Просмотр содержимого документа
«Бир түйүнчөк акча»
Сабактын темасы: Кайталоо
Сабактын максаттары:
-билим берүүчүлүк: окуучулар өтүлгөн темаларды билим , билгичтиктерди кайталашат.
-өнүктүрүүчүлүк: окуучулар көнүгүү жана тапшырмалар аркылуу алган билимдерин өркүндөтүшөт. Оозеки жана жазуу иштерин туура жолго коюуга машыгышат.
-тарбия берүүчүлүк : окуучулар шамдагайлыкка,тыкандыкка, спортту сүйүүгө, коллективдүү жоопкерчиликти сезүүгө, өз эл-жери үчүн күрөшүүгө тарбияланышат.
Сабактын тиби: Кайталоо жана билимдерди жалпылоо сабагы.
Сабактын формасы: Инцинировка сабак
Сабактын методдору: Суроо-жооп, көрсөтмөлүүлүк, изилдөө,интерактивдүү, билимдерди текшерүү жана баалоо.
Сабактын жүрүшү:
Даярдоо.
Окуучулар үч топко бөлүнүшөт: “Кыргызстан”, “Казакстан”, “Өзбекстан”.
Ар бир топтун катышуучулары ийгиликтерине жараша жылдызчаларды алып топтошот. Кызыл, сары, жашыл жылдызчалар: кызыл-“эң жакшы”, жашыл- “жакшы”, сары-“орто” дегенди билдирет. Топтолгон жылдызчалар сабактын аягында калыстар тарабынан эсептелип, жыйынтык чыгарылат. Кызыл жылдызы көптөр-биринчи, жашылы көптөр-экинчи, сарысы көптөр- үчүнчү орундарды алышат да, медалдар менен сыйланышат.