Просмотр содержимого документа
«Энелер мектеби.»
Бала тарбиялоодо ата-эненин өрнөк болушу
Даярдаган: Мыктыбек к А.
№ 1 гимназия-жатак интернаты
Балага жакшы тарбия берүү: биз эмнеден башташыбыз керек?
Жакшы тарбия – бул балдар үчүн узак мөөнөттүү инвестиция жана алардын эмоционалдык, психологиялык жана физикалык өнүгүүсүнүн ачкычы.
Баланын өнүгүү этаптары
- 1. ымыркайлар, жеткинчектер, мектепке чейинки балдар (0-6 жаштагы),
- 2. өспүрүм куракка чейинки балдар (7-11 жаш),
- 3. жаш өспүрүмдөр (12-17 жаш),
- 4. жаштар (21-40 жаш).
Күчтүү балдарды тарбиялоо үчүн, ата-энелер балдарды биргелешип кеңешүүгө тартууга тийиш.
Балдарыбызды кантип тарбиялайбыз?
- Авторитардык/диктатордук – ата-энелер баш ийүүнү талап кылышат жана баш ийбестикти катуу жазалашат.
- Ыйгарымдуу – балдардын талаптарын так аткарышат, жана балдардан да ошол нерсени талап кылышат.
- Уруксат берүүчү – балдардын каалоолору аткарылат.
- Демократиялык – чогу чечимдерди кабыл алышат.
Балдарды тарбиялоо – үй-бүлөнү, коомду жана цивилизацияны түптөшү же жок кылышы мүмкүн.
Ата-эне менен баланын мамилеси
- Баланын өнүгүүсү узак жана татаал процесс.
- Мыкты үлгү болунуз жана балдарды өз алдынча ишеничке үйрөтүңүз.
- Балдарды туура менен туура эмести ажырата билүүгө үйрөтүңүз.
- Маектешүү чеберчилигин өркүндөтүңүз.
- Бала тарбиялоодон ырахат алыныз!
Жашоо өзү бир катар сыноолордон турат, анын ичинде балдарды тарбиялоо эң оор маселердин бири.
Балдар – адамзаттын келечеги жана балдар аркылуу биз дүйнөнү өзгөртө алабыз.
Балдардын жыргалчылыгы үчүн ата-энесинен башка ким чын дили менен аракет кыла алат? Мында эч ким ата-энеге атаандаш боло албайт!
Биздин балдар нормалдуу эмеспи?
Ата-энелер үчүн суроолор
Балаңыздын күчтүу сапаттары жөнүндө айтып бериңиз. Сиз анын кайсы сапаттары менен сыймыктанасыз?
Балдарыныз менен ишенимдүү жана достук мамиле түзүүгө эмне жардам берет?
Балаңызды тарбиялоодо кандай кыйынчылыктарга туш болосуз?
Акыркы эки айда балаңыз сизди кантип кубантты?
Баланыз менен болгон мамилениз ого бетер бекемделип, ага жакыныраак болушу үчүн өзүнүздө кайсы сапаттарды оңдогуңуз келет?
Он жылдан кийин балаңызды кантип элестетесиз?
Сыйкырдуу сөз
Балдарыбызга күн сайын 3 сыйкырдуу сөздү айтып турушубуз керек экен.
- “ Мен сага ишенемин”
- “ Сен акылдуусун”
- “ Сенин колуңдан баардык нерсе келет ” деген сөздү күн сайын балдарыбызга айтып,катуу кучактап,бетинен сүйүп турушубуш керек.
Жыйынтыктоо
- Күчтүү эне баланы жан дүйнөсү менен тарбиялайт.
- -Балага “Окуу, окуу жана окуу” деген нерсени жүрөгүнө сиңиришибиз керек. Бул сиздин жана биздин гана колубузда!
- Үйгө тапшырма берүү:
- -Балдарыңыздардын окуу техникасын күн сайын текшерип туруу!
- - Балдар менен адабий китептерди чогуу окуу!
- Ар дайым балаңызга үлгүлүү ата-эне болуңуз урматтуу
- АТА-ЭНЕЛЕР!
Медитация