СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Иш-чаранын планы

Категория: Директору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Иш-чаранын планы»

Сценарий

Өткөн тарыхы

Тазагул: 1. Мектеп 1976-жылы райондук курулуш уюмунун конторасы үчүн курулган имаратка толук эмес орто мектеби «Кыргызстандын 60 жылдыгы» деген аталышта ачылган, андан кийин 1983-жылы «Бобур» орто мектеби болуп өзгөргөн.

1998-жылы бүтпөгөн бала бакча проектисинде курулган имаратты мектепке ыңгайлаштырылып 240 орундуу мектеп ишке киргизилген.

Гулмайрам: 1999-2000-окуу жылында ата-энелердин өтүнүчү менен кыргыз классы ачылып, өзбек улутундагы 17 окуучу 1-класска кабыл алынган

Азизбек : Мектепке 2004-2005-окуу жылында Абдусаттар Абдуллаевдин ысмы берилген.

Захра: 2011-жылдын баштап окутуу толугу менен кыргыз тилинде жүргүзүлүп баштаган.

Майрам: Ошол күндөн баштап окуучуларыбыз кыргыз тилинде так сүйлөп, көркөм окуп, ыр ырдап, бий бийлешип кыргыз тилине болгон сүйүүлөрү артып келет.

Хаким: мугалимдердин мээнети менен мектеп түптөлгөн. Мамлекеттик, жергиликтүү бюджеттен жана ата-энелердин жардамы менен мектептин абалы жакшырды.

Тазагүл: Жылдан –жылга мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында алгылыктуу иштер аткарылган.Бул мектепте көп улуттун балдары бири-бири менен достукта жана ынтымаклуулукта тарбияланууда.

Гулмайрам: Бирдиктүү билим жана тарбия берүүдө, инсандын өнүгүүсүн жана калыптануусун камсыз кылууда чыгармачылык иш чаралар уюштурулуп келген. Буларга мектебибибизде облустук, райондук, зоналык деңгээлде өткөрүлгөн семинарларды айтсак болот.

Азизбек: 2017-2018-окуу жылында мектепке 12млндук республикалык бюджеттен спорт зал курулган. Спортко болгон сүйүүбүз артып, ден соолугубузду чыңдоо менен ийгиликтерди багындыруудабыз. Спорттогу жетишкен ийгиликтерибиз көп. М.: баскетбол, күрөш, футбол оюндарында. Быйылкы окуу жылында баскетбол оюну боюнча кыздар жана балдар командалары шаар биринчилигинде 1-орунду камсыз кылышты.

Эки баскетболчу кызыбыз райондук терме команда менен Бишкек шаарында өткөрүлгөн баскетбол таймашына катышып келишти.

Андан кийин Ош шаарында өткөрүлгөн эл аралык баскетбол оюнуна катышышып, кыздар жана балдар командаларыбыз 2-орунду ээлешти.

Өзбекстан Республикасынын Номанган шаарындагы өткөрүлгөн эл аралык баскетбол туриниринде окуучубуз Ахунжанов Абдурахман райондук терме командада ойноп 2-орунду ээлешти. Футбол боюнча 5-6-класстар ортосунда уюштурулган шаар биринчилиги оюунунда 3-орунду ээлешти.



Захро: Ошондой эле биздин олимпиадада жетишкендиктерибиз: 2019-2020- окуу жылында 8-класстын окуучусу Ахмаджанова Рухшона информатика предмети боюнча зонадан 1-орунду камсыз кылды.

2020-2021-окуу жылында Орунбаева Шахиста кыргыз тили жана адабияты сабагынан областык турга жолдомо алган.

2021-2022-окуу жылында Казиев Адина кырыг тили жана адабияты сабагынан райондук турда 2-орунду ээледи. Ушул эле жылы информатика сабагынан Исмаилжанов Азизбек райондук турга өттү.



Азыркы тарыхы

Тазагул: Мектептин материалдык-техникалык абалы жакшы. Мектеп 17 окуу каанасы, спорт зал, актовый зал, китепкана, ашкана бар.

Биздин мектеп кесипке багыт берүү максатында – аз мөөнөттү кесип үйрөтүүчү курстар менен кызматташабыз. Кыздар үчүн кондитер,чеберчилик, уул балдар үчүн ширетүүчү кесиптик багыттар бар. Андан сырткары кесипке багыт берүү боюнча Германиялык долбоордун катышуучусу бодук. Бул долбоордун максаты- окуучулар келечекте өзүнө жаккан, мүнөзүнө төп келген жана сүйүп иштей турган кесипти тандап алуу.

Ушул долбоордон кийин атайын сертификат берүүчү жана жумушка жайгаштыруу курстары менен кызматташууну максат кылып койдук.

Гулмайрам: Мектепте 50 мугалим эмгектенип келет. Окуу тарбия процессинде заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу окутуунун баскычтарына, талаптарына жооп берүүчү сапаттуу билим жана тарбия берип келүүдөбүз.

Биздин бүтүрүүчү окуучуларыбыз чет өлкөлөрдө: Египетте, Турцияда, Кореяда , Болгарияда, Америкада ар кандай кесиптерде, өз кесиптерин сүйүп иштеп келүүдө.

Захра: Азыркы күндө мектепте 1071 окуучу билим алууда. мектебибизде 2014-жылдан бери “улуттук фольклордук ансамбли” түзүлүп, анда көп улуттун балдары комузда кол ойнотуп кыргыз күүлөрүн, обондуу ырларын созолото ырдап. Ар кандай райондук, шаардык деңгээлдеги иш чараларга катышып байгелүү орундарга ээ болуп келүүдөбүз.Элибиздин үрп-адаттарын, каада – салттарын, элдик оозеки чыгармаларын аткарып, бийлеп үйрөнүп келебиз. Кечээ күнү бийчи кыздарыбыз Ош шаарына барышып ЭЛТР теле каналында “Биз бактылуу балдарбыз” аттуу программасына тартылып келишти.



Майрам: Жыл сайын окуучу саны 100-150 гө чейин окуучу саны өсүп барууда. Окуучуларыбыз жогорку, атайын билим берүү мекемелеринде билим алууну улантууну каалагандардын саны жылдан-жылга ашууда. Жогорку окуу жайларынын жеткечилери тарабынан, окуучуларыбыздын жетишкендиктери үчүн мектеп жамаатына “ыраазычылык каттар” берилди.

Хаким: Быйылкы жылы шаар мэриясы кошумча имараттын проектиси үчүн 500миң акча каражатын бөлүп берди жана проект даяр болуп жогору жакка жөнөтүлгөн.



Мына ушинтип аздан салым кошулуп отуруп, алдыга койгон максаттарды багындыра бермекчибиз. Чыгармачылык, изденүүчүлүк менен билим –тарбия берип, келечек жаштардын өсүп өнүүгүүсүнө салымыбызды кошуп, аткарган иштерибиздин натыйжасында өлкөбүзгө Ала-Тообуздай бекем, инсандык сапаттары бийик, эл керегине жараган жана элине кызмат кылган, мекенчил, келечек ээлерин окутуп тарбиялоо биздин милдет деп эсептейбиз!