Эне жөнүндө улуу ойлор
Энелер жашоо башаты экендигин эч ким тана албайт. Алардын мээрими, камкордугу бүткүл ааламды тынчтыкта терметкен улуу күч. Балким жашоонун мааниси энелердин кадырын билүүдө катылган чыгар. Адамзат адардын улуулугун татыктуу актай албаса да, аны билүүгө милдеттүү. Бул максатта 8-март аялзатынын жаз майрамын утурлай энелер жөнүндө асыл ойлор менен тааныштырабыз.
Аялзаты тууралуу кыргыз элинин макал-лакаптары:
Аял үйдүн куту.
Аял жакшы эр жакшы, вазир жакшы хан жакшы.
Аял эрдин жарым өмүрү.
Аялсыз үй суусуз тегирмен.
Эне адаты кызга үлгү.
Эне сабырында чек жок.
Эне сыйлаган элине жагат.
Эне сүтүн актоо — унутулгус карыз.
Эне жөнүндө учкул сөздөр:
Бейиш энелердин таманында (Хадис)
Эне — ажалга дайыма каршы (М.Горький)
Аялдын улуу укугу — эне болуу (Л. Ютанг)
Эне бар кезде балалыктан арылуу жок (С. Жейет)
Улуттун келечеги энелердин колунда. (О. Бальзак)
Бешик терметкен кол дүйнөнү башкарат. (Уильям Росс Уоллес)
«Апа» наристелердин жүрөгүндөгү Кудайдын аты (Уильям Теккерей)
Энелер бизге берген биринчи белек — бул өмүр, экинчиси — мээрим, үчүнчүсү — түшүнүү. (Донна Брауэр)
Энелер балдарын аталарына караганда күчтүрөөк сүйөт. Анткени эне бала өзүнүкү экендигин билет, атасы болсо бала аныкы деп гана болжолдойт. (Менандр)
Мен энемди канчалык жакшы көрөрүмдү түшүнгөнгө чейин, андан айрылып калдым (Лилиан Хеллман).
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Ош облусу, Ош 15.02.2020 13:16На русском
Мушкердин видео кайрылуусу: Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин кызмат орду каралат
Кылыч Саркарбаев
Кылыч Саркарбаев
// Turmush
Turmush - Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин кызмат орду каралат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
Азамат Абсаттаровдун айтымында, спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун социалдык тармактагы видео кайрылуусу Кылыч Саркарбаевдин жумуш ордун кароого себеп болгон.
«Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы ок атышуу боюнча кылмыш иши козголгон. Жеке К.Саркарбаевдин өзүнө кылмыш иши козголгон эмес. Укук коргоо органдары тарабынан Кылыч Саркарбаев конкреттүү түрдө күнөөлүү деп табылбаганы үчүн ээлеген кызматында иштеп келген. Бирок Саркарбаев ошол убакта тергөөчүгө барып, сурак берип жүргөн. Азыркы учурда деле милиция кызматы Саркарбаевди күнөөлүү деп таба элек. Бирок спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу «мени Кылыч Саркарбаев атты» дегени үчүн Саркарбаевдин кызмат орду каралмай болду. Жетекчилик бир жактуу чечим кабыл алат», - деди А.Абсаттаров.
Кечээ, 14-февралда социалдык тармактарга спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке кайрылган видеосу тараган. Спортчу өзүнө эки ирет куралдуу кол салуу болгонун билдирген.
«Мындан 5-6 ай мурун Н.Р. өзүнүн балдары менен келип, мени травматикалык тапанча менен атып кетишкен. Мен ооруканага жаткандан кийин "милицияга арыз жазсаң, өзүңө кыйын болуп калат" дешкенинен арыз жазган эмесмин. 1-2 ай өткөндөн кийин С.К. мени автомат менен аткан. Анан М.Р. шериги менен келип, мага тапанча такап коркутканынан арыз жазган эмесмин. Кийин Н.Р. балдары менен келип мени сабап кетишти. Ошто жашоого болбой калды», - деген Т.Рахманберди уулу.
