Демократ акын Токтогул Сатылгановго 155 жылдыгына карата «Тоо булбулу Токтогул»аттуу адабий музыкалуу кече
Саламатсыздарбы бүгүнкү Ат Башы районундагы Кара-Коюн айыл өкмөтүнө караштуу ,Мусакунова Бүбүкалый атындагы Кара-Булуң айылдык китепканасында демократ акын Токтогул Сатылгановдун туулганынын 155 жылдыгына карата өтүлүүчү «Тоо булбулу –Токтогул»аттуу адабий музыкалуу кечеге кош келиниздер!
Токтогул Сатылгановдун өмүр баяны.
Токтогул Сатылганов 1864-жылы Азыркы Токтогул районуна караштуу Кетмен –Төбө өрөөнүндөгү Сасык –Жийде айылында кедей-кембагалдын бүлөсүндө туулган .Энеси Бурма эл оозуна алынган кошокчу болчу.Ал сөздү жамактатып сүйлөй билген,ырга да шыктуу аял эле.Токтогулдун ырчылыгына,төкмөлүгүнө дал ошол энеси Бурма түрткү берген.Акын 13 жашынан эл аралап ырдай баштаган.Токтогул элдин кайгы –муң ой санаасына себепкер социалдык калыссыздыкты курч маселелерди көз жаздымына калтыра алган эмес. Ырдай баштаган Токтогул ү сындуу чөйрөдөгү бей –бечаралар кембагалдардын эрмеги боло баштайт. Мисалы ,атактуу «Беш каман» аттуу ыры менен элди эзип ,күн көрсөтпөгөн беш бир туугандарды сынга алган.Ошентип жалган жалаа жабылып түрмөгө өлүм жазасына тартылган эле ал кийин жети жылдык мөнөткө кыскартылып каторголук жумушка алмаштырылган.Сүргүндөн качып айылына келген.Ал сүргүндө жүргөндө жалгыз уулу Топчубай ,медер кылган жалгыз иниси Эшматтын дүйнөдөн кайтканын угат.Ошентип зирек акын өзүнүн жекече арманын коомдук арманга айландырган.Ал манап байларды ,мурдакыдан да жек көрүү менен мурдакыдан дагы ашкере кордоп ырдады.Ушул мезгилде каматуунун айласын издеп акыры каматып тынышат.Бирок эли сүйгөн Токтогул элдин өтүнүчтөру,арызы менен төрт айдан кийин бошонуп чыгат.Кедейкан аттуу китеби 1938-жылы жарыкка чыккан .Токтогул 1933-жылы 69жашында каза болгон.1967-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык негизделген.Кыргыз улуттук филормониясы Т.С.атын алып жүрөт.Бишкек шаарыбызда Т.С.атындагы көчө бар.
Токтогулум –тоо булбулу акындын,
Теңир колдоп,таланты зор ашынган.
Тоо аралап кыргыз казак ,кыдырып,
Таамай айткан чыга келип жашынан.
Токтогулум 155жыл мааракең,
Эстеп турат кыргыз элиң баары тең
Ырын күүсүн жана сөзүн жараткан,
Булбул акын кайсыл жерде экен.
Жокчулуктун айынан
Малай болуп жалданып,
Карыптык түштү башыма
Казанбак байга кармалып
«Колума комуз алсам»деп
Жеталбай жүрөм зарланып
2. Көркөм окуу Санат ыры
Аргымакты жаман деп,
Бууданды кайдан табасын
Агайынды жаман деп,
Тууганды кайдан табасын,
Ак саманды жаман деп
Чөптү кайдан табасын
Аз дүйнөнү жаман деп,
Көптү кайдан табасың.
Жарма чайды жаман деп,
Этти кайдан табасын
Акындарды жаман деп
Кепти кайдан табасын
Агарган карга көп жүрсөң
Көзүң бир күн карыгат
Агайындан чет жүрсөң
Көңүлүң бир күн тарыгат
Тууганыңа батпаган
Жакыныңа жакпаган
Жаткишиге жалынат
Кышты кудай ураарда
Күн жылымдап жаз болот
Эрди кудай ураарда
Элүүсүндө жаш болот
Жинди менен жолдошпо
Суу куйбагын толбоско
Акмак болуп кетесин
Ачууланба болбоско,
Yгүт айтып чарчаба
Айткан акыл конбоско
Жолдош болсоң куу менен
Өмүр өтөт доо менен
Жыкмайынча качпагын
Беттешип калсаң жоо менен
Бекерчиден безе кач
Ушакчыдан көчө кач
Кызыктырып кыйыкты
Кыйын жерге жибербе
Билбестерди коркутуп
Алдоо менен имербе
Айталбаган сөз менен
Оозуңдү бекер ачпагын
Мактаганга март болуп
Оокатынды чачпагын.
.Мурунку жаман ишиңди
Кийинки жерге таштагын
Жолдош болбо коркокко
Жүк артпагын торпокко
Иш кылдырба торпокко
Күлүк минсен күүлөнүп
Эки жагын каранба
Көйрөң атка коносун
Көрүп калган адамга.
