.





сөздөр

Антоними



Ичи тар




көралбас




Өзүмчүл



караөзгөй.



Зыкым



Кас



Душман







сөздөр

Антоними



Кең пейил




Жароокер




Гумандуу



Ак көңүл



жоомарт



Дос



Жолдош

















































































































































































































































































































































































































































































































































































































“Бекитемин”

И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинин директору : Б.Сабурова.

“______” _______________20__ж

Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүүчү техникалык лицеинин китепкаанасынын “Келгиле ,окуйбуз!” долбоору боюнча аткарылуучу иштери.

К№

Аткарылуучу иштин мазмуну

Убагы

Жооптуулар

Күтүлүүчү натыйжа

1

“Келгиле окуйбуз!”долбоорун ишке ашыруучу иш чара түзүү.

сентябрь

китепканачы

Келгиле окуйбуз долбоорунун максатын билишет

2.

“Келгиле окуйбуз!”долбоорунун 8-модуль боюнча “Санаачыл үч сыйкырчы ”деген темада ачык сабак өтүү

октябрь

класс жетекчи

Кайтарым байланыш түшүнүк алышат.

3

Ар бир класстын окуучуларына балдар адабиятын берүү жана алардан окуп түшүнгөнүн текшерүү

дайыма

китепканачы

Балдар окуп түшүнүп,негизин бөлүп алууга үйрөнөт

4

Башталгыч класстын окуучуларын китепкаана менен тааныштыруу.

Жыл башында

китепканачы класс жетек.

Китеп окууга көнүгөт

5

“Ар жумада бир китеп” акциясын өтүү.

Жума сайын

Класс жетекчи

Ар жумада бир китептин мазмунун талкуулащат.

6

Акыл эмгегинин маданияты менен “Келгиле окуйбуз !”долбоорунун окшоштуктары.

ноябрь

китепканачы

“Келгиле окуйбуз ”долбоору менен АЭМдин мааниси бир экенин түшүнөт

7

Окуучулардын ата-энелерин да китеп окууга тартуу.

дайыма

китепканачы

Окуу процессинде ата эненин орду бийик экенин түшүнөт

8

Инсанга багытталган окутуу ыкмасы менен китеп окурмандарына кайрылуу

дайыма

китепканачы

Ар окуучуга жекече мамиле кылынат.

9

Ар бир иш чара өткөндө “Келгиле окуйбуз”долбоорунун көнүгүүлөрүн пайдалануу

дайыма


Окуучулардан инсандар калыптанат.

10

Аткарылган иштерди ОББга маалымат берүү.

убагында


Билдирүү берилет.



Китепканачы:

Акыл эмгегинин маданияты менен “Келгиле окуйбуз !”долбоорунун окшоштуктары.

Акыл эмгегинин маданияты-

-Түшүнүү;

-Көңүл бөлүү;

-Эстеп калуу,эске түшүрүү;

-Ойлоо (анализ ,синтез,конкретештирүү,жалпылоо ж.б)

-Күзөтүү,салыштыруу;

-Корутунду чыгаруу;

-Оюн жыйынтыктап сүйлөө,кагазга жазуу,билдирүү.

-Түшүндүрө ,ынандыра билүү;

-Эсептөө,жазуу,схема,сүрөт,диаграмма,максат ж.б.жасай билүү;

-Түшүнүү ,ойлоо негизинде туура корутундуга келүү ,чечим кабыл алуу ,ал чечимди аткарууда өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштура билүү жана зарыл болгон учурда башкаларды да тарта билүү ж.б.

-Булардын ар бирине ,турмушка АЖППОК жана башка баарына илимий көз караш менен кароо;

-Информацияны түрдүү булактардан издеп жана таба,пайдалана билүү;

-Теле-радио ,массалык басма сөз каражаттарынын пайдалануу,интернет,энциклопедия,сөздүк жана башка сурама адабияттар,компьютер жана башка техникалык каражаттарын пайдаланып иштей билүү

Негизгисин түшүнбөй калган окуучу баарын бир четтен окуп эстеп калганга аракеттенет.Аны мээ кабыл албайт да окуудан тажап окубай коет.

Негизи –бул ошол теманын мазмун ,маанисин,натыйжасын ,мүнөзүн ачып берген башкы ой,идея,окуя,корутунду.

Ага төмөнкүлөр кирет:

-Эреже,закон,теорема,аныктама,формула.

-Себеп ,өбөлгө.

-Касиети,белгиси,өлчөмү.

-Окшоштугу,айырмасы.

-Карама-каршылыгы.

-Байланышы.

-Окуя, кубулуш,процесстин башталышы,жүрүшү,багыты,натыйжасы.

-Аты,заты,түзүлүшү.Составдык бөлүктөрү.

-Жылы,мезгили,салмагы,өлчөмү,саны, көлөмү.

-Таасири.

-Баш каармандын максаты,мүнөзү,проблемалары

-Мисалдар,далилдер.

