СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч.айтматов "эрте келген турналар"

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ч.айтматов "эрте келген турналар"»

Дата:__________, 7-А класс, завуч__________

Тема: Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” повести

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны жана “Эрте келген турналар” чыгармасы жөнүндөгү билимдерди алышат.

-инсандын адептүүлүк, маданияттуулук сапаттарынын маңызын түшүндүрүп бере алышат.

-аталган сапаттардын өзгөчөлүктөрүн өмүр таржымалын айтып бере алышат.

Кептик: Жазуучу, чыгарма жөнүндөгү кызыктуу маалыматтарды ошондой эле чыгармачылыгы боюнча материалдар менен таанышат.

-талкуунун жыйынтыгы боюнча аргументтүү жыйынтыктарды жасап, сынчыл ой-жүгүртө алышат,

-жазуучунун башка жазуучулар менен окшоштуктарын жана өзгөчөлүктөрүн түшүндүрө алышат.

Социо-маданий: Калемгердин басып өткөн жолунан өрнөк алышат, чыгармалары аркылуу тарбияланышат.

-билимдүү, адептүү жана маданияттуу инсандын үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрүшөт.

-калемгердин тагдырындагы оң - терс жактарын иргеп айтууга көнүгүшөт.

Сабактын тиби: жаңы теманы анализдөө, аңгемелешүү

Сабактын усулу: жекече, топтук негизде иштөө

Сабактын прдемет аралык байланышы:тарых, география, музыка, дене тарбия, кыргыз тил

Сабактын жабдылышы: окуу китеби 7-класс, ватман, маркер, флипчарт, сүрөттөр, интерактивдүү доска, слайд, дидактикалык каражаттар

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

Бар болгула!

Окуучуларга жагымдуу маанай түзүү!

Окуучуларды жоктоо!

Класстын тазалыгына көңүл буруу.


Арыбаңыз!

2)Үй тапшыр-масын суроо

(5-мүнөт)

Тест аркылуу алынат.

Жуп-жубу менен текшерет.

3)Акыл чабуулу.

(1-мүнөт)

Эрте жаз дегенде эмнени түшүнөсүңөр?

Эрте жазда кандай окуялар, жумуштар болушу мүмкүн?

“Эрте келген турналар”

Күндө журнал жоктогонго тизмеден,

Султанмурат Мырзагүлдөр биз менен.

Балдар кетти окубастан мектептен,

“Ак сайдагы” соко чийген из менен.



4)Жаңы тема. (10 мүнөт)

  1. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара – Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.


Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден “пантүркист” катары атылып кеткен.

Апасы Нагима Хамзаевна Айтматова – теги боюнча татар. Чыңгыздын таятасы Хамза – Карколдогу бай жана айдың татар соодагери болгон. Нагима жергиликтүү театрда актриса болгон.

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Чыңгыз 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып коёт. Ошол кезде жаштар арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле. Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.

1946-жылы сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт.

1948-жылы техникумду мыкты аяктап, Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирип, 1953-жылы аяктайт.

1959-1965-жылдары орусча “Литературный Кыргызстан” журналынын башкы редактору болгон. “Правда” гезитинин кабарчысы да болуп иштеген.

1988-1990-жылдары Москвада чыгуучу “Иностранная литература” журналынын башкы редактору болгон.

1946-1986-жылдары Кыргызстан Киноматографисттер Биримдигинин Биринчи катчысы болгон.

1966-1989-жылдары СССР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

1990-жылдан баштап СССРдин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.

2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калгандыгына байланыштуу Германиянын Нюренберг шаарынын биринде 2008-жылдын 10-июнунда көз жумган.

2011-жылы 30-августа Кыргызстандын борбор шаарында Ала-Тоо аянтында эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды.


Чыңгыз Айтматовдун алгачкы жубайы Керез Шамшыбаева жана

уулдары Аскар менен Санжар.


Кийинки жубайы Мария жана кызы Ширин, уулу Аскар менен.


Жазуучу улуу уулу Аскарга арнап “Эрте келген турналар” повестин жазган болсо атасы менен апасына арнап “Саманчынын жолу” повестин жазган.

Калемгердин дээрлик бардык чыгармаларынын түпкү идеясында “Канткенде адам уулу адам болот” деген идея жатат.

