| 8-21-январь (13 күн) | “Кырк жигит” кетет | “Кырк жигит” кетип атканда кычыраган суук болот. Муну “Жигиттер жигиттик мүнөзүн көрсөтүп атат”, - деп коюшат. Кырк жигит кетип жатканда кычыраган суук болуп кайра-кайра кар жааса, “Жыл жаанчыл болот экен” – дептир Эсенбай эсепчи. | Эгер “Кырк жигит” кетип жатканда күн жылымыктап, кар жаабай калса, Эсенбай эсепчи кайгырып: “Бул жыл оор болуп калчудай. Жаан жаабай, кургакчыл болуп, жер түшүм бербей, дыйкандарга кыйынчылык болот окшойт. “Кырк жигит” кылжыңдап чыкты, арты жакшы болсо экен” – деп калчу экен. |
| 4-17-февраль (13 күн) | “Кырк кыз” келет | “Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса, бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт. | Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип, кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын” - деп айткан. “Кырк кыз” чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап, бирде күн ысып кар эрип жаз келгендей болуп жаркыраса “Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы” — деген экен жарыктык. |
| 18-26-февраль | “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” | “Кемпир ыйлаак” биринчи аптада жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо-сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. | Өркөчү менен тайлак калыптыр кокуй, Куйругу менен козу калыптыр кокуй, Эмчеги менен кыз калыптыр кокуй, Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр кокуй, Очок кучактаган чалга алым жетпептир кокуй, Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир кокуй, Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын, Бурганактуу борошо-бороон кылбаптырмын, Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин, Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн, - деп боздоп ыйлап, кар борошолотуп, буй түшүрүп кетет имиш. | Экинчи аптасынан баштап жинденип, алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап, кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот. “Кемпир ыйлаак” “Казаныңарга эле эмес, этиңерге май калтырбай алам”, - деп келет тура. Мунун түпкү маани-маңызы кышка камылга көрүп, жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин”, – деп жатпайбы. “Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жаадырып, муз тоңдуруп, суукка титиретип, үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп, үшүк жүрбөйт”, - дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби. Мени кетти дебегиле, 40 күндө, ары ашса 90 күндө дагы кайрылам, ошондо көрүшөбүз”, - деп, кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле, келип бугун чыгарып кетти”, - дешет. |