СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бөлүүнүн кызыктуу усулдары

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эгерде көп орундуу курама санга бөлүүгө туура келсе, анда ал санды эки же андан көп көбөйтүүчүлөргө ажыратабыз жана удаалаш түрдө бөлүүнү аткарабыз

24315 : 15 = 24315 : 5 : 3 = 4863 : 3=1621

Эскертүү. Бул маалымат сайттан алынып, кыргызчаланды.

Просмотр содержимого документа
«Бөлүүнүн кызыктуу усулдары»

Бөлүүнүн кызыктуу усулдары

Бир орундуу санга тез бөлүү

Эгерде сан 100дөн кичине болсо, анда ар бир цифраны санга бөлөбүз

46 : 2 = 23, 36 : 3 = 12, 48 : 4 = 12.

Эгерде сан 100дөн чоң, бирок 200дөн кичине болсо, анда биринчи эки цифраны бир сан катары кабыл алабыз

128 : 2 = 64, 186 : 3 = 62, 248 : 4 = 62.

Эгерде сан 200дөн чоң, бирок 1000ден кичине болсо, анда цифралардын арасына нөл коёбуз

218 : 2 = 109, 318 : 3 = 106, 412 : 4 = 103.

Удаалаш бөлүү

Эгерде көп орундуу курама санга бөлүүгө туура келсе, анда ал санды эки же андан көп көбөйтүүчүлөргө ажыратабыз жана удаалаш түрдө бөлүүнү аткарабыз

24315 : 15 = 24315 : 5 : 3 = 4863 : 3=1621.

4, 6, 8 ж.б. сандарга бөлүүдө удаалаш бөлүү ыкмасын карап көрөбүз

Санды 4кө бөлүү үчүн, ал санды 2 жолу 2ге бөлөбүз

624:4 = 624 : 2 : 2 = 312 : 2 = 156.

Санды 6га бөлүү үчүн, аны 2ге жана 3кө бөлөбүз

264 : 6 = 264 : 2 : 3 = 132 : 3 = 44.

Санды 8ге бөлүү үчүн, ал санды үч жолу 2ге бөлөбүз

360 : 8 = 360 : 2 : 2 : 2 = 180 : 2 : 2 = 90 : 2 = 45.

5ке, 50гө жана 500гө тез бөлүү

Санды 5ке, 50гө жана 500гө бөлүү үчүн, ал санды тиешелүү түрдө 10го, 100гө, 1000ге бөлөбүз, жана жыйынтыгын 2ге көбөйтөбүз

23140 : 5 = 23140 : 10 ∙ 2 = 2314 ∙ 2 = 4628,

78900 : 50 = 78900 : 100 ∙ 2 = 789 ∙ 2 = 1578,

456000 : 500 = 456000 : 1000 ∙ 2 = 456 ∙ 2 = 912.

25ке бөлүү

Санды 25ке бөлүү үчүн, ал санды 100гө бөлүп, 4кө көбөйтүп коюу керек

34500 : 25 = 34500 : 100 ∙ 4 = 345 ∙ 4 = 1380 .

125ке бөлүү

Санды 125ке бөлүү үчүн, ал санды 1000ге бөлүп, 8ге көбөйтүп коюу керек

3245000 : 125 = 3245000 : 1000 ∙ 8 = 3245 ∙ 8 = 25960 .

Бөлүүнүн башка ыкмалары

Бир орундуу санга бөлүүнү карап көрөбүз.

Көп орундуу санды бир орундуу санга бөлүүдө көбөйтүүнүн таблицасынын жардамында бөлүүгө мүмкүн болгон максималдык чоң бөлүгүн бөлүп алуу керек

Жөнөкөй мисалды карайбыз:

312 : 2 = (300 + 12) : 2 = 300 : 2 + 12 : 2 = 150 + 6 = 156.

Башка мисалда, 6144 санын 8ге бөлүү керек болсун. Көбөйтүүнүн таблицасын эстеп көрсөк, 5600 саны 8ге бөлүнөт. Анда:

6144 : 8 = (5600 + 544) : 8 = 700 + 544 : 8.

Андан ары 544 санынын 8ге бөлүнгөн максималдык бөлүгүн бөлүп алабыз:

544 : 8 = (480 + 64) : 8 = 60 + 64 : 8.

Бөлүүнүн жыйынтыктарын кошуп, акыркы жыйынтыкты алабыз:

6144 : 8 = 700 + 60 + 8 = 768.

Эки орундуу санга бөлүү

Эки орундуу санга бөлүүдө эки санды көбөйтүүдөгү акыркы цифра эрежесин пайдалануу керек.

Эки көп орундуу сандарды көбөйтүүдө алынган жыйынтыктагы акыркы цифра, ал сандардын акыркы цифраларын көбөйтүүдөгү жыйынтыктагы акыркы цифра менен дал келет.

Мисалы, 1325ти 656га көбөйтөбүз. Эрежеге ылайык, акыркы цифра 0 болот, анткени 5 ∙ 6 = 30. Чынында, 1325 ∙ 656 = 869200.

Ушул маалыматты пайдаланып, бөлүүнү аткарабыз

4424 : 56

Адегенде «подгон» ыкмасын пайдаланабыз жана жыйынтык жайгашкан чекти табабыз. 56га көбөйткөндө 4424 санын берүүчү санды табышыбыз керек. 80ди карап көрөлү:

56 ∙ 80 = 4480.

Демек, изделүүчү сан 80ден кичине жана 70тен чоң. Анын акыркы цифрасын аныктайбыз. Анын 6га көбөйтүндүсү 4 цифрасы менен аяктоосу керек. Көбөйтүүнүн таблицасына ылайык, бизге 4 жана 9 туура келет. Бөлүүнүн жыйынтыгын 74, же 79 деп божомолдоого болот. Текшеребиз:

74 ∙ 56 = 4144.

Бул вариант туура келбейт, ошондуктан 79ду карайбыз:

79 ∙ 56 = 4424.

Жыйынтыгы 4424 : 56 = 79.