Согуш учурунун катаал шартында бийик адамдык абийирин сактап калган "Ак-Сай десанттары" — өспүрүмдөр тууралуу баян.

Башкарма, майданчы Тыналиев мектептен Ак-Сайга кош айдоо үчүн беш жигитти – "чорону" тандап алат. Алардын колбашчысы он бештеги – Султанмурат, экинчи чоро – Анатай, үчүнчү чоро – атка жеңил, тайга чак Эркинбек баатыр, төртүнчүсү – Алтын туяк аты бар Эргеш баатыр, бешинчиси – Кубаткул. Мына ушул Тыналиев "Ак-Сай десанттары" деп атаган балдарды алдыда оор сыноолор күтүп турган. Чыгармада ошол балдардын өмүрүнүн бир кыска үзүмдөрү, кош айдоого даярдыктары, кош айдоо кезиндеги жеңиштери жана жеңилиштери чагылдырылат.

Бүгүн жазуучунун согуш апаатынын алыскы бир айылдагы беш балага тийгизген таасири тууралуу жазылган "Эрте келген турналар" повести тууралуу 7 фактыны сунуштайбыз.

Повесттин жазылышы жана басылыш тарыхы. Чыгарма орус тилинде жазылган жана "Ранние журавли" деген ат менен "Новый мир" журналынын 1975-жылдагы №9 санына басылган. Аны кыргыз тилине Ашым Жакыпбеков которгон. Кыргызчасы "Эрте жаздагы турналар" деп да, "Эрте келген турналар" деп да аталып келет. Эң алгач кыргызча котормосу "Ала-Тоо" журналынын 1978-жылдыгы №7 номерине жарыяланган. Коомдук-социалдык курч проблемаларды көтөрүп келген соңку эки чыгармасына – "Гүлсарат" менен "Ак кемеге" салыштырганда "Эрте келген турналар" партияга жана партиялык түзүлүшкө "асылбаган" "жай" чыгарма болду. Ырасында мындай "ызы-чуусуз" чыгарманы окурмандар күткөн эмес эле…

"Манас-Атанын ак кар, көк музу" жана "…турналар". Анда СССР деп аталган улуу державада жана ага өнөктөш социалисттик өлкөлөрдө Улуу Жеңиштин 30 жылдыгына карата чоң даярдыктар жүрүп жаткан. Ушул нооканга карата ошол кездеги окумдуу жумалык болгон "Кыргызстан маданияты" газетасынын 1975-жылдын 1-майдагы санына советтик атактуу жазуучунун "Манас-Атанын ак кар, көк музу" деп аталган тарыхый-документалдык чыгармасы – очерки чыккан. Анда өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын баяндаган мындай сүйлөмдөр бар эле: "Лапылдата жааган кар… учурдун катаалдыгына каарданган "Манас-Атанын" ак кары… Калың кардын пардасынан кошчулардын карааны каалгыйт… Айлана тынч, дабышсыз жааган кардын шоокумунан классташтарымдын үндөрүн тааныйм: Байтик, Тайырбек, Сатар, Анатай, Султанмурат. Мен жакындап баруудан тартынам, көпкө даай албайм, көзүмдөн аккан жашты алар көрбөсө дейм… Ошол кышта бир жаман окуя болгон. Түн бир оокумда терезени тарсылдаткан катуу үндөн ойгонуп кеттим. Ээрден эңкейип, бирөө камчысын каккылап кыйкырды:

— Тур батыраак! Ат сарайда жылкы жок!..

Мен шашып-бушуп жөнөдүм. Көчөдө баратып үй-үйдөн мага окшоп кийине чуркап жеңин таппай келаткандарды көрдүм. Атканага жакындаганда, андагы чаңкылдаган үндөр угулду. Көрсө, түн жарым ченде атчы карайлап уйкуга кирген кезде, кайдагы дайынсыздар кирип, четки акырдан эки атты жетелеп чыгып кетиптир". Мына ушул окуя кандайдыр бир башкача өңүттөн "Эрте келген турналарга" негиз болгонсуйт. А түгүл айрым классташтарынын (Султанмурат, Анатай) ысымдарын да ошол бойдон повестке киргизген.

