СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдарга шык беруу

Нажмите, чтобы узнать подробности

сайттан алында

Просмотр содержимого документа
«Балдарга шык беруу»

Шыктандыруу

Шыктандыруу

«Баланы ар кандай кызыгуусу жок эле күч менен кыйнап окутуу анын билим алууга болгон умтулуусун өлтүрөт» Константин Дми́триевич Ушинский  о рус педагогу, жазуучусу, Россиянын илимий педагогикасынын негиздөөчүлөрүнүн бири
  • «Баланы ар кандай кызыгуусу жок эле күч менен кыйнап окутуу анын билим алууга болгон умтулуусун өлтүрөт»

Константин Дми́триевич Ушинский

о рус педагогу, жазуучусу, Россиянын илимий педагогикасынын негиздөөчүлөрүнүн бири

Шыктандыруу – окуу ишмердигинин маанилүү структуралык компоненти, ал эми инсан үчүн иштелип чыккан ички шыктануу анын калыптангандыгынын негизги критерийи болуп саналат. Окуучулардын максаттуу окууга болгон шыктануусун калыптандыруу жана колдоого алуу баалоонун башкы максаттарынын бири болуп эсептелет.

Шыктандыруу – окуу ишмердигинин маанилүү структуралык компоненти, ал эми инсан үчүн иштелип чыккан ички шыктануу анын калыптангандыгынын негизги критерийи болуп саналат.

Окуучулардын максаттуу окууга болгон шыктануусун калыптандыруу жана колдоого алуу баалоонун башкы максаттарынын бири болуп эсептелет.

 “ мотивация” деген сөз латын тилинен алынган “movere” жылдыруу, илгерилетүү дегенди билдирет.
  • “ мотивация” деген сөз латын тилинен алынган “movere” жылдыруу, илгерилетүү дегенди билдирет.

.   Айрым ата-энелер балдарынын өзүн сыйлоо сезимин жогорулатуу үчүн аларды жөнү болбосо деле мактай беришет. Бирок балдардын психологиясы боюнча адис Дейвид Уолш эскерткендей, «алар силердин ашыра айтып жатканыңарды дароо эле байкап, чынында башкача ойдо экениңерди билип коюшат. Ошондой эле [мактоого] татыктуу эмес экенин билгендиктен айтканыңарга ишенбей калышы ыктымал»

Ыксз

мактоо

Кызыңардын сүрөт тартууга шыгы бар дейли. Андайда ошол шыгын андан ары өрчүтүп кетишин каалап, албетте, аны мактагыңар келет. Бирок мунун терс жагы болушу мүмкүн. Себеби баланы шык-жөндөмү болгону үчүн эле мактай берсеңер, ал өзү шыктуу болгон жана ал үчүн оңой болгон нерселерди гана кылып, ошолорду гана беттеп калышы мүмкүн. Ал тургай шыгым жок деп коркуп, башка нерселерди кылуудан тартынышы ыктымал. Ал: «Эгер кайсы бир нерсени кылуу мен үчүн кыйын болуп жатса, демек, мен ага шыктуу эмесмин. Анда аракет кылуунун эмне кереги бар?» — деп ойлошу мүмкүн.

Жөндөмү

үчүн мактоо  

  Кайсы бир нерсеге жөндөмдүү болгону үчүн эле эмес, тырышчаактыгы жана аракети үчүн мактоо сөзүн уккан балдар маанилүү бир чындыкты — кандайдыр бир иште чебер болуш үчүн чыдамкай жана аракетчил болуу талап кылынарын — түшүнөт. Ошонун аркасында алар, бир китепте айтылгандай, «кайсы бир иште каалаган  натыйжага жетиш үчүн талыкпай аракет кылат жана ийгиликке жетпей калган күндө да, өзүн эч нерсеге жараксыз деп эсептебей, үйрөнчүк деп эсептейт» 

