Просмотр содержимого документа
«Энелер мектебинин сабагы»
Баткен району Ак-Татыр айылы Т. Садыков атындагы орто мектби Мугалим : М. Нишанова
Сабактын темасы: Үй- бүлөдө балдар менен биргеликте китеп окуу
Сабактын максаты :
- Ата-энелер балдары менен биргеликте китеп окуу менен баланын акыл эс жана физиологиялык жактан өнүгүшүнө кандай салым кошорун аныкташат.
- Баланы тарбиялоодо,китеп окуунун зарылчылыгын билишет
Сабактын урааны :
Бала бийиктикке карай учууда , канат болуу.
Сабактагы алтын эреже
- Убадага бек болуу.
- Күн сайын адам болууга умтулуу.
- Аткарган ишин көзөмөлгө алуу.
- Жоопкерчиликти, тактыкты бекем кармоо.
- Бирөөнүн оюн уга билүү.
- Убакытты туура пайдалануу.
- Жашоодо активдүү болуу.
Үй -бүлөдө балдар менен кантип китеп окуйбуз?
Балага китеп окууну кантип үйрөтөбуз.
- Китеп окууда улгү болуңуз.
- Окууну тамгалардан баштаңыз.(«Тамганы тап». « Бул жерде бир зат бар», Метограмма, Анаграмма. Логогриф, «Сөздү улант»....)
- Бирге ойноңуз...(«Ойноп жатып ,көп нерсени үйрөнөбүз»)
- Ролдоштуруп окуу .
Балабызга китеп окута албай убарабызбы?
Анда төмөнкү сунушка көңүл бурабыз
1.Алгач китепти өзүңуз окушуңуз керек
2.Китеп окуу убакытын түзүңүз..
3.Балдар газета журналдарына каттатыңыз
4. Балдар дайыма өзүнү көңүл чордонунда болууну каалашат, анын китеп окуп беришин сураныңыз
5.Балага үн чыгарып китеп окууну адатка айландырыңыз.
(кийинчерээк адатка айланат)
6. Китепти белекке берүүнү адатка айлантырыңыз.
7. Балдар пикир айтканга, уктурууга кызыгат, окуганын бирге талкуулаңыз.
8. Үй-бүлөдө китеп текче түзүүнү үюштурууга көмөкчү болуңуз.
9.Балаңызга блокнот белекке берип. Ага окуган китептеринин, авторлоруну, каармандарыны жазып жүрсө, баланын китепке болгон кызыгуусу артат.
Ата-энелерге:
- Балдардын үй- бүлөдө сабак окуу бурчу сүрөт жөнөтүү
- Балдар менен биргеликте үй-бүлөлүк китеп окууну уюштуруп, уй- бүлөлүк сүрөт жөнөтүү
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!