Повесть жазуучунун уулуна арналган. Чыгарманын башына Ч.Айтматов "Уулум Аскарга" деп жазып койгон. Бекеринен "Эрте келген турналар" уулу Аскарга арналган эместей. Конкреттүү эки муундун (Чыңгыз – Аскар) балалыгы, атанын бала чагы менен анын уулу тааныш болуу керектиги жөнүндө айткан жазуучунун насааты, моралы. Ушул жагынан алып караганда бул адеп-ахлактык баян. "…ар кандай учурларда, ал эми катаал кезең, оор сыноолордо ого бетер ажарына чыккан рухий бийик сапат, асыл касиет жөнүндө айткым келген", — деп айтат автор бул повести жөнүндө.

Ашташтырылган эпиграфтар. Повестте "Ак-Сай менен Көк-Сайым жер соорусу турбайбы" деген кыргыз эл ырынан эки сап, "Иовдун китебинен" эки сап, байыркы индус мурасы "Тхерагатхадан" алты сап эпиграф катары алынган жана алар чыгарманын жалпы өзөгү менен ашташып турат.

Повесттеги мугалим эжей турмушта болгон каарман. Повесттин башталышынан алынган "Ирик түймө жүн жоолугун ороно салынса да болбой үшүгөн Иңкамал-апай өзүнөн бетер көк муштум болуп олтурган балдарга география сабагында Цейлон аралы жөнүндө узун сабак – кызык жомок айтып жатыры" деген сүйлөмдөр жөнүндө ошол эжейдин прототиби Миңкамал Жолоева, же эл айткандай Иңкамал-апай: "Баланын унутпай, баарын жүрөгүнө сактап жүргөнүн карачы деп өзүнчө таң калам. Жада калса ошол кездеги башымдагы жүн жоолугумдан бери жазыптыр. Ооба, ошол кезде менин ошондой жоолугум боло турган. Чыгармасында ошол бойдон сүрөткө түшкөндөй болуп жоолукчан жазылыптырмын", — деп эскерген жайы бар. Иңкамал-апай повесттин окуялары турмуштун накта өзүнөн алынгандыгын өзүнүн "Мен анда окуучуларга география сабагы менен катар ботаника, зоология сабактарынан берчүмүн. Мырзагүл деген болсо Асылкан деген сулуу кыз эле. Класстагы балдардын баары тең аны менен бир партада олтургусу келишчү", — деп айтат К.Өмүралиев менен бир маегинде. Жазуучу өзү да мугалимдери тууралуу бир баянында "Мени окуткан мугалим-апай Миңкамал Жолоева жана башка мугалимдердин жардамы, өзгөчө алардын сезгичтик, этияттык менен кылган мамилеси мага өмөк болду" — деп жазат. Ушул сыяктуу окуя, каармандарды карап туруп, "Эрте келген турналарда" тарыхый-документалдык, мемуардык, автобиографиялык негиз күчтүү көрүнөт деп айта алабыз.

Кыргыздар уялганынан сыйлык берген "Эрте келген турналар". Бул чыгармасы жарыяланганда Ч.Айтматов СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын, Лениндик сыйлыкты эбак алып кадыр-баркы көкөлөп турган. Бирок, карашса, ал өз республикасынын сыйлыгын ала элек экен. Анан 1976-жылы али кыргызча которула да элек чыгармага – "Ранние журавли" повестине Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Деги эле бул чыгарма сыйлыктан жолдуу болду: 1979-жылы "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" аттуу чыгармасы менен кошо терең гуманизм жана адам улуулугунун рухун ачкандыгы үчүн Италиянын Вольтерра шаарынын коомчулугунун биринчи сыйлыгына, 1980-жылы дагы эле ошол повести менен бирге Италиянын эл аралык "Этрурия" сыйлыгына татыган. "…турналар" – кино өнөрүндө. Адаттагыдай эле повесть жарыяланары менен эле анын киноверсиясын тартуу башталды. Фильмдин сценарийин Чыңгыз Айтматов жана Болот Шамшиев жазды. Режиссёру – Болот Шамшиев, оператору – Сергей Тараскин, композитору – Александр Кнайфель, Сүрөтчүсү – Виктор Амельченков. Башкы ролдорду Эмил Борончиев – Султанмурат, Нургүл Кендирбаева – Мырзагүл, Марс Кутманалиев – Анатай, Сүймөнкул Чокморов – Султанмураттын атасы, Гүлсара Ажыбекова – Султанмураттын апасы, Сүйүтай Шамшиева – Султанмураттын карындашы, Советбек Жумадылов – Султанмураттын таякеси, Орозбек Кутманалиев – ууру, зөөкүр адам ж.б. белгисиз дебютанттар жана белгилүү актёрлор аткарган. Фильмди тартуу жумуштары Чүй жергесинде 1978-1979-жылдарды жүрүп, таанытымы 1979-жылдын февралында өткөн. Ролдордун бирин башкы режиссёр өз кызына, дагы бирин Орозбек Кутманалиевдин уулуна ылайык көрүп, үй-бүлөлүк ансамблдер да түзүлүп кеткен. Эмил Борончиев – Султанмурат бул фильмден кийин Бүткүл союздук киночулар институтунда А.Баталовдун колунда окуду, "Мосфильм", казак, өзбек киностудияларынан, а түгүл Голливуддан тасмаларга тартылууга чакыруу алган. "Аномалия", "Элеттик күйөө бала", "Тоолор" ж.б. фильмдерге тартылган. Ошентсе да, ал Султанмурат бойдон элдинин эсинде сакталуу жүрөт. Мырзагүл сулуунун ролуна тандалган Нургүл Кендибаева ал кезде ар күнү беш көкүл чачы менен жүргөн жетинчи класстын окуучусу болсо, кийин чет тили адистигине ээ болуп, эл аралык абройлуу уюмдарда иштеп келет.