-Корутунду,жыйынтык.

-Түзүлүшү,бир бүтүндү түзгөн бөлүктөрү.

Негизинин түрлөрү.

-Ар бир теманын жалпы негизи,өзөгү.

-Бөлүмдөрүнүн негизи.

-Кичи темаларынын негизи.

-Беттин,барактын негизи.

-Абцазтын негизи.

-Сүйлөмдүн,сөздүн негизи.

Негизин кантип бөлүп алабыз.

1.Эмне жөнүндө болуп теманы окуп ойлонуу керек.

2.Кириш сөз ,бөлүмдөрү,подтема,беттери,эреже,закондору,менен окуп көз жүгүртүп акырына чейин таанышып чыгуу.Себеби АЖППОКту толук көрүп,таанышсак ошондо негизги ой жөнүндө түшүнүк пайда болот.Көбүнчө теманы толук окуп чыкпай эле түшүнбөдүк дейт.

Ошол себептүү түшүнбөсө да таанышуу үчүн толук окуп чыгуу керек.Алгач негизи бөлүнө баштайт.Теманын бөлүмдөрүн,бөлүктөрүн таанышып билүү –бул өзү негизин бөлүүнүн түшүнүүнүн башталышы.



Түшүнүү –бул өзү негизин бөлүү.

1.Таанышкандан кийин ,баш көтөрүп ойлон,эмнелер жөнундө сөз болот?Кайсы кичи тема,маселе,проблема,окуялар айтылат? Кайсы ыраатуулукта,тартипте?

2.Башталышы,ортосу,акырында эмне болот? Анын себеби мааниси.

3.Издеп тап ,керек болсо баарын анализ-синтез кыл.

4.Китеп темадан баш көтөрүп ,өзүнчө кайталап,айтылгандарды өз ара байланыштыр.аларды суроолор аркылуу аныкта,такта.Качан? Кантип? Эмне? Аны кайтала илгери көргөн уккандарын менен байланыштыруу.

5.Таап алган ,бөлүп алган негизгилерин конспект дептерге жазып ,системага салуу.

6.жаттап ,эстеп калуу зарыл болгон жаттап ал эсте сактоо.

7.Жазып алган максатын-Эгерде өзүгө өзү кайталап ,айтип берсен эсиңде калат

Суроодон –ойлоо башталат,билим калыптанат,акыл өсөт,терең түшүнөбуз,изилдөө болот,себеп натыйжа табылат,акыл ой сезимибиз машыгып ,өсөт.

Окуучуларды эки топко бөлүп анан топторго тапшырма берүү

1-топко Суроонун түрлөрү.

2-топко Суроо берүү маданияты.

Ачык суроо,жабык суроо,болжолдуу суроо,көрүп суроо,угуп суроо.

Мазмундуу суроо,түшүнбөгөнүндү суроо,Китеп окуганда сүйлөмгө,абзацка суроо берүү ж.б.

3.Адам,жаратылыш,предмет,проблема,окуя,кубулуш.





Темасы: Сөз байлыгы.(Сионимин табуу)

Максаты : Окуучулар сөздүн маанисин аныкташат.

Сунушталган сөздөрдөн синоним тандашат.

Жабдылышы : Тесттер

Жүрүшү: Уюштуруу иштери.

Тест башталгыч класстардын сөз байлыгынын деңгээлин баалоо үчүн тестте зат атоочтор,сын атоочтор,этиштер да болот.Тестте 15 сөз болот,сунушталган сөздөрдүн ичинен синонимин белгилөөсү керек.

Баалоонун натыйжасын талдоо

12 туура жооп-сөз байлыгынын жетиштүү деңгээли

9-11 туура жооп –сөз байлыгын өстүрүүгө багытталган көнүгүүлөрдүн санын көбөйтүү керектигин билдирген деңгээл.

8 жана андан аз туура жооп-төмөн деңгээл,бул сөз байлыгын кеңейтүүгө мугалим жана ата-энелер тарабынан ар тараптуу жардам керек.

Кроссворд түзүү. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр боюнча синоним сөздөргө түзүү.

Сунушталат:Жогорку класстарда ЖРТга даярдыкта аналогия бөлүмүнө колдонсо болот.















КИТЕП – БИЛИМ АЛУУ ЖОЛУНДАГЫ НЕГИЗГИ БААЛУУЛУК

(2009-ЖЫЛ КИТЕПКАНА ЖЫЛЫ) КАДЫРАЛИЕВА К.