Аракети

үчүн мактоо

Улуттардын бала тарбиялоо ыкмалары Германия.  Немистер баланы 3 жаштан баштап акыл-эс жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу ар кандай ийримдерге алып барып акырындык менен балдар бакчасына көндүрөт. Андай ийримдерге катышпаган балдарды балдар бакчасы кабыл албайт. 90 пайыз немис үй-бүлөлөрү балдарына 8 жашка чейин телевизор көрүүгө тыюу салат. Болгону балдарга ылайыктуу мультфильмдерди гана убактысы менен көрүүгө уруксат беришет. Кытай.   Кытайлар ымыркай төрөлгөндөн алты айга чейин эле эненин сүтү менен багышат. Андан кийин наристе балдар бакчасында чоңоёт. Ошол себептен Кытайда бала багуучу деген түшүнүк жок. Кытайда балдарга кичинесинен тарта улууларды сыйлаганды жана тынымсыз эмгектенүүгө, сабырдуу болууга үйрөтөт. Кытай ата-энелери балдар сөзсүз түрдө пайдалуу иш менен алаксышы керектигин айтып, аларга шарттарын түзүп берет.

Улуттардын бала тарбиялоо ыкмалары

Германия.  Немистер баланы 3 жаштан баштап акыл-эс жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу ар кандай ийримдерге алып барып акырындык менен балдар бакчасына көндүрөт. Андай ийримдерге катышпаган балдарды балдар бакчасы кабыл албайт. 90 пайыз немис үй-бүлөлөрү балдарына 8 жашка чейин телевизор көрүүгө тыюу салат. Болгону балдарга ылайыктуу мультфильмдерди гана убактысы менен көрүүгө уруксат беришет.

Кытай.   Кытайлар ымыркай төрөлгөндөн алты айга чейин эле эненин сүтү менен багышат. Андан кийин наристе балдар бакчасында чоңоёт. Ошол себептен Кытайда бала багуучу деген түшүнүк жок. Кытайда балдарга кичинесинен тарта улууларды сыйлаганды жана тынымсыз эмгектенүүгө, сабырдуу болууга үйрөтөт. Кытай ата-энелери балдар сөзсүз түрдө пайдалуу иш менен алаксышы керектигин айтып, аларга шарттарын түзүп берет.

Улуттардын бала тарбиялоо ыкмалары Израиль.  Израилде башталгыч класстын окуучусу сабак учурунда ойногусу келсе, унчукпай чыгып ойноп кетип калууга укуктуу. Ал эми чоң класстын балдары өзүн жаман алып жүрсө, сабакка болгон кызыгуусу жок болсо, анда аларга башкаларга караганда үй тапшырманы азыраак беришет. Мындан тышкары мугалимдер балдардын өсүүсүнө тоскоолдук жаратып коюшубуз мүмкүн дешип “эң жакшы”, “жакшы” жана “канааттандырарлык” деген бааларды коюшпайт. Балдарын аябай эркин тарбиялашкандыктан алар ата-энесинин бири жакпай жатса, “сен менин ачуума тийип жатасың. Көзүмө көрүнбөй турчу” деп айтып салышат. Аларга бул өөн учурабайт. Эгер бала кежирленип айтканды аткарбай жатса, “сен акылдуусуң, акылдуу адам эч убакта мындай иштерди кылбайт. А бул кылган ишиң туура эмес” деген сыяктуу сөздөрдү айтып түшүндүрүшөт. Еврейлерде баласын акырын гана чаап коюу да анын укугун бузган болуп эсептелинет.

Улуттардын бала тарбиялоо ыкмалары

Израиль.  Израилде башталгыч класстын окуучусу сабак учурунда ойногусу келсе, унчукпай чыгып ойноп кетип калууга укуктуу. Ал эми чоң класстын балдары өзүн жаман алып жүрсө, сабакка болгон кызыгуусу жок болсо, анда аларга башкаларга караганда үй тапшырманы азыраак беришет. Мындан тышкары мугалимдер балдардын өсүүсүнө тоскоолдук жаратып коюшубуз мүмкүн дешип “эң жакшы”, “жакшы” жана “канааттандырарлык” деген бааларды коюшпайт. Балдарын аябай эркин тарбиялашкандыктан алар ата-энесинин бири жакпай жатса, “сен менин ачуума тийип жатасың. Көзүмө көрүнбөй турчу” деп айтып салышат. Аларга бул өөн учурабайт. Эгер бала кежирленип айтканды аткарбай жатса, “сен акылдуусуң, акылдуу адам эч убакта мындай иштерди кылбайт. А бул кылган ишиң туура эмес” деген сыяктуу сөздөрдү айтып түшүндүрүшөт. Еврейлерде баласын акырын гана чаап коюу да анын укугун бузган болуп эсептелинет.