Дагы: https://sputnik.kg/culture/20180421/1038789812/ehrte-kelgen-turnalar-povest.html


1)Топтор менен иштөө

(12 мүнөт)













1-кадам.

Топторго бөлүү.

  1. “Сүрөтчүлөр” тобу(Сабактын аягына чейин сүрөт тартышат)

  2. “Адабиятчылар” тобу(чыгарманы талдашат)

  3. “Географиячылар” тобу(географияга байланышкан маалыматтарды айтышат)

  4. “Олимпиадачылар” тобу(Тесттер менен иштейт)

  5. “Актриссалар” тобу(чыгарманын белгилүү жерлерин аткарышат)


2-кадам.

Ар бир топ өзүнө тиешелүү маалыматтар менен бөлүшөт.


3-кадам

Суроолор жарманкеси. Мында окуучуларга суроолор берилет. Жооп берилсе баа алат. Жооп бере албаса карыз болот?

  1. Чыгармадагы кайсыл учурду эң кайгылуу учур деп тапсак болот?

  2. Чыгармадагы эң кубанычтуу учур?

  3. Кино жаатында аткарган актёр, актриссалардан кимдерди тааныйсыңар?

  4. Эгер автор болсоңор, чыгарманын кайсыл жерин өзгөртмөк элеңер?



5)Бышыктоо

(5 мүнөт)



  1. Султанмураттын ошол мезгилдеги балалаык сүйүүсүнө көз карашыңар?

  2. Тыналиев класска киргенден кийин балдардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болду?

  3. “Досуңду до дей бербе-душман болуп калышы мүмкүн, душманыңды душман дей бербе-дос болуп калышы мүмкүн” – деген макалды чыгармага байланыштыргылачы?

  4. “Аталар көтөргөн чамгаракты кулатпай, коломтого жаккан отту өчүрбөгүлө”- сөз кимдер жөнүндө болуп жатат?

  5. Чыгармадагы балдардын жекече атттары?


6) Рефлексия

(3 мүнөт)







Билдим…

Кызык болду…

Мен түшүндүм…

Эми аткара алам…

Мен үйрөндүм…

Мен аракет жасайм….

Мени таң калтырды…

Мен дагы аткаргым келди…



7)Үйгө тапшырма

(1мүнөт)



Ч.Айтматов жөнүндө 7 өзгөчө маалымат табып келүү.

“Эрте келген” турналар чыгармасын окуп келүү.




8)Бааолоо

(3мүнөт)


Окуучлардын сабакка катышуу жөндөмдүүлүгүнө, упай топтогонуна жараша... “5”, “4”, “3”, “2”

Жүзүңдү тик карай албай,

Жүдөдүм сага баралбай.

Жүрөгүм ооруп турат го,

Жүз аарчы белек алалбай.

Мырзагүл, Мырзагүлүм деп,

Султаның сенин болоюн.