Адам баласынын жаныбарлардан айырмасы рухий дүйнөгө ээ экендигинде. өзүнүн акыл эмгеги менен чыгармачылык изденүүлөрдүн натыйжасында жаңы – жаңы нерселерди ойлоп таап, аларды өндүрүшкө киргизип, адамдардын комфорт чыгармачылыгына шарт түзүп, ойлоп табуулардын негизинде жаңы – жаңы китептер, ыр, музыка, фильмдер жаралып, коомдо маданий экономика өсүүдө. Илим, билим адамга, улутка кут алып келе турган улуу мүлк. Адам жашоосунда ага эзелтен терең баа берип келген «билим адамга канат», «билими күчтүү миңди жыгат», «илим окуу булагы, билим өмүр чырагы» - деген мааниси терең макал – лакаптар элибиздин баа жеткис нарк нускасы. Китеп – адабий көркөм, коомдук-саясий, илимий же практикалык мазмундагы көп барактуу басма сөз чыгармасы. Коомдук саясий жана идеологиялык күрөштүн курамы, илимбилимди жайылтуунун жана сактоонун , тарбиянын маанилүү каражаты. Китепсиз бардык тармактагы илим-билимди билүү, таануу өтө кыйын.

«Китептей жакын досум жок» - дейт тажик элинин жазуучусу Айни. Чындыгында китеп биздин келечегибиз, китепсиз эч качан илим-билимди кеңейтүү, өнүктүрүү мүмкүн эмес. Китеп биздин эртеңибиз. «Окуусуз билим жок, билимдүүнүн көңүлү ток» - деп элибизде таамай айтылган. Сөзүм супсак болбос үчүн улуу адамдардын китеп жөнүндөгү ойлорун ортого сала кетейин

«Китеп – адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп - адамдарды байланыштырат». (Ч.Айтматов).

«Китепти сүйгүлө, ал силердин жашоо тирлигиңди жеңилдетет, адамдарды сүйүүгө, өзүңдү-өзүң урматтоого жардам берет, дүйнөгө, адамдарга карата оюңарды жана жүрөгүңөрдү эритип, көңүлүңөрдү кушубак кылат». (М.Горький). «Китеп адамзаттын оюндагы берметтерди чогултуп туруп келечек муундарга сунуш кылат. Биз акыры жок болобуз, ал эми китеп таштан же темирден жасалган эстелик катары түбөлүккө кала берет» (Айбек)

. «Дүнүйө абдан кең. өз көзүңөр менен анын кымындай үлүшүн гана көрө аласыңар. Ошондуктан далилди китептен издеп, китепти жыйнай билгиле» (В.Обручев).

«Китепти ойлобой окугандык, тамакты сиңирбей ичкенге барабар» (Э.Борк).

«Жакшы китеп автор тарабынан адамзаттын тукумуна калтырылган мурас». А.Адиссон.

