СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Иш-кагаздар боюнча тушунук

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Иш-кагаздар боюнча тушунук»

Иш кагаздар Сыдыкова Бурулкан № 68 МГОТК

Иш кагаздар

Сыдыкова Бурулкан

№ 68 МГОТК

Өздүк иш кагаздары жарандар тарабынан даярдалат. Мындай иш кагаздары жарандар менен жарандардын же жарандар менен мекемелердин ортосундагы түрдүү укуктук мамилелерди тейлейт. Ушундан улам өздүк иш кагаздарын – жеке-уюштуруу, же болбосо расмий эмес иш кагаздары деп дагы белгиленип жүрөт. Аларга: арыз, түшүнүк кат, тил кат, өмүр баян, анкета, өздүк баракча, кулактандыруу, жарыя жана башкалар кирет.
  • Өздүк иш кагаздары жарандар тарабынан даярдалат. Мындай иш кагаздары жарандар менен жарандардын же жарандар менен мекемелердин ортосундагы түрдүү укуктук мамилелерди тейлейт. Ушундан улам өздүк иш кагаздарын – жеке-уюштуруу, же болбосо расмий эмес иш кагаздары деп дагы белгиленип жүрөт. Аларга: арыз, түшүнүк кат, тил кат, өмүр баян, анкета, өздүк баракча, кулактандыруу, жарыя жана башкалар кирет.
Уюштуруу-тескөө иш кагаздарына өкмөт, мамлекет тарабынан кабыл алынган расмий иш кагаздары кирет. Аларга токтм, жарлык, буйрук, көрсөтмө, акт, тескеме, пртокол ошондой эле уюштуруу, башкаруу мүнөзүндөгү башка иш кагаздары да кирет. Негизинен, иш кагаздарынын ичинен уюштуруу-тескөө иш кагаздары саны, аткарылуу өзгөчөлүгү жана түрлөрү боюнча өздүк иш кагаздарынан кескин айырмаланат. “Расмий иш кагаздары” деген атоонун өзү да шарттуу болуп саналат. Ошол себептен, “расмий иш кагаздары” деген атоо бул китепте, уюштуруу-тескөө иш кагаздары (организационно-распорядительные документы) деген атоо менен аталат (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтомуна ылайык).
  • Уюштуруу-тескөө иш кагаздарына өкмөт, мамлекет тарабынан кабыл алынган расмий иш кагаздары кирет. Аларга токтм, жарлык, буйрук, көрсөтмө, акт, тескеме, пртокол ошондой эле уюштуруу, башкаруу мүнөзүндөгү башка иш кагаздары да кирет. Негизинен, иш кагаздарынын ичинен уюштуруу-тескөө иш кагаздары саны, аткарылуу өзгөчөлүгү жана түрлөрү боюнча өздүк иш кагаздарынан кескин айырмаланат. “Расмий иш кагаздары” деген атоонун өзү да шарттуу болуп саналат. Ошол себептен, “расмий иш кагаздары” деген атоо бул китепте, уюштуруу-тескөө иш кагаздары (организационно-распорядительные документы) деген атоо менен аталат (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтомуна ылайык).
Ички иш кагаздары - белгилүү бир уюмдун ичинде, анын мүчөлөрүнүн ортосунда же жеке адамдар менен ошол уюмдун ичинде гана пайдаланылат. Мындай иш кагаздарга: арыз, түшүнүк кат, тил кат, буйрук, өздүк баракча, мүнөздөмө, өмүр баян, таржымал ж.б. кирет . Тышкы иш кагаздары – уюм жана мекемелер ортосунда же алар менен жеке адамдардын ортосунда түрдүү мамилелерди тейлөө үчүн колдонулуучу иш кагаздары. Мындай иш кагаздарына ишеним кат, кызмат каттары, иш сапар күбөлүгү, келишим ж.б. кирет.
  • Ички иш кагаздары - белгилүү бир уюмдун ичинде, анын мүчөлөрүнүн ортосунда же жеке адамдар менен ошол уюмдун ичинде гана пайдаланылат. Мындай иш кагаздарга: арыз, түшүнүк кат, тил кат, буйрук, өздүк баракча, мүнөздөмө, өмүр баян, таржымал ж.б. кирет .
  • Тышкы иш кагаздары – уюм жана мекемелер ортосунда же алар менен жеке адамдардын ортосунда түрдүү мамилелерди тейлөө үчүн колдонулуучу иш кагаздары. Мындай иш кагаздарына ишеним кат, кызмат каттары, иш сапар күбөлүгү, келишим ж.б. кирет.
Иш кагаздарын түзүлүшүнө жана мазмунуна карай:   Жөнөкөй иш кагаздары текстте зарыл болгон бир гана маселени камтыйт. Мисалы, көлөмү канча экенине карабастан, ар кандай өмүр баян бир гана маселени, бир адамдын турмушта басып өткөн жолун баяндайт.  Татаал иш кагаздары текстте эки же андан көп маселени камтыйт. Мисалы, буйрукта аткарылуучу иштер атайын параграфтар менен белгиленет (1-§та кимдир бирөө жумушка алынса, 2-§та кимдир бирөө кызматтан бошотулат). Чогулуш протоколун да татаал иш кагаздар тобуна кошууга болот. Бирок иш кагаздарын мазмунуна карай жөнөкөй жана татаал иш кагаздары деп бөлүү шартуу мүнөзгө ээ. Себеби, кээде буйрук да, чогулуштун протоколу да бир эле маселени камтып калышы мүмкүн.

