СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дос бул...

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Дос бул...»

13. Дос бул...


Адам кай-бир учурда боштукка сүнгүйт. Кээ-бир учурда кандайдыр бир жалгыздыкка дуушар болот. Уясынан түшүп калган балапан сымал эмне кылаарын билбейт. Акыры өзүн, тагдырдын белгисиз бир жүрүп турган шамалына боюн таштайт. Андай болсо жашоо кокустуктардын океаны. Кайсыл дарыя кайсыл деңизге, кайсыл деңиз сени бул океандын кайсыл бурчуна алып барып таштаарын билбейсиң. Бир карасаң эле дүйнөнүн бүткүл жүгү сенин желкеңе артылган учурда бирөө пайда болот...Сезимдериң дароо алмашат ошол маалда..Жашоого кандай көз караш менен кароону билбей карбаластайсың...Ал жашооңдун бир бурчуна олтуруп алып, ошол океанда сени менен кошо агып жүрө берет..кайсыл жака карасаң ошол жакта...Ыйласаң, күлсөң, ойлонсоң, үшкүрсөң ...Дайыма жаныңда...Чарчаганыңда кынтая турган жөлөк болот.. Дайыма ишиңе аралашат...Эркелеп, назданып, бакырып, кыйкырсаң да жадабайт... Учуру келсе колуң, бутуң, көзүң болот. Сүйүүдөн, бакыттан, оорудан улам уктай албай жаткан түндөрү жаздыгың болот. Бир кумдуу жээкте олтуруп, жылдыз санасаң, деңизге таш ыргытсаң, ар бир чагылышында ошол болот. Бир деңиз чырагына окшоп, туңгуюк караңгылыкта, бороондуу түндөрдө сени коргоочу порт маягы болот... Кыскасы сен үчүн бир сүйүктүү, бир боордош, керек учурда бир-тууган, ата эне да болот. Бирок сен билбестен ага байланасың. бир күнү майда баратыңды, топтоп кетейин десең эле сени акмалап, артыңан түшкөндүгүн байкайсың, ал тургай өзүңө айтуудан корккон сырларыңды да ага айтасың. Ал кыйналбастан ребус катары сенин проблемаңды чечип берет. Керек учурда күндөп түндөп сени угат. Сени менен күлөт, сени менен кошо ыйлайт. Өткөндөгү кайгыңды бөлүшөт., кыялдарыңа ортоктош болот. Ошондо сен чачыңды тараганда эмне кылып жатканыңды, муздаткычтын бетин кантип жабууну билесин. Колуң да бул ишке барбайт. Акыры өзүңө келип, өзүн ойлой баштайсың. Ичиң толкундануу менен толуп ташат...Өтүүгө мүмкүн болбогон аска тоолорду бир кадам менен ашып өтө турган эрк пайда болот. Көздөрүңдө учкун.. Бакыттын нуру бар... Сен үчүн көк түс да кооз, ак түс ого бетер назик, кызыл түс көркөмдүү ... Ал да сени менен чогуу болгонуна кубанчта. Адашпайсың, ал убада бердиби келечегиңди билесин... Эртең менен турсаң эле эмне кылыш керек экендигин өзүн билесиң.. Бул сен үчүн эч качан таштай албаган өнөкөт болуп калат.. окуу сыяктуу, нан жеген, суу ичүү сыяктуу өнөкөт... Ар күнү кийиздин алдына каткан ачкыч сымал.. Анын аты ДОС.. сен кааласаң да аны жүрөгүңдөн өчүрө албайсың... Себеби, сенин бооруңдун, жүрөгүңдүн тереңинде сыя сыяктуу жазылган, сага адат болуп калган ушундай бир асыл адамың болсо кандай жакшы...Досуңдун кадырына жете бил...