Сабактын темасы: Валенттүүлүк.
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар “химия” – деген термин менен таанышат.Химия предмети эмнени окутуп үйрөтөт , кандай мааниси бар экендиги менен таанышат. Заттар жөнүндө маалымат алышат. Заттардын касиети менен таанышат. Затттардын бири-бирине айлануусу боюнча маалымат алышат. Айлануулар учурундагы кубулуштар боюнча маалымат алышат. Физикалык кубулуштарды миалдар менен далилдешет. Химиялык кубулуштарга мисалдар келтиришет. Жөнөкөй жана татаал заттар жонундо маалыматты билишет. Мисалдар келтире алат. Элементтердин валенттүүлүгү менен таанышып , формула түзгөндү үйронөт. Химиялык формулалар, коэфицент, индекстер боюнча маалымат алышат.
Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)
-Окуучулар заттардын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат, заттардын формуласын жазышат, салыштырмалуу молекулалык массаны табышат.
-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак
Сабактын методу: Мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: топ менен иштөө ж.б.
Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.
С
абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)
Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.
Мисалы:
Төмөнкү бирикмелерди жөнөкөй жана татаал заттарды бөлүп жазгыла? заттардын атын атагыла: а) Mg3P2; б) Al2S3; в) Na2O; г) AgCl; д) FeCl3, ж)О2, з) CI2
Слайддан көрсөтүлөт : Бул заттардын кайсынысы жөнөкөй зат?
Тест:
Жөнөкөй заттар – бул,
1.Ар түрдүү химиялык элементтерден турат;
2.Бир түрдүү химиялык элементтерден турат;
3.Аралшамасы жок таза заттар;
4.жаратылышта көп кездешпейт.
Татаал заттар аталган катар:
суу, темир, коло
аба, суу, күкүрттүү суутек;
аш тузу, кант,кычкылтек;
сода, азот, алмаз.
Fe3О4 окалинасынын салыштырмалуу молекулалык массасы:
232; 3. 110
210; 4. 34
Жана башка оозеки тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.
сабактын темасы берилет.
С
абак: Валенттүүлүк.
Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:
Суроо: Атомдор эмнеси менен айырмаланат? ( 1мин өз алдынча иштешет)
Мугалим: Заттарды түзгөн бөлүкчөлөр – молекула, молекуланы атомдор түзүп турат. Атомдор биригип молекуланы пайда кылат.
О
куучулар топко бөлүнөт ( 1,2,3,4 ) . Ар бир топ тапшырма алат.
Суроо: Эмне үчүн молекуланын курамында атомдор белгилүү санда гана кармалат?
Бул суроого жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет:
Текст: Затты түзгөн эӊ кичинекей бөлүкчө – атом массага ээ болот. Атомдун дагы бир касиети башка атомдорду кошуп алуу касиети. Атомдор башка атомдорду кошуп алууда белгилүү бир күч жумшалат . Атомдордун башка атомдорду кошуп алуу мүмкүнчүлүгү – валенттүүлүк деп аталат.
Атомдордун башка атомдорду кошуп алуу мүмкүнчүлүгү – валенттүүлүк деп аталат.(лат.тил. “ valēns”- күч-жөндөмдүүлүк- дегенди түшүндүрөт).
1
852-ж англиялык химик Эдуард.Франкленд тарабынан киргизилген.
Э.Франкленд
Бардык атомдордун кошулуу касиети бирдей сандык катышта болбойт.Ошондуктан суутектин валенттүүлүгү кандай бирикмелерде болбосун бир валенттүүлүктү көрсөтөт, ал эми кычкылтектин валенттүүлүгү экини көрсөтөт. Ошондуктан ушул эки элементтин валенттүүлүгүн башка элементтердин валенттүүлүгүн табууда чен бирдик катары пайдаланып формула түзүлөт.
Валенттүүлүк рим цифрасы менен жазылат. I, II, III, IV, V.жб. Бир валенттүү атом менен башка бир валенттүү атомдон бирөө гана биригип бирикмени пайда кылат.Ал эми элемент эки валенттүү болсо бир валенттүү атомдон экөө биригип бирикмени түзөт.
Окуучулар топко бөлүнөт ( 1,2,3,4 ) . Ар бир топ тапшырма алат.
Анда эмесе мисалдар менен элементтердин валенттүүлүгүн табалы.
Суутек элементи ( I ) валенттүү .Ал рим цифрасы менен белгиленип элементтин үстүнө жазылат.
I II
Н2O – суунун молекуласында суутек ( I ) валенттүү, кычкылтек ( II ) валенттүү;
I II
Н2S - күкүрттүү суутектин молекуласында суутек ( I ) валенттүү, күкүрт ( II ) валенттүү;
I I
HCI – хлордуу суутектин молекуласында суутек ( I ) валенттүү, хлор ( I ) валенттүү;
III I
N H3 – аммиактын молекуласында суутек ( I ) валенттүү, азот ( III ) валенттүү;
IV I
C H4 - метандын молекуласында суутек ( I ) валенттүү, көмүртек ( IV ) валенттүү;
Окуучулар топко бөлүнөт ( 1,2,3,4 ) . Ар бир топ тапшырма алат
Кычкылтектин валенттүүлүгү ( II) . Кычкылтектин валенттүүлүгүн чен бирдик катары алып кычкылтектүү бирикмелердин курамындагы элементтердин валенттүүлүгүн табууга болот.
I II
Na2O – натрийдин оксидинин молекуласында натрий ( I ) валенттүү, кычкылтек ( II ) валенттүү
III II
AI2O3 – алюминийдин оксидинде алюминий ( III ) валенттүү, кычкылтек ( II ) валенттүү
VI II
SO3 -- күкүрттүн оксидинде күкүрт ( VI ) валенттүү, кычкылтек ( II ) валенттүү
IV II
SiO2 –кремнийдин оксидинде кремний ( IV ) валенттүү, кычкылтек ( II ) валенттүү
Валенттүүлүк боюнча формула табуунун алгоритми менен таанышат. ( слайд)
Мисалы: Азот ( V) валенттүү. Анын кычкылтек менен болгон бирикмесинин формуласын табуу керек?
Тест: 1.СО2 Көмүртектин валенттуүүлүгү канча?
а) II;
б) IV;
в) VI;
г) VIII.
2. Марганецтин жогорку валенттүүлүгү:
а) III;
б) IV;
в) V;
г) VII.
3. PF5 бул бирикмеде фосфордун жана фтордун валенттүүлүгү:
а) V и I;
б) V и V;
в) I и V;
г) II и V.
Андан кийин кээ бир элементтердин валенттүүлүгү менен таанышып формула жазууну үйрөнүшөт.
Бышыктоо иретинде окуу китебиндеги окуучулардын “ өз алдынча иштөө үчүн көнүгүүлөр” деген тапшырмааларды аткарышат.
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.