Анын кайрылуусу боюнча бүгүн, 15-февралда Ош ШИИБ маалымат берди. Алардын маалыматына караганда Рахманберди уулу Төлөгөндүн Кара-Суу районунун аймагында санына ок атылганы тууралуу окуяны ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын түштүк аймактык башкармалыгы иликтеп жатат. Рахманберди уулу Төлөгөн буга чейин жалган маалымат берип, тергөөнүн ишин татаалдатып, “өзүмдү өзүм атып алдым” деп көрсөтмө берген.
-----------------------------------------------------
Буга чейин Turmush басылмасы 22-сентябрь күнү эртең мененки саат 09:40 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустук ооруканасынан 1990-жылы туулган Р.у.Т. денесинен жаракат алып кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн жазган.
Ооруканага Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу барышкан. Териштирүү иштеринин алкагында 22-сентябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Кара-Суу районунун Фуркат айылында Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну С.К. өзүнүн автоунаасы менен Алай районунун 1990-жылы туулган тургуну Р.у.Т.нын автоунаасын кубалап барып, Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылына жеткенде токтотконун аныкташкан. Ал жерден өз ара пикир келишпестиктен улам С.К. ок чыгарып, анын кесепетинен Р.у.Т. Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Окуя болгон жерде милиция тарабынан кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев өзү жөнүндө массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматтар боюнча Turmush басылмасына маалымат берген. Ал бутуна ок атылган спортчу Р.у.Т. менен урушпаганын билдирген.
«Р.у.Т.ны баары эле билет. Кичинекей кезинен спорт менен машыккан, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын желегин желбиретип жүрөт. Ал жигит боюнча кокустук болуп калыптыр деп уктум. Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарында жүргөн убакта таякемдин кыркы болуп калды. Ошол жакка бардым (Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары). Андан кийин ден соолугума байланыштуу ооруканага жаткам. Анан ушундай сөздөр айтылып калыптыр. Ага чейин туугандардын тынчын албайын деп унчуккан эмесмин. Милиция кандай маалымат таратканын билбейм. Билесиңер, баарыбызга кудай бар», - деген К.Саркарбаев.
Толук маалымат бул шилтемеде.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор:
Тема боюнча:
23.09.2019 Ошто белгилүү мушкерлердин ортосунда чыр чыгып, ок атылды
23.09.2019 Унаа менен кубалап барып ок чыгарган: Оштогу 2 мушкердин жаңжалы
01.10.2019 Мушкерлердин жаңжалы жана «Женго»: Кылыч Саркарбаев чуулгандуу окуялар тууралуу үн катты
26.09.2019 Оштогу 2 мушкердин жаңжалы боюнча ИИМдин билдирүүсү
15.02.2020 Ошто кармалган кримчөйрөнүн 5 өкүлү же мушкер Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусу боюнча милициянын билдирүүсү
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.02.2020 13:11На русском
«Мен силерди кечирбейм»: Ооруканада 1,3 жыл жашаган Бурул апа өз балдары менен соттошуп, үйүнө кирди
Бурул Бекташева
Бурул Бекташева
// Turmush
Turmush - Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы айылынын 71 жаштагы тургуну Бурул Бекташева балдары өз үйүнө батырбай койгондугун айтып, сотко кайрылган доосу канааттандырылып, үйү кайтарылып берилди.
Келини менен уулдарынын кордугуна кабылганын айткан эне жеке менчик ооруканада 1 жылдан ашуун баш калкалаган. Ал балдарынын ур-токмогуна кабылганы боюнча милицияга арыз менен кайрылган, учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ал эми уулдары апага бир канча жолу барышканын, үйгө келүүдөн баш тартып койгондугун билдиришүүдө. Дал ушул үй-бүлөнүн абалын айыл тургундары элдик жыйында талкуулап, ага улгайган апанын балдары катышты. Анда алар апасын өздөрү багып алышарын, коомчулукту бир тараптуу каралабоого чакырышты. Окуянын чоо-жайына аймактык кабарчы кызыгып көрдү.