Улуттардын бала тарбиялоо  ыкмалары Япония .  Балдарды беш жашка чейин хандай көрүп сыйлашат да, андан кийин катуу кармап катаал тарбияга өтүшөт. Бирок бала тарбиялоодо физикалык күч колдонбойт. Япон мектептеринде кичүү класстын балдарын улуу класстын балдары карап мектептен чыккыча анын коопсуздугу жана тамактануусуна, жүрүш-турушуна чейин жооп берет. Балдар милдеттүү түрдө таң атканда келип сабагы башталгыча ырдоо, бийлөө сыяктуу кошумча ийримдерге сөзсүз катышуусу керек. Мындан тышкары окуучулар арасында ким көп китеп окуганы жана көп ийримдерге катышкандыгы боюнча атаандашуу жүрөт. Япония мектептеринде ата-энелер чогулушу деген таптакыр болбойт. Мугалим ар бир ата-эне менен жеке жолугушуу өткөрүп баласынын жетишкендиктери менен кемчиликтери тууралуу сүйлөшүп турат. Япондор убакытты аябай баалашкандыктан лимит боюнча ар бир ата-энеге түшүндүрүү иштерине болгону 15 мүнөт гана убакыт берилет.

Улуттардын бала тарбиялоо

ыкмалары

Япония .  Балдарды беш жашка чейин хандай көрүп сыйлашат да, андан кийин катуу кармап катаал тарбияга өтүшөт. Бирок бала тарбиялоодо физикалык күч колдонбойт. Япон мектептеринде кичүү класстын балдарын улуу класстын балдары карап мектептен чыккыча анын коопсуздугу жана тамактануусуна, жүрүш-турушуна чейин жооп берет. Балдар милдеттүү түрдө таң атканда келип сабагы башталгыча ырдоо, бийлөө сыяктуу кошумча ийримдерге сөзсүз катышуусу керек. Мындан тышкары окуучулар арасында ким көп китеп окуганы жана көп ийримдерге катышкандыгы боюнча атаандашуу жүрөт. Япония мектептеринде ата-энелер чогулушу деген таптакыр болбойт. Мугалим ар бир ата-эне менен жеке жолугушуу өткөрүп баласынын жетишкендиктери менен кемчиликтери тууралуу сүйлөшүп турат. Япондор убакытты аябай баалашкандыктан лимит боюнча ар бир ата-энеге түшүндүрүү иштерине болгону 15 мүнөт гана убакыт берилет.

Сөздүн күчү   Томас Эдисон балалык күндөрүнүн биринде энесине мектептен мугалиминин берип жиберген катын алып келет. Энеси катты ачып көзүнө жаш алып баласына окуп берет. «Сиздин балаңыз - гений. Бул мектеп сиздин балаңыз үчүн өтө эле кичине жана бул жерде сиздин балаңызды кандайдыр бир нерсеге үйрөтүүчү мугалимдер жок. Балаңызды өзүңүздүн окутууңузду суранабыз.

Сөздүн күчү

Томас Эдисон балалык күндөрүнүн биринде энесине мектептен мугалиминин берип жиберген катын алып келет. Энеси катты ачып көзүнө жаш алып баласына окуп берет. «Сиздин балаңыз - гений. Бул мектеп сиздин балаңыз үчүн өтө эле кичине жана бул жерде сиздин балаңызды кандайдыр бир нерсеге үйрөтүүчү мугалимдер жок. Балаңызды өзүңүздүн окутууңузду суранабыз." Энеси өлгөндөн көп жылдар өткөндөн кийин (Эдисон бул учурда кылымдын көрүнүктүү ойлоп табуучуларынын бири болуп калган кези) ал эски архивиндеги материалдарды кайрадан карап отуруп бул катты таап алат. Ал катты ачып окуйт: «Сиздин уулуңуз – кем акыл. Биз мындан ары сиздин балаңызды башкалар менен бирге окута албайбыз. Ошондуктан аны үйдө өз алдыңарча окутууңарды сунуш кылабыз." Эдисон бир нече саат ыйлап, андан кийин күндөлүгүн ачып төмөнкүлөрдү жазат : "Томас Алва Эдисон акылы кем бала болгон. Өзүнүн баатыр энесинин арты менен ал өз кылымынын улуу генийи болду."