Эрте жазда турналар келсе,

Эркем деп обон созоюн...

Сыймык Бейшекеев «Махабат дастаны»


Кош өсүп, кошо бирдей көгөрүп,

Көп адамдын көңүлүнө гүл өнүп.

Султанмурат, Мырзагүлдүн сүйүүсүн,

Дагы далай айтабызго түбөлүк!



Мугалим: Келерки сабакка чейин: Арыбагыла балдар!

Окуучулар: Сиздагы, бар болуңуз!



















Сабактын темасы: Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повести. Көркөм чыгарманын сюжети жана композициясы


Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк жагы: “Эрте келген турналар” повести боюнча кененирээк маалыматтарды алышат. Чыгарманын сюжети жана композициялык курулушу жөнүндө билимдерди чыңдашат.


Б) Өнүктүрүүчүлүк жагы: Окуучулар өз алдыларынча чыгарманын идеясын, сюжетин, композициясын талдоого көнүгүшөт. Жаңы маалыматтарды бат жана натыйжалуу кабыл алуусун, сүйлөө чеберчилигин өнүктүрүшөт.


В) Тарбия берүүчүлүк жагы: Ата Мекенин сүйүүгө, эмгекчил болууга, улууларды урматтоого, адамдарга аяр мамиледе болууга, бири-биринин оюн сыйлоого, сабырдуу болууга тарбияланышат.


Г) Сабактын практикасы: Окуучулар чыгармадан үзүндүлөрдү аткарышат, суроолорго жооп беришет, проектор менен чыгарма боюнча тартылган тасманын керектүү сюжеттерин көрүп талкуулашат. Суроолорго чыгармалардан мисал келтирүү менен жооп беришет. Чыгармага байланыштуу ырларды ырдашат.


Сабактын түрү: Таймаш сабагы

Сабактин тиби: Бышыктоо

Сабактын усулу: Аңгемелешүү

Сабактын жабдылышы: Китеп, ватман, түстүү кагаздар, проектор, дисктер, таркатмалар

Сабактын жүрүшү: А) уюштуруу


Мугалим: Арыбагыла, балдар!

Окуучулар: Бар болуңуз, эжеке!

Мугалим: Балдар эшикте кайсыл мезгил?

Окуучу: Кыз мезгили

Мугалим: Ооба, кылычын таянып, каарын төгүп кыш мезгили да кирип келди. Эшикте ызгаардуу суук. Жаңы жылдын киришине саналуу гана убакыттар калды. Ушул тапта класста ким күзөттө. Бүгүн сабакта ким жок?

Окуучу: Албетте мындай убакытта жигиттер болот да күзөттө. Бүгүн сабакка баары толук келишти.

Мугалим: Ой, азаматтар! Балдар окуй турган мезгилде окуу гана керек!. Чынында кыргыз элинин ыры эмес эле жөн гана сүйлөп жаткан да ыргактуу эмеспи. Хайде да бекеринен кыргыз эли жөн гана сүйлөп жатса да дастан айтып жаткандай туюлат деп айтпаган чыгар. Келгиле урматтуу окуучулар, далил катары сабагыбызды ыр менен ачалы. Бүгүн дагы сабакты адаттагыдай 5 мүнөттүк поэзия менен баштайбыз.


Унутуп бүт кайгыны,

Бүгүн бир кубаналы.

Ыйлаган жүрөктөрдү,

Ыр менен сугаралы.


Муң баскан кийимдерди,

Чечели ыргыталы.

Шарактатып куйгулачы,

Кагышып ыр жуталы .


Окуучулар: Жүзүңдү тик карай албай,

Жүдөдүм сага баралбай.

Жүрөгүм ооруп турат го,

Жүз аарчы белек алалбай.

Мырзагүл, Мырзагүлүм деп,

Султаның сенин болоюн.

Эрте жазда турналар келсе,

Эркем деп обон созоюн...


Мугалим: Ой, азаматтар! Кыргыз элинин уучу кур эмес экенине дагы бир ирет ынанып олтурам. Балдар үйгө тапшырма эмне берилди эле?

Окуучу: “Эрте келген турналар” чыгармасынан үзүндү аткаруу.

Мугалим: Үйгө тапшырманы сураардан алдын бөлүнгөнүңөр боюнча топторго ат ыйгарып койсом.