Жашы жетимиштен ашып калган Бурул Бекташева 34 жашында жесир калып, экинчи турмуш күтпөй чиедей болгон балдарын багып, эрезеге жеткирген. Тазалагыч болуп иштеп жатканда уулдарынан кабар алуу үчүн үйүнө келем деп, жетекчилигинен тил уккан күндөрү да болгон. Кара жумушта иштеп жүрүп баккан балдарына эми карыганда керексиз болуп, алардын түрткүнчүк мамилесине туш болуп жатканын айтууда. Улгайган апа 1 жыл 3 ай ошол эле айылдагы эки кабаттуу болгон жеке менчик ооруканада күн кечирген. Мындан улам ал үйүнөн жай таап, жашоо кечирүү үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган.
«Балдарым мага жакшы мамиле жасабай тургандыгын айтып, 2016-жылы милицияга кайрылгам. Анан мамилебиз оңолуп кетер дегем, болбоду. Кечээ жакында экинчи жолу жаздым. Кичүү балам менен бирге турчумун, келиним экөөбүз келише албадык. «Үй муздап калыптыр, от жаксаң болбойт беле. Идиштер жуулбаптыр» деп келиним мага сүйлөнгөнүн койбоду. Бир жолу экөөбүз катуу айтышканда уулума: «Аялыңды кой дебейсиңби» деп айттым. Балам бутун учкаштырган абалда менин сөзүмө кебелген да жок. Үйдөн чыгып кеттим, сиңдимдикинде үч айдай жүрдүм. Ортомчу балам Атайдын үйүнө бардым. Башында жакшы кабыл алышкан менен ал жерде да келиним кабагын салып баштады. Муздак бөлмөсүнө төшөк салып беришти. Бир күнү түнкү саат 23:00 чамасында ал жубайын, балдарын алып башка жакка жөнөп кетти. Буюм-тайымдарым менен мени эшикке чыгарып койду. Анан мен жеке менчик оорукананы иштеткен Бегайымга чыктым, ал ошол имаратынан орун берди. Балдарым алып кетеби деп күттүм. 2019-жылы сотко колумда калган келиним менен уулум үйүмө батырбай жатканын, үйүмдү мага кайтарып берүүсүн суранып кайрылдым. Абдырахманов деген сот экен, бүт маселемди кунт коюп угуп, чечим чыгарып берди», - деди ал.
16 ай ооруканасынан жай берген 73 жаштагы Бегайым Таированын айтымында, бейтаптарга берилген тамак-аштардан берип, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша карашты. Балдары энесинен кечирим сурап, бат эле алып кетет деп күткөн, бирок андай болгон эмес.
«Бурул мени менен жашташ, мурда дарыланып кеткен үчүн да жакшы таанып калгам. Түнү мага байланышып эшикте калдым деди. Көрсө уулу жубайы, балдарын алып башка жакка кетип калыптыр. Ооруканага жакын элесиңби десем «ооба» деди. Кыздарга дайындап түнү жайгаштыртып койдум. Эми үй-бүлөдө түшүнбөстүк болуп турат. Бир күндөн кийин келишер деп балдарын күттүм. Ооруканада жатты. Менин алдыма эч кимиси келген жок. Бейтаптар көбөйүп кеткенде жанына шерик киргизип жаттым. Анан Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыкка, участкалык инспекторго кайрылды. Үй-бүлөлүк маселе деп, көп көңүл деле бурулбады окшойт. Анан сотко кайрылды, сот чечим чыгарды. Алгач элдешип алууга убакыт берилди, ошондо балдары келишти. Бирөөсү мага: «Эмнеге кармап олтурасыңар. Чыгарып жиберсеңер үйгө барат да» дейт. Ачуум келип, «сени төрөбөй эле, боюнан алдыртып салса болмок экен» дедим. Эки тарапта тең бар, канткен күндө да эненин кыялына чыдаш керек. Сотуна мен да бир жолу күбө катары барып келдим. Келини экөө бат эле айтыша кетишет экен. Кандай болгондо да алардын энеси», - дейт Б.Таирова.
