Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи
Информатика
8- класс
Асаналиева Чолпон Зарылбековна
Тема: Интернеттин жайгашышы.
К мпьютердин -дареги
Интернет кандай жайгашат?
Интернет дегенди кандай түшүнөсүңөр?
Интернет - (англ. Internet лат. inter аралык жана англ. net тармак, желе),
эл аралык (бүткүл дүйнөлүк) электрондук байланыштардын компьютердик тармагы.
Интернет региондук, улуттук, локалдык жана башка тармактарды байланыштырып турат. Айрыкча илимий техниканын өнүгүшүнө жана маалымат алмашуунун өнүгүшүнө бир топ өбөлгө түзөт.
Интернеттин пайда болуусу жана өнүгүүсү ар кандай тарыхый факторлор менен жана себептер менен шартталган. Компьютер жаралгандан кийин: маалымат алмашууну тез жана жоготуусуз бир тармака бириктирүү жөнүндө жаңы бир ой (идея) пайда болгон.
Б ул тармактын максаты, негизинен компьютердин жаңыча байланышуусу, б.а бир гана серверге көз каранды болбостон, ЭЭМ үчүн таптакыр жаңыча байланышуу болгон.
Бул тапшырманы ARPA деп аталган, АКШнын изилдөө долбоорлорунун өзгөчө татаал агенттиги алып, жигердүү салым кошушкан жана АКШнын өкмөтү тарабынан каржыланган.
Интернеттин тарыхы.
Интернет (англисче: Internet ) —бул өз ара желе (сеть) аркылуу бириктирилген компьютердик тармактардын бүткүл дүйнөлүк желеси.
Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда болуу тарыхы XX-кылымдын экинчи жарымына барып такалат. 1957-жылы АКШнын коргоо министрлигинин алдында уюшулган Алдыңкы Изилдөө Долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институттардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат. Интернеттин бул алгачкы түрү биринчи Арпанет деген аталышта дүйнөгө жайыла башайт.
1957-жыл. ARPANET
Биринчи компьютердик тармак ARPANET деп аталып, АКШнын төрт илимий мекемесин бириктирген. Бул мекемелер Коргоо министрликке алдыңкы катардагы технологияларды иштеп чыгышкан.
Алгачкы билдирүү ARPANET түйүнүнө
LO деген тамганы жиберүүдөн башталат.
Чындыгында LOGIN деген сөздү жөнөтүү пландалган. Бирок эки тамгадан кийин түйүн менен компьютердин ортосундагы байланыш үзүлүп кеткен.
1982-жылы Арпанет TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан. 1983-жылы ARPANET маалымат берүүдө жалпы протоколду (TCP/IP) түзгөндөн кийин " Интернет " деп аталат.
1988-жылы кыскача тексттик
билдирүүлөр (чат) менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон. 1990-жылы интернет "Дүйнөлүк желе» деп аталат. Анткени бир эле компьютерден дүйнөнүн булуң-бурчундагы маалыматтар менен таанышууга жол ачылган.
Компьютердик желе деп
бири-бири менен атайын
каражаттар аркылуу өз-ара байланышкан, эң аз дегенде эки компьютерден турган маалыматты бөлүштүрүп иштетүүчү системди айтабыз. Башкача айтканда, желе бул өз-ара байланышкан жеке компьютерлердин жана башка электрондук эсептөөчү түзмөктөрдүн (принтер, факсимил аппараттары, модем, роутер ж.б.) жыйындысы.
Жеке колдонуучуларга бири-бири менен байланышуу, кесиптик маселелерди чечүү, ресурстарга чогуу мүмкүндүк алуу, сакталган маалыматтарды аралыкта колдонуу сыяктуу маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Желеге кирген компьютерлер төмөнкү функцияларды аткарышат:
- Желеге мүмкүнчүлүк алууну уюштуруу;
- Маалыматты берүүнү уюштуруу;
- Электрондук ресурстарды берүү жана желе колдонуучуларына кызмат көрсөтүү.
- World Wide Web (WWW, Web), б.а.дүйнөлүк желе бул дүйнө жүзүндөгү маалыматтарды издөөдө, электрондук саякат жасоого мүмкүндүк берет.
Учурда WWW интернеттеги эң таанымал издөө системине кирет. Дүйнөлүк желе, аты айтып тургандай эле керектүү суроонун жообун, кызыктырган теманы жана башка көптөгөн маалыматтарды баскычтын бир басымы менен таап берүүчү систем.
Интернеттин жайгашышы.
Кыргызстанга интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Алгач болуп интернет баракчаларын чектөөгө алуу 1999-жылдан баштап катталган. Бул жылдардан тартып, Кытайда, Сауд Арабиясында, Иран, Египет диний жана саясий көз караштарга туура келбеген сайттарга чектөөлөр киргизилген.
Алгач пайда болгондо коммуникациялык технологиялардын ичинен радио 38 жылдын, телевидение 13 жылдын ичинде дүйнө боюнча 50 миллион угарман жана көрөрман топтосо, интернет пайда болгондон кийин 5 жылдын ичинде гана 50 миллион колдонуучусун топтой алды. Натыйжада интернет дүйнөдөгү эң бат жайылган жана эң оперативдүү маалымат булагына айланды.
IP-дарек деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?
Компьютердин IP-дареги
IP - дарек – бул компьютердик тармактагы ар бир компьютердин дареги.
IP-даректер экиге бөлүнөт
IP-адрестер экиге бөлүнөт
Ички IP-дарек
Тышкы IP-дарек
Ички IP-дарек локалдык компьютердик тармактын ичинде гана сиздин компьютеринизге тиешелүү болгон IP-дарек эсептелинет.
Тышкы IP-дарек – бул бүткүл дүйнөлүк интернет тармагында сиздин компьютеринизге тиешелүү болгон IP-дарек эсептелинет.
- IP-дарек (Internet Protocol Address) – интернет тармагында түйүндү таануу үчүн колдонулган 32-биттүү дарек. Тармактын ар түйүнүнө тармактын жана түйүндүн идентификаторлорунан түзүлгөн IP-дарек бекитилет.
- IP-дарек эки бөлүктөн турат: тармактын номери жана түйүндүн номери.
- IP-даректин 4 версиясы өзүнө 32 битти камтыйт. Алар 0 дон 255 ке чейинки сандарды камтыйт. IP–дарек – 4 бөлүктөн турган номер, мисалы: 192.168.0.3. түрдө болушат.
- Ар бир Интернетке кошулган компьютер, уникалдуу номерге ээ – IP-дарек.
- Локалдык тармактарда колдонулган IP-даректер жеке даректерге кирет.
Компьютердин IP-дареги:
195.85.102.14 .
Интернет тармагынын 195-түйүнү
14-биз иштеп жаткан компьютердин IP дареги
195-тармак астындагы
85-түйүнү
85-тармак
астындагы
102-түйүнү
Кызыктуу маалыматтар:
- Куба мамлекетинде бүткүл дүйнөлүк желени (интернетти) бир гана доктурлар колдоно алышат.
- WWW кыскартылган сөзү англис тилинде World Wide Web деп чечмеленет. Ал эми кыргызча Бүткүл дүйнөлүк желе.
Өз алдынча тапшырма
- Интернеттин тарыхы боюнча маалымат?
- IP-дарек деп эмнени айтабыз?
- IP-даректин кандай түрлөрү бар?
- IP-дарек канча бөлүктөн турат жана кандай?
Суроолорго жооп жазабыз.
Көңүл бурганыңыздар үчүн
чоң рахмат!