| 1 | Кызыктыруу (Engage) (10 мүн.) | Мугалим: Мугалим окуучулар менен саламдашып, сабакка даярдыгын текшерет. Окуучуларды толуктайт. Колдоруна 3 башка түстөгү тумарчаларды таратат. Жагымдуу маанай түзүү үчүн проектор менен чүкөлөр аркылуу, бүгүну сабакка жагымдуу маанай тартуулайт. Үй тапшырмасын кыскача текшерет (маалымкат жазып келүү берилген). Текшерип , аткарып келген окуучуларга упайларды таратат. Өтүлгөн темаларды кайталоо: “Жаанын жебеси менен калкандарды атуу” презентациясы аркылуу проблемалуу суроолор берилип, бышыкталат. Доскага табышмактуу ыр жазылган сүрөт илип коёт: сүрөттө табышмактуу ырлар жазылган , проблемалык суроо коёт.Мугалимдин жетекчилиги менен сабактын максатын такташат: | Мугалим менен учурашып, сабакка даярданып отурушат. Тандаган түсүнө жараша топторго бөлүнүп отурушат. Үй тапшырмасын мугалимге көрсөтүп, “чүкө” упайларды алышат. Жаанын жебеси тийен калкандагы суроолорго жооп берип , “Чүкө” упай тптошот. Окуучулар жоопторун айтып, тема ачылат, Окуучулар менен биргеликте сабактын максатын түзөт: «Бир өңчөй толуктоочторду таанып, аларды сүйлөмдө туура колдонууну үйрөнөбүз». | НК-1 , НК-2 | Оозеки байкоо, «Бармак» ыкмасы менен катышууну баалоо |
| 2 | Изилдөө (Explore) (5 мүн.) | Мугалим: Мугалим ар бир топко карточкаларды таратат. Карточкаларда төмөнкүдөй сүйлөмдөр жазылган: 1)Балдар тоодон арча, карагай, четин жана талдарды көрүштү. 2) Мугалим окуучуларга китеп, дептер, карандаш берди. 3) Апам дүкөндөн нан, сүт, май сатып алды. Ар бир топко тапшырма: «Бул сүйлөмдөрдөгү толуктоочторду тапкыла. Алар кайсы сөзгө байланышат? Кандай суроолорго жооп берет? Бир сүйлөмдө канча толуктооч бар? Алардын ортосунда кандай байланыш бар?» деп сурайт. Мугалим жоопту айтпайт, топторго багыттоочу суроолорду берет: «Толуктоочтор бирдей суроого жооп береби?», «Алар бир сүйлөм мүчөсүнө тиешелүүбү?», «Айтылышында кандай айтылат?». | Окуучулар топтордо карточкалар менен иштешет. Ар бир сүйлөмдөгү толуктоочторду табышат, алардын кайсы сөзгө байланышарын, кандай суроолорго жооп берерин аныкташат. Мисалы, «алма, алмурут, өрүк» деген сөздөр «эмнени?» деген суроого жооп берип, «жыйнадык» деген этишке байланышат. Алар бирдей суроого жооп берип, бир сүйлөм мүчөсүнө тиешелүү экенин байкашат. Топтор өз байкоолорун жазып, жалпы жыйынтык чыгарышат. | НК-1, НК-3 (өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү), ПК-1 | Топтук иштин жүрүшүн байкоо, «Светофор» ыкмасы менен топтордун активдүүлүгүн белгилөө |
| 3 | Түшүндүрүү (Explain) (5 мүн.) | Тема боюнча презентация көрсөтүп , сабакты түшүндүрөт. | Презентацияны кунт коюп угушат. | НК-1, НК-2, ПК-1 | Оозеки суроо-жооп, «Бармак» ыкмасы менен түшүнүүнү текшерүү |
| 4 | Колдонуу жана тереңдетүү (Elaborate) (10 мүн.) | “Чүкө атмай” оюну аркылуу 32-көнүгүүнү иштетет. 33-көнүгүүдөгү «КИ ТЕП К А Н А» текстин окуп чыгышат. Тексттеги бир өңчөй толуктоочу бар сүйлөмдөрдү издеп, табуу тапшырмасы берилет. | Ар бир топтон окуучулар чыгып, тизилген чүкөлөрдү ска менен атышат. Сака тийген чүкөдө жазылган санга жараша, сүйлөмдүн бир