Иш кагаздарын түзүлүшүнө жана мазмунуна карай:

  •   Жөнөкөй иш кагаздары текстте зарыл болгон бир гана маселени камтыйт. Мисалы, көлөмү канча экенине карабастан, ар кандай өмүр баян бир гана маселени, бир адамдын турмушта басып өткөн жолун баяндайт.
  • Татаал иш кагаздары текстте эки же андан көп маселени камтыйт. Мисалы, буйрукта аткарылуучу иштер атайын параграфтар менен белгиленет (1-§та кимдир бирөө жумушка алынса, 2-§та кимдир бирөө кызматтан бошотулат). Чогулуш протоколун да татаал иш кагаздар тобуна кошууга болот. Бирок иш кагаздарын мазмунуна карай жөнөкөй жана татаал иш кагаздары деп бөлүү шартуу мүнөзгө ээ. Себеби, кээде буйрук да, чогулуштун протоколу да бир эле маселени камтып калышы мүмкүн.
Иш кагаздарында колдонулган сөз каражаттарына карай иш кагаздар: эркин регламенттелген, атайын регламенттелген,  жарым жартылай регламенттелген Эркин регламенттелген (түзүлгөн) иш кагаздарына арыз, тил кат, түшүнүк кат, таржымал, өмүр баян, мүнөздөмө ж.б. кирет. Себеби аларда туюндурулган мазмун, каралган маселе бири-биринен айырмаланат, эркин түзүлөт. Атайын регламенттелген иш кагаздарына токтом, мыйзам, кодекстер, жобо, чечим, тескеме, нускама, көрсөтмө, буйрук ж.б. иш кагаздары кирет. Мындай иш кагаздарында козголгон маселелер ар кандай болгону менен, өзүнө тиешелүү, мүнөздүү сөздөр менен жазылат жана түзүлөт.

