Индия. Улуу Моголдор дөөлөтү
Шайыкова Бегимай
Индия мамлекети Азиядагы ири өлкөлөрдүн бири болуп саналат.Ал Индостан жарым аралында жайгашкан
Индиянын түндүк-батышында
Пуштундар
Кашмирлер
синдхилер
пенджап
(оогандар)
Уруулары жашаган
Индиянын батыш бөлүгүндө
Ганг дарыясынын аймагында
Хиндустар
Маратхилер
ражастханилер
гужараттар
бихарлар
отурукташкан
Индия колөнөрчүлүк жана жер иштетүү боюнча өнүккөн өлкө болгон.Индиянын шаарлары чоң жана керемет шаарлар болгон.
Илимдин өнүгүшүндө Индиянын эли абдан чоң салым кошкон. Индияда өзгөчө математика, медицина, астрономия өнүгүүнүн жогорку чегине жеткен. Мисалы:
Ондук система
Араб сандары деп аталган индиялык сандар
Фигуралар менен нерселердин көлөмүнүн эсебин чыгаруу
Индиянын архитектурасы курулуштардын таң каларлыктай ар түрдүүлүгү менен айырмаланган.Орто кылымдарда көп храмдар жана сарайлар сакталып калган.
Храмдардын жанына пилдер менен аттардын статуяларын орнотушкан,ал эми храмдардын ичине колодон куюлган же таштан чечилген көп колдуу кудайлардын зор статуяларын жайгаштырышкан.
XIIIк. баштап Индиянын архитектурасына мусулман басып алуучуларынын искусствосу чоң таасир берген.Башкаруучулар сарайларды,мечиттерди жана заңгыраган күмбөздөрдү курушкан . Агра шаарындагы Таж-Махал күмбөзү бүткүл дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон.
Моголстандан(кк. Орто Азиянын чыгыш бөлүгү;»могол»-Иранда моңголдорду ушундайча аташкан)чыккан,Темирландын урпагы Бабур 1526-ж Индияга басып кирген.
Бабур Захиреддин Мухаммад(1483-1530)Индиядагы Улуу Моголдор династиясынын негиздөочүсү,акын,тарыхчы жана ойчул.12жашында такка отурган.1504-ж Шейбани хандын тушунда көчмөн өзбек уруулары Орто Азиядан кууп чыккандыктан, Ысар тоолору аркылуу Афганистанга кетүүгө аргасыз болгон.Кабулдун Түндүк Батыш Индияга жортуул жасап,ал жерде Улуу Моголдор династиясын(1526-1858)негизделген.
Адамзат тарыхына билимдүү өкүмдар,тарыхчы жана жана акые катары кирген, белгилүү»Бабур-наменин» автору Бабур Индияны узакка деле башкарган эмес . 1530-ж.анын ордуна уулу Хумаюндун такка отурган.Бирок бир туугандардын так талашышы мамлекетти алсыраткан, мүмкүнчүлүктөн колдонуп Фарид Шер хан башкарган
Фарид Шер хан такка отурган соң «шах» титулун алган шах Шер беш жылдык бийлик жүргүзүүсүндө(1540-1545)борбордук бийликти чыңдоо үчүн көп аракет кылган Делини Бенгалия,Ражпутана,Инди менен туташтыруучу магистралдык кербен жолдорун салдырган Мамлекеттик башкаруу системасын күчкө киргизип индустарды абройлуу кызматка коюу менен алардын статусун жогорулаткан Шер шахтын көз жумушу Хумаюн үчүн такты кайра кайтарып алууга мүмкүнчүлүк пайда болуп,такты кайра өзүнө кайтарган. 1555-ж. Делидеги тактысын кайра кайтарып алган соң Хумаюн күтүүсүз кырсыктан улам кайтыш болот бийлик анын 13 жашар уулу Акбарга өткөн
Акбар падышанын башкаруу жылы 1556-1505 жылдарды камтыйт. Бул жылдар Улуу Моголдор империясынын «алтын доору»болгон.Пенджап менен кошо түндүктөгү бийлигин жакшылап чыңдапалгандан көп өтпөй эле,Акбар Раджпут аскерлеринин көпчүлүгүнүн колдоосуна таянып,бүткүл Раджпутанага ээлик кылган. Ага удаа эле Гондвана, Гужарат, Бенгалияны, Кашмирди,Ориссаны кошуп алган.
Акбардын уулу Жегангир1605-1627жылдары бийлик жүргүзгөн
.Атасынывн жолун жолдоп, Деканга жана Пенджабдагы синдхилерге каршы согуш ачкан. Ассамдан Жехангирдин аскерлери жеңилип калганы менен уулу Жахандын Ахмаднагар султанынын кубаттуу армиясын талкалоосу эң чөн жеңиш болгон
Жахан шах 1627-1658-жылдары такка отурган согуштук жортуулдарын улантып акыры
1632-жылы. Ахмаднагарды толугу менен каратып алган. Бижапур менен Голкондо Моголдорго вассал катары көзкаранды болушкан.Ошентип бул Индия Улуу Моголдор империясынын астында калды дегенди билдирген
Жогоруда айтып өткөн Таж-Махал күмбөзү дал ушул Шах Жахандын буйругу менен салдырган.
Шах Жахандын уулу Аурангзеб канкор болуп чыга келип, атасын зынданга отургузуп такты талашкан.1658-1707 жылдары бийлик жүргүзүп тарыхта жаман жагы менен кана сакталып калган. Аурангзеб индустарды да шийиттерди да куугунтукка алып храмдарын талкалаган. Салык салуу кайрадан күчөтүлгөн,өлкөнү ачарчылык каптап, кризистик кырдаал түзүлгөн.Кээ бир маалыматтарга караганда 1702-17-4 Деканда 2млнго жакын адам кырылган
Ал дүйнөдөн өтөөрү менен Улуу Моголдор империясы Индиядагы күчтүү мамлекеттин болушун каалабаган уруулардын тыткынында калган.Алардын арасында Англдар алгачкылардан болоору шексиз эле.
Империянын кулаган датасы 1707-жыл деп белгиленсе да,формалдуу түрдө англдардын тушунда бир жарым кылым бою өкүм сүргөн.
Суроолорго жооп бергиле!
- Улуу Моголдор династиясы кайсы жылы?Ким тарабынан негизделген?
- Улуу Моголдор династиясынын» алтын доору» кайсы жылдарга туура келет?
- Акбар Шахтын башкаруу мезгилинде мамлекеттеги өзгөрүүлөр?
- «Таж-Махал» күмбөзү тууралуу окуу китебинен сырткаркы маалымат...
- Династиянын кулашынын себептери?