| Жаңы материал менен иштөө Кыймылдуу көнүгүү Мааниси бар эс алуу мүнөтү | Балдар !!!булар эмнелер? Туура, бул-чөл. !!!Бул- чыны. !!!Бул- чүкө. !!!Бул-чымын. Азаматсыңар. Келгиле чогуу баарыбыз дагы бир жолу аттарын атайбыз. Атап жатып, башкы тыбышына көңүл бургула. !!!Чөл, !!!чыны, !!!чүкө, !!!чиркей. Ооба, бул сөздөрдун башкы тыбыштары !!!Ч тыбышы менен башталды. Анда бүгүнкү биздин өтө турган темабыз Ч тыбышы жана ЧЭ тамгасы. Бүгүн сабакта Ч тыбышы жана Чэ тамгасы менен таанышасыңар. Ч тыбышы сөздүн кайсы жеринде айтылганын аныктап, сөздү мунга бөлүп, сүйлөм түзөсүңөр жана текстти окуйсуңар. Чөптүн дарылык касиетин билесиңер. Келгиле, Ч тыбышын туура угуп, үч жолу кайталап айталы. ч- ч -ч Жакшы. Демек, тыбышты биз оозубуз менен айтып, кулагыбыз менен уктук. Ал эми тамганы көрөбүз,жазабыз, окуйбуз. Бул !!!Чэ тамгасынын -басма түрү. Ал эми !!!бул – жазма түрү. !!!Баш тамгасы жана !!!кичине тамгасы!!!. Балдар, Ч тыбышын тамга менен белгиледик. Кайталайбыз, тыбыш тамга менен белгиленет. Тыбыш тамга менен белгиленет. Келгиле ордуңардан туруп мага өз денеңер менен Ч тыбышын көрсөтуп көргүлөчү. Эми абада Ч тыбышын жазып көрөлүчу, азаматсыңар! Келгиле, Ч тыбышын дагы үч жолу кайталап айтып көрөлү. ч-ч-ч. Балдар, эмнени байкадыңар? Ооба, Демек, Ч тыбышы каткалаң үнсүз. Эми балдар, чана деген сөзгө талдоо жүргүзүп көрөлү.!!! Силер билесиңер, Талдоо – бул сөздө канча тыбыш, канча тамга, канча муун бар экенин аныктайт. Кана, чана деген сөзгө талдоо жүргүзөлүчу, канча тыбыш, канча муун? Балдар, бул эмне? Анда эмесе жупта бири-бириңерди карп, бул сөзгө талдоо жүргүзгүлөчү. Кимдин боюу узун болсо ошол баштайт. Мугалим окуучуларды аралап басып, балдардын жупта иштеп жатканын көзөмөлдөйт. Баары бүткөндөн кийин окуучулардын көңүлүн өзүнө буруу үчүн ритм менен кол чабат, окуучулар мугалим кандай ритм менен кол чапса, ошондой кол чаап аны туурап, көнүлүн мугалимге бурат. Мугалим 2 жуптан талдоону сурайт. Калгандары да ушундай аткарса бармагын өйдө көтөрүүнү суранат. Балдар бул эмне? Анда эмесе астынардагы баракчага бул сөзгө түс менен тыбыштык талдоо жүргузүп мага көрсөткүлөчу Силерге 10 секунд берем.. Мугалим окуучуларды аралап, текшерет. Убакыт бүткөндө 1-2 окуучунукун текшерет. Окуучуларга эгер силердики да ушундай болсо өчө турган кагазга күн, мындай эмес болсо ай тарткыла деп айтат. Азаматсыңар балдар, биз үч созгө талдоо жүргүздүк, мындан силер эмнени байкадыңар? ООБА, демек Ч тыбышы сөздүн башына, ортосуна жана аягына келет экен. Анда эмесе 1-катар ч тыбышы сөздүн башына келген сөздөрдү, 2-катар ч тыбышы сөздүн аягына келген сөздөрдү, 3-катар ч тыбышы сөздүн ортосуна келген сөздөрдөн мисал келтиргилечи, мен силерге топ ыргытып турайын. Эми мен силерге топту ыргытайын, силер да ч тыбышы сөздүн башында келген сөздөрдөн айткылачы.. Кезекти окууга берели. Азыр бир нече муундарды окуйлу. Кана, баштадык. –ЧА, -ЧО, -ЧУ, -ЧЫ, -ЧИ, -ЧЕ, -ЧӨ. Муундарды чогуу жалпы класс менен окуп чыгуу. Азыр, ЧАЛКАН деген темадагы чакан текстти мен окуп берейин. Силер көңүл буруп, угуп отургула. Мугалим