Иш кагаздарында колдонулган сөз каражаттарына карай иш кагаздар:

эркин регламенттелген,

атайын регламенттелген,

жарым жартылай регламенттелген

  • Эркин регламенттелген (түзүлгөн) иш кагаздарына арыз, тил кат, түшүнүк кат, таржымал, өмүр баян, мүнөздөмө ж.б. кирет. Себеби аларда туюндурулган мазмун, каралган маселе бири-биринен айырмаланат, эркин түзүлөт.
  • Атайын регламенттелген иш кагаздарына токтом, мыйзам, кодекстер, жобо, чечим, тескеме, нускама, көрсөтмө, буйрук ж.б. иш кагаздары кирет. Мындай иш кагаздарында козголгон маселелер ар кандай болгону менен, өзүнө тиешелүү, мүнөздүү сөздөр менен жазылат жана түзүлөт.
Иш кагаздарынын маалым даректери: 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби; 2. Мекеменин эмблемасы; 3. Мекеменин Статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри (СББМР) боюнча коду; 4. Жогору турган мекеменин аталышы; 5. Мекеменин аталышы; 6. Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы; 7. Байланыш ишканасынын индекси, почта дареги, телефакстын номери; электрондук почтанын дареги; банктагы эсептик номери; телефон номери, банктагы өздук эсеп.

Иш кагаздарынын маалым даректери:

  • 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби;
  • 2. Мекеменин эмблемасы;
  • 3. Мекеменин Статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри (СББМР) боюнча коду;
  • 4. Жогору турган мекеменин аталышы;
  • 5. Мекеменин аталышы;
  • 6. Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы;
  • 7. Байланыш ишканасынын индекси, почта дареги, телефакстын номери; электрондук почтанын дареги; банктагы эсептик номери; телефон номери, банктагы өздук эсеп.
8. Документтин түрүнүн аты; 9. Датасы (жыл, күн, ай); 10. Документтин катталуу номери (индекси); 11. Кириш документтин катталуу номерине жана күнүнө шилтеме жасоо;  12.Түзүлгөн же басылып чыгарылган жери; 13. Дареги; 14. Бекитүү грифи; 15. Резалюция; 16. Тексттин аталышы; 17. Контролдоо жөнүндө белги;  18. Документтин тексти; 19. Тиркеменин бар экендиги жөнүндө белги;
  • 8. Документтин түрүнүн аты;
  • 9. Датасы (жыл, күн, ай);
  • 10. Документтин катталуу номери (индекси);
  • 11. Кириш документтин катталуу номерине жана күнүнө шилтеме жасоо;
  • 12.Түзүлгөн же басылып чыгарылган жери;
  • 13. Дареги;
  • 14. Бекитүү грифи;
  • 15. Резалюция;
  • 16. Тексттин аталышы;
  • 17. Контролдоо жөнүндө белги;
  • 18. Документтин тексти;
  • 19. Тиркеменин бар экендиги жөнүндө белги;
20. Колу (электрондук цифралык кол); 21. Макулдашуу грифи; 22. Визалар; 23. Мөөр изи; 24. Көчүрмөнү күбөлөндүрүү тууралуу белги; 25. Аткаруучунун аты-жөнү, телефон номери, телефакс номери, электрондук почтанын дареги; 26. Документтин аткарылгандыгы жана анын иш кагаздар көктөмөсүнө (делого) жиберилгендиги жөнүндө белги;  27. Документтин мекемеге келип түшкөндүгү жөнүндө белги;  28. Документтерди автоматташтырылган издөө жөнүндөгү белги.
  • 20. Колу (электрондук цифралык кол);
  • 21. Макулдашуу грифи;
  • 22. Визалар;
  • 23. Мөөр изи;
  • 24. Көчүрмөнү күбөлөндүрүү тууралуу белги;
  • 25. Аткаруучунун аты-жөнү, телефон номери, телефакс номери, электрондук почтанын дареги;
  • 26. Документтин аткарылгандыгы жана анын иш кагаздар көктөмөсүнө (делого) жиберилгендиги жөнүндө белги;
  • 27. Документтин мекемеге келип түшкөндүгү жөнүндө белги;
  • 28. Документтерди автоматташтырылган издөө жөнүндөгү белги.