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?    Шыгы үчүн эле эмес, аракети үчүн мактагыла.  Балаңар тарткан сүрөттү көрүп, «сүрөт тартканга шыгың бар» деп мактаганга караганда, «аябай аракеттенип, сонун тартыптырсың» деп мактаганыңар алда канча жакшы. Албетте, эки учурда тең балаңарды мактаган болосуңар. Бирок биринчи учурда, өзүңөр билбей эле, балаңар тубаса жөндөмдүүлүгү бар болгон нерселерди  гана  жакшы кыла алат дегендей болуп каласыңар. Ал эми аракети үчүн мактасаңар, балаңарга жөндөмдүүлүк тажрыйбанын аркасында өрчүй турганын үйрөткөн болосуңар. Ошонун аркасында ал  жаңы  нерселерди үйрөнүүдөн коркпой, өзүн ишенимдүүрөөк сезет   Негиздүү сын пикир.  Туура маанайда айтылган сын пикир балаңардын ындынын өчүрбөй, кайра ага жакшы жардам болот. Ошондой эле аны дайыма жөнү менен мактап турсаңар, ал силердин кайсы жагынан жакшырышы керектигине байланыштуу айткан сын пикириңерди да жакшы кабыл алат. Ошондо анын ийгилиги өзүнө да, силерге да кубаныч тартуулайт

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Шыгы үчүн эле эмес, аракети үчүн мактагыла. 

  • Балаңар тарткан сүрөттү көрүп, «сүрөт тартканга шыгың бар» деп мактаганга караганда, «аябай аракеттенип, сонун тартыптырсың» деп мактаганыңар алда канча жакшы. Албетте, эки учурда тең балаңарды мактаган болосуңар. Бирок биринчи учурда, өзүңөр билбей эле, балаңар тубаса жөндөмдүүлүгү бар болгон нерселерди  гана  жакшы кыла алат дегендей болуп каласыңар.
  • Ал эми аракети үчүн мактасаңар, балаңарга жөндөмдүүлүк тажрыйбанын аркасында өрчүй турганын үйрөткөн болосуңар. Ошонун аркасында ал  жаңы  нерселерди үйрөнүүдөн коркпой, өзүн ишенимдүүрөөк сезет 

Негиздүү сын пикир. 

  • Туура маанайда айтылган сын пикир балаңардын ындынын өчүрбөй, кайра ага жакшы жардам болот. Ошондой эле аны дайыма жөнү менен мактап турсаңар, ал силердин кайсы жагынан жакшырышы керектигине байланыштуу айткан сын пикириңерди да жакшы кабыл алат. Ошондо анын ийгилиги өзүнө да, силерге да кубаныч тартуулайт
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?    Багынбаганга жардам бергиле.   Жакшы адамдар деле ката кетиришет, кээде катасын атүгүл бир нече жолу кайталап алышат.Бирок ар бир жолкусунан сабак алганды үйрөнүп, андан ары аракет кыла беришет. Балаңарга ошондой адам болууга кантип жардам берсеңер болот? Ал үчүн кайра эле балаңардын кылган аракетине көңүл топтогула. Келгиле, бир мисал карап көрөлү. Маселен, кызыңарды «тубаса математиксиң» деп мактай бересиңер дейли. Бирок бир күнү ал математика боюнча сынактан өтпөй калат. Ошондо ага шыгы жоголуп кеткендей сезилгендиктен андан ары аракет кылгысы келбей калышы мүмкүн. Ал эми аракетине көңүл топтосоңор, тырышчаактыкка үйрөткөн болосуңар жана ката кетиргенин чоң көйгөй көрүп албаганга жардам бересиңер. Ошондо ал кыйынчылыкка багынып калбай, ишти башкача кылып көрүүгө же көбүрөөк күч жумшоого аракеттенет 

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Багынбаганга жардам бергиле.  

