СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физика сабагынан оюн

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ар бир предметтен колдонууга болот

Просмотр содержимого документа
«Физика сабагынан оюн»

Магнит оюну

Магниттин оң жана терс уюлдарынын белгилери жазылган баракты окуучуларга таркатып, окуучуларды ички жана сырткы тегерекчедей жайгаштырат. Ички тегеректи саат жебесинин багыты боюнча кыймылдатат, сырткы тегеректи саат жебесине тескери багытка карай айланат. Мугалим токто дегенде токтоп, бир аттуу уюлдар туура келген окуучулар түртүлүшөт, түрдүү аттуу уюлдар туура келген окуучулар тартылышат. Ошентип, оң уюлдар бир топко, сол уюлдар бир топко бөлүнүшөт.

топко бөлүп алат.

Мугалим: Топторго лидер шайлап, ураан чакыруусун сунуштайт. Баалоонун критерийлерин окуучулар менен бирге чечип алат.



Заряд оюну

Класстагы окуучулар эки топко болүнүп, эки катарга тизилишет. Эки топтун ортосунда мугалим турат. Топтун башында мугалимдин жанында турган эки топтун окуучулары мугалим менен кол кармашат. Калган окуучулар бири-бири менен кол кармашып турушат. Мугалим окуучулардын колун кармап, ар түрдүү заряддын белгилерин окуучулардын колу аркылу жиберет. Мугалимдин колун кармап турган окуучулар колдоруна келген зарядды сезип, экинчи окуучуга дал ошондой белгини кол аркылуу жиберет. Бул белгилер биринен-бирине узап олтуруп, топтун акырында турган окуучуга келип жеткенде ал белги берет. Эки топтун эң биринчи белги берген окуучусу жеңген болуп, жеңилген бала улам топтон чыга берет. Ошентип, жалгыз калган топ жеңилет.

Эскертүү: Оюндун башында балдарга магнит жана заряд жөнүндө түшүнүк берилет. Эгерде балдарда түшүнүк жок болсо. Бул оюн экендигин жакшылап түшүндүрүп, анан баштоо керек.