Иш кагаздарынын көчүрмөлөрүн даярдоо Көчүрмө Эмгек китепчеси Иш кагазын күбөлөндүргөндө “колу” маалым дарегинен мурда “анык” деп жазылат жана көчүрмөнү күбөлөндүрүп жаткан адамдын кызматынын аты, аты- жөнү, колу жана күбөлөндүрүү датасы коюлат. Мисалы: Анык Эмгек инспекциясынын директору (колу) Ч. Жумагулова 16.08.78

Иш кагаздарынын көчүрмөлөрүн даярдоо

Көчүрмө

Эмгек китепчеси

Иш кагазын күбөлөндүргөндө “колу” маалым дарегинен мурда “анык” деп жазылат жана көчүрмөнү күбөлөндүрүп жаткан адамдын кызматынын аты, аты- жөнү, колу жана күбөлөндүрүү датасы коюлат. Мисалы:

Анык

Эмгек инспекциясынын директору (колу) Ч. Жумагулова

16.08.78

Арыз  (Заявление) Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Э.С. Каптагаевге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Сот органдары бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын «Чыгыш-5» кичи районунун 12-үй 44-батиринин жашоочусу К. А. Дүйшеевден Өтүнүч арызы Арыз Мага Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун ишин текшерүү үчүн, иштин зарылдыгына байланыштуу 2011-жылдын 8-октябрынан 19-октябрына чейин иш сапарга чыгууга уруксат этүүңүздү өтүнөм. 05.10.2011. (колу) К. А. Дүйшеев

Арыз (Заявление)

Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Э.С. Каптагаевге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Сот органдары бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын «Чыгыш-5» кичи районунун

12-үй 44-батиринин жашоочусу К. А. Дүйшеевден

Өтүнүч арызы

Арыз

Мага Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун ишин текшерүү үчүн, иштин зарылдыгына байланыштуу 2011-жылдын 8-октябрынан 19-октябрына чейин иш сапарга чыгууга уруксат этүүңүздү өтүнөм.

05.10.2011. (колу) К. А. Дүйшеев

Которулуу арызы.  Кызматкерлер кызматтык абалынан өзгөрүүгө дуушар болгондо, мекемеден башка мекемеге которулганда ж.б. себептерде жазылуучу иш кагазы. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевге Жалпы бөлүмдүн кызматкери Гүлбарчын Сулаймановадан Арыз  Укуктук жогорку билимге ээ болгонума байланыштуу мени укук бөлүм башчылык кызматына которууңузду сураймын. Тиркелет: Жогорку билим жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (6 бет)  09.11.2011. (колу) Г. Сулайманова

Которулуу арызы. Кызматкерлер кызматтык абалынан өзгөрүүгө дуушар болгондо, мекемеден башка мекемеге которулганда ж.б. себептерде жазылуучу иш кагазы.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевге Жалпы бөлүмдүн кызматкери Гүлбарчын Сулаймановадан

Арыз

Укуктук жогорку билимге ээ болгонума байланыштуу мени укук бөлүм башчылык кызматына которууңузду сураймын.

Тиркелет: Жогорку билим жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (6 бет)

09.11.2011. (колу) Г. Сулайманова

Жарыя ! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Референт- котормочу адистикке бошоп калган орунду ээлөө үчүн сынак жарыялайт. Конкурстун мөөнөтү – 2012-жылдын 15-майына чейин. Конкурска тийиштүү документтердин тизмесин төмөнкү дарекке жиберүүгө болот. Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59 1-кабат, жалпы бөлүм.

Жарыя !

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

Референт- котормочу адистикке бошоп калган орунду ээлөө үчүн сынак жарыялайт.

Конкурстун мөөнөтү – 2012-жылдын 15-майына чейин.

Конкурска тийиштүү документтердин тизмесин төмөнкү дарекке жиберүүгө болот.

Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59 1-кабат, жалпы бөлүм.

Кулактандыруу !  «Курманжан датканын 200 жылдыгына» байланыштуу 2011-жылдын 12- ноябрында саат 9.00дө Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониясынын чоң жыйын жайында «Курманжан датка-тарыхый инсан» аттуу Эл аралык конференция өткөрүлөт. Каттоо саат 9.00дө башталат. Уюштуруучулар: Курманжан датка фондунун жетекчилиги

Кулактандыруу !