  1. “Адабиятчылар” тобу

  2. “Тарыхчылар” тобу

  3. “Географтар” тобу

  4. “Саяпкерлер” тобу

  5. “Сүрөтчүлөр” тобу






















Боз үй



Калпак


















Комуз

Көөкөр





















Кыргыз тили

“Адабиятчылар” тобу

“Тарыхчылар” тобу

“Географтар” тобу

“Саяпкерлер” тобу

“Сүрөтчүлөр” тобу



Жогорудагы кыргыздын көөнөрбөс мурастарын көрүп турасыңар, кайсыл топ сабактын жүрүшүндө активдүү катышса, ошол топ өз капчыгына упайларды топтоп, улам бийиктикке көтөрүлө берет. Кайсы топ боз үйгө жетип барса ошол топ жеңүүчү болуп эсептелет. Кана балдар үй тапшырмага жооп берген топ кыргыз тилин кадырлаган, сыйлаган топ болуп “Кыргыз тили” бөлүмүнө баш багасыңар. Тапшырмага даяр топ алгач кол чаап койсоңор болот.


I “Адабиятчылар” тобу

Катышуучулар: Инкамал апай, Тыналиев, Султанмурат, Эркинбек, Анатай


Инкамал апай:

-Балдар мен силерге Цейлон аралы жөнүндө айтып берейин. Маймылы бакта ойногон. Пилдери токой жойлогон, банандары шакта ийилип, оозго түшүп турат. Кыш деген жок. Жалаң жай. Тумагым жок, өтүгүм жок дебейсиң. Ысысаң сууга кирин, зериксең көлөкөлө. Тоту куш, төө куш кубалап ойносоңор да болот.

Султанмурат:

-ОО, анда укмуштардын баары Цейлондо турбайбы. Цейлондо терезенин, а түгүл тамдын да кереги жок экен да. Эки талдын башын ийип, чоң алачык кылып жашай берсең да болот экен да.

Инкамал апай:

-Тургула, балдар!

Тыналиев:

-Жаман кабарыбыз деле жок. Инкамал апай, балдар менен сүйлөшөр сөзүм бар. Келген жөнүм мындай, быйыл эки жүз гектар жерге күздүк айдалбай калды. Жаздык сеппесек элибиз ачка калат. Ошондуктан силерден жардам сурап келдим. Ким кош айдаган.

Султанмурат:

-Мен айылдагылардын огороддорун айдап бергем.

Анатай:

-Мен да кош айдагам.

Эркинбек:

-Мен да айдагам.

Тыналиев:

-Султанмурат, Анатай силердин сабагыңар кандай?

Балдар:

-Алынча

Эркинбек:

-Агай, сиз самолеттон секирдиңиз беле?

Тыналиев:

-Ооба.

Эркинбек:

-Ой, ой, корккон жоксузбу?

Тыналиев:

-Биз десант элек. Десант берилген тапшырманы ыкчам аткаруучу отряд болот. Баарыңардын атаңар фронтто жүрөт. Ар бириңер кызыкты атаңарга өз колуңар менен жасайсыңар. Бир жылбы, эки жылбы? Аны көрөбүз. Анда, Султанмурат, Анатай, Эргеш, Куаткул силер айдоону билесиңер. Эртең ат сарайга келгиле. Ишти баштайлы.


II “Тарыхчылар” тобу

Катышуучулар: Тыналиев, Султанмурат, Анатай, Эргеш, Куаткул


Тыналиев:

-Дыйкан жерге себет да, түшүмүн, көктөн тилейт. Мына ар бириңер төрттөн атты кошко даярдап жатасыңар. Беш бала жыйырма ат “Аксай” десанты болосуңар. Ал эми Султанмурат “Аксай” десантынын командири болот.

Анатай:

-Эмне үчүн Султанмурат. Биз каалабасакчы?

Эркинбек менен Куаткул:

-Эмне ичиң күйүп атабы, айтылдыбы болду, Султанмурат командир!

Анатай:

-Дайыма эле Султанмурат, дайыма эле Султанмурат.

Тыналиев:

-Токтоткула, чууңарды! Катар тургула. Десанттарга командир дайындалат. Командирди жогорку турган командир дайындайт. Азыр согуш учуру. Экөөңөрдүн атаңар согушта курман болду. Үчөөңөрдүн атаңар согушуп жүрөт. Өлгөндөрдүн да, тирүүңөрдүн да алдында мен жооп берем. А сен, Султанмурат, балдарга жооп бересиң.