Ал эми аталган апанын түн ичинде үйдөн чыгарылгандыгы боюнча Атай Бекташев окуя андай болбогонун жана көзү тирүүсүндө энесин башкаларга бактырбай турганын айтты.
Бурул Бекташева
●●●
Бурул Бекташева
1
13
⇳
«Мага соттон чакыруу келген жок. Ушундай болуп жатыптыр, деп эч кимди чакырган эмес. Мен келинимди да, апамды да жаман деп айтпайм. Ал менин апам. Ал мени багып, ушул даражага жеткирди. Көзүм тирүү болуп, алты саным аман болуп турганда башкаларга апамды бактырып койбойм», - деди уулу.
Бурул апанын кызы Нуржамал Бекташева үйдө эч кандай уруш, жаңжал болбогонун, энесинин эрки менен мамиле кылышканын айтат.
«Мен балдардын улуусумун, менден кичүү үч иним бар. Биздин апабыздын кыялы ушундай экен. Урушуп кете турган болсо, мен жараштырып коймокмун. Үйдө эч кандай уруш, жаңжал болгон эмес. Коомчулукка кайрыларым, биз эч качан энебизди таштабайбыз. Соттошуп, үйдү алдым деп айтып жатат. Биз өзү калообуз менен үйдү бошотуп бергенбиз. Кичине иним Россияда болчу, аны чакыртып, келгенден кийин бошотуп берилди. Ооруканада жашап жатканда ошол жакты каалап жатса, ай сайын төлөмүн төлөп туралы деп ойлогонбуз», - деди кызы.
Бурул апа быйылкы жылдын 11-февралында сот аткаруучулардын, жергиликтүү бийликтин катышуусунда өз үйүнө кирди.
Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Алмаз Исмаиловдун пикирине таяна турган болсок, эне менен бирге турган кичүү уулуна адегенде эскертүү берилген, андан соң үйдөн мажбурлап көчүрүү түрү тандалып алынганда уулу каалоосу менен турак жайды бошотуп берген.
«Жалал-Абад шаардык сотунун 2019-жылдын 11-ноябрында кемпирдин үйүндөгү уулун үй-бүлөсү менен үйдөн чыгаруу боюнча чечими чыккан. Бизге былтыркы жылдын 23-декабрда аткарууга келип түшкөн. Биз 10-январь күнү барып, он жумуш күндүн ичинде бошотуп коюну эскерткенбиз. Ал убакыт аралыгында үй бошотулбагандыктан 11-февралда саат 10:00до мажбурлоо иретинде көчүрүү чечимин кабыл алганбыз. Биз барган учурда уулу үйдү бошотуп коюптур, энеге өткөрүп берди», - деди сот аткаруучу.
Ал эми айылдаштары үй-бүлөдөгү чыр интернет тармактарына чыккандан кийин ал тууралуу кабардар болушканын айтышып, эне менен балдар элдешип алуу керектигин билдиришти. Ошондой эле, 70 жаштагы апа уулдарын ачууга алдырып күнөөлөп жаткандыгын, анын балдары кичи пейил, жакшы инсан катары баалашты. Бул жыйынга апа соттук-медициналык экспертизадан өтүп жүргөндүгүнө байланыштуу катыша алган жок. Уулдары эл алдында да энесинен кечирим сурашты.
Жыйынга катышкандардын айрымдары балдары менен биргеликте эненин алдына барышты. Бирок ал балдарын кечирбей турганын, убагында азапка салышканын айтып көз жашын төктү.