«Курманжан датканын 200 жылдыгына» байланыштуу 2011-жылдын 12- ноябрында саат 9.00дө Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониясынын чоң жыйын жайында «Курманжан датка-тарыхый инсан» аттуу Эл аралык конференция өткөрүлөт.

Каттоо саат 9.00дө башталат.

Уюштуруучулар: Курманжан датка фондунун жетекчилиги

ТИЛ КАТ  (Расписка) Мен, Бекташов Талантбек Изатиллаевич (Бишек шаарынын «Тунгуч 2» кичи районунун №68 уйунун №70 батиринин тургуну. Паспорт №258 07, берилген куну 20.06.2009, берилген орган ИИМ 50-37) Бул тил кат Алиев Нурлан Азатовичке (Бишкек шаарынын “Чыгыш-5” кичи районунун №45 үйүнүн 67–батиринин тургуну. Паспорт №270897 берилген күнү 20.07. 2008-ж. Берген орган ИИМ 50-55) берилет.  2011-жылдын 20-майында И. А. Алиев мага 20 000 сом (жыйырма миӊ сом) өлчөмүндө карызга акчалай каражат берди. Мен бул карызды 2011-жылдын 20-июнунда кайра кайтарып берүүгө милдеттенем. Ушул тил кат өз колум менен жазылды. 2011-жыл 20-май Бекташов Т.И.

ТИЛ КАТ (Расписка)

Мен, Бекташов Талантбек Изатиллаевич (Бишек шаарынын «Тунгуч 2» кичи районунун №68 уйунун №70 батиринин тургуну. Паспорт №258 07, берилген куну 20.06.2009, берилген орган ИИМ 50-37)

Бул тил кат Алиев Нурлан Азатовичке (Бишкек шаарынын “Чыгыш-5” кичи районунун №45 үйүнүн 67–батиринин тургуну. Паспорт №270897 берилген күнү 20.07. 2008-ж. Берген орган ИИМ 50-55) берилет.

2011-жылдын 20-майында И. А. Алиев мага 20 000 сом (жыйырма миӊ сом) өлчөмүндө карызга акчалай каражат берди. Мен бул карызды 2011-жылдын 20-июнунда кайра кайтарып берүүгө милдеттенем.

Ушул тил кат өз колум менен жазылды.

2011-жыл 20-май Бекташов Т.И.

Уюштуруу тескеме иш кагаздары

Уюштуруу тескеме иш кагаздары

Билдирме  (рапорт) Пландын, берилген ар кандай тапшырманын аткарылгандыгы, эмгек өргүүсүнүн, чет өлкөгө жасалган саякаттын аяктагандыгы, иш сапарынын бүткөндүгү, айрым иш чаралардын жыйынтыкталгандыгы ж.б. жөнүндө жогорку инстанцияларга (уюмга) жиберилген расмий иш кагазы – билдирме болуп саналат.

Билдирме (рапорт)

Пландын, берилген ар кандай тапшырманын аткарылгандыгы, эмгек өргүүсүнүн, чет өлкөгө жасалган саякаттын аяктагандыгы, иш сапарынын бүткөндүгү, айрым иш чаралардын жыйынтыкталгандыгы ж.б. жөнүндө жогорку инстанцияларга (уюмга) жиберилген расмий иш кагазы – билдирме болуп саналат.

