Просмотр содержимого документа
«Эл дөөлөтү - эне тил»
Эне тилде
сүйлөйлү жана ырдайлы
Сабактын максаты:
- Балдарга кыргыз тилинин улуулугун, ыйыктыгын, тил тарыхыбыздын негизги куралы экендигин түшүндүрүү. Балдардын сөз байлыгын, сүйлөө речин, эске тутуусун, көркөм айтуусун калыптандыруу. Эли-жерин сүйүүгө, өз тилин сактай, барктай билүүгө, эстетикалык табитин өстүрүүгө тарбиялоо.
Күтүлүүчү натыйжа: Балдар Мекенин, эли-жерин, эне тилин сүйүүгө үйрөнөт, экологиялык тарбия алат.
- Керектүү материалдар : Китептер, сюжеттүү сүрөттөр, стол үстүндөгү театр, кыргыздын улуттук буюмдары, улуттук тамак-аштар, түстүү кагаздар, пластилин, түстүү боектор, түстүү калемдер, курулуш материалдары, ак барактар.
Сабактын жүрүшү:
- Арыбагыла балдар! Биз силер менен бүгүн «Эне тилде сүйлөйлү жана ырдайлы” деген темада сабак өтөбүз. Кыргыз тили байыркы тилдердин бири, ал далай кылымдарды басып өттү. Биз эне тилибизди барктап, аны терең үйрөнүшүбүз керек, анткени ал биздин ата-бабабыздан калган мурасыбыз, байлыгыбыз.
Баарыбыз маанайыбызды көтөрөлү да, сабакты ыр менен баштайлы. Сабактын темасы айтып тургандай ырды угабыз анан сүйлөйбүз..
Кыргыз тилинин тарыхы
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдеринин курамына, анын ичинен кыргыз-кыпчак тобуна кирет.
- XI к. тартып 1928-жылга чейин араб тамгасында болгон.
- 1928-1940-жылдары латын тамгасында болгон.
- 1941-жылдан тартып азыркы учурга чейин крилица тамгасындабыз.
Силер билесиңерби? Касым Тыныстанов
Кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн, грамматикалык курулушун (морфология менен синтаксисти) сөздүк курамын иликтеп, атайын окуу китептерин басмадан чыгарган алгачкы автор, алгачкы окумуштуу болгон.
Улуттун жаны – Тил!
- 1989-жыл 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Ар бир элди улут катары тааныткан анын тили.
- ЭНЕ-ТИЛ! Кандай жөнөкөй, кандай терең, кандай улук сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, сезимибизди ойготуп, акылыбызды арыштатып турат.
Эне тилибиздин бүгүнкү тагдыры силерди ойлондурабы?
Баарыбыз биргеликте слайд көрөбүз.......
Эне тилибиздин улуулугу ата-бабаларыбыз мурас кылып таштап кеткен макал-лакаптарында.
Угабыз анан эстегенибизди сүйлөйбүз!
Кыргыз тилине бир эле биз эмес, бир мезгилде Вартольд, Родлов баш болгон бир катар окумуштуулар суктанышкан. Кыргыздар кыргыз тилин оозеки кебинде сан миң кылым сактап келди. Маселен жомокто.....
Ийгиликтин ачкычы изденүүдө, Изден иште өнүксүн биздин өлкө!
- Мекен сүйүүсү –эне тилден башталат.
- Мекенчилдик-эне тилибиздин кепилдиги.
- Бул макалдарды уккандан кийин айткылачы биз сөз кыла турган уламышта кандай окуялар болушу мүмкүн................
.
- Уламышты чогу угуп көрөбүз!
- Жер үчүн өз ара талаш-тартыш, согуш болуп, бирин- бири басып алып турган учурда күчтүү армиясы менен башка мамлекетке чабуулга чыгуу үчүн генерал «тил» кармап келүүгө буйрук берет. Жоокерлери жол көрсөтүү үчүн ал мамлекеттин жеринде жашаган бир чабанды кармап келет. Кеч кирип кеткендиктен, аны туура багыт көргөзүп берүүсүн талап кылышат. Бирок чабан так секирип, жол көрсөтүүдөн баш тартат. Аны алтын беребиз деп алдап да, коркутуп да көрүшөт.
Ошондо чабан генералга эмне деп айтышы мүмкүн?
- Бирок чабан «Кудай мени мындай кыянатчылыктан корусун. Мен эч качан мекениме чыккынчылык кылбайм. Туулуп-өсүп, нанын жеген элимди, жеримди сатпайм!» - деп көшөрүп туруп алат. Бул убакта генерал да келип калат. Ал чабандын жолду көрсөтпөйм дегенине жаалданат. Себеби чабуул ал күндөн калса, пландын бары ойрон болмок. Ошондо генерал чабанга : «Же бизге жол көргөзөсүң, же сени атып салабыз!» - дейт. Анда чабан тартынбай жооп берет: «Журтуна кыянаттык кылган киши катары тирүү жүргүчө, өлгөнүм миң эсе артык».
Чабандын жообун уккан генерал чабанга эми кандай мамиле жасашы мүмкүн?
- Ошондо генерал анын кайратына, мекенин сүйгөнүнө , укмуштуудай сөздү таап сүйлөгөнүнө баа берип, «Жөнөкөй чабаны ушундай болсо, баатырлары кандай болду экен,» - деп ойлонуп: « Сени кечирдим, азамат жигит экенсиң! Жолду өзүбүз табарбыз, кайратыңдан жазба! Сени тарбиялаган ата-энең, элиң мыкты экен», - деп чабанды кое берет.
Балдар бүгүнкү сабакта мен силердин эс тутумуңарды да текшергим келип турат. Азыр бир ырды угабызда , ар бирибиз бул ырдын түпкү маңызы жөнүндө чакан эссе жазабыз...
Бул ыр белгилүү акын Шайлообек Дүйшеевге таандык.....
- Кыргыздар жөн гана сүйлөп жатканда да ыр, дастан айтып жаткандай туюлат деген сөздү далилдөө максатында. Баарыбыз ордубуздан туруп Замир Арыкбаевдин аткаруусунда “Кыргыз калкым” – деген ырын хорго ырдап, сабагыбызды жыйынтыктайбыз.
- Кемер кур кемсел өтүк ак калпагын,
- Кээ бирөө билбей жүрөт ата салтын.
- Элиме белги берип тааныштырган,
- Атыңдан кагылайын кыргыз калкым.
- Кыргыз калкым, кыргыз калкым,
- Атыңдан кагылайын кыргыз калкым.
-
- Үйүнө мейман келсе жүзү жарык,
- Кой союп сыйлай билген ата салтын.
- Кызытып кымыз берип мал жедирген,
- Салтыңдан кагылайын кыргыз калкым.
- Кыргыз калкым, кыргыз калкым,
- Салтыңдан кагылайын кыргыз калкым.
-