Эне тилим – канатым
Эне тили майрамын өткөрүүнүн кээ бир ыкмалары.
Конкустар бир класстын ичинде же атайын ийрим мугалимдеринин катышуусу менен өткөрүлүшү мүмкүн.
1. Алып баруучу: Кыргыз тилим кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан... демекчи ар жылы 23-сентябрда өткөрүлүүүчү "Эне тили" майрамы куттуу болсун!
Эне тил! Ооба, менин эне тилим. Ал кыргыз тили. Үч миң жылдык тарыхы бар эзелки элимдин тили, бабабыз Манастын тили, тоо булбулу Токтогулдун, Гималайдай бийик абройлуу залкар сүрөткер Чыңгыз атамдын тили.
Кыргыз тили ырдан, күүдөн таралган,
Кыргыз тили нурдан, күндөн жаралган.
Ал дүйнөдө теңдеши жок улуу тил.
Ай-ааламга "Манас" болуп таралган.
(Н.Байтемиров)
2. Алып баруучу: Кымбаттуу тил күйөрмандары!
2005-2006-жылдары эне тил маселесине олуттуу көңүл бурулду. Кыргыз тили Гимни кабыл алынды.
Мына ушул жана башка өзгөрүүлөрдү эске алуу менен Эне тил ураанын аткарып коюуну өтүнөмүн.
Бардыгы орундарынан турушуп Кыргыз тили Гимни аткарылат.
1-окуучу:
Тилим кыргыз, дилим кыргыз таптаза,
Пирим кыргыз, диним кыргыз таптаза.
Кыргыз деген аты өчүп калат ээ,
Тилин, дилин мекениндей бакпаса...
(Н.Байтемиров)
2-окуучу:
Тил көпүрө илим менен билимге,
Тил адамга кубаныч берет өмүрдө.
Тил адамды бакыт, даңкка жеткирет
Тил адамды шорго салат өлтүрөт...
(Жусуп Баласагын)
Алып баруучу: "Тил-элдин автопортрети", - деп айткан жазуучу Ч.Айтматов. Тил адам баласынын өз ара пикир алышуучу маанилүү куралы экенин В.И.Ленин өз убагында таамай белгилеп кеткен.
3-окуучу.
Бирге жүрөм эне тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди кандай жакшы көрсөм да,
Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм...
(А.Осмонов)
4-окуучу:
Ким барктаса өз энесин, өз тилин,
Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.
Ар улуттун энеси улуу, тили улуу
Өйдө-ылдый деп айталбайбыз эч бирин.
(Б.Сарногоев)
Алып баруучу: Кымбаттуу балдар, кечеге, бүгүн, биздин сүйүктүү окуу куралыбыз кыргыз тили менен адабияты китептери келишкен, эмесе, сөз учугун китептерге ыйгаралы.
Кыргыз тили китеби:
Балдарым, кулак салгыла,
Көңүлгө түйүп алгыла.
Кыргыз тили мен болом
Үйрөнүп мени калгыла
Улуттук тилди кадырлап,
Улуу ишке, алга баргыла.
Эне тил ыйык баарынан,
Жаралган эне канынан.
Тилиңди сүйгүн, окугун,
Чыгарбай эстен жадыңан.
Кыргыздын тилин пир туткун
Тилге урмат, тилге багынам.
Кыргыз тил улук мен үчүн
Кыргыз тил улук сен үчүн
Манастын тилин үйрөнгүн
Мамлекет курган эл үчүн
Манжуну сүргөн Бээжинге
Макмалдай Мекен жер үчүн
Токтогул сүйгөн тил ушул
Толкундай санат дил ушул
Алыкул, Акмөөр, Абдылас
Ачылган аппак гүл ушул
Жээренче чечен, Толубай
Сөздөрүнүн сүрү ушул.
Жомогу, дастан, табышмак,
Жоромол кеткен алыстап.
Ылакап, макал, жаңылмач,
Улуулар келген табыштап
Үйрөнүп кыргыз сөздөрүн,
Убакыт менен жарышсак.
