Химия боюнча предметтик куррикулум
Б.Ш. Жакышова – КББАнын, табигый-математикалык предметтер кафедрасынын башчысы
Өлкөбүздө экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр жүрүп жаткан мезгилде билим берүү чөйрөсүнө да өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынууда. Кыргыз Республикасынын Конституциясында, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамында жана бир катар улуттук билим берүү программаларында билим берүү тармактарын өнүктүрүүнүн негизги принциптери аныкталган:
- билим берүүнүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- билим берүүнүн мазмунун жана окутуу технологияларын жаңылоо;
- билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
- ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу;
- башкарууну демократиялаштыруу.
Билим берүү системасын модернизациялоо анын алдына жаңы максаттарды коюуну, ошондой эле бул максаттарга жетишүү ыкмаларына зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизип туруучу системаны түзүп чыгууну талап кылууда. Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып, мында билим берүүнү «натыйжага багыттоо» принцибин киргизүү зарыл. Кыргызстандын билим берүү системасын жаңы принциптердин негизинде жакшыртуу максатында алкактык куррикулумду түзүү талабы коюлууда.
Алкактык куррикулум – бул билим берүү системасы кандай болууга тийиш экендигин аныктаган нормативдик документтердин системасы, ал жалпы билим берүүнүн көп баскычтуу максаттарын жана баалуулуктарын системалаштырып, аларга жетүүнүн жолдорун аныктайт.
Билим берүүнүн мазмунун алкактык куррикулум аркылуу өзгөртүүнүн максаты – окуучуларды когнитивдик (таанып билүүчүлүк), эмоциялык –баалуулук, жүрүм турумдук билгичтиктер сыяктуу бир катар компетенцияларга ээ кылуу.
Компетенттүүлүк – бул инсандын өзүнүн барк-баасын аныктай билүүнүн негизинде активдүү, жоопкерчиликтүү турмуштук кадамдарды жасоого болгон жөндөмдүүлүгү жана ар кандай кырдаалда өзү топтогон жана өздөштүргөн маалыматтарды туура пайдалана билүү билгичтиктери. Башкача айтканда окуучунун билим берүүнүн мазмунун сапаттуу өздөштүрүүсү жана аны ар түрдүү кырдаалда колдоно алуусу менен байланышкан инсандын өнүгүү деңгээли.
Алкактык куррикулумду ишке ашырууда негизинен төмөнкү документтердин комплексин иштеп чыгууга талап коюлган:
- окуу планы;
- предметтик куррикулум;
- окуу-методикалык комплекстер.
Жалпы орто билим берүүнүн алкактык куррикулуму - окутуу процессинин бардык катышуучуларына багыт берүү системасы катары каралат. Ал төмөнкү учурларда курал катары пайдаланылат:
- билим берүү процессин башкарууда;
- мектептин, мугалимдин, окуучунун өз алдынча өнүгүүсүндө;
- билим берүү системасынын улуттук жана регионалдык деңгээлде өнүгүүсүндө.
Төмөндө биз куррикулум боюнча айрым түшүнүктөргө токтолобуз.
Мектеп куррикулуму - - окуучулардын билим алуу натыйжаларын регламенттөөчү, предметтин чегинде натыйжага жетүүнүн жана өлчөөнүн жолдорун аныктоочу документ.
Бүтүрүүчүнүн модели - мектептин билим берүү саясатына негиз болуучу окуучунун теориялык образы, педагогдун профессионалдуулугуна коюлган белгилүү талаптардын калыптанышы, сапаттуу билимге жетишүү менен негизги жоболорго аныктама бере билүүсү (жоопкерчилик, инициативдүүлүк, өзгөрүлгөн шартка адаптациялануу, баалуулук багыттарынын калыптанышы ж.б.).
Билим берүү областы - билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын составдык бөлүгү болуу менен, өз ичине билим берүүнүн белгилүү бир областына тиешелүү, курчап турган реалдуу чындыкты чагылдырган мазмун.
