СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Блум кыргызча сабак

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Блум кыргызча сабак»

Ой жүгүртүүнүн иерархиясы

1956-жылы Бенджамин Блум (1913-1999) "Билим берүү маселелеринин таксономиясы” китебин жазган. Б.Блум окутулуп, үйрөтүлүп жаткан мазмун менен студенттер өз ара аракетте болгон кездеги алардын ой жүгүртүү процесстерине өзгөчө кызыккан. Ал окутууну процесс катары кароо менен окутуучулар коюлган максаттарга окуучулардын жетишине өбөлгө түзө тургандай сабактарды жана тапшырмаларды иштеп чыгышы керек деп эсептеген. Анын ою боюнча адамдын ой жүгүртүүсү жогорулоочу татаалдыктагы эӊ эле жөнөкөй билимди эстеп калуудан баштап, бул же тигил идеянын баалуулугу жана маанилүүлүгү жөнүндөгү ой-пикирди иштеп чыгуудан турган көбүрөөк комплекстүү процесс 6 деӊгээлге бөлүнөт. Ал деӊгээлдер төмөнкүлөр:

  • билүү (маалыматты эстеп калуу);

  • түшүнүү (ал маалыматты түшүнүү);

  • колдонуу (билимдерди колдонуу);

  • анализ (билимдерди декомпозиция аркылуу түшүнүү);

  • синтез (билимдердин бөлүктөрүн бүтүнгө бириктирүү аркылуу түшүнүү);

  • баалоо (бекем билимдерге таянып, сынчыл пикир жүргүзүүгө жөндөмдүүлүк).

Таксономия термини гректин “taxis” («орду») жана “nomia” («бөлүштүрүү») сөздөрүнөн алынган, «категория боюнча бөлүштүрүү» же болбосо «классификация» деген маанини түшүндүрөт. Таксономия – билимди, көндүмдү, баалуулукту жана жүрүм-турумду уюштуруучу классификация. Окуу таксономиялары окутуунун ар кайсы этаптарынын өнүгүшүн уюуштуруу үчүн колдонулат. Билим берүүдө окутуу процессин иерархиялык структурада уюштуруу боюнча Блумдун таксономиясы көпчүлүккө белгилүү. Блумдун таксономиясы билим берүү максаттарын, окутуу натыйжаларын классификациялоо үчүн колдонулат.

(Алтыбаева М. Кесиптик билим берүүдө окутуунун натыйжаларын долбоорлоо маселелери.)