Албетте, бул таамай айтылган сөздөрдүн чындыгы канчалык деңгээлде экендигин ар бир аң-сезимдүү адам аңдап билээр. Ар кандай тарыхый, көркөм чыгармаларды окуу менен, сен тээ өткөн кылымдардын жаңырыгы болгон уламыш, аңыз кептер менен таанышасың, элдин оор күндөрү жөнүндө окуп алып кабыргаң кайышат, көзүңө жаш тегеренет. Китеп сени сөз өнөрүнүн ажайып дүйнөсүнө жетелейт. Сен бөлмөдө болсоң китеп сыртты көрсөткөн терезе, сен сапарга чыксаң, китеп сага жол, түнкү багытыңдан адаштырбас Алтын казык жылдыз. Кыскасы, китеп сенин өмүр жолдошуң, жашооңдо колдон түшпөс нан – буюмуң, өмүрлүк жаншеригиң. Китеп адамдын чыныгы досу жана окутуучусу, акылдуу кеңешчиси жана ишеничтүү жардамчысы. Жаш кезибизден тартып китеп биздин талыкпаган жандоочубуз болушу керек. Биздин бүткүл өмүрүбүз боюнча ал бизге эмгектенүүгө, окууга, ойлонууга, эс алууга жардам берет. Китептер бизди билимдүү кылып турмуш тажрыйбаларын үйрөтөт, көз караштарыбыздын, мүнөзүбүздүн негизделип түзүлүшүнө жана калыптанышына себепкер болот. Кубанычты, сүйүнүчтү, көңүл эргүүнү пайда кылат. Илгери падышачылык заманда бир баланын тагдырына китеп кандай таасир птийгизгендигин карап көрөлүчү. Баланын турмушу ушунчалык оор, аянычтуу болгон. Аны менен жашагандар абдан ачуулуу жана орой адамдар болушкан. Бала таң аткандан күн батканга чейин жаны тынбай алардын кол алдында иштөөчү. Качан гана түн жарымы болуп, кожоюндары кызуу уйкуга киргенде бала китеп окууга киришчү. Бул жөнүндө анын өзүнүн айтканын угуп көрөлүчү: «Мен турдум, китепти мештин ичинен алып чыктым да терезеге келдим. Түн жарык болуп турган, ай түз эле терезеге тийип турат, бирок китептеги майда тамгалар көзүмө көрүнгөнү жок. Ал эми окугум келгенин айтпа. Текчедеги жез кострюлду алып айдын жарыгын китепке чагылдырдым. Мурункудан да караңгы боло түштү. Албетте силер бул баланын Алеша Пешков экенин, анын бала чагында китепти кандай окугандыгын А.М.Горькийдин «Көрүнгөндүн колунда» деген повестинен экенин билебиз. Ал китепти окуганды өтө жакшы көрө турган. Бирок тилекке каршы кожоюндары анын китеп окуусуна тыюу салган. Ошондуктан ал үйдүн чатырына, сарайга, бош мончого жашырынып алып китеп окуур эле. Ал китептен өзүнө дос жана жардамчы тапкан. Китеп ага эң кызыктуу тарых дүйнөнүн босогосун ачып, аны ары карай жетелеген. Мына ошондуктан ал бала ырайымсыз турмуштун запкысынан кыйналып жапа чексе да көңүлү чөккөн жок. Горький жогорку окуу жайы гана турсун орто окуу жайын да бүткөн эмес. Жалаң гана талбай окугандыктын жана эмгектенгендиктин натыйжасында ал бирден-бир маданияттуу, билимдүү, дүйнөгө белгилүү адам боло алды. Ал өзү жөнүндө: «Мендеги бардык жакшы сапаттар үчүн мен китепке милдеттүүмүн» - деп айтканы жана аны китепти сыйкырдуу деп эстегени барып турган чындык. Кыргыз элинин улуттук руханий маданияты жөнүндө сөз козгосок узак сөз. Биз атабабаларыбыздын өткөндөгү турмушу жөнүндө тарыхтан билебиз Улуу муундар калтырган адептик этикалык дөөлөттөрүбүз бизге жана биздин балдарыбызга, небере чөбөрөлөрүбүзгө өзүнүн көрк ажарын жоготпой китеп аркылуу көөнөрбөй мурас болуп келе жатат. Мекенибиздин байлыгын билүү, экономикасын окуп үйрөнүү, улуу инсандардын өмүр жолун билип , эмгегин эскерип, таазим кылуу алардан үлгү таалим алуу, эртеңки келечек ээлерине мурас калтырып жаткандыгыбызды балдардын, кийинки муундардын эсине жеткирүү үчүн албетте китептин эмгеги эбегейсиз зор. Ошондуктан китеп менен достошолу! Ал китеп менен бекем достошкуң келсе дагы эле китепканага тезинен кел! Байыркы убакта адамдар ааламдын жети кереметин ойлоп табышкан. 1-керемет: Египет пирамидалары 2-керемет: Вавильондун асма багы 3-керемет: Эфес Артемидасынын ибадатканасы. 4-керемет: Галихариас мавзолейи. 5-керемет: Родос алпы. 6-керемет: Александрия маягы. 7-керемет: Олимптеги Зевстин айкели. Ошол дүйнөнү таң калтырган жети кереметтин катарында дагы бир эң кызыктуу керемет албетте бул биздин колубуздагы китеп. Ал чыныгы дос каталог, бардык убакта жардамга келет, үйрөтөт, кеңеш берет. Албетте, бул китеп. Демек жети кереметтин катарында китеп экенин унутпайлы. Китеп бүгүнкү күндө билимдин, илимдин бирден бир булагы. «Китепсиз адамдын жашоосун элестетүү эч мүмкүн эмес» - деп элибизде китепти эң жакшы баалоо менен айтылган. Китеп өмүргө гүл азык, китеп биздин доордун күзгүсү, кары-жаштын бардыгына бирдей кереги тийет. Китеп досуң, китеп сенин сырдашың, Китеп өмүр, китеп жаным кыйбасым. Укмуш сырлар уюп калса элде деп , Билем сенин сергек иште тынбасың. Анда эмесе артык баалап китепти, Акын жүрөк лирасында ырдасын. Китеп адамзаттын оюндагы берметтерин чогултуп туруп келечек муундарга сунуш кылат. Адам баласы бул дүйнөдөн өтөт, ал эми китеп келечек муундарга мурас, кенч болуп сакталып кала берет. Бизге келип жеткен китептин эң байыркы үлгүсү Египеттин попирус түрмөгү, ал эми жазма китеп даярдоо биздин заманга чейин Египетте башталган. Анан Египеттеги Грецияга, Римге өткөн. Алгачкы басма китеп XI кылымда Кытайда пайда болгон. XIII кылымдан баштап Европада кагаз колдонула баштаган. XV кылымдын 40- жылдарында Иогани Гуттанбер алгачкы «Библия» - аттуу китебин басып чыгарган. Ал эми кыргыз элинин жазуусу тарыхый маалыматтар боюнча VI, VII кылымдарда пайда болгон. Ал жазма биздин заманга жетпей жоголуп кеткен, биз аларды ташка жазган эстеликтерден билебиз. Мындан тышкары кыргыз элинин оозеки чыгармаларында, эпостордо жазуубуз болгондугу айтылат. Ошол мезгилдерде кыргыздар Енисей алфавити менен жазышкан. Енисей Орхон жазуулары илимде XVII кылымдын аягында белгилүү болгон. Ал эми бардыгыбызга китеп окууга жол ачып «А» тамгасын үйрөткөн «Алиппе» китебин Ала-Тоонун биринчи мугалими, агартуучу, коомдук ишмер Ишенаалы Арабаев 1924-жылы Кыргыз алфавитин түзүп, Ташкентте «Алип-бээни» чыгарган. 1925-жылы «Кыргыз Алипбээден» аттуу китеп кыргыз элине тартууланган. Улуттук рухубузду, санжыра, тарыхыбызды, маданиятыбызды, ырасым адатыбызды изилдөөгө бул эмгектер, башкача айтканда китептер табылга боло алат. Китеп биздин байлыгыбыз, өчпөс даңкыбыз. Акын жазуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгын барак бетине түшүрүп, анан китеп кылып чыгарып тарыхта аты калат, укумдан-тукумга атын өчпөс кылып китеп аркылуу жеткизет. . Илимпоздор да ойлоп табууларын ак кагазга түшүрүп, анан китеп кылып чыгарат, кыскасын айтканда сөзсүз жашоо жок дегендей, мен ойлойм китепсиз да биздин жашоо супсак болмок деп. «Билимсизге дүйнө караңгы» - дегендей ааламдын түрдүү сырларын билүүдө ар бир адам өзүн ыймандык –маданий жактан тарбиялоодо өзүнүн руханий жан дүйнөсүн байытууда китеп эң чоң мааниге ээ. Тилекке каршы азыркы учурда окуучулар, жаштар, студенттер адабиятка көп кызыгышпай жатышат. Жалаң чет элдик курч сюжеттеги кинолор менен ар түрдүү компьютердик оюндарды ойноп, кулакка музыканын наушнигин сайып коюп жүрүү менен чектелбейли. Эгерде кандайдыр бир каармандын кайгысына ыйлап, кубанычында кошо сүйүнсөң ак менен караны, жамандык менен жакшылыкты, өйдө-төмөндү ылгай билген адам болоруна шек жок. өз эне тилимди сүйүп, өз элинин руханий нарктарын, адеп-салттарын терең билген, аларды урматтап терең өздөштүргөн чет элдик терс таасирлерге, азгырыктарга жетеленбеген, дүйнөгө сын көз караш менен карап, улуттук аң-сезимди күчтүү өнүктүрүп, илим-билимге сугарылган, патриот, Ала-Тоо журтунун сыймыктуу атуулу болуу бүгүнкү күндүн талабы. «Дүйнөдө эң бай адам ким десе, ал китеби эң көп адам» - деп жооп берген экен бир акылман. Бул эң туура, эң таамай айтылган сөз! “Каздын ойлоп тапкан ыры” чыгармасын окуп чыккан окуучулар.

