Бекитемин
Абылгазы уулу Ишеналы атындагы
орто мектебинин диреторунун
милдетин аткаруучу Н.Ажыбекова
Абылгазы уулу Ишеналы атындагы орто мектебинин 2019-2020-окуу жылына информатика мугалими Темирбек кызы Мединанын инклюзив балдар менен иштөө планы.
| № | Аткарыла турган иштин мазмуну | Мөөнөтү | Ким аткарат |
| 1 | Күнүмдүк сабакка катышын көзөмөлдө | Дайыма | Кл. жетекчи |
| 2 | Аяр мамиле кылуу | Дайыма | Кл.жетекчи |
| 3 | Инклюзивдик билим берүүдөгү интерактивдүү техналогияларды колдонуу | Дайыма | Кл.жетекчи |
| 4 | Тапшырмалардын жеңилдетилген түрүн берүү | Сабак учурунда | Кл.жетекчи |
| 5 | Социалдык колдоо көргөзүп туруу | Дайыма | Кл.жетекчи |
| 6 | Сабактарга кызыктыруу үчүн дифференциалдык методдорду колдонуу | Дайыма | Кл.жетекчи |
Мугалим: Темирбек кызы Медина
Абылгазы уулу Ишеналы атындагы орто мектеби
ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ
“Балдарды сактайлы”
ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ
* Атайын жардамга муктаж балдар коомдогу жашоо шартка , жынысына, жашына, кабыл алуусуна, улутуна карабастан жалпы билим берүүчү мектептерде кошулуп билим алуусун белгилейт.
“Инклюзивдик билим ” деген эмне?
Инклюзив- түздөн түз котормосу бул «кошуу»
ИБ билим тармагынын ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ылайыкташуусу дегенди билдирет
ИБ адамдардын, анын ичинде балдардын билим алышына жолтоо болуучу толскоолдуктарды жоюу менен балдар жамаатындагы бардык балдардын көйгөйүнө, артта калганына, жашына, жынысына карабастан өз карамагына камтуу.
Инклюзивдик билимдин максаты:
Ар түрдүүлүккө жооп берүү менен бардык балдардын укугу менен жөндөмүн сыйлаган билим тармагын түзүү.
Эң түпкү максаты инклюзивдик коомду түзүү.
Инклюзивдик коомдун , социалдык адилеттик менен теңчиликтин кеңири маанидеги стратегиясына салым кошуу.
* Балдарга тоскоолдук болгон кыйынчылыктарды жеңүү .
Инклюзивдүү билим берүүнүн негизги фактору
Бардык балдар окууга жөндөмдүү.
Инклюзивдүү коомдун түзүлүшүнө жардам берүү жана коомдук адилетүүлүктү жана теңдүүлүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
Мектептерде инклюзивдүү билим берүү окутуу балага багытталганын түшүндүрөт. Окуу процессинде ар бир баланын муктаждыктары жана керектөөлөрү бар экендигин эске алат.
Инклюзивдик билим берүү-өзгөчө муктаждыктагы балдардын чектөөлөрүн жоет.
Инклюзив деген француз тилинен кабыл алынган экен. «Кошом, кошулам» деген маанини билдирет. Инклюзивдик билим берүүнүн негизги идеологиясы – бардык балдарды дискриминациялоону жоюу болуп саналат. Башкача айтканда тил, улут, дене өсүшү, интеллектуалдык, психикалык өгөчөлүктөрүнө карабастан бардык балдарды билим берүү системасына кошуу болуп саналат. Ошол эле учурда аларды жалпы билим берүүчү мектептерге кошуп койбостон, аларга атайын шартты түзүп берүү негизги максаты болуп эсептелет.
Мисалга, интеллектуалдык жактан жетишпеген бала болсо, ага атайын программа түзүлүш керек, мугалим тарабынан өзгөчө мамиле болуусун, окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл. Мунун баары инклюзивдик билим берүүдө каралган. Инклюзивдик билим берүү десе эле көпчүлүк ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү деп ойлошот. Бирок андай эмес. Бул кандайдыр бир себептер менен билим берүүдөн артта калып калган, ата-энеси мигрант болуп башка жактарга кетип калган балдар, же болбосо социалдык шарттардан улам жашоону оор кырдаалдарына туш болгон балдар, качкындардын, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Буларга өзгөчө билим керектөөлөрү талап кылынат. Ушундай абалдагы балдардын бардыгына өзгөчө көңүл буруп, шарттарды түзүп, кадимки билим берүү системасына кошууну – инклюзивдик билим берүү деп айтабыз.
Инклюзивдүү билим берүүнүн программаларына жараша окутуу усулдары балдардын керектөөлөрүнө жооп бере тургандай болуп өзгөрүп өнүгүшү мүмкүн.
Ошондуктан мындай билим берүү бардык мектептер үчүн дал келет, бирок кээ бир мектептер балдар үчүн дал келбей калышы мүмүкүн.