Просмотр содержимого документа
«Интерактивдүүлүк деген эмне?»
1.Интерактив-( англ.inter-өз ара,act-иш аракет) кимдир бирөө менен иштешүү,аңгемелешүү, диалог жүргүзүү кырдаалы.Бул усул окуучулардын мугалим менен эле эмес, өз ара да кыйла кеңири иштешүүсүнө, окуу процессинде окуучулардын демилгелүү болушуна ылайыкталат.Интерактивдүү сабактарда мугалим окутуу жана тарбиялоо максатына жетүү үчүн окуучулардын ишмердигин багыттап гана турат.
Мугалим окуучу үчүн мугалим эмес, фасилитатор- жеңилдетүүчү көмөктөшүүчү,жагымдуу маанай түзүүчү, окуучуну изденүүгө түртүүчү, даяр жоопту бербестен аны табууга ылайыктап шарт же суроо табуучу, өзгөчө эмпатиялуу алып баруучуга окшош адам. Билим алууда окуучу активдүүлүк көрсөтүү керек, бирок алардын активдүүлүгүн курчутуу фасилитаторго көз каранды. Керек болсо чыр –чатакка (конфликт-тараптардын кызыкчылыктарынын карама –каршы келүүсү) чейин алып барып ,кайра аларды консенсуска алып келүү.
Тилекке каршы интерактивдүүлүк метод деген эмне десе эле ,класстер түздүрүү,топко бөлүп иштетүү, инсерт ж.б. жоопторду угабыз.
Жогорудагы методдорду колдонууда окуучулардын активдүүлүгү байкалбай мугалимдин активдүүлүгү же диктаты орун алуу менен өтүлгөн мындай сабактар педагогикалык кызматташууга кирбейт. Тескерисинче жалпы педагогикалык, жалпы логикалык классикалык методдордо деле окуучунун кызыкчылыгын, сунушун,ой пикирин талкуулоо менен алардын эркин ой-жүгүртүүсүнө кысым жасалбай даяр жоопту гана талап кылбай, аңгемелешүү, диалог ж.б. методдор менен өтүлгөн сабак деле интерактивдүү усулдар менен өтүлгөн сабак болуп эсептелет.
2. Интерактивдүү усулдардын бири калыптандыруучу баалоо ( мындан ары к.б. ):
Окуучунун жанында туруп окуучуну ийгиликке жетелөө .к.б. баа коюлбаган баалоо. К.б.окуучунун өзүнүн билим алуусундагы кемчилигин көрүп, оңдоосуна өбөлгө болот. Эгерде бааланса критерийлерге негизделип окуучунун өзү тарабынан же башка окуучулар тарабынан бааланат. Бири-бирин баалоонун кемчиликтери да бар . Бул методду кылдаттык менен, окуучулар критерийлерди так билгенде гана кээде, көп эмес колдонулушу керек. К.б. окуучулардын өздөрүн сыйлоосуна терең таасир этип, өз кезегинде кемчиликтерин моюнга алуусун шарттайт. Окуучу менен мугалимдин ортосунда кайтарым байланышты жакшыртып мугалимди издендирип, жаңы методдордун жаралуусун пайда кылат.