текстти сүрөт менен чогуу окуп берет. Эми балдар текстти шыбырап окуйбуз. -Терип окуйбуз. Мугалим тексттин кээ бир жерин окуйт, окуучу андан ары таап улантып кетет. Текст боюнча суроо. Балдар азыр мен силерге текст боюнча түшүнүктөрдү айтам. Эгер туура болсо мен айткан түшүнүктү туура деп эсептесеңер ордуңардан турасынар, туура эмес деп эсептесеңер турбайсынар. Силерге ыңгайлуу болуш үчүн отургучуңарды атка жылдырып даярданып алгыла, анда баштадык. -Азыр алиппе сабагы. (Мугалим окуучуларга кол чабат. Себеби окуучулардын баары турду, бул туура) -Чубак чиркейлерди кубалап жүргөн. Балдар ким турса, турбаган окуучуларга кол чаап коелу. Себеби Чубак чиркей эмес, көпөлөк кубалап жүргөн, бул туура эмес. - Чубак,..ой мурдум деп ыйлады. Мугалим 1-2 окуучудан эмне учун турганын же отурганын сурайт. Тургандар турбагандарга кол чабат, себеби Чубак, ой бутум деп ыйлаган. -Чубактын бутун чалкан чакты Мугалим 1-2 окуучудан эмне учун отурганын же турганын сурайт, туура жообун айтат. Ким турбаса тургандарга кол чаап койгула..себеби Чубактын бутун чалкан чаккан. Балдар анда чалкан деген эмне? Чалкан-бул өсүмдүк. Орусчасы крапива. Кокусунан денең чалканга тийип кетсе, ал чагат, бирок чакканы ден соолукка пайдалуу. Бир аз тызылдатып барып басылат. Чалканды дары катары колдонушат. Чач түшкөндө чалкандын жалбырактарын кайнатып, суусу менен башты жуушат. Муну биле жүрөлү. (мугалим колундагы чалканды балдарга көрсөтөт) | Сөздөрдү таап, байланыштырышат. Ч, ч,ч деп кайталашат Тыбыш менен тамганы айрымалашат. Окуучулар ордуларынан туруп, ч тыбышын көрсөтүшөт. Абада жазышат. Ч тыбышын айтып жатканда аба тоскоолдукка учурап, тилдин учу тишке анча тийишпей, катуу айтылды. Ч, А,Н,А тыбыштары бар.Бул сөздө 4 тыбыш,4 тамга бар, 2 МУУНГА БӨЛҮНДҮ, Биринчи мууну !!!-ЧА, экинчи мууну –!!!НА. !!!Ч тыбышы сөздүн башында кездешти. Алча. Окуучулар бойлорун теңештирип, кимдин бою узун болсо ал жанында отурган жолдошуна алча-4 тыбыш, а,л.ч, а 2 муун, биринчи муун ал, экинчи муун ча деп айтып берет.Кайра кийинки окуучу да ушундай кылып бири-бири менен ой бөлүшот. -ритм менен кол чаап, бармактарын көтөрүшөт. Ачкыч Ар бир окуучу сүртсо өчө турган баракка 5 табл чийип, аны кызыл, көк, көк, кызыл, көк кылып боёп көрсөтөт. Окуучулар өздөрун баалоо үчүн ай, же күн тартышат. Сүрөткө карап, ч тыбышы сөздун башына, ортосуна, аягына келгенин айтышат. Мисалдарды келтиришет. Чөл, чана, чымын, чиркей, чанач, чака, ач, кач, чач, кайчы, ачуу, кычкыл, кеч, күч, күчүк, күрүч, топчу, токоч, чөп, эчки, ж.б. Муундарды окушат Мугалим окуп жатканда көңүл буруп, көзү менен ээрчип окуйт. Окуучулар шыбыш менен окушат. Терип, улантып окушат. Окуучулардын баары ордунан турат. Себеби азыр алиппе сабагы. Окуучулар турбашы керек. Бирок кээ бирөө турушу кээ бирөө турбашы мүмкүн. Мугалим э1-2 окуучудан эмне себептен турганын же турбаганын сурайт. Балдар же турат же отурат Окуучулар эмне учун турганын же турбаганын аныктап айтып беришет. Балдар отурат же турат.Өз кыймылын аныктап айтып берет. Окуучулар өз ойлору менен бөлүшот. |