Эл достугу
Улуттун, адамдын стабилдүү, бакубат жашоо тиричилигине бекем тирек болуп бере турган жогорку дөөлөт-бул достук. Достук, кызматташтык,биримдик багытында кыргыздын элдик философиясы бизге туура жолду көрсөтүп турат.
«Ынтымак түбү –ийгилик,тирилик түбү бирдик», «Биримдик болбой, тирилик болбойт», «Эл достугу -деӊиз», «»Эки эрдин достугу бир белден ашырат», «Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт», «Бөлүнгөндү бөрү жейт»деген сыяктуу токой акылман насыйкаттар жалгыз дарак токой болбостугун , жалгыз таруу ботко болбостугун , жалгыз аттын чаӊы чыкпастыгын чаӊы чыкса да , даӊкы чыкпастыгын турмуш акыйкаты катары тастыктап турат. Достук биз үчүн формадуу ураан, сулуу, кооз сөз болууга тийиш эмес. Ал бизге кандайдыр бир абстрактуу идеалдар үчүн керек эмес. Достук мамлекеттин тагдыры үчүн реалдуу маӊызга ээ. Маселен, бүгүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ар бири экономикалык жактан өзүмдүкү өзүмө жетет деп айта албайт. Ресурстарды биргелешип пайдалануу достуктун жана ынтымактуу коӊшулуктун шартында гана мүмкүн. «Атым теппейт дебе, итим каппайт дебе»дегендей, эл аралык терроризм, наркобизнес, диний экстремизм, потенциалдуу регионалдык жана глобалдык коркунучтар Кыргызстандын коопсуздугу үчүн опурталдуу көрүнүштөрдөн болуп саналат.Мындай коркунучтуу кырдаалдар менен күрөшүу жалгыз республиканын, жалгыз бир өлкөнүн колунан келбестигин тажрыйба көрсөтүп турат. Мына ошон үчүн жакынкы жана алыскы чоӊ, кичине калктар менен кол кармашкан достукта туруу- улуттук мүдөөнүн кызыкчылыгы.
Эл аралык мамилелердеги, тышкы саясаттагы достугубуз ички саясатта да чыӊ болушу керек. Эгемендүү өлкөбүз прогресске жаш балача талпынып жаткан кезде 80 ден ашык улут өкүлдөрү, бир катар улуттардын чоӊ континеттери, этникалык топтор жашаган Кыргызстандын шартында тынчтыкка, улут аралык ынтымакка этникалык топтордун укуктарын жана маданий кызыкчылыктарын урматтоого таянган көрөгөч, адамгерчиликтүү интернационалдык саясат бизге аба менен суудай керек. «Ынтымак достордун жолун ачат, ынтымак болбосо ырысыӊ качат», «Ырыс алды ынтымак, ыркы жокко бак конбос» деген эл макалынын мааниси дайыма эсте турганы оӊ. Достукка бекемдик-ыймандуулуктун белгиси.
Достук- Манас атабыздын бизге калтырган улуу жети осуятынын бири. Эгемендүү Ала-Тоо достугу чыӊ болсун!-деп жашоого үйрөнөлү.
Эл достугун жазам, даӊктайм чарчабай…
Достуктун теӊдеши жок өзбек-кыргыз,
Өзбек, кыргыз эӊ байыркы элдерден.
Улуу достук дайрасында бир сүзүп!
Өзбек жигит кыргыз кызга теӊ келген,
Аму ырга кошулгандай бир жүрүп.
Өрүк комуз сезим козгоп чертилип,
Земин менен Паркент жактан жаӊырар
Ырга балкыйт өзбек жигит , эр жигит,
Гүлдөй кызын авазына жанып ал.
Эр Салижан учуп чыгып космоско,
Тээ түпкүрдөн тууган жерге көз салып.
Кыялында куттуу Мекен Ош тоссо,
Келечекке кадам таштаар жол жарык.