III «Географтар» тобу

Катышуучулар: Султанмурат, Ажымурат, Мырзагл, Анатай

Султанмурат:

-Ажыке, сен мени кыйнаба. Эгер Мырзагүл катты алып жообун берсе, үйгө келе жатканда оромпой тепкендей так секирип кел. Эгер каттын жообун бербесе, эки колуңду чөнтөгүңө салып үңкүйүп кел.

Ажымурат:

-Макул. Жарайт. Бирок аның кат албаган немедей эле байкамаксан болуп, сыр бербейт экен да.

Султанмурат:

-Абайла жыгыласың. Мен сени ооруп калдыбы десем.

Мырзагүл:

-Мына.

Анатай:

-Ии, жүз аарчы берише баштаган экенсиңер да.

Султанмурат:

-Келе бери!

Анатай:

-Ме, мечи тамашалап койсо.


IV Саяпкерлер тобу:

Катышуучулар: Чекиш чал, Султанмурат, Анатай,Эркинбек, Куаткул.


Чекиш чал:

-Сөз бар! Мына бүгүн да суук кабар келди. Анатайдын атасы Сатаркул фронтто окко учуптур, шейит болгур! Жаш эмессиңер. Баргыла. Батага келген элге кызмат кылгыла. Эл барып атат. Силер да ошерде болгула. Анатайдын досу экениңерди эл билсин, жүргүлө чогу барабыз. Өкүрүп киргиле.

Анатай:

-Эсил кайран, атакем, оо, эми кайдан көрөйүн....

Балдар:

-Эсил кайран, атакем, оо, эми кайдан көрөлү

Султанмурат:

-Ыйлаба Анатай, айла канча, мына Эркинбек менен Куаткулдун аталары да согушта өлүштү. Менин атамдын да көптөн бери кат келбейт. Согуш деген, согуш экен да, кантебиз.Эгер жардам керек болсо, айт. Айт, Анатай. Анатай, сен ойлобо, таарынба, мага. Эгер керек десең, жүз аарчынын сага берейин.

Анатай:

-Бул эмне дегениң, Султанмуцрат! Кереги жок. Ал жүз аарчы сеники. Сен мени кечирип койчу. Мага эчтеменин кереги жок. Атамды сагыны эле.


V “Сүрөтчүлөр” тобу

Катышуучулар: Султанмурат, Анатай, Куаткул, Эркинбек, Эргеш


Эргеш:

-Анатай, Эркинбек, Султанмурат.

Эркинбек:

-Чамдагыла Камбар Атанын тукумдары, чымыркангыла! Чү! Жаныбарым, чү Алгалагыла! Чыдагыла! Чү, жаныбарым!

Анатай:

-Турналар! Эээй-эй, карагылачы турналар учуп баратышат.

Султанмурат:

-Жаша турналар!

Үчөө тең:

-Эээй-эй, ээй-эй, турналар!

Султанмурат:

-Турналар эрте келди, түшүм мол болот.

Анатай:

-Түшүм мол болот!

Эркинбек:

-Ээй-эй, турналар! Жакшылыкты, жеңишти ала кел!

Турналар-ар!


Мугалим: Жашоо турмуш музасын черте берген,

Жарыктык ай, өмүрдү келте берген.

Эми кайра артына кайтып келбейт,

Эрте келген турналар, эрте келген. Баракелди балдар! Келечекте силерден мыкты аткаруучулар чыгат го. Ар бир топ өз капчыгыңарга бирден упай жармаштыргыла.


Жаңы тема: Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повести. Көркөм чыгарманын сюжети жана композициясы

Сюжет (фр-предмет) – адабий чыгармадагы мүнөздөрдүн өсүшүн жана өз маанилерин ачып берүүчү конкреттүү окуялардын системасы.


Композиция (лат-түзүү, бириктирүү) – көркөм чыгарманын курулушу бардык бөлүктөрүнүн, образдарынын оз ара байланышы, бир бүтүндүккө биригиши.

Демек сюжет менен композиция бири-бирине эриш – аркак жүрүүчү терминдер.

Көңүлүңөрдү төмөнкү слайдка бургула.