Акылдуулар,билимдүүлөр,шамдагайлар,тапкычтар,адептүүлөр,китепкөйлөр,күчтүүлөр













































Щульгина.М. «Санаачыл үч сыйкырчы» чыгармасын окуган окуучулар.











































КУКСИДЕН НЕРВ БУЗУЛУП, ЧАЧ ТҮШҮП, ДААМ СЕЗҮҮ АЗАЯТ.

Көптөгөн өлкөлөрдө “бомж-пакет” атка конгон Кытайдын тез даярдалуучу кесмелери (кукси) адамдарга көптөгөн оору апкелери аныкталган. Бул эле эмес, курамындагы зыяндуу зат аркылуу адамды баңгизат сымал өзүнө байлап алары да белгилүү.

ООРУҢДУ ТАБАГЫҢДАН ИЗДЕ
Кытайларда “ооруңду табагың­дан изде” деген сөз бар. Бул “ооруну ичкен тамагың апкелет” деген сөз. Ушул сөздү тастыктагылары келгендей, кытайлыктар адамга зыяндуу тез даярдалуучу кесмелерди чыгарып сатып жатышкандай. Анткени куксилерге эл айткандай химикат кошулат. Башкача айтканда, боёктор, көпшөк кылуучу, жыт берүүчү, даамды күчөтүүчү жана кесме чирибей, көгөрбөй сакталуусу үчүн кошулмалар кошулат. Бир порция тамак үчүн ушунча түрдүү химикат кошулса, анда аны тамак дейбизби же уу дейбизби, өзүңүз ойлонуп көрүңүз. Кыскасы, химиялык кошулмалар азыкты арзан баада даярдоо жана азыкка табигый көрүнүш берүү үчүн кошуларын баамдадыңыз окшойт.
Ал эми уулуу заттар организмде акырындап топтолуп, ууландыра берет. Келиңиз анда, ошол химиялык заттар организмге кандай зыян алып келеринен кабар алалы.