Билдирменин үлгүсү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору А. А. Калмаматовго Кадр жана иш кагаздар бөлүмүнүн башчысы Д. Казаковдо Билдирме  2011-жылдын 10-май күнү экспертиза башкармалыгынын башкы адиси А.А. Иванов эмгек тартибин бузуп, эч себепсиз жумушка чыккан эмес. А.А.Иванов боюнча чара көрүү профсоюздун чогулушунда каралмакчы. Кадр жана иш кагаздар

Билдирменин үлгүсү:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору А. А. Калмаматовго Кадр жана иш кагаздар бөлүмүнүн башчысы Д. Казаковдо

Билдирме

2011-жылдын 10-май күнү экспертиза башкармалыгынын башкы адиси А.А. Иванов эмгек тартибин бузуп, эч себепсиз жумушка чыккан эмес. А.А.Иванов боюнча чара көрүү профсоюздун чогулушунда каралмакчы.

Кадр жана иш кагаздар

Буйрук  (приказ) Буйрук – мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке бийлигине негизделген укук документи. Ал мекеменин ишмердигиндеги негизги жана күндөлүк милдеттерди, иш чараларды чечүү максатында колдонулат. Буйрук негизги иш аракеттерге жана кардарлардын жеке өзүнө тиешелүү маселелерге байланыштуу жазылат (буйрук берилет). Алар белгилүү тартипте өзүнчө номерленип, айрым көктөмөдө сакталат.

Буйрук (приказ)

Буйрук – мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке бийлигине негизделген укук документи. Ал мекеменин ишмердигиндеги негизги жана күндөлүк милдеттерди, иш чараларды чечүү максатында колдонулат. Буйрук негизги иш аракеттерге жана кардарлардын жеке өзүнө тиешелүү маселелерге байланыштуу жазылат (буйрук берилет). Алар белгилүү тартипте өзүнчө номерленип, айрым көктөмөдө сакталат.

Жобо  (Положение) Мамлекеттик, жамааттык жана менчик мекемелердин жалпы ишмердигин нормага салган жана мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарынын, токтомдорунун негизинде түзүлгөн расмий иш кагазы - жобо. Жобо – ар бир мекемеде түзүлөт жана ошол мекеме өз ишмердигин жобонун негизинде жүргүзөт.

Жобо (Положение)

Мамлекеттик, жамааттык жана менчик мекемелердин жалпы ишмердигин нормага салган жана мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарынын, токтомдорунун негизинде түзүлгөн расмий иш кагазы - жобо.

Жобо – ар бир мекемеде түзүлөт жана ошол мекеме өз ишмердигин жобонун негизинде жүргүзөт.

Токтом  (Постановление) Токтом мамлекеттик маанидеги буйрук, көрсөтмөнү аткаруу боюнча кабыл алынган нормативдик документ. Ал республиканын Өкмөтү, министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтери жана башка аткаруу түзүмдөрүнүн башкаруу органдары тарабынан пландык иш-чараларды, көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу үчүн чыгарылат. Токтом жазуу формасына, түзүмүнө жана аткаруу мөөнөтүнө карай 2 түргө бөлүнөт:  Кыска мөөнөттүү токтом (маданий иш-чара, белгилүү күнгө, кампанияларга арналган тапшырмаларды аткарууга багытталат);  Узак мөөнөттө аткарылуучу токтом (узак мөөнөттө аткарылуучу, мамлекеттик маанидеги чоң көлөмдөгү иш-чараны аткарууга багытталат).  

Токтом (Постановление)

Токтом мамлекеттик маанидеги буйрук, көрсөтмөнү аткаруу боюнча кабыл алынган нормативдик документ. Ал республиканын Өкмөтү, министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтери жана башка аткаруу түзүмдөрүнүн башкаруу органдары тарабынан пландык иш-чараларды, көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу үчүн чыгарылат. Токтом жазуу формасына, түзүмүнө жана аткаруу мөөнөтүнө карай 2 түргө бөлүнөт:

  • Кыска мөөнөттүү токтом (маданий иш-чара, белгилүү күнгө, кампанияларга арналган тапшырмаларды аткарууга багытталат);
  • Узак мөөнөттө аткарылуучу токтом (узак мөөнөттө аткарылуучу, мамлекеттик маанидеги чоң көлөмдөгү иш-чараны аткарууга багытталат).