Көнүгүүнү бат иште,
Эрежени шак иште.
Термин сөздү чечмелеп
Тексттерди так иште,
Тилди сактап таптаза
Тилиң үчүн ак иште.
Алып баруучу: Рахмат , китебим. Биз, окуучулар, албетте, сүйүктүү китебибиздин акыл-насаатын үйрөнөбүз. Эми кезекти патриоттук маанайдагы музыкалык ырларга берсек.
Эки окуучу "Кыргыз жери" аттуу Апас Жайнаковдун музыкасына жазылган Т.Байзаковдун ырын аткарышат.
Коштоолор уланат.
Алып баруучу: Биздин конкурста эрежелер диалогу" деген чакан номерибиз бар. Азыркы кезекте "Сөз" мейманда.
Сөз: Жандуусун атайм атынан,
Жансызын атайм атынан.
Жүрөккө чейин жеткирип,
Жүлүндү өрттөп атылам.
"Жакшыга жанаш" ачылам,
Жаманды тилдеп качырам.
Менин атым "Сөз" болот
Айтып үйрөн атыман.
Жалкоо болсоң катылам
Жөн-жайын айтам башынан
Билип жүр сөздүн маанисин,
Билимдүү болуп жатыңдан
(С.Турдукожоев)
Алып баруучу:
Сөз түркүмдөрү сүйлөшөт:
Айтайын бирден сабагын.
Ар кимисин карагын.
Зат атооч менен сын атооч
Улуулары баламын
Сан атооч жана Ат атооч
Төрт болду мына санагын.
Тынчы жок балам Этиш бар,
Тынч, угуп тур кабарын.
Тууранды сөз, Сырдык сөз,
Тууралап сүйлө талабым.
Тактоочту унут калтырбай,
Дептердин ачкын барагын,
Сөз түркүмүн так билип
Баа алып, ишке жарагын.
Булар балдарымдын улуусу
Сөз, кептин келбет, сулуусу
Ар кимисин талдай бил
Билгениң иштин дурусу.
Алып баруучу:
Сөз учугун Кызматчы сөздөр улашат.:
Кызматчы сөздөр ичинде
Көп ишти жасайт байламта.
Суроосу жок өзүнүн
Жат билгин жалкоо карматпа.
Тактабайт сөздүн маанисин
Жандооч менен бөлүкчө
Модаль сөзү дагы бар
Үйрөнүп оку, эрикпе.
Сөз менен сөздү бир кошуп
Сүйлөмгө сүйлөм дил кошуп
Кызматчы сөздөр жалпыбыз
Турабыз маани, түр кошуп.
Алып баруучу:
Улутту жок кылуу деген сөз,
Урматтап өз тилин билбеген.
Касиет, каадасын сактайлы,
Керемет көрүнүш тил деген...
(С.Турдукожоев)
демекчи сөз ирети сүйлөмдөрдө болсун.
Сүйлөм: Сөз түркүмү, сөз келип,
Улайт маани өзгөрүп.
Уңгу менен мүчөнү,
Синтаксиске өткөрүп.
Толук маани билдирем
Речь, текст кеп келип:
Сөздүн башын чогултуп
Сүйлөм атын түзөмүн
Түрлөрүм бар бир канча,
Үйрөнсүн деп күтөмүн
Капитаным-окуучу
Китеп - деңиз, сүзөмүн.
Суроолуу сүйлөм, жай сүйлөм.
Буйрук сүйлөм кай сүйлөм?
Көңүлүңдү көтөргөн
Илептүү деген жай сүйлөм.
Жөнөкөй сүйлөм, татаалы
Эрежеге бай сүйлөм.
Эки тутум, бир тутум.
Сүйлөмдөрдүн турмушун
Жайылмасы, жалаңы
Жактуу, жаксыз курбусун
Ээсиз сүйлөм, атама
Үйрөн, жатта укмушун.
Байламталуу байланыш,
Байламтасыз байланыш.
Татаал сүйлөм тутумун
Таап ордуңа жайланыш.
Турмушуңда пайдалуу
Түндө, күндө, жай да, кыш.
