СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чыгыш өлкөлөрүнө саякат

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чыгыш өлкөлөрүнө саякат»

2.1.3.3.4. Гильом де Рубруктун “Чыгыш өлкөлөрүнө саякат” аттуу латынча эмгегинде кыргыз этноними



XIII к / XIII к



Француз королу Людовика IXнун тапшырмасы менен 1253-1255-жылдары Кара-Деңиз, Кавказ, Орто Азия аркылуу Монголияга саякат жасаган Гильом де Рубруктун кол жазмасында кыргыз энчилүү аты эки жолу кезигет:



1. 1-текст

Латынча текст:

De Russia, De moxel, & Majore Bulgaria Pascatir, quae est major Hungaria, &Kergis: (quae omnes sunt regiones ad Aquilonem & plenae sylvis;) & aliis multis regionibus ad latus aquilonare, quae eis obedient, adducuntur eis pelles preciosae multi generis: quas nunquam vidi in partibus nostris: Quibus induuntur in hyeme (Hakluyt, 1903: 190-191).

Орусча котормосу:

Из Руссии, из Мокселя (Maxel), из великой Булгарии и Паскатира, то есть великой Венгрии, из Керкиса (все эти страны лежат к северу и полны лесов) и из многих других стран с северной стороны, которые им повинуются, им привозят дорогие меха разного рода, которых я никогда не видал в наших странах и в которые они одеваются зимою (Шастина, 1957: 98).



2. 2-текст

Латынча текст:

Et quesivi a sacerdotibus, qui venerant de Cataya, qui hoc testabantur, ab illo loco in quo inveni Manguchan usque in Cathaiam erant .xx. diete tendendo; inter meridiem et orientem, usque ad Onam Kerule, que est propria terra Moal, ubi est curia Chingis, erant .x. diete recte in orientem, et ad partes illas orientis nulla erat civitas. Taraen erant populi qui dicuntur Su-Moal , hoc est Moal aquarum; su enim idem est quod aqua. Isti vivunt piscibus et venatione, nullos greges, nulla armenta habentes. Versus aquilonem similiter nulla est civitas, sed popultis nutriens pecora, qui dicuntur Kerkis (Francisque & Thomas, 1839: 326-327).

Англисче котормосу:

And I questioned priests, who had come from Cathay, who bore witness to it, that from the place where I had found Mangu Chan to Cathay was XX days journey between south and east; while to Onan Kerule, which is the true country of the Moal, and where is the ordu of Chingis, was ten days due east, and that all the way to these eastern parts there was no city. There were, however (they said), people called Su-Moal, which is "Moal of the waters;" for su is the same as "water.". They live on fish and by the chase, for they have no flocks, no herds. Likewise to the north there is no city, but a people raising flocks, and called Kerkis (Rockhill, 1900: 196-197).

Орусча котормосу:

И я спросил священников, прибывших из Катайи, и они свидетельствовали, что от того места, где я нашел Мангу-хана, до Катайи было 20 дней пути в направлении к юго-востоку, а до Онанкеруле, настоящей земли Моалов, где находится двор Чингиса, было 10 дней пути прямо на восток, и в этих восточных странах не было ни одного города. Но все же там жили народы, по имени Су-Моал, то есть Моалы вод, ибо Су значит вода. Они живут рыбной ловлей и охотой, не имея никаких стад, ни крупных, ни мелких. К северу также нет ни одного города, а живет народ, разводящий скот, по имени Керкисы (Шастина, 1957: 154).



Рубруктун латынча кол жазмасында кыргыз энчилүү аты Kergis (кергис) түрүндө жазылган. Биринчи тексттин жалпы маанисине, бир сүйлөмдө орун алган Орусия, Булгария, Венгрия өңдүү энчилүү аттардын лексикалык тибине жана бул энчилүү аттарды жалпылаган өлкө сөзүнө карай турган болсок, бул текстте Кыргыз сөзү өлкөнүн ысымы, топоним катары колдонулган деген жыйынтык чыгаруу мүмкүн.

Каралып жаткан текстте Кыргыз өлкөсү түндүктө жайгашкан жана токойлуу өлкөлөрдүн бири катары эскерилип, ал жактан түрдүү баалуу аң терилер алынып келери баяндалган. Бул маалымат XIII кылымдын башында монголдордун түндүгүндө, Түштүк Сибирде жайгашкан кыргыз өлкөсүнүн өзгөчөлүктөрүнө дал келет. Анткени арап жана кытай булактарында буга окшогон маалыматтар арбын. Мисалы, белгисиз автордун “Худуд ал-алам” жана Гардизинин “Зайн-ал ахбар” аттуу эмгектеринде кыргыздардын өлкөсүндө түрлүү айбанаттардын терилери өндүрүлүп, башка өлкөлөргө аң терилер чыгарылары белгиленген (Ромодин ж.б. 2002: 63; Караев, 1994: 54).

Экинчи текстте кыргыз энчилүү аты түздөн-түз элдин аты катары белгиленген. Башкача айтканда, этноним сыпатында орун алган. Аталган текстте түндүктө жашаган кыргыздардын өзгөчөлүгү катары мал чарбачылыгы менен алектенүү көрсөтүлгөн. Бул маалымат да башка булактар менен тастыкталат. Алсак, “Тайпин Хуанюй Тзи (Тайпин Синго бийлиги өкүм сүргөн доордогу (976-984) бүткүл дүйнө баяны)” аттуу булакта “Алардын мал-жандыктары ар түркүн: төөлөр, букалар, койлор, асыресе букалар айрыкча көп. Бай үй-бүлөлөрдүн эки-үч миң туяктан мал-жандыгы бар” деп жазылса, “Худуд ал-алам” деген арапча булакта “Алардын байлыгы – хырхыз арабалары, кой, уй жана жылкы” деген маалыматтар берилип, кыргыздардын негизги экономикалык багыты катары мал чарбачылык көрсөтүлгөн (Жусаев ж.б. 2003, 43; Ромодин ж.б. 2002, 63).

Гильом де Рубруктун кол жазмасын англисчеге которгон Уильям Рокхилл экинчи тексттеги кыргыз этнонимин атайын кеңири илимий шилтемеде карап чыгып, Рубрук келген мезгилде кыргыздар Түндүк Монголиянын түндүгүндө, Байкал көлүнүн чыгышында, Энесай дарыясынын жогорку алабында жашашкан деп белгилейт (Rockhill, 1900: 197).

Жыйынтыктап айта турган болсок, кыргыз энчилүү аты Гильом де Рубруктун кол жазмасында эки жолу эскерилип, Түндүк Монголиянын түндүгүндө жайгашкан, баалуу аң тери өндүрүлгөн өлкөнүн аты, этнотопоним; монголдордун түндүгүндө жашап, мал чарбачылык менен алектенген элдин ысымы, этноним катары колдонулган.