Элге сыймык Байдылдабыз, Сооронбай,
Түгөлбай да, Сүйүнбайда, Чыӊгыз да.
Кыргыз үчүн ыйык болсо тоо кандай,
Достук ыйык өзбек менен кыргызга.
Кандай гана жарашыктуу кийгенде,
Калпак менен Чустун ала допусу.
Окшойт, ана баам салып билгенге-
Калпак, допу- Ала-Тоонун чокусу.
Жүрөк кагып турган кезде дем тартып,
Эл достугун йтам, даӊктайм чарчабай.
Өссүн эки эл келечеги кеӊ тартып,
Бүрдөп турсун ынтымагы арчадай.
Талас райононунун “Бердике Баатыр”айыл аймагына К.Нурбеков атындагы орто мектебинин 2015-2016-окуу жылында “ 2016-жыл- тарых жана маданият жылына ” карата аткарылган иш чаралар боюнча
Билдирүү
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “2016-жыл –тарых жана маданият жылы” деп жарыялагандыгына байланыштуу 2015-2016-окуу жылына карата иш план иштелип чыгып, мектеп жетекчилиги тарабынан бекитилген.
Мектепте “ 2016-жыл-тарых жана маданият жылы ” деген жарнак илинген.
Класс жетекчилер тарабынан Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Омүрканованын 100 жылдык мааракесин белгилөө максатында 1-10-класстар арасында “Мыскал Омүрканова –Кыргыз ССРинин Эл артисти”темасында класстык сааттар өтүлүп, мектептин музыка сабагынын мугалими Эстебесов Акимбек “Эл артисти Мыскал Омүрканова 100 жашта”темасында ачык сабак өтүп, акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгын камтыган дубал газета чыгарды. Китепкана башчысы Борбашева Алтын жана секция жетекчилер Мамбеталиева Ырыс, Керимбаева Гүлсара класс жетекчилер менен биргеликте “Мыскал Омүрканова 100 жашта”темасында дубал газета чыгарды. Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери: Жунусбекова Хадира, Тыналиева Нуркамал, Тойгонбаева Кундуз “Мыскал Омүрканова-кыргыз элинин сыймыгы”темасында дилбаян жазуу иш чарасы өткөрүлдү.
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, атактуу түрколог-лексикограф
К. Юдахиндин туулган күнүнүн 125 жылдык юбилейин өткөрүү максатында төмөндөгүдөй иш чаралар аткарылды:
Класс жетекчилер тарабынан 1-10-класстардын окуучуларына “К. Юдахин-коомдук жана мамлекеттик ишмер, атактуу турколог-лексикограф”темасында класстык саат өтүлдү. Секция жетекчиси Жунусбекова Хадира класс жетекчилер менен биргеликте “К. Юдахиндин кыргыз филологияына кошкон салымы”темасында дилбаян жазуу иш чарасы уюштурулду.Мектептин китепкана башчысы Борбашева Алтын тарабынан “К. Юдахин –атактуу түрколог-лексикограф жана коомдук ишмер”темасында бурч уюштуруп, мектеп окуучуларына улуу инсан туурасында кеӊири маалымат берди. Маметалиева Ырыс, Тойгонбаева Кундуз, Тыналиева Нуркамал жана Намазбекова Жаӊылкан тарабынан “К.Юдахин 125 жашта” темасында дубал газета чыгарылды.
Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин туулган күнүнүн 90 жылдык юбилейин өткөрүү максатында класс жетекчилер тарабынан “Сооронбай Жусуев 90 жашта”темасында класстык сааттар өтүлүп, мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери: Жунусбекова Хадира, Тыналиева Нуркамал, Тойгонбаева Кундуз класс жетекчилер менен биргеликте “Эл акыны Сооронбай Жусуев”темасында дилбаян жазуу иш чарасы уюштурулду. Класс жетекчилер, секция жетекчилер Мамбеталиева Ырыс, Керимбаева Гүлсара тарабынан “Сооронбай Жусуев 90 жашта” темасында дубал газета чыгарылды. Мектептин китепкана башчысы Борбашева Алтын тарабынан мектептин китепканасына “Сооронбай Жусуев- Эл акыны” темасында бурч уюштуруп, акындын китептери көргөзмөгө коюлду. 8-9-10-класстардын окуучулары менен акындын чыгармачылыгы боюнча тегерек стол уюштурулуп, талкуу жүргүзүлдү.