Көңүлүңөрдү доскага бургула. (сүрөттөр, ватман андагы мисалдар)

Балдар чыгарма жөнүндөгү оюңар дагы да бекемделди деген ойдомун. Кана дептериңерге чыгармадагы эң кайгылуу жана эң кубанычтуу эпизотту жазгылачы. (окуучулар өз пикирлерин айткан соң, мугалим да өз пикирин айтып, кайсы топтогулардын пикири мугалимдин оюна дал келсе бирден упай берилет)

  • Аксайдагы кош айдоого уурулар кол салып, аттарды уурдап кетип, Султанмурат ууруларды кууганда аты Чабдарды атып койгондогу учурду кайгылуу деп ойлойм. Себеби Султанмураттын баардык үмүтүнүн шооласы өчтү.

  • Ал эми кубанычтуу учур. Балдардын баары асмандагы тизилип эрте жазда келе жаткан турналарды көргөндөгүсү.

Мугалим:

-Ар бир топ атыңарга байланыштуу чыгармадан мисалдарды келтиргиле. Кайсы топ даяр болсо кол чаап койсоңор болот.


  1. “Адабиятчылар” тобу :

  • Бул чыгарма түздөн-түз балдарга арналган чыгарма. Ошондуктан балдар ар дайым Ата Мекенибизди сүйүүгө, эмгекчил болууга милдеттүүбүз.

  1. “Тарыхчылар” тобу:

  • Бул чыгарма согуш мезгилиндеги чыгарма. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги айрым эл арасындагы окуяларды өз ичине камтыйт.

  1. “Географчылар” тобу:

  • Бул чыгармада географияга байланыштуу, дың жерлерди айдоо. Цейлон аралынын климаттарын айтсак болот.

  1. “Саяпкерлер” тобу:

-Тобубуздун аты атап тургандай эле. Биздин топко байланыштуу чыгармада жылкыларды мисал кылса болот. Алгач Чабдар, Чоңтору жөнүндө балдардын аттары кош айдоодогу жылкылардын орду, жылкыларды таптоодогу ыкмаларды айтсак болот.


  1. “Сүрөтчүлөр” тобу:

-Ар бир эпизоттон каармандардын сүрөттөрүн тартсак болот. Султанмураттын атасынын портиретин тартсак болот. Султанмурат менен Мырзагүлдүн, Анатайдын турналарды алгач көргөндөгүсүн, Инкамал апанын сабак өткөнүн жана башкалар.


Мугалим:

-Өз пикриңерди билдиргениңер үчүн өз капчыгыңарга бирден упай жармаштыргыла.

Бышыктоо: Кана балдар бүгүнкү сабагыбызды канчалык дңгээлдедээриңерде калды. Суроо берүү аркылуу бүгүнкү сабагыбызды жыйынтыктайбыз.

  1. Султанмураттын ошол мезгилдеги сүйүүсүнө көз карашыңар?

  2. Тыналиев класска киргенден кийин балдардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болду?

  3. “Досуңду дос дей бербе-душман болуп калышы мүмкүн, душманыңды душман дей бербе дос болуп калышы мүмкүн” - деген макалды кайсы эпизотко байланыштырсак болот?

  4. “Аталар көтөргөн чамгаракты кулатпай, коломтого жаккан отту өчүрбөгүлө” – сөз кимдер жөнүндө болуп жатат.

  5. Чыгармадагы беш баланын жекече аттарынын аттары?


Үйгө тапшырма: Кемер кур кемсел өтүк ак калпагын,

Кээ бирөө билбей жүрөт анын баркын.

Элиме белги берип тааныштырган,

Салтыңдан кагылайын кыргыз калкым. Келерки сабактагы 5 мүнөттүк ырга жогорудагы ырды жаттап, “Эрте келген турналар” повести боюнча тест түзүп келебиз.


Баалоо: Окуучулардын жөндөмдүүлүгүнө, билимине жараша. “5”, “4”, “3”, “2”


Мугалим: Кошо өсүп, кошо бирдей көгөрүп,

Көп адамдын көңүлүнө гүл өнүп.

Султанмурат, Мырзагүлдүн сүйүүсүн,

Дагы далай, айтабызго түбөлүк. Келерки сабакка чейин Арыбагыла балдар!

Окуучулар: Бар болуңуз эжеке!