СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Ит жана анын суудагы чагылышы"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Ит жана анын суудагы чагылышы"»



№7 сабактын планы: Фонеманы кабыл алуу

Сабак учурунда пайдаланыла турган формалдык эмес баалоонун суроолору:

  • Балдар аӊгемеге көӊүл бөлүштүбү (угушат, суроо беришет жана жоопторду беришет)?

  • Көпчүлүк балдар аӊгемени кунт коюп угуп окуганга чейин, анын учурунда жана андан кийинки суроолорго жооп беришти деп айтууга болобу?

  • Балдар бардык көнүгүүлөр менен ийгиликтүү иштей алышабы?

  • Балдар «жаса – жана – алып кет» тапшырмасын ийгиликтүү аткара алышабы?

  • Балдар портфолио/папканы туура толтурушабы?



Жүгүртмө.

  1. Бош убакыт /каттоо. Сабак башталганга чейин келген балдар үчүн.

Сабак башталганга чейин эрте келген балдар Китеп банкында болгон буюмдар менен ойной алышат же каттоо процедурасына катышат. Каттоо учурунда балдар бардык жазгыч буюмдарды колдоно алышат, өз атын же айрым тамгаларды жаза алат,сүрөттөрдү тартып, тамгаларды окшоштуруп чиймелешет.



  1. Ырдоо үчүн убакыт. 10 мүнөт

Ырдоо үчүн убакыт сабакты баштоого балдарды чакырып алуу үчүн керек. Тарбиячы балдарга тааныш эки ырды ырдап берет. Биринчи ыр балдар үчүн жакындап келип класска топтоло баштоосу үчүн , а экинчиси командалык духту көтөрүү үчүн жана айрым кечигип жаткан балдар үчүн кошумча убакыт берет. Тарбиячы балдардын класска чогулуусуна жараша аларды ырга кошулуусун суранат.



  1. Сабактын планы. 5 мүнөт

Ар бир сабак башталганга чейин тарбиячы сабактын структурасын схемалуу түрдө чагылдырган планды даярдоосу керек. Сабактын планы балдар аны дайыма көрүп тургандай орунга жайгаштырылат. Окуганды баштоодон мурда тарбиячы бүт класска сабактын планын кыскача баяндап берет.

  1. Окуу үчүн убакыт. 20 мүнөт

Ар бир сабактын учурунда бүт класска бир аӊгеме окулат. Тарбиячы балдарга аӊгемени окуп баштаганга чейин, окуп жаткан учурда жана окуп бүткөндөн кийин суроолорду берет. Бул сабактын учурунда класска «Ит жана анын суудагы чагылышы» аӊгемеси окулат.

Окуганга чейин:

  1. Силер күзгүгө каранасыӊарбы? А токтоп турган сууга каранып көрдүӊөр беле? Силер андан эмнени көрдүӊөр?

  2. Биз бүгүн «Ит жана анын суудагы чагылышы» деген аталыштагы аӊгемени окуйбуз. Бул аӊгеме эмне жөнүндө болот деп ойлойсуӊар? Эгерде силер ит болсоӊор, өзүӊөрдү күзгүдөн көрүп алып, кандай үндөрдү чыгарат элеӊер?

Окуу мезгилинде:

  1. «Ит макоо болгондуктан, төмөн жакта дагы оозунда бир чоӊ кесим эти бар ит жүрөт деп ойлоду» _ деген фразадан кийин: Андан кийин эмне болду деп ойлойсуӊар?

  2. «Ошондуктан ал төмөндөгү өзүнүн чагылышына үрө баштады жана ал оозун ачар зама тэт сууга түшүп кетти жана экинчи көрүнгөн жок» - деген фразадан кийин: Бул аӊгеменин жыйынтыгында эмне болгондугун абдан ачык көрсөтөт. Силер дагы оозуӊардагы нерсе иттикиндей эле түшүп кете тургандыгын мага көрсөтө аласыӊарбы?





Ит жана анын суудагы чагылышы.

Ит эттин чоӊ кесимин таап алды жана аны тынч жерде жейин деп ээн талаага алып жөнөдү. Иттин жолунда чоӊ суу бар эле, андан көпүрө аркылуу өтүүгө туура келди. Ит өтүп бара жатып, төмөндөгү сууну карап, суудан өзүнүн чагылышын көрдү. Ал өзү макоо болгондуктан, төмөн жакта дагы оозунда чоӊ кесим эти бар ит жүргөн экен деп ойлоду. Ит аябай ач көз эле, ал экинчи кесим этти дагы ээлеп алгысы келди. Ошондуктан ал төмөндөгү өзүнүн чагылышына үрө баштады, ал оозун ачары менен эттин кесими тереӊ сууга түшүп кетти жана экинчи көрүнгөн жок. Ит аябай ыйлады жана ачка бойдон уктаганга кетти. Ал мындан ары ач көз болбогонго жана келечекте колуна эмне тийсе ошого канааттанууну ойлоду.

