СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Геометрия 8 класс тема: Ромб

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Геометрия боюнча  сабактын планы

Просмотр содержимого документа
«Геометрия 8 класс тема: Ромб»

Сабак 5

Предмети: геометрия

8-класс

1-чейрек

Мугалим: __________

Текшерди:__________

Сабактын темасы:

Ромб

Сабактынтиби:

Жаңы билимди өздөштүрүү

Колдонулуучу усулдар

жана ыкмалар:

интерактивдуу.Өз алдынча иштөө, жупташып иштөө. Мээге чабуул ж.б.

Өзүн-өзү баало, калыптандыруучу, диагностикалык баалоо

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар:

окуу китеби, сүрөттөр, проектор, интерактивдүү доска ж.б Султанбаев “Геометрия 8-кл”

Негизги копетенттүүлүктөр:(НК 1) ,(НК 2) ,(НК 3)

Предметтик компетенттүүлүк

        • 1.Маалыматтык компетенттүүлүк (НК 1) (ПК1)

        • 2.Социалдык коммуникативдик комп (НК 2 (ПК2)(ПК3)

        • 3. “Өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү”(НК3)(ПК4)

Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөр,Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчүлүк максаты:


Ромб жонундо тушунку алышат. эрежесин билет. Мисалдарды иштегенди уйронушот

Мисалдарды чыгарууда эрежелерди колдонот.

Өнүктүрүүчүлүк максаты:


Мисалдарды чыгаруу аркылуу билим, билгичтиктерди бышыктайт.кондумдору калыптанат

Өз алдынча мисалдарды чыгаруу менен түшүндүрүп бере алат

Тарбиялоочулук максаты:


Тырышчаактыкка, жоопкерчиликке, кол көтөрүп сүйлөөгө тарбиялоо

Окуу куралдарын туура пайдаланууга тарбияланат

Сабактын жүрүшү:

Этап

убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттүүлүк, баалоо

((НК)

( ПК)

Уюштуруу,

3-мүн

  • Саламдашуу

  • Класста жагымдуу жагдай түзүү

  • Окуучуларды жоктоо

  • Окуу куралдарын толуктоо

  • Физикалык чөйрө түзүлөт.

Сабакты жакшы кабыл алууга өбөлгө түзүлөт





Өтүлгөн сабакты кайталап үй тапшырмаларын текшерүү жана окуучу түшүнбөй калган жерлерин кайра түшүндүрүрүп берүү

  • Өтүлгөн материал боюнча билимдерин тереңдейт.

  • Өзүн-өзү баалайт






Акыл гимнастикасы окуучуларга суроо:

  1. Кандай параллелoграмм тик бурчтук деп аталат?
    2) Тик бурчтуктун кандай өзүнө мүнөздүү касиети бар?
    3) Тик бурчтуктун белгисин туюнт.

  • Аң сезими ойгонот

  • Ойлонот

  • Изденет

  • Табат








Ромб жанa анын касиеттери.
Аныктама. Жактары барабар болгон параллелoграммга ромб дейилет (1-сүрөт).
Ромб параллелoграммдын жалпы касиеттерине ээ болгон түрдө дагы
төмөнкү касиетке да ээ.
Ромбдун диагоналдары өз ара перпендикуляр жанa ромбдун бурчтарын тең экиге бөлөт.
Далил. ABCD – берилген ромб (2-сүрөт), O – анын диагоналдары кесилишкен чекит болсун. AC⊥BD жанa ар бир диагонал ромбдун тиешелүү
бурчтарын тең экиге бөлүшүн (мисалы, ∠BAC =∠DAC) далилдейбиз.
Ромбдун аныктамасы боюнча, AB= AD, ошондуктан BAD – BD
негиздүү тең капталдуу үч бурчтук болот. Ромб параллелoграмм болгондуктан, анын диагоналдарынын кесилишүү чекитинде тең экиге бөлүнөт,
б. а. BO = OD. Демек, AO – тең капталдуу BAD үч бурчтугунун медианасы. Тең капталдуу үч бурчтуктун касиети боюнча, анын негизине жүргүзүлгөн медиана бийиктик да, биссектриса да болот. Ошондуктан, AC⊥BDжана ∠BAC =∠DAC. Ушуну далилдөө талап кылынган эле

1-маселе. ABCD ромбдун BD диагоналы жагы менен 35° туу бурчтутүзөт. Анын бурчтарын тап.
Чыгаруу. ∠ABD= 35°, дейли (3-сүрөт). Анда ∠CBD= 35° (ромбдун
касиети боюнча). ∠ABC=2∠ABD= 2·35°=70°, ∠ADC =∠ABC =70°
(параллелoграммдын 2-касиети боюнча), ∠DAB =180° –∠ABC (параллелограммдын 1-касиети боюнча). Демек, ∠DAB=180°–70° = 110°,
∠BCD=∠DAB= 110° (параллелoграммдын 2-касиети боюнча).
Жообу: 70°, 110°, 70°, 110°.
2-маселе. Ар түрдүү ромбдордун периметрлери барабар болушу мүмкүнбү?
Чыгаруу. Периметрлери барабар болгон ромбдор бири-бириненбурчтары менен айырмаланат. Эгерде ромбдун тар бурчу: 1) 40° ка барабарболсо, анда калган бурчтары тиешелүү түрдө 140°, 40°, 140° болот; 2) 15° ка барабар болсо, анда калган бурчтары тиешелүү түрдө 165°, 15°, 165°
болот жанa у. с. Ошондой эле ,тар буртун ордуна турдуучо кен бурчтар алууга болот.Жообу ооба,мумукун

Уйго тапшырма:22.2 Конугуу