НАТРИЙДИН ГЛУТАМАТЫ БАҢГИЗАТТЫН РОЛУН АТКАРАТ
Куксидеги эң башкы зыяндуу зат – биологиялык активдүү кошулма болуп эсептелген натрий глутаматы (Е-621). Татымалдар менен кургак азыктардын баарына кошулат. Бул ак түстөгү кристалдуу упадай (порошок) зат тилдин даам билдирүүчү рецепторлорун аябай сезимтал кылып коёт. Башкача айтканда, даам сезүүнү өтө күчөтөт. Андыктан кукси жегенден кийин адам өзгөчө даамдуу тамак жегендей боло түшөт да, кийин аны көксөй баштайт. Медиктердин куксидеги бул кошулманы баңгизат катары эсептешери ошондуктан. 
Натрийдин глутаматы балдар азыктарына да кошулат. Андыктан балдар үйдүн тамагын жебей, баштыкчалардагы даяр тамактарды (анын ичинде куксини) сатып берүүгө аргасыз кылгандарынын сырын түшүндүңүз окшойт. 
Изилдөөлөргө таянсак, натрийдин глутаматы акырындап борбордук нерв жана жүрөк-кан тамыр системасы менен кошо терини бузат. Чачты түшүрүп, даам сезүү менен көрүүнү төмөндөтөт. Баш ооруну жараткандыктан, шарттуу түрдө “кытай ресторанынын синдрому” деп да аталат. 
Айта кетчү нерсе, натрий глутаматын Япония 20 жыл мурун, дагы бир топ өлкөлөр жакынкы жылдардан бери колдонууга тыюу салышкан. Ага карабай жеке ишканалар жапа тырмак эле аны колдонуп келишет. Болгону, баштыкчалардын сыртына андай кошулма бар экенин жазышпайт.

БАШКА КОШУЛМАЛАР 
Тез даярдалуучу тамак-аштын, анын ичинде куксинин сакталуу мөөнөтүн узартуу үчүн көп учурларда кошулмалардын синтетикалык түрлөрү колдонулат. Булар түрдүү ооруларды пайда кылат. Анда зыяны тууралуу азыноолак кеп кылсак. 
Кошулмалардын эң коркунучтууларынын бири гуар (Е-412) болуп эсептелет. Бул индия акациясынан алынат жана анын курамында 2 уулуу зат бар. Уулар организмге кайра калыпка келбей тургандай зыян алып келет (окумуштуулар дене мүчөдө да өзгөрүүлөр болорун айтышат). 
Тез даярдалуучу кытай кесмелеринен Е-385 (натрий этилендиаминтет­раацетаты, кыскача ЭДТА)да чыккан учурлар кездешет. ЭДТАнын күчүн ушундан билиңиз, аны менен тишти сүртсө, кальцийи кетип, тиш жумшак болуп калат. Мына ушундай коркунучтуу кошулма тез даярдалуучу азыктарга кошулуп жатканы кооптуу.
Боёктордон табигый боёктор (Е-101 же Е-102) кошулат. Булар көбүнчө сары өңдө болот. Табигый делгени менен, аллергияны чакырат. Ал эми аллергиясы барлардын оорусун күчөтүп, астмага чейин жеткириши ыктымал. 
Айрым окумуштуулар “кошулмалар жараткан кээ бир оору түрлөрү укумдан-тукумга өтүп кетиши да мүмкүн” деп айтып чыгышууда.

БИЛГЕНИҢ ОҢ

  • Кытайлар тез даярдалуучу кесмени Мао Цзедундун атайын буйругу менен ойлоп табышкан. Кытай элинин башчысы эл, өзгөчө аскерлер түшкү тамакка аз убакыт коротушун каалаган. Анын тилеги ишке ашып, кайнатып бышырууну талап кылбаган баштыкчадагы кесмелер ойлонуп табылат. Акырындап мындай “5 мүнөттүк түшкү тамак” дүйнөгө кеңири жайылып кеткен.













Азыктардагы жана тез даярдалуучу кесмелердин курамындагы кайсы консерванттар кандай ооруларды жаратат:
Е-221, Е-222, Е-223, Е-224, Е-226 – ичеги-карын ооруларын;
Е-230, Е-231, Е-232, Е-238 – терини жабыркатып, тери ооруларын жаратат;
Е-131, Е-142, Е-210, Е-212, Е-213, Е-215, Е-330 – ракты;
Е-250, Е-251 –
жүрөк-кан тамыр ооруларын күчөтөт. Е-621-натрий глутаматы баңгизаттын ролун аткарат. Е-412-индия акациядан алынган уулуу зат,дене түзүлүшкө зыян келтирет.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШ 
Окумуштуулар кайсы азыктар дарынын таасирин төмөндөтөрүн жана кандай азык кайсы ооруну күчөтүп жиберерин аныктап чыгышты.

  • Бойго бүтүрбөөчү жана аллергияга каршы каражаттарды ичип жүргөн кезде грейпфрут ширесин ичпөө керек. Анткени шире андай дарылардын таасирин өтө төмөндөтүп жиберет.

  • Сүт антибиотик дарылардын көп түрүнүн начар сиңишин да шарттайт. Демек, дарынын таасири төмөндөйт.