  • Жакшы адамдар деле ката кетиришет, кээде катасын атүгүл бир нече жолу кайталап алышат.Бирок ар бир жолкусунан сабак алганды үйрөнүп, андан ары аракет кыла беришет. Балаңарга ошондой адам болууга кантип жардам берсеңер болот?
  • Ал үчүн кайра эле балаңардын кылган аракетине көңүл топтогула. Келгиле, бир мисал карап көрөлү. Маселен, кызыңарды «тубаса математиксиң» деп мактай бересиңер дейли. Бирок бир күнү ал математика боюнча сынактан өтпөй калат. Ошондо ага шыгы жоголуп кеткендей сезилгендиктен андан ары аракет кылгысы келбей калышы мүмкүн.
  • Ал эми аракетине көңүл топтосоңор, тырышчаактыкка үйрөткөн болосуңар жана ката кетиргенин чоң көйгөй көрүп албаганга жардам бересиңер. Ошондо ал кыйынчылыкка багынып калбай, ишти башкача кылып көрүүгө же көбүрөөк күч жумшоого аракеттенет 
Жеңүүчүнү калыптандырган фразалар: Мен сен менен сыймыктанам! Мен сага ишенем! Сенин колуңан баары келет! Сен баарынан мыктысың! Сенин жасаган жумуштарың милдеттүү түрдө аткарылат! Сен бар үчүн мен бактылуумун! Мен сени ар дайым жакшы көрөм! Сен менин жардамыма жана колдоомо ар  дайым таянсаң болот! Мен сен үчүн кубанам!

Жеңүүчүнү калыптандырган фразалар:

  • Мен сен менен сыймыктанам!
  • Мен сага ишенем!
  • Сенин колуңан баары келет!
  • Сен баарынан мыктысың!
  • Сенин жасаган жумуштарың милдеттүү түрдө аткарылат!
  • Сен бар үчүн мен бактылуумун!
  • Мен сени ар дайым жакшы көрөм!
  • Сен менин жардамыма жана колдоомо ар

дайым таянсаң болот!

  • Мен сен үчүн кубанам!
Шыктандырууда: - Коркутуу, кооптонуу жаратпастан, таанып-билүүгɵ шарт түзүшү керек; - Кайтарым байланыш ɵз убагында болушу керек; - Жакшы жактарын белгилɵɵ керек. Негативдүү кайтарым байланыш ɵтɵ конкреттүү болуп, окуучуга эмес, иштин мүчүлүш жактарына багытталсын; - Кемчиликтер элдин кɵзүнчɵ айтылып, кемсинткен сɵздɵр колдонулбоого тийиш; - Жалпы проблемалар талкуулансын. Аларды жоюунун стратегиясы белгиленсин; - Окуучуга ойлонууга мүмкүнчүлүк бериңиз.

Шыктандырууда:

- Коркутуу, кооптонуу жаратпастан, таанып-билүүгɵ шарт түзүшү керек;

- Кайтарым байланыш ɵз убагында болушу керек;

- Жакшы жактарын белгилɵɵ керек. Негативдүү кайтарым байланыш ɵтɵ конкреттүү болуп, окуучуга эмес, иштин мүчүлүш жактарына багытталсын;

- Кемчиликтер элдин кɵзүнчɵ айтылып, кемсинткен сɵздɵр колдонулбоого тийиш;

- Жалпы проблемалар талкуулансын. Аларды жоюунун стратегиясы белгиленсин;

- Окуучуга ойлонууга мүмкүнчүлүк бериңиз.

Кайтарым байланыш Үч суроого жооп бериңиздер: Эмне эсте калды? Эмне эң пайдалуураак болду? Дагы кандай суроолор калды?

Кайтарым байланыш

Үч суроого жооп бериңиздер:

Эмне эсте калды?

Эмне эң пайдалуураак болду?

Дагы кандай суроолор калды?