Алыкул Осмоновдун 100 жылдык юбилейин өткөрүү максатында класс жетекчилер тарабынан “Алыкул Осмонов-улуу акын” темасында класстык сааттар өтүлдү. Мектептин китепкана башчысы Борбашева Алтын тарабынан 5-6-7-кластын окуучуларына Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча маалымат берилип, чыгармаларынан көркөм окуулар уюштурулду. “Алыкул Осмонов 100 жашта”темасында дубал газета уюштурулуп, акындын чыгармачылыгы, баскан жолу тууралуу кеӊири маалымат берилди. Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери : Жунусбекова Хадира, Тыналиева Нуркамал, Тойгонбаева Кундуз тарабынан “Алыкул Осмонов баскан жол”темасында адабий кече уюштурулду. 8-9-10-класстар арасында “Алыкул Осмонов менен сыймыктанам”темасында дилбаян жазуу иш чарасы уюштурулуп, 9-класстын окуучулары активдүү катышты.
Класс жетекчилер тарабынан “Улуу ойчул, илимпоз, акын жана Карахандар каганатынын көрүнүктүү ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын”белгилөө максатында “Жусуп Баласагын улуу ойчул, илимпоз жана акын”темасында класстык сааттар өтүлдү.
“Коомдук ишмер, А. Сүйүмбаевдин 95 жылдыгын”белгилөө максатында иш план иштелип чыгып, класс жетекчилер тарабынан класстык сааттар өтүлдү. Мектептин китепкана башчысы Борбашева Алтын тарабынан “А. Сүйүмбаев- 95 жашта”темасында дубал газета чыгарылды.Мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери: Жунусбекова Хадира, Тыналиева Нуркамал жана Тойгонбаева Кундуз тарабынан “А. Сүйүмбаев-коомдук жана мамлекеттик ишмер”темасында дилбаян жазуу иши уюштурулду.
Мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Сатибаева Гүлжамал тарабынан коомдук ишмердин өмүр жолун баяндаган дубал газета чыгарылды.
2016-жылдын апрель айында 2-10 класстар арасында “Жоокер ыры”кароо сынагы уюштурулуп, төмөндөгү окуучулар жеӊүүчү болуп табылып, райондук кароо сынакка катышууга жолдомо алышты:
Кубан уулу Адилет 8-класс
Акыбаева Айдана 8-класс
Турарбек кызы Эркинай 6-класс
Акыбаева Айдана райондук кароо сынакта 1-орунду камсыздап, облустук сынакка катышып, байгелүү 1-орунду ээлеп, “Ардак грамота”менен сыйланды.
“7-апрель- Элдик революция”күнүнө карата мектептин мугалими Умөталиева Айнагүл тарабынан “Жүрөктө калган кара так”темасында эскерүү иш чарасы уштурулуп, тарых сабагынын мугалими Батырбекова Гүлжан тарабынан доклад жасалып, окуучулар ырлардан көркөм окушуп, Таластан чыккан баатырлар жөнүндө слайд көрсөтүлдү.
Класс жетекчилер тарабынан класстык сааттар өтүлдү.
