СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Калык Акы уулунун чыгармачылыгы

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Калык Акы уулунун чыгармачылыгы»

Кыргыз адабият\7-класс\______________________________ I чейрек , 17-сабак

Тема: Калыгул Акы уулу “Баскан жол” автобиографиялык чыгармасы

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: Калыгул Акы уул жана анын “Баскан жол” чыгармасынын негизги идеясы жөнүндөгү билимдерди алышат.

-акындын башка акындардан өзгөчөлүгүн талдашат.

-чыгарманы башка чыгармаларга салыштырат.

Социо-маданий: акындын өмүр-таржымалын окуп, таалим алып тарбияланышат.

-алтын эрежени сактап бири-биринин пикирин сыйлоого тарбияланышат.

Кептик: мемур жөнүндө маалымат алышат.

-ар бир окуучу өз пикирин башкаларга таңуулабай айтууга үйрөнөт.

Лингвистикалык минимундар: карыскан-ийип жасалган тегерек, курчоо

Сабактын тиби: жаңы материалды анализдөө

Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: жекече, жуптар менен иштөө

Сабактын жабдылышы: проектор, экран

Дидактикалык материалдар: слайд, окуу китеби, таркатмалар

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

к

прапааккккцпк



Шакекченин ичине

К менен башталып

К менен бүткөн

4 сөз тапкыла




КАНАТТУУЛАР деген сөздөн 20сөз жазгыла



к

К






к




2)Үй тапшырмасын суроо. (5-мүнөт)


1. карылык-жаштык

2. адам-мазар

3. молдо-сажда

3. кулак-угуу

4. адал-арам

5.ашуу-бел

6 улуу-кичүү

7. кабык-кык

8. суу-жашоо

9. соку-сок билек

10. калта-челек

11. таруу-ботко



12. адам-салабаттуу

13. шамал-учуруу

14. бозо-таруу

15. гозо-чигит

16. суу-кумган

17. туяк-тукум

18. жылкы-казанат

19. тоо-торгой,

20. жаннат-тозок

21. сарт-кытай

22. акын-ырчы

23. капкан-оро


3)Жаңы тема. (10 мүнөт)


Калык Акиев (1883-1953)

Кыргыз калкына кара жаак, жез таңдай атыккан төкмө жана жазгыч акын, айтылуу дастанчы, обончу, комузчу, эл артисти Калык Акиев “өйдө тартса өгүз, ылдый тартса араба сынган” заманда туулуп өсүп, жаш кездеги тагдыры татаал болгон.

