Просмотр содержимого документа
«Кайтарым байланыш»
Химия 9-класс тема:Щелочтуу жана Щелочтуу жер металдарынын жалпы муноздомосу.
Мугалими:Ысамидин кызы Альбина
Окуучу:Бексарыев Даниэл
Щелочтор.
- Щелочтор ( алкали ) — сууда жакшы эрий турган негиздер. Алар сууда эритмесинде гидроксил иондорунун жогорку конц. пайда кылышат. Ж-ге элементтер меэгилдик системасы 1 жана II группа негизги группа металлдары, аммоний гидроксиди ки-рет.
Щелочтуу металлдар гидроксиддер мис., LiОН, NаОН жана КОН өтө күчтүү негиздер болушуп күчтүү Щ. деп аталышат.
Щелочтуу жер металдары гидроксиддери Са(ОН)2, Sr(ОН)2, Ва(ОН)2 начарыраак негиздер. Ак, катуу, сууну өзүнө күчтүү тартып алуучу заттар.
Алкалинин суудагы эритмеси лакмусту көк түскө, фенолфталеинди кызгылт түскө өткөзөт. Булардан башка аларга дагы көп химиялык заттар кирет, алып айтсак щелочтуу металлдар гидросульфиддери КНS, NаНS, карбонаты К2СО3, Nа2СО3 жана башка Щ. ө. ж-лардын көп тармактарында коддонулат.
Щелочтуу металдар.
- Щелочтуу металлдар — э лементтер мезгилдик системасы I группа негизги группа түзгөн хим. элементтер: литий (ат. н. 3) Li, натрий (11) Na, калий (19) К, рубидий (37) Rb, цезий (55) Сs, франций (87) Fr, Li 1817-ж Арфедсон, Nа менен Сs 1861-ж. Бунзен, Fr 1939-ж М. Пере тарабынан ачылган. Бул металлдар гидрооксиддери күчтүү (негиз) щелоч болгондуктан щелочтуу металлдар деп аталат.
Алардын окистенүү даражасы +1. Күмүшкө окшогон боз түстөгү, жумшак, тыгыздыгы төмөн, салыштырмалуу төмөнкү темп-рада эриген жана кайнаган, жеңил металлдар. Хим. жактан активдүү. Активдүүлүгүлитийден францийди көздөй жогорулайт. Щ. м. күчтүү калыбына келтиргичтер.Н2О, О2, гапогендер менен өтө тез, ал эми Н2, S, Р, N2 менен ысытканда, NН3 менен баскычтуу хим. реакцияга киришет.
Кординатадан Н2 оңой сүрүп чыгарышат. Щ. м. сымапта жакшы эрип амальгамаларды пайда кылышат. Li хим. касиеттери К караганда Мg жакыныраак. Литий иону комплекстерди пайда кылат, мис., (Li(NН3)4Вr. Ж. м. О2 жана Н2О буусу жок керосинде же майлуу суюктуктарда сакташат. Электролиз, термикалык 700-1200°С вакуумда калыбына келтирүү ыкмалары менен алынат. Щ. м. техникада, орг. боёкторду, самынды, тетраэтил-коргошунду, женил куймаларды алууда, катализатор катары, фотоэлементтерди жасоодо колдонулат.
Щелочтуу жер металдар.
- Щелочтуу жер металлдары — элементтер мезгилдик системасы II группа негизги группасына кирген элементтер: бериллий (ат. н. 4) Ве, магний (12) Мg, кальций (20) Са, стронций (38) Sr, барий (56) Ва, радий (88) Rа. Жаратылышта ар түрдүү минералдар түрүндө кездешет. Булардын оксиддери — «жер» (алхимиктер аташкан), суу эритмелеринде негиздик реакцияга ээ болгондуктан Щ. ж. м. деп аталган.
Мg, Са, Sr, Ва, Rа полиизотоптуу элементтер. Бардыгы күмүш түспөл, боз, ийилчээк, чоюлчаак, тыгызд. төмөн металлдар. Окистенүү даражасы +2. Ве башкасы дээрлик металлдык касиеттерди көрсөтүшөт. Металлдык касиеттер Мg ® Rа- көздөй жогорулайт. Алар абада О2, Н2О, F2 м-н, 300-400°С Н2 жана галогендер менен аракеттенишет Ве кычкылтек менен 500°С реакцияга кирет. Элементтер суюлтулган к-таларда, суюк аммиакта, Ве щелочтор да жакшы эришет.
- Электролиз, алюминотермия, металлотермия ыкмалары менен алынат. Ве легирлөөчү элемент катары, рентген түтүкчөлөрүнүн айнектерин даярдоодо, нейтронду чыгарып туруучу аппараттарды жасоодо, Мg жеңил куймаларды алууда, пиротехникада, сүрөт тартууда, Са оксиддерди калыбына келтирүү үчүн колдонулат.