Мектеп директору Сабатарова Махабаттын демилгеси менен 28-апрелде юридикалык илимдин доктору, профессор Кубанычбек Нурбековдун 88 жылдык юбилейине карата “Элеси эстен кетпейт”темасында эскерүү кечеси жакын туугандары, айылдаштары жана “Бердике Баатыр” айыл аймагынын башчысы Борбашев Мүзүрдүн катышуусунда өтүлүп, профессордун эстелигине гүл чамбар коюлуп, өмүр жолун баяндаган видео көрсөтүлүп, окуучулардын аткаруусунда Кубанычбек Нурбековдун тагдырын чагылдырган үзүндү сахналаштырылып көрсөтүлдү.Демөөрчүлөрдүн жардамы менен кыргыз элинин чыгаан инсаны Кубанычбек Нурбековдун музейи калыбына келтирилип жаӊыртылды. “Сейтек ”кошунунун кошун башчысы Исакова Аяна мектеп окуучуларын, иш чаранын катышуучуларын, ата-энелерди музей менен тааныштырып, профессордун өмүр жолу тууралуу баяндап берди..
Улуу Жеӊиштин 71жылдыгын» майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жана аткаруу максатында төмөндөгүдөй иш чаралар уюштурулду:
«Улуу Жеӊиштин 71 жылдыгын » уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлдү :
Сабатарова Махабат- К. Нурбеков атындагы орто мектебинин директору, комиссиянын төрайымы.
Сатибаева Гүлжамал- Класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу, төрайымдын орун басары.
Мүчөлөрү:
Маматбекова Мира- Окуу бөлүмүнүн башчысы.
Эстебесов Акимбек-Сүрөт сабагынын мугалими
Мамбеталиева Ырыс-Жогорку класстардын тарбилык иштери боюнча секциялык бирикменин жетекчиси
Керимбаева Гүлсайра- Башталгыч класстардын тарбиялык иштери боюнча бирикменин жетекчиси
Алымбеков Абжалбек- Аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими
Садыралиева Назгүл-География сабагынын мугалими
Батырбекова Гүлжан- Тарых сабагынын мугалими
Сапар уулу Майрамбек- МАУБ уюмунун лидери
Иш планы иштелип чыгып, мектеп жетекчилиги тарабынан бекитилген. «Улуу Жеӊишке 71 жыл» бурчу уюштурулуп, Талас облусунан чыккан « Советтер Союзунун Баатыры» деген ардактуу наамды алууга татыктуу болгон Чолпонбай Түлөбердиев, Асанбек Оторбаев, Петрищев Василий Петрович, Роденко Константин Герасимович, Сухин Семён Захаровичтер тууралуу маалыматтар сүрөттөрү менен бирге илинди.
Класс жетекчилер тарабынан «Аскер Даӊкы» уштурулуп, «Бердике Баатыр» айыл округунун Кум- Арык айылынан чыккан Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлеринин өмүр баяндары, согуш талаасында жасаган эрдиктери , алган сыйлыктары жөнүндө маалыматтар, үй бүлөөсүнүн сүрөттөрү чагылдырылган дубал газеталар, альбомдор, буклеттер жасалды.
Класс жетекчилер тарабынан «Улуу Жеӊишке 71 жыл», «Эч ким, эч нерсе унутулбайт» темаларында класстык саатар өтүлдү
Сүрөт сабагынын мугалими Эстебесов Акимбек тарабынан сүрөт тартуу сынагы өтүлүп, жеӊүүчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлду. Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери : Жунусбекова Хадира, Тойгонбаева Кундуз, тарых сабагынын мугалими Батырбекова Гүлжан тарабынан «Кыргызстандын жоокерлери согуш майданында», «Панфиловчулар», «Эч ким, эч нерсе унулулбайт» «Ар дайым тынчтык болсун»темаларында дилбаян, реферат жазуу сынагы өтүлдү.
7-майда МАУБ уюму тарабынан «Улуу Жеӊишке 71 жыл» аттуу салтанаттуу жыйын «Бердике Баатыр» айыл аймагынын кызматкерлеринин, эмгек ардагерлеринин, ата-энелердин, мугалимдердин жана окуучулардын катышуусунда өтүлдү.
Мектеп директору :_________________ Сабатарова М.
Аткарган Сатибаева Г.