Ар тараптуу тубаса талант-шыкка бай Калык Жумгалдын Кара-Ой деген жеринде Байгазак болуштун кунуна жыгылып, итке минип калган жыгач уста, көзгө атар мергенчинин үй-бүлөсүндө туулат.
Акы Байзак болуштун каарынан жер арыса, чогойно басат. Жер арыса өңүнөн азат болуп, арып ачып, алгач Тогуз-Торого, ал жерден жолу болбогон соң Кетмен-Төбөнүн Ничке-Сайында жашап калат.
Акы “колу ойногондун оозу ойнойт” дегендей кол өнөрчүлүктүн аркасы менен бүт үй-бүлөсүн багат.
Бешиктен бели чыккандан чыйрак, шок өскөн Калык сегиз жашынан ырга ынак, күү жандуу, манап Төрөкелдинин өмүрүндө баш байгени бербеген Керооз аттуу күлүгүн чаба баштайт. Аш, тойлорго барат.
Кезектеги бир чоң тойдон ак таңдай төкмө акындар Эшмамбет менен Жаңыбайды көрөт. Эки акындын Калыктын чаап жүргөн күлүгүн мактаган алым сабак айтышын угат. Тубаса музыкалык сезимге бай Калык эки акындын алым сабагын дароо илип алат.
Эл арасында ырдай баштайт. Калык 11 жашка чейин манап Төрөкелдинин күлүгүн чабат.
Орозо, Курман айттарында айыл аралап мындайча жарамазан айта баштайт.
Айыл арасында “Бечара Акы устанын уулу ырдайт экен” деген сөз тарайт. Калык 13кө чыкканда энесинен айрылат. Үч жашар бөбөгүн кучактап жетим калат. Ал кезди “Баскан жол” аттуу китебинде:
“Мен 13кө чыкканымда июнь айында энем каза болду. Үч жашар бөбөгүмдү кучактап, жетим калдым. Төрт музоолуу уй бар. Эки-үч күнү айылдагы аялдар уйларды саап беришти. Андан кийин алар жолобой коюшту. Чоң манаптын айлы болсо, жүдөгөн жетимдерге ким карашсын. Боордош ага-тууган жок.
Бөбөгүм ыйласа, сооротуп, уйларды өзүм саап, сүтүмдү бышырып, кадимки аялдарча каймактын каймагын сызгырып, чөбөгөсүн энеме куран окутуп келгендерге берем.
Атам үйгө кээде келсе, кээде келбейт. Ар кимге үй жыгач жасоого кетип калат. Чынында эле атам оокатка, малга кароо киши эле . Ошондо ар нерсени ойлонуп, эч болбосо үйгө каралашар бир киши жоктугуна күйүнүп, Бектурган жетимчемди кучактап, энемди кошуп ыйлаганым:


Аттанып үйгө токтобой,
Айылга кетет атакем,
Алмадай бизди зарлатып,
Акырет кеттиң апакем.
Азапты башка жиберген,
Ажалдан келген капа экен,
Пааналап үйгө токтобой,
Бастырып кетет атакем.

Апаке,
Үйүң калды тигилбей,
Үзүгүң калды бүгүлбөй,
Үшкүрүгү таш жарып,
Апаке,
Үч жетим калды түңүлбөйт” – деп, жоктоп ботодой боздогонун жазган

Ошол күндөн Калыктын ыр дүйнөсүнөн тушоосу кесилет.

14 жашында Калык биринчи жолу калк алдына манап Төрөкелдининин жакын тууганы Чоробай ажы өлгөндө манаптын өтүнүчү боюнча ажыны мактап ырдайт.

Төрөкелди Калыкка кунан мингизет. Ошол күндөн Калык айылга келечеги кең, ак таңдай акын катары тааныла баштайт.
1897-жылы биринчи Токтогулга жолугат.
Күндөрдүн биринде малайлыктан башы чыкпай, көрбөгөндү көрүп, тартпаган азаптарды тартып жүргөн Калык Жумаалы дегендин үйүнөн айтылуу Токтогулга жолугат.

Калык Токтогул менен саламдашып ыр менен учурашат. Узун сабак ырында Калык Токтогулдан “Үлгүлүү нуска үйрөтүп, Токо, чукул коштоп сүрөгүн” – деп, өтүнөт.

Токтогул болсо “Эртең менен келгин балам” – дейт. Эртеси Калык келет. Током кийип турган чапанын жаш төкмөгө чечип берет.

Ошол күндөн Калык Токтогул менен ата-баладай бирге жүрөт, шыгын жетилтет. Устатынын ырларын ырдайт, дастандарын айтат. Күүлөрүн чертет. Калык Токтогулду “улуу устатым” деп, өлөр өлгөнчө кол үзүшпөйт.Кара жаак, жез таңдай атыга баштаганда Калык “Жокчулук” аттуу ырын кандайча чыгарганы жөнүндө мындай деп эскерет:

- Жылдардын бир жылдарында, айлардын бир айларында катуу жут болуп, мал кырылат. Элди ачарчылык каптайт. Колунда жок малсыз, алсыз жарды-жарчылар, жетим-жесирлер тентийт. Кечки бешим маалы. Мен малай болуп жүрүп алган комузумду таңшыта чертип, ары-бери басып турам. Дөңдө отурган кемпир-чалдар мени чакырышты. – Ой, тобоо, кантип кетер экенбиз? Үнүң күйгөн кайырымсыз байлар карашпады. Залим манаптар салык салып, уруп сабап чыркыратып, тапканды алып турушса канткенде чиркин жанды сактаар экенбиз? Ой, Калык балам, өлбөгөн жанга күү, ыр угуп, кайгылуу көңүлдү сергителик. Комузуңду чертип, обонуңду кошо сала отур дешти. Ошондо мен:

Он төртүмдөн жалданып,
Малай кылдың жокчулук.
Жатканымды мал баккан,
Сарай кылдың жокчулук.
Чемирчекти жашымдан
Кайрыдың го жокчулук.
Чечен тилди, тең сөздөн
Айырдың го жокчулук.
Сары сууга жүрөктү,
Алдырдың го жокчулук.
Суусунумду мээнетке,
Кандырдың го жокчулук.
Жардылыкка таянтып,
Алдантасың жокчулук.


Жайы-кышы бир койго,
Жалдантасың жокчулук.
Кайгы санап ойлонтуп,
Саргартасың жокчулук.
Ат ордуна бир таяк,
Карматасың жокчулук.
Жатсам жамбаш жоорутуп,
Жара кылдың жокчулук.
Балапан күндөн тартканым,
Санаа кылдың жокчулук,
Кайыштырып жашымдан,
Карып кылдың жокчулук.

Кабыргама май бербей,
Арык кылдың жокчулук

Панардай тунук көзүмдү,
Талыттырдың жокчулук.
Айылдан тамак улатып,
Зарыктырдың жокчулук.
Кийгенимди бутума,
Чарык кылдың жокчулук
Загыра нанга жеткирбей
Зарлантасың жокчулук, - деп ырдаган элем деп эскерген Калык.

1926-жылы адегнеде драма театына, 1936-жылы филомонияга артист болуп орношот

Бир жолку жолугушууда узак жылдар бою атактуу Калык менен филармонияда иштешип артисттик турмуштун ачуу, татууусун бирге татышып, ата-баладай болуп жүргөн маркум эл артисти Эстебес Турсуналиевдин айтканы:

- Калык аксакал өтө жөнөкөй, айкөл адам эле. Мен 1947-жылы филармонияга келдим. Эки жылдан кийин Токтосунду Калык аксакал алып келди. Какемдин үйүндө үч жыл жашады. Көрсө, Токтосун экөө отуруп алып ыр жазчу экен. Шайырлар филармонияга келгенде ар ким ар кандай иштер менен алек болушат. Ал эми Какем болсо концерттик залга отуруп алып ыр жазат. Бир жолу Сайид Бекмуратов “Каке мага да ыр жазып бериңизчи” – деп суранат. Ал кезде “Победа” деген авто машина жаңыдан чыккан. Какем Сайид акеге машина жөнүндө “Ташка салса тайгылбаган туягың. Учкан куштай бара жаткан сыягың” деген шекилдүү саптарда ыр жазып берет. Сайид акенин ырдап көнүгүп жатканын уккан Райкан: “Сайид аке ырдап аткан ырыңыз обону менен айкалышпай атат” – десе, ал: “Эмне үчүн айкалышпайт” – десе, Райкан: “Сиздин обонуңуз баткака шыгылып калган машинадай буксовать этип атат” – десе, Сайид аке: - “Анда мен ырдабайм. Какемден башка ыр алам” – деп Какеме барып “Гүлсананын ыры” деген ырды жаздырып алат. Кезектеги бир концертте Сайид аке “Гүлсаранын ырын”: - Мен эмгекчинин кызымын, күнүндө, тоготпойм күндүн ысыгын” – деп ырдаса, концерт угуп отурган карыя: - “Оо муруту балтайган кара кыз турбайбы” – десе, Сайид аке үйгө кирип келип: - “Осоке, Калык аке жаман киши экен. Эмне үчүн мага кыздын ырын жазып берген” – деди. Көрсө, Сайид аке ырга маани бербептир. Какем ким ыр сураса жазып бере берүүчү. Какемдин сөзүнө Ж.Шералиев, Б.Эгинчиев обон чыгарды. Мен Какемин “Баскан жол” деген китебин кайра-кайра окуп эс алам. Какемин китебинен “Бүркүтчү Мамырын”, “Акишимин”, “Андалектин” обонун салып ырдап чыктым. Илгери Какемдин “Татына” деген күйгөн ыры бар эле. Аны Ысмайыл Борончиев да, Абдрашит Бердибаев да ырдап жүрдү. Кийин биз дагы ырдап баштадык.