Химия предмети боюнча билим берүүнүн милдеттери:
- негизги химиялык түшүнүктөр, закондор жана химиялык символикалар жөнүндөгү билимдерди өздөштүрүүнү камсыз кылуу;
- химиялык кубулуштарды байкоо, химиялык экспериментти өткөрүү, заттардын химиялык формулаларынын жана химиялык реакциялардын теңдемелеринин негизинде эсептөөлөрдү жүргүзүү билгичтиктерин калыптандыруу;
- химиялык эксперимент өткөрүү, жашоодо, тиричиликте, өз алдынча билим топтоо процессинде, окуучулардын таанып билүү кызыгуусун жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү;
- заттарды жана материалдарды жашоодо, тиричиликте, айыл чарбада, өнөр жайда сабаттуу колдоно билүү, адамдын ден соолугуна жана айлана чөйрөгө зыян келтирүүчү кубулуштарды алдын ала айтууда окуучулардын химиялык билимдерин пайдаланууга үйрөтүү;
- окуучулардын курчап турган дүйнө жана анын закондору жөнүндөгү химиялык билимдеринин системасы табигый-илимий билимдердин компоненти катары калыптандыруу;
- күнүмдүк турмушта заттарды туура, өзүнө жана айлана чөйрөгө зыян келтирбегендей пайдалана билүү билгичтиктерин калыптандыруу;
- химия илиминин өнүгүшүнө коомдук кызыкчылыктын жогору экендиги жөнүндө окуучулардын түшүнүгүн пайда кылуу, ошондой эле келечекте практикалык иш-аракетин химия менен байланыштыруу ынтызарлыгын пайда кылуу;
- экологиялык маданияты калыптанган, эмгектенүүгө даяр ар тараптуу өнүккөн инсанды тарбиялоо.
- учурдагы коомдун өнүгүүсүндөгү химиянын позитивдик ролуна ынандыруу, өзүнүн ден соолугуна жана айлана чөйрөгө химиялык сабаттуу мамилесин тарбиялоо;
- тиричиликте, айыл чарбасында, өндүрүштө заттарды жана материалдарды зыянсыз пайдалануу үчүн, күндөлүк турмуштагы практикалык маселелерди чечүүдө, адамдын ден соолугуна, айлана чөйрөгө тескери таасир берүүчү кубулуштарды эскертүүдө өздөштүрүлгөн билимдерди жана билгичтиктерди колдонуу.
Химияны окутуу, тарбиялоо процесси предмет боюнча терең билимди камыз кылуу менен жаратылышка кылдат, сарамжалдуу мамилеси калыптанган, айлана чөйрөнү химиялык калдык –таштандылардан коргоодо активдүү, коомдук иш-аракетин сабаттуу ишке ашырган коомдун мүчөсүн тарбиялоого багыттылышы керек.
Куррикулумда окуу материалдары глава боюнча окуу жылдарына бөлүштүрүлгөн, ар бир глава боюнча суроолордун ирети, демонстарциялык, лабораториялык тажрыйбалар, эсептеп чыгарылуучу маселелер, практикалык сабактар каралган. Ошону менен бирге эле методикалык сунуштар берилген. Окуу планына ылайык 8-класста 3 саат, баардыгы болуп 102 саат, ал эми 9-класста 2 саат, баардыгы болуп 68 саат берилген.
Химия боюнча предметтик куррикулумда коюлган максаттарды ишке ашыруу жана анын алдында коюлган маселелерди чечүү предметти окутуу методдорун өнүктүрүүнү талап кылат.
Окуу-тарбия процессинде жаңы технологиялардын элементтерин колдонуу менен окуучулар, окуу материалын активдүү өздөштүрүүгө, алган билимин колдоно билүүгө, окуу китептери жана кошумча адабияттар менен иштөөгө жана химиялык лабораторияларда коопсуздук эрежесин сактоо менен тажрыйбаларды аткарууга үйрөтүүгө болот.
Окуучунун көңүлүн химиянын негизги түшүнүктөрүнө буруунун мааниси чоң. Окуу материалынын негизги мазмунун окуучулардын билим алуу жөндөмдүүлүктөрүн, билгичтиктерин, көндүмдөрүн, ыкмаларын калыптандыруу багытында максаттуу пайдалануу керек.
Билим берүүнүн алдына коюлган максаттарына жетүүнүн бирден бир жолу – билим алуудагы окуучунун өз алдынча жекече иштөөсүндөгү иш аракеттерди активдештирүү болуп саналат. Куррикулумда каралган демонстрациялык, лабораториялык тажрыйбаларды, практикалык сабактарды толук өткөрүү максатка ылайык. Анкени, окуучулардын химиялык заттар, идиштер, куралдар менен болгон иштеринде, атайын билгичтиктерин, көндүмдөрүн, аларга карата болгон сарамжалдуулукту калыптандырууга жетишүү керек.