  • Астмадан азап чеккендер куурулган эт, шишкебек дегендерди өз рационунан чыгарып салуулары зарыл.

  • Ал эми грилде бышкан эт астманын пристубун күчөтүп жиберет.

Канымжан Усупбекова 
kenesh@super.kg




Азыктардагы жана тез даярдалуучу кесмелердин курамындагы кайсы консерванттар кандай ооруларды жаратат:
Е-221, Е-222, Е-223, Е-224, Е-226 – ичеги-карын ооруларын;
Е-230, Е-231, Е-232, Е-238 – терини жабыркатып, тери ооруларын жаратат;
Е-131, Е-142, Е-210, Е-212, Е-213, Е-215, Е-330 – ракты;
Е-250, Е-251 –
жүрөк-кан тамыр ооруларын күчөтөт. Е-621-натрий глутаматы баңгизаттын ролун аткарат. Е-412-индия акациядан алынган уулуу зат,дене түзүлүшкө зыян келтирет.

Азыктардагы жана тез даярдалуучу кесмелердин курамындагы кайсы консерванттар кандай ооруларды жаратат:
Е-221, Е-222, Е-223, Е-224, Е-226 – ичеги-карын ооруларын;
Е-230, Е-231, Е-232, Е-238 – терини жабыркатып, тери ооруларын жаратат;
Е-131, Е-142, Е-210, Е-212, Е-213, Е-215, Е-330 – ракты;
Е-250, Е-251 –
жүрөк-кан тамыр ооруларын күчөтөт. Е-621-натрий глутаматы баңгизаттын ролун аткарат. Е-412-индия акациядан алынган уулуу зат,дене түзүлүшкө зыян келтирет.

Азыктардагы жана тез даярдалуучу кесмелердин курамындагы кайсы консерванттар кандай ооруларды жаратат:
Е-221, Е-222, Е-223, Е-224, Е-226 – ичеги-карын ооруларын;
Е-230, Е-231, Е-232, Е-238 – терини жабыркатып, тери ооруларын жаратат;
Е-131, Е-142, Е-210, Е-212, Е-213, Е-215, Е-330 – ракты;
Е-250, Е-251 –
жүрөк-кан тамыр ооруларын күчөтөт. Е-621-натрий глутаматы баңгизаттын ролун аткарат. Е-412-индия акациядан алынган уулуу зат,дене түзүлүшкө зыян келтирет.

Азыктардагы жана тез даярдалуучу кесмелердин курамындагы кайсы консерванттар кандай ооруларды жаратат:
Е-221, Е-222, Е-223, Е-224, Е-226 – ичеги-карын ооруларын;
Е-230, Е-231, Е-232, Е-238 – терини жабыркатып, тери ооруларын жаратат;
Е-131, Е-142, Е-210, Е-212, Е-213, Е-215, Е-330 – ракты;
Е-250, Е-251 –
жүрөк-кан тамыр ооруларын күчөтөт. Е-621-натрий глутаматы баңгизаттын ролун аткарат. Е-412-индия акациядан алынган уулуу зат,дене түзүлүшкө зыян келтирет.

Азыктардагы жана тез даярдалуучу кесмелердин курамындагы кайсы консерванттар кандай ооруларды жаратат:
Е-221, Е-222, Е-223, Е-224, Е-226 – ичеги-карын ооруларын;
Е-230, Е-231, Е-232, Е-238 – терини жабыркатып, тери ооруларын жаратат;
Е-131, Е-142, Е-210, Е-212, Е-213, Е-215, Е-330 – ракты;
Е-250, Е-251 –
жүрөк-кан тамыр ооруларын күчөтөт. Е-621-натрий глутаматы баңгизаттын ролун аткарат. Е-412-индия акациядан алынган уулуу зат,дене түзүлүшкө зыян келтирет

Азыктардагы жана тез даярдалуучу кесмелердин курамындагы кайсы консерванттар кандай ооруларды жаратат:
Е-221, Е-222, Е-223, Е-224, Е-226 – ичеги-карын ооруларын;
Е-230, Е-231, Е-232, Е-238 – терини жабыркатып, тери ооруларын жаратат;
Е-131, Е-142, Е-210, Е-212, Е-213, Е-215, Е-330 – ракты;
Е-250, Е-251 –
жүрөк-кан тамыр ооруларын күчөтөт.

Чыгарманын темасы : Үч санаачыл сыйкырчы.

Максаты: а)Чыгарманын мазмунун түшүнүшөт.

б)Суроолорго жооп беришет.

В)Кусалуу жана көңүлдүү сыйкырчылардын мүнөздөрүн салыштырып алардын окшош жактарын жана айырмачылыктарын,аныктай алышат.

Жабдылышы :Окуу китептер,сүрөттөр,карточкалар.

Сабактын жүрүшү: а)Уюштуруу иштери.

1)Доскага окуучуларды чыгарып,сүрөттөрдү бириктирип үч топко бөлүнүшөт.

