Просмотр содержимого документа
«Информатика 7-класс»
Текшерилди: ________________Окуу бөлүм башчысы: Юсупова Мунавар
Предмети: Информатика Өтүү мөөнөтү: 14.01.2020-ж
Сабактын темасы: Компьютердин программалык жана аппараттык жабдылыштары.
Негизги компетенттүүлүк:
Маалыматтык.
Социалдык-коммуникациялык.
Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү.
Предметтик компетенттүүлүк: Маалыматтарды таанып билүү, колодонуу, мисалдарды иштөө жана компьютер мене иштөөсүн, элементи м-н жаза билүү, түшүнүгүн тереңдетүү жана бышыктоо компетентүүлүгү.
| Сабактын максаты | Көрсөтүчтөр |
| 1. | Билим берүүчүлүк | Окуучулар Компьютердин аппараттык жабдылыштары жөнүндө | Эгерде: жооп берүүдө далилдүү сүйлөп, айткан маалыматтарын турмуш менен байланыштыра алса; |
| 2. | Өнүктүрүүчүлүк | Компьютердин аппараттык жабдылыштары жөнүндө тереңирээк түшүнүшсө | Өз билимин көрсөтүүдө компьютердин аппараттык жабдылыштары аркылуу билимдерин көрсөтө алса; |
| 3. | Тарбиялык | Компьютердин аппараттык жабдылыштары менен бирге коюлган маселелерди чечүүн жолдорун билишсе | Жуп менен иштөөдө бири-биринин пикирин урматтаса, өз ойлорун даана ачып бере алышса, коюлган маселелерди чечүүнүн жолдорун табышса сабак максатына жетет. |
Сабактын тиби: интеграцияланган сабак
Сабактын усулу: инновациялык усул
Сабактын формасы: жуптарда иштөө.
Сабактар аралык байланыш: физика, математика, тарых ,география ж.б.
Сабактын жабдылышы: слайд, техникалык каражаттар ж.б.
Сабактагы жаңы түшнүктөр: Компьютердин аппараттык жабдылыштары, компьютер, ж.б.
Сабактын узактыгы—45 минута. Убакыттын бөлүштүрүлүшү
Уюштуруу ——4 минута
Үй тапшырмасын суроо——5 минута
Жаңы тема——7 минута
Жуптар менен иштөө——5 минута
Слайд менен иштөө——15 минута
Бышыктоо——7минута
Баалоо—1 минута
Үй тапшырма—1 минута
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: класста жагымдуу жагдай түзөм, класстын санитардык гигиеналык абалына көңүл буруу, окуучулардын окуу куралдарын толуктап жана сабакка даярдап. Түзүлгөн «алтын эрежени» эске салам.
Кайталоо Информацияны алуу, өзгөртүү, берүү, сактоо жана сактоо
Жаңы тема менен тааныштыруу: Компьютердин аппараттык жабдылыштары.
Акыл чабуулу :
- Аппараттык жабдылыштары дегенди кандай түшүнөсүнөр?
- Аппараттык жабдылыштары кайсыл жактан алабыз?
-Турмуш менен байланышы барбы?
Жаңы теманын мазмуну:
Аппараттык жабдылыштары – Компьютерди түзүүчү физикалык жабдылыштар. Аларды көрүүгө жана тийүүгө болот.
Аппараттар
Системалык
Киргизүүчү (клаиатура, мышь, сканер,ж.б.)
Чыгаруучу (экран, принтер)
Сактоочу (CD-ROM, флешка)
Системалык аппараттар компьютердин кутусунун ичинде жайгашкан. Бул аппараттар маалыматты иштетүү үчүн колдонулат.
Компьютерге маалыматты киргизүү үчүн колдонулат.
Компьютердеги маалыматтын жыйынтыгын көрсөтөт.
Маалыматты сактоо үчүн колдонулган аппараттар.
Жуптарга суроо:
-Кана айткылачы, Компьютерге маалыматты кантип киргизебиз?
Слайд көрсөтүлүп, балдардан суроо жооп иретинде тема бышыкталат:
———Карагылачы, слайддагы сүрөттөр аркылуу жооп беришет
Баалоо: окучуларды жекече баалоо
Азаматсыңар, эми силерге үй тапшырма: Компьютерге маалымат киргизүү