Керели кечке сүйлөшүп,
Кеч болжоп минсем атыма,
Кейийт экен жүрөгүм
Келтирип жазган катыңа
Кейибей кантип чыдаймын,
Келинден тилиң татына.
Таң атканча сүйлөшүп,
Таң болжоп минсем атыма
Таң каламын окусам

Таасындай жазган катыңа.
Тайтаман сага жете албайм,
Далайдан тилиң татына,
Кара кемсел кайырма
Күкүшүмдөн айырба.
Ээ, айырба, айырба – деп ырдаган эле Какем.
1953-жылы ноябрь айында каза болду.


Мемуар-француз сөзү, бизче “эскерүү” дегенди түшүндүрөт. Кыргыз адабиятында Мукай Элебаевдин “Узак жол”, Калык Акиевдин “Баскан жол” автобиографиялык чыгармасынын барандуу орду бар. “Баскан жол” чыгармасынын жаралыш тарыхы туурасында автор өзү : “бул өмүр баяным башыбыздан кандай кундөр өткөнүнөн, эмне турмуштарды көргөндүгүбүздөн, толгон окуялардын күбөсү болгондугубуздан кыскача гана түшүнүк берип, 122728-жылдардан баштап кагаз бетине түшүрүлдү” – деп, эскерет. 1951-жылы чыгарма жазылып бүтөт. Эшмамбет ырчы менен беттешүү "Баскан жол" чыгармасынан. Акындын өмүр баяны туулган күнүнөн башталат. Атасы Акы Ажыбай уулу Жумгалдын Эмел деген жеринде туулган. Акы он төрт жашында атасынан жетим калат. Анын энеси Сулайка абдан сулуу, келбети келишкен аял экен. Баласын жетелеп күн көрүү үчүн төркүнүнө Ак-Талаага келет. Оор жашоодон улам эл менен кошо Сулайка уулу Акы менен бирге Кытайдын Кашкар деген жерине барат. Көп оорчулуктарды баштарынан өткөрүшөт. Колунан келген байлар Сулайканы уулу менен кошо бир байга сатып жиберет. Арадан жыйырма бир жыл өткөндөн кийин туулган жери Жумгалга кайтып келишет. Атасы Акы жыгач уста: кыргыздын боз үйүнүн уук, кереге, түндүк каалгаларын жакшы жасайт. Мергенчилик да кылат, жалаң кийиктин эти менен бир айылды баккан учурлары да болгон.


1)Окуучулар менен иштөө (12 мүнөт)

Окуучулар эки топко бөлүнүшөт.

Эшманбет менен Калыктын беттешүүсүнөн чакан үзүндү даярдашат.

Маселен.


Автор:

-Күндөрдүн бир күнүндө Байгазы болуштун тарабындагы бир чоң байдын ашы болду. Ошол ашка каражаак акын Калык дагы келет. Калык-Караталдын ырчысы. Картал менен Байгазы экөөсү эки тарап. Эшмамбет Байгазынын ырчысы.

Бир убакта Байгазы Эшмамбетке карап:

-Сен, акы устанын уулун сенин атаң жыгаччы деп кордогун-дейт.