Китеп жөнүндө түшүнүк берүү.(Окуп берүү.)

2)Топторго тапшырма берүү.

Сыйкырчылардын ролун аткартуу.1-сыйкырчы гүлдөрдүн сүрөтүн тартып презентациялашат.

3)Окуучуларды жуптарга бөлүү. (суроо жооптор менен )

1.Канча санаачыл сыйкырчы бар?

Үч .

2.Биринчи сыйкырчыга гүлдөрдүн эмнеси жакпады?

Өңү .

3.Экинчи сыйкырчыга гүлдөрдүн эмнеси жакпады?

Калыбы .

4.Үчүнчү сыйкырчыга эмнеси жакпады?

Өлчөмү.

5.Эмне үчүн санаачыл үч сыйкырчы катуу капага батып ыйлашты?

Себеби гүлдөрдүн көрксүз кылып ташташканын көрүп ыйлашты.

6.Санаачыл сыйкырчыга ким жардамга келди?

Көңүлдүү сыйкырчы.

7.Көңүлдүү сыйкырчы кантип жардам берди?

Көңүлдүү сыйкырчы гүлдөрдү баштапкы абалына алып келди.

8.Санаачыл сыйкырчылардын тагдыры эмне болду?

Санаачыл сыйкырчылар көңүлдүү сыйкырчыларга айланышты.

1.Бар экен жок экен __________________________________болуптур.

2.Бир жолу алар кызыктуу __________________көрүп отуруптур.

3.Анда ачык көп түрдүү,түмөн түстүү _____________тартылган экен.

4.Биринчи санаачыл сыйкырчы: Мага ушул гүлдөрдүн______________такыр жакпай турат.

5.Гүлдөрдүн өңү_______________түстө болсун.

6.Экинчи сыйкырчыга гүлдөрдүн _______________болгону жакпады.

7.Үчүнчү сыйкырчыга гүлдөрдүн ________________болгону жакпады.

8.Санаачыл үч сыйкырчы кайгыга батты,жардамга ________________________келди.

Жыйынтыктоо :Эки жылдыз ,бир каалоо менен.

Чыгарманын максаты эмне?

Демек,бизди курчап турган дүйнө канчалык кооз жана ар тараптуу миң түрдүү аны биз булгабай,үзбөй ,тебелеп тепсебей коргошубуз керек.Жаратылышыбыз ушул миң түрдүүлугү менен баалуу,аны сактоо биздин ыйык милдет.

Үйгө тапшырма берүү : Каз ойлоп тапкан достук ыры.





























1.Канча санаачыл сыйкырчы бар?

Үч .

2.Биринчи сыйкырчыга гүлдөрдүн эмнеси жакпады?

Өңү .

3.Экинчи сыйкырчыга гүлдөрдүн эмнеси жакпады?

Калыбы .

4.Үчүнчү сыйкырчыга эмнеси жакпады?

Өлчөмү.

5.Эмне үчүн санаачыл үч сыйкырчы катуу капага батып ыйлашты?

Себеби гүлдөрдүн көрксүз кылып ташташканын көрүп ыйлашты.

6.Санаачыл сыйкырчыга ким жардамга келди?

Көңүлдүү сыйкырчы.

7.Көңүлдүү сыйкырчы кантип жардам берди?

Көңүлдүү сыйкырчы гүлдөрдү баштапкы абалына алып келди.

8.Санаачыл сыйкырчылардын тагдыры эмне болду?

Санаачыл сыйкырчылар көңүлдүү сыйкырчыларга айланышты.



1.Бар экен жок экен __________________________________болуптур.



2.Бир жолу алар кызыктуу __________________көрүп отуруптур.



3.Анда ачык көп түрдүү,түмөн түстүү _____________тартылган экен.



4.Биринчи санаачыл сыйкырчыга гүлдөрдүн______________такыр жакпады.



5.Гүлдөрдүн өңү_______________түстө болсун.



6.Экинчи сыйкырчыга гүлдөрдүн _______________болгону жакпады.



7.Үчүнчү сыйкырчыга гүлдөрдүн ________________болгону жакпады.



8.Санаачыл үч сыйкырчы кайгыга батты,жардамга _________________________________________________ келди.

9.Экинчи сыйкырчы гүлдөрдүн баары __________________болсун деп сыйкырлады.

10.Үчүнчү сыйкырчы гүлдөрдүн баары_____________________________болсун деп сыйкырлады.

11.Жасаган иштерине сыйкырчылар абдан__________________________________.

12.Санаачыл сыйкырчылар________________________________сыйкырчыларга айланышты.

13.Көңүлдүү сыйкырчы _______________________болсун деди.







Окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча USAIDдин “Келгиле,окуйбуз!” долбоору (1-4-класстардын базасында).









“Аалам алпы-Айтматов 90 жашта”.











Элди түбөлүк эл кылып турган- анын тили.



















“Келгиле, окуйбуз!”