Ала-Тоо таңы аткандай
Алымкан эле ак маңдай
Акындын ошо сүйүүсү
Соолубай Нарын аккандай
3.Обондуу ыр Токтогул сүйгөн Алымкан
Күүнүн башы чайкама
Жигитиңде жигит бол,
Эч нерсени байкаба!
Күүнүн башы чайкама
Көпчүлүк элге айтам аа.
4.Токтогул Сатылганов күү Чайкама А.Искендеров орто мектебинин Миң кыял комузчуларынын аткаруусунда.
Токтогул терең Чалкардан,
Кем эмес эч бир залкардан.
Ырдын аты Токтогул,
Күүнүн аты Токтогул
Ала тоодон жаңырган
Yндүн аты Токтогул
Көлдүн аты Токтогул
Өрдүн аты Токтогул
Көк шибер көйкөл гүл жыттуу,
Төрдүн аты Токтогул.
5.Сценка
Күлгүнүңдө кетипсин,
Күз куураган чырпыктай
Күзгүдөй көзүң жумулуп,
Күкүктөй тилиң буулуп
Күйдүргүм калдың дым чыкпай
6.Көркөм окуу Терме
Өтүп кеткен ишиңди
Артынан бекер өкүнбө
Көтөрүлүп көп сүйлөп,
Учураба кесирге,
Таш чапкандай кетилбей
Ар ким ойлойт жакшылык
Талаптуу ишке жетүүгө
Кайраттуу болоор жигиттин
Оту болот көзүндө
Айткан сөзү орундап
Туругу болот сөзүндө
Өлөңдүү жерде саз болбойт
Өлчөмү менен дайрага
Өрдөк менен каз конот
Өткүрүм сүйлөп кеп айтсаң
Өлгөнчө кектеп,унутпай,
Өз тууганың кас болот.
Ушакчы болгон жигиттин
Урматы болбойт элине
Уурдап кепти ташыган
Уяты чыгат бетине
Кыялың,оюң түз болсо
мен Токтогул алоо өчпөгөн
Токтогул –сеңир чөкпөгөн
Токтогул- ыйык бай терек
Картайбай миң жыл жашаган.
7.Токтогул Сатылганов Ой комузчу Бийчилердин аткаруусунда.
Толгоп тарткан кыл аркан
Тор кашка аттын кербези
Топ жыйында сайраган
Токтогулдун кербези
Толкуп жашың өткөн соң
Толгонуп кайтып келбеспи!
Тобуңдан кетсем аман бол,
Толгон кыргыз жергеси
8.Токтогул Сатылганов Чоң кербез күүсү комузчулардын аткаруусунда
Атка бир салган дилдейсин
Ачылган кызыл гүлдөйсүң
Бир күн оору бир күн соо
Алымкан азабын тартсам билбейсин
9.Алымкан.Аткаруучу
Өлбөс,өчпөс чоң күүлөрдү жараткан
Күүсүн чертип,нечен элди саматкан,
Ыр саптары ай мончоктой тизилип
Сызып чыккан булбул үндүү тамактан.
Убагында мээрим төгүп ырдадың
Бай-манапты жетишинче сындадың
Мансапкордун манкурттугун так айтып
Көргөн жоксуң өмүрүңдүн жыргалын.
11.Көркөм окуу Дүнүйө
Бул дүнүйө бекерсиң
Бир күнү өтүп кетерсиң
Опоосу жок дүйнөнүн
Түбүнө кимжетерсин.
Келээриңде дүнүйө
Толукшуп чыккан айдайсын
Кетээриңде дүнүйө
Суу жүрбөгөн айдайсың.
Келээриңде дүнүйө
Асмандагы айдайсың
Кетээриңде дүнүйө
Кайгылуу көңүл кирдейсин
Келээриңде дүнүйө
Бүр алган кырчын талдайсың
Таттылыгың тамшанып
Шекер менен балдайсын
Кетээриңде дүнүйө
Азыткыдай алдайсын.
Акындын эртеңкисин даана билээр
Ашкан эр душманына октой тиер
Уккандын оюн бийлеп эркин иер
Комузчу,ырчы,обончу-чексиз чебер.
Элим деп элжиреген жүрөк анда
Билсең айт ,дагы акынга нелер жетпейт
Ташыса Ысык көлдөй ташкыны бар
Таланттан Токтогулга ким тең келээр
Эмесе «Жаш кыялы», «Алымканы»,
Кылымдап кыргызымда жашай берер.
Тоо булбулу Токтогул атабыз арабыздан кетсе да анын жараткан күүлөрү,ырлары ,достуктун –ырчысы,азаттыктын -жарчысы катары ар кимибиздин жадыбызда түбөлүккө жашай бермекчи.
Ушуну менен демократ акын Токтогул Сатылгановдун туулганынын 155 жылдыгына арналган «Тоо булбулу- Токтогул» атту адабий музыкалуу кечебиздин аягына келдик.Көңүл бурганыныздарга чон ырахмат.
Китепкана башчысы: А.Закирбаева.