Окугандан кийин:

  1. Башталышында чоӊ кесим этим бар деп ит өзүн абдан бактылуу сезди. Ага этти үйүнө алып кетүүсүнө эмне жолтоо болду?

  2. Итке эттин кесимин жоготуп жиберүүсүнө эмне себеп болду?

  3. Аӊгеменин аягында Ит колунда барга ыраазы болуу керектигин түшүндү. Силер өзүӊөрдүн колуӊарда бар жана ага канааттанган кайсы – бир буюмду көрсөтө аласыӊарбы? Силер ыраазы болгон, колуӊарда азыр бар же силерге бирөөлөр берген нерсенин бирин атагыла.



  1. Көнүгүүлөр үчүн убакыт.



№1-көнүгүү: «Башкага шыбыра»

  • Көнүгүүнүн аталышы: «Ким уйкаштыкты түзө алат?»

  • Баяндама: бул көнүгүүдө балдар сөздөрдөн уйкаштыктарды тез түзө салышы керек.

  • Өнүктүрүлүүчү көндүмдөр: уйкаштыктарды түзүү.

  • Зарыл болгон материалдар: жергиликтүу тилдеги жөнөкөй уйкаштыктардын тизмеси.



Тарбиячы: Келгиле, оюн ойнойбуз. Ким көбүрөөк уйкаштыктарды түзө ала тургандыгын аныктап көрөлү. Мен баштаймын. «Машина толду мышыктарга» - дейли, андан кийин кезекти мен Саматка беремин, ал «мышыктарга» деген сөзгө уйкаштыкты ойлоп табышы керек. Ал «чычкандарга» деген сөздү тапты дейли., анан ал кезекти башка окуучуга өткөрөт, ал окуучу башка дагы бир уйкаштыкты табат. Эгерде окуучу аны таба албаса, ал айлампадан чыгат жана оюн кайрадан башталат. Оюн бир жеӊүүчү калганга чейин улантыла берет.



  • Көнүгүүнүн баяндамасы: Балдарды айлана кылып отургузгула. Оюн ондон аз болгон окуучулардан турган топко жакшы ылайыктуу болот. Эгерде оюнга ондон ашык балдар катыша турган болсо, балдарды топторго бөлгүлө. Эгерде окуучу сөзгө уйкаштык таппай калса, же мурда айтылган сөздү кайталаса, анда ал жаӊы сөздү таап, оюнду жаӊыдан баштоосу керек. (машина толду бактарга, чакаларга ж.б.)



  • Көӊүл бургула: Окуучулар мааниси боюнча бир-бирине туура келбеген сөздөрдү табышы деле мүмкүн. Бул оюндун эрежесин бузбайт. Оюндун негизги максаты болуп уйкаштыкты табуунун көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп эсептелинет. Эгерде сөз уйкаш болсо, анда фразанын маанисинин жоктугуна карабастан колдонууга болот.









  1. “Жаса – жана - алып кет” 15 мүнөт





ЧАКА ТАРАК БАКА




ТОО БУУРЧАК ДАРАК




КУУРЧАК БОО




Уйкаштыктын карточкалары.

  • Сабакка даярдык: ар бир окуучу үчүн бири – бирине шайкеш келүүчү сөздөрү бар 3 топтом карточкаларды түзгүлө. Жалпысынан 20 окуучу үчүн 60 топтом болушу керек.

  1. Баяндама: балдар аталыштары уйкаш келе турган эки буюмду таап жазышы керек. Эгер алар жаза алышса, буюмдардын аталыштарын карточкаларга жазышат. Эгерде жаза алышпаса, тарбиячы аларга жардам берет. Буюмдун аталышы анын сүрөтү менен дал келерине ынангыла.

  2. Портфолио/папканы толтуруу

Портфолио /папканы толтуруу сабактын акыркы көнүгүүсү болуп эсептелет. Балдар өз портфолио /папкасына бүгүн кандай көнүгүүлөрдү аткаргандыгы жөнүндө жазып же тартып коюшу керек. Мисалы, балдар бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөттү же аларга жагып калган көнүгүүнү же Окуу лагерине байланыштуу башка бир сүрөттү тарта алышат.

  • Портфолио/ папканы толтуруу үчүн болжолдуу идеалар.

  1. Бүгүнкү сабактын кайсы бөлүгү аябай жакса, ошол жөнүндө жазгыла / сүрөтүн тарткыла.

  2. Бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөт тарткыла.