Окутуу процессинде билим берүүнү уюштуруунун негизги формасы болгон сабактын ар кыл түрлөрү, б.а. жаңы педагогикалык технологиялардын айрым элементтери жана окутуунун интерактивдүү усулдары сунушталды.
Окуу программасында 8-классста химияны окуп үйрөнүүгө 102 саат каралган. (анын ичинен резервге 5 саат калтырылган). Куррикулумда айрым главалар кыскартылды. Себеби, темалардын орун алышы системалуу берилбей калган. Ал темалар окуу материалынын мазмунуна ылайык жайгаштырылды. Мисалы, «Илимий методдор» деген 2-главадагы темалар, мазмуну жакын болгондуктан 1-главага киргизилди. Негизинен колдонуудагы окуу программасында аныкталган базалык билим берүүнүн мазмуну сакталды.
9-класста «Кычкылдануу-калыбына келүү» реакцияарына бөлүнгөн сааттардын саны кыскартылып, калган убакыт «Металл эместер жана металлдар» деген главага берилди. Себеби бул главада окуу материалынын көлөмү салыштырмалуу чонураак. Негизинен 8-9- класстардын предметтик куррикулумун түзүүдө, биз химия боюнча билим берүүнүн мамлекеттик стандарттында көрсөтүлгөн берилүүчү милдеттүү мазмундун блокторун эске алдык.
Төмөндө химия боюнча Ысык-Көлдөгү болуп өткөн семинардын катышуучулары: Турдумбетова Р.С., Осмонова Ш.У., Айдаралиева К.С., Сыдыкова Ж.Н., Тыныстанова А.У, Абыканова Б.К. биргелешип түзгөн түзүлгөн предметтик куррикулумдун үлгүсүн 8-жана 9–класстарынын 1- главаларынын мисалында беребиз.
8- класс. Алгачкы химиялык түшүнүктөр (21 саат)
| Негизги компетенциялар | |
| Маалымат- тык, аракеттик | Инсандык | Социалдык | Мазмун | Ресурстар | Стратегиялар | Баалоо |
| 1.Маалыматтык. 1. 1. Химия - заттар жана алардын айланыштары жөнүндө илим экенин түшүнө алышат. 1.2. «Химиялык тил» түшүнүгүнө ээ болушат. 1.3.Заттардын физикалык жана химиялык касиеттеринин айырмасын көрсөтө алышат. 1.4. Таза заттар жана минералдардын айырмасын түшүндүрө алышат. 2.Аракеттик 2.1 Заттардын формулаларын түзүү алгортимин пайдалана алышат. 2.2. Заттарга сандык жана сапаттык мүнөздөмө бере алышат. 2.3. Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзө алышат. 2.4. Химиялык идиштер, реактивдер жана жабдуулар менен иш алып барууга көнүгүшөт. билишет. Аралашмалар ды составына жараша бөлүүнүн ыкмаларын тандай алышат. | 3.1.Турмуш тиричиликте заттарды туура пайдалануу көндүмдөрү калыптанат. 3.2.Күнүмдүк турмушта пайдаланган заттарга анализ жүргүзө билүүгө умтулат. 3.3. ªзүнүн иш аракеттерин сын көз менен баалай билет. | 4.1.Курчап турган дүйнө заттардан тура тургандыгын билишет, жаратылышта кездешкен жана жасалма жол менен алынган заттар жөнүндө билимге ээ болушат. 4.2. Топтоо иштөө жана башкаларды уга билүүгө үйрөнүшөт. 4.3 ªзүнүн иш аракетинин башкаларга терс таасири тийип калбасын сезе билет. | Блоктор: 1. Химия предмети. Зат. 2.Заттар эмнеден турат? 3. Химиялык формулаларды колдонуп эсептөөлөрдү жүргүзүү. 4. Химиянын негизги закондору. Темалар: 1. Химия предмети. Заттар жана алардын касиеттери. 2.Заттардын кайноо жана эрүү температура лары 3.Жергиликтүү химиялык өнөр жайдын өнүгүшү. Коомдун актуалдуу, келечектүү проблемаларын чечүүдөгү химиянын ролу. 4. № 1 Практи-калык иш 5. Молекулалар жана атомдор. Атом-молекулалык окуу. 6. Химиялык элементтер, алардын белгилери, жана аталыштары 7.Салыштырма атомдук масса. 8. Химиялык элементтердин мезгилдик системасы жөнүндө түшүнүк. 9.Таза заттар жана аралашмалар. 10. №2 Практи калык иш 11 Реактив дерди даярдоо жана сактоо. 12. Жөнөкөй жана татаал заттар 13. Валенттүү лүк 14.Валенттүүлүк боюнча формулаларды түзүү. 15. Валенттүү лүк боюнча көнүгүүлөрдү иштөө. 16. Составдын туруктуулук закону. 17.Химиялык формулалар. 18.Заттын салыштырма молекулалык массасын табуу. Заттардын проценттик составы. Составы боюнча формулаларды түзүү. 19. Формула ларды түзүү боюнча көнүгүүлөрдү иштөө. 20. Моль. Заттын саны. Молдук масса. 21. Авогадро закону. | Маалымат тык ресурстар: - окуу китеби; -химия боюнча кошумча адабияттар: энциклопе диялар, маалымат тагычтар -Видео фильмдер -Химиялык жабдуулар Идиштер жана реактивдер -Коллек циялар -Минерал дар -Таблица лар -Карточка лар Адам ресурсу: Окуучу, Мугалим | 1.1.Күнүмдүк турмуштан мисалдарды келтиришет. Мисалы, темирдин дат басышы, жалбырактын чириши, сүттүн ачышы, көмүрдүн күйүшү ж.б. 1.2.Химиялык диктанттар, карточкалар жана Д.И.Менделеевдин таблицасы менен иштөө. Тематикалык оюндар. ( М: химиялык эстафета) 1.3. Проблемалык суроо коюу: Эмне үчүн заттардын физикалык жана химиялык касиеттерин билүү керек? Заттарга мүнөздөмө берүү. («Түгөйү менен иштөө»). Бир окуучу заттын касиети жөнүндө айтат, экинчиси ал затты табат. 1.4.Коллекциялар менен иш алып баруу (темир, алюминий, айнек, гранит, бор, кочкор тузу). 2.1.Билимди колдонуу боюнча көнүгүүлөр. 2.2. Дидактикалык карточкалар менен иштөө, заттын сандык жана сапаттык составы боюнча эсептөлөрдү жүргүзүү. (суунун, метандын көмүр кычкыл газынын, суутектин жана кычкылтектин формулалары.) 2.3. Формулалар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү (окуучунун тандоосу боюнча) 2.4. №1 Практикалык иш «Химиялык жабдуулар жана заттар менен иштөө ыкмалары. Коопсуздук эрежелери. 2.5. Проблемалык суроо коюу: жаратылышта табылган тузду тамак ашка колдонууга болобу? № 2 Практикалык иш «Кайнатма тузду тазалоо». 3.1. Байкоо. 3.2. Окуучулар сүрөттөрдү чогултушат жана «Менин жашоомдогу суунун ролу» деген темага эссе жазышат. 3.3 Баалоонун критерийлерин биргелешип иштеп чыгуу. 4.1, 4,2. Төрт кишиден турган топто коллекциялар менен иштөө ( Суу, кайнатма туз, кант, сода, бор, спирт, капрон, резина). 4.3.Окуучулар заттар менен иштөөдөгү коопсуздук эрежелерин талкуулашат. | 1.1. Түздөн түз байкоо. Эмоционалдык баалоо. 1.2. Аткарылган ишти жекече баалоо. 1.3.Бири-бирин баалоо. 1.4.Презента циялардын жардамы менен тапшырма ларды баалоо. Эмоционалдык баалоо 2.1. Балл боюнча баллоо 2.2. Баа коюу. 2.3. Алдын ала иштелип чыккан критерийлердин негизинде жекече аткарган иштерин баалоо 2.4. Жекече аткарылган ишти баалоо 2.5. Эмоционалдык баалоо Жекече аткарылган ишти баалоо 3.1. Эмоционалдык баалоо 3.2. Портфолио 3.3. Түздөн-түз баалоо 4.1., 4.2. Алдын ала иштелип чыккан критерийлердин негизинде группада аткарган иштерин баалоо жана бири- бирин баалоо 4.3.Байкоо |
9-класс. Эритмелер жана алардын касиеттери (13 саат)
| Негизги компетенциялар | |
| Маалымат тык,аракеттик | Инсандык | Социалдык | Мазмун | Ресурстар | Стратегиялар | Баалоо |
| 1.Маалыматтык 1.1. Ар түрдүү концентра циядагы эритмелерди салыштара алышат. 1.2. Электрондук эсептөөлөрдүн негизинде заттардын түзүлүшү жана касиеттери жөнүндө мүнөздөмө бере алышат. 1.3. Гидролиздин теңдемесин түзүү менен туздардын кычкылдуу лугун аныктай билишет. ( РН ñ 7,РН á 7, РН = 7) 2.Аракеттик 2.1. Белгилүү концентра- циядагы эриген заттын эритмесин даярдай алышат. 2.2. Иондук алмашуу реакциянын теңдемелерин түзө алышат. | 3.1. Башкалардын биргелешип иштөөгө карата сезимдерин ойготушат. 3.2.Күнүмдүк турмушта пайдаланган заттарга анализ жүргүзө билүүгө умтулат. 3.3. ªзүнүн иш аракеттерин сын көз менен баалай билет. | 4.1. Топтоо иштөө менен иштин жыйынты гына жетүү үчүн жоопкерчи лигин сезе билишет. | 1.Эритмелер. Суу- эриткич катары. Каныккан жана каныкпаган эритмелер. 2. Эритмелерди даярдоо (молярдык , нормалдуу , проценттик). 3. №1Практика лык иш. Эритмелерди даярдоо. 4. Электролиттер жана электролит эместер. 5.Кристалло-гидраттар 6.Эритмелердин кычкылдуулугу. 7. Суутектик көрсөткүч жөнүндө түшүнүк. 8. Заттардын электролиттик диссоциациясы Күчтүү жана начар электролиттер. 9. Негиздердин, туздардын, кислоталардын диссоциациясы 10. Иондук алмашуу реакциялары. 11. Туздардын гидролизи. 12. Көнүгүүлөр 13. Практика лык иш № 2 «Экспериментал дык маселелерди чыгаруу » | Маалымат тык ресурстар: - окуу китеби; -химия боюнча кошумча адабияттар: энциклопедиялар, маалымат-тагычтар -Видео фильмдер -Химиялык жабдуулар -Идиштер жана реактивдер -Коллек циялар -Минерал дар -Таблица лар -Карточка лар Адам ресурсу: Окуучу, Мугалим | 1.1, 3.1, 4.1 Окутуунун интерактивдүү методу- Зигзаг стратегиясы (эксперттик жана кооперативдик топтордо иштөө). 3 топко бөлүнөт Тема боюнча берилген материалдар боюнча иштөө: А) проценттик концентрация; Б) нормалдык концентрация; В ) молярдык концентрация. 1.2 Химиялык реакцияны демонстрациялоо Күмүштүн нитраты + туз кислотасы = күмүштүн хлориди + азот кислотасы. Иондук реакциянын молекулалык, кыскартылган, толук иондук теңдемелерин түзүү. 1.3 Төмөнкү берилген туздардын гидролизин жүргүзүү жана эритмелердин суутектик көрсөткүчүн (РН) аныктоо үчүн топто иштөө. А) натрийдин карбонаты Б) натрийдин хлориди В ) алюминийдин хлориди 2.1. № 1Практикалык иш 2.2. Туздардын, кислоталардын, негиздердин эригичтик жана түстөрдүн таблицасы менен жупта иштөө. | 1.1, 3.1, 4.1. Жекече аткарылган ишти баалоо. Балл боюнча баллоо. 1.2. , 3.1. а) Бири бирин баалоо. б) Жекече аткарылган ишти баалоо. 1.3. Түздөн түз байкоо. Жекече аткарылган ишти баалоо. 2.1 Баа коюу. 2.2., 3.1. Бири-бирин баалоо. Баа коюу. |
Пайдаланылган адабияттар:
1. Рамочный Национальный куррикулум среднего общего образования Кыргызской Республики. – Бишкек, 2008.
2. Кыргыз Республикасынын мектептеринде химия боюнча билим берүүнүн мамлекеттик стандарты. – Бишкек, 2006.
3