Тең байланыш немени
Тезирээк үйрөн дегени
Сүйлөмдөрдү мыкты окуп
Сулуу жаз, укпай жемени
Билимиң менен күчтүү бол
Билимдин тиет кереги
Багыныңкы сүйлөмдүн
Баарын талдап үйрөнгүн
Баш сүйлөмгө багынат
Пайдасы көп билгендин
Мезгил, орун, сан-өлчөм,
Себеп, сыпат түрлөрүн
(С.Турдукожоев)
Музыкалык тыныгуу: "Кыргыз бийи"
Макал айтышуу мелдеши коштойт.
3 окуучу чыгып тил, сөз, чечендик, төкмөлүк, эл, жер, Мекен, эне, таалим-тарбия, адеп-ыйман жөнүндөгү маанилерди камтыган макалдардан айтышат. Токтолуп, жаңылып калганын кийинкиси паузасыз улап кетиши жөндүү.
Мисалы: "Тилден бал да тамат, уу да табат",
"Досум да тилим, касым да тилим" өңдүү 100гө чукул макалдарды сунуш кылабыз.
3-окуучу:
Илим менен билимге көпүрө тил,
Көкөлөткөн адамды тили деп бил.
Тил адамды бакытка бөлөп салат
Тил адамды шорлотот башын алат.
4-окуучу:
Көп сүйлөбө, а көрөкчө так сүйлө,
Түмөн сөздүн оң мааниси бар сөздө.
5-окуучу:
Өмүр кыска, туулган соң өлмөк бар
Жакшы сөздөр түбөлүктүү өлбөйт ал...
(М.Кашкари. 102-192-беттердеги тилге арналган саптарынан)
Сатиралык ырга кезек берүү:
Акын Ш.Дүйшеевдин ырларынан үзүндүлөр окулат.
6-окуучу:
Тил таберик түбөлүк тирүүлүктө,
Табийгатка адам уулу жар салган.
Дудуктун да жүрөгүндө тили бар
Көөдөнүндө эне тили сакталган
Ар бир элдин тили кымбат өзүнө
Тилин, дилин бийик тутуп мактанган.
7-окуучу:
Оо, эне тил, дүйнөдөгү ыйыгым.
Башка баары бир өзүңө теңелбейт.
Сен жок болсоң улуттум жок, элим жок
Тиричилик ай баткандай кереңдейт.
Тилди сактап, сөздүн кунун бапесте
Тилим деңиз өркүндөсүн тереңдеп
8-окуучу:
Кыргыз тили - бабам Манас тили дейм,
Байыркы элдин бак-таалайы, пири дейм.
Тилим жашайт Алатоосу турганда
Кыдыр ата батасына киринген
Улутумдун улуу даңкын, тарыхын
Улап кетем деген Кыргыз бири - Мен
(С.Турдукожоев)
9-окуучу : "Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили" делип Баш мыйзамда жазылган жана тилибиз 1998-жылдан бери Мамлекеттик статуска (макам-укукка) ээ болгондугун ар бир кыргыз атуулу биле жүргөнү оң.
10-окуучу:
Баба үнүн байрак кылып улап келет,
Баба тил, эне тилим улуу дөөлөт
Байыркы доорлордун катмарынан
Барктаган бабаларым күтүп сөөлөт
11-окуучу:
Эзелки мурас, нуска, насыйкаты,
Калкымдын эне тили акыйкаты
Аздектеп аруу кармап тилди сактоо
Атанын, баланын да ыйык салты.
12-окуучу:
Эне тил улутумдун тумар жүзү
Эртеңки узун баян бир үзүмү
Жашасын, гүлдөп өсүп кыргыз калкым
Атажурт, тил кадырын билеличи.
(С.Турдукожоев)
Кеченин соңу Манас айтуу, сөз оюндары, ыр-күүлөрдү тартуулоо, көрсөтмө куралдардын көргөзмөсүн уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен аякталат. Мектептин шартына ылайык активдүү окуучуларды сыйлоо, мактап көңүлүн жубатуу иштери жүргүзүлөт.