Эшмамбет:

-Болуш, мен сакалдуу башым менен жаш балага тийишсем уят ко? Же жаш жагынан өзүмө катар ырчы болсо болот эле...


Байгазы:

-Ой, Эшмамбет, сен Акы устанын уулун ырдаганың Караталга тиет. Караталдын чоң атасы жыгаччы Самтыр эмеспи? Караталды сөзгө сындыралык, эмне кызык чыгаар экен?..

Эшмамбет:

Акын ырчы жар айтат,

Алдыңарга баратат.

Ала көөдөн балдардан,

Аксакалдар даана айтат,

Ырасын айтып бербесе,

Ыр түйүнү чечилбейт.

Саяпкер терге камынат,

Сай күлүк эртең чабылат.

Аты чыккан адамга,

Далай олжо табылат

Бүгүн, эртең ырчылар,

Ырдап калбай не кылат.

Ар бир күлүк аттарга,

Бирден бала ээ кылат.

Акы устанын Калыгы,

Чарчагандай калыбы.

Аттанып ашка ырдабай,

Эмнеге талыды?

Унчукпайсың эмгиче,

Уурдаттыңбы малыңы?

Топко кирсең жанашып,

Токтонбогон бала элең,

Толкундаса ээ бербес,

Токтогулдай бар элең.

Топ жыйында ырдасаң,

Торгойдун тилин талашып,

Туруп калган экенсиң,

Токтогулдан адашып?

Атаң уста Акы эле,

Ак жыгачты кемирген,

Андан карды тоюнбай,

Жүргүзгөнү тегирмен.

Ач курсактын уулу элең,

Качан көөнүң семирген.

Аттанып ырдап оокат тап,

Ашка келген элиңден?

Сенин атаң Акы уста,

Асылган көңдөй терекке.

Алкак салып арчадан,

Түп кынаган челекке.

Ак кайыштай чоюлтуп,

Карыскан ийген элекке.

Оокатыңа ошолор,

Жарайт бекен керекке?

Как жыгачтын боорунда

Кантип болот береке?

Келиштирип кайыңдан,

Кереге матап үй кылган.

Кашык, чөмүч артынып,

Сенин атаң Акы уста,

Катындарга сый кылган.

Атамдай уста болом деп,

Бутуңа чарык тагынып,

Көрбөгөнүң калган жок,

Жаш чагыңдан камыгып.

Барсаң боло Кабакка,

Карагай турат сагынып.

Башың зорго бошонду,

Караталды жамынып,

Кошоматка ырдайсың,

Комузуң менен жагынып,

Комуз ырың болбосо,

Куурайт элең жабыгып.

Караталдын аркасы,

Жүргөнүң элге таанылып.

Сенин атаң Акы уста,

Ар кимдин кылган жумушун,

Как жыгачка сыйынган

Оокаты менен курусун,

Ач курсагы тоюнбас,

Сен Акы устанын уулусуң!



(Олтургандар жер-чапчып кыраан-каткырыка түшөт Каратал байкаган жок белем, Мама деген агасы Эшмамбет сөздү Караталдын чоң атасы Самтырга келтирип атканын биле койду да Калыкка кайрылып:

-Ой, сен жатасыңбы мурдуңду муштумдайкылып? Эшмамбеттин тентип-тербип катын-баласын таштап, карызынан качып жүргөнүн, азыр бойдок жүргөнүн, айта албайсыңбы?


Калык:

Жар чакырат деп турсам,

Эшмамбет жабышканы келипсиң.

Жатакчынын итиндей,

Кабышканы келипсиң.

Жамандык менен Эшмамбет,

Таанышканы келипсиң.

Акынын уулу Калыкты,

Сүрөмүн деп келипсиң.

Тоскоол кылат турбайбы,

Сага Токтогулдун бардыгы?

Жаңыбай, Курман, Токтогул,

Сенин атыңды алып тандыбы?

Жаның күйүп ырдайсың,

Же жамбыңды тартып алдыбы.

Башканын баарын түгөтүп,

Же жалгыз атың калдыбы?

Өрдөктөр учпайт көлүнөн.

Өз айлына батпаган,

Өлөрман качат элинен.

Калың элдин ичинде,

Эшмамбет какмалаган эминең?

Таласта өстүң туулуп,

Калкыңдан качтың куулуп.

Минтип тирүү жүргөнгө,

Өлбөйсүңбү муунуп.

Байгазы менен Байтиктин,

Коногуна чай ташып,

Катуу келдиң Эшмамбет,

Бүгүн Калык менен байкашып.

Аш-той десе жатпайсың,

Аралап кимди мактайсың?

Калжаңдабай куруп кал,

Катын, балаң бакпайсың.

Эрте бышкан ашты уулап,

Эптеп жанды сактайсың.

Минтип жүрсөң Эшмамбет,

Эч береке таппайсың.

Сенин атаң Эшмамбет,

Алманын данын сепкенби?

Акы кыйган жыгачты,

Атаң айдап эккенби?

Анысын таштап Эшмамбет,

Алайга тентип кеткенби?

Адырдын кенин доолаган,

Бир акмак ырчы бет келди,

Өз атаң тирүү чагында,

Өрүктөн урук сепкенби?

Өрөпкүбөй сырыңды айт,

Өз колу менен эккенби?

Өрүгүн таштап Эшмамбет,

Өзөнгө тентип кеткенби?

Өзөндүн талын коруган,

Өлөрман ырчы бет келди.

Ээрге чапкан кайыңдын,

Баары атаңдан калдыбы?

Ээн чыккан тал, терек,

Дагы атаңдан калдыбы?

Атамдын балта-чотунун,

Сабы атаңдан калдыбы?

Карагай беле кайыңың,

Кайыңбы сенин зайыбың?

Жыгачтан башка бар болсо,

Атамдын айтчы айыбын?

Көк токойдо теректин,

Көңдөйүбү алганың?

Өрүк, жийде алганын,

Тиккениби балдарың?

Минтип жүрсөң Эшмамбет,

Адамга тийбейт жардамың!


(Эшмамбет чычалап, ордунан туруп камчысы менен Калыкты уруп калат,Эшмамбет менен Калык мушташа кетет. Экөөбүн эки жакка ажыратып кеткенде Каратал:

-Бу Байгазы ашына чакырып алып көрсөткөн эмне кордугу? Эр болсо ашын берип, атын чаап көрсүнчү? Бирөөнүн жыгач усталыгы менен эмне иши бар? Келип-келбей жатып ырчысына кордотот! Биздин тарап аттангыла, кеттебиз!

Ошондо башка болуштардан келген бир калыс киши Караталга Байгазыдан ат тарттырып, жараштырып кайта ашка алып келет.




Сүрөттө: Алымкул Үсөнбаев (солдо) менен Калык Акиев (оңдо). Автордун архивинен.




  1. Эшмамбеттин Калыктын атасы уста экенин айтып ырдоосунда кандай зарылчылык бар эле?

  2. Байгазы менен Караталга кандай баа бересиңер?

  3. Эшмамбет менен Калыктын акындык дараметине берген бааңар?

5) Рефлексия

(2 мүнөт)

Сценарий түзгөндө эмнеден кыйналдыңар?

Сабактын маанилүү бөлүгү?

Келерки сабакта кандай маалыматтарды күтөсүңөр?

Сабактын тажатып жиберген жери болдубу?


6)Үйгө тапшырма

(3мүнөт)

Жазган сценарийлерди каармандарга бөлүп бересиңер. Бөлүнгөн боюнча келерки сабакта жатка айтып аткарып бересиңер.

7)Бааолоо

(3мүнөт)

Окуучулардын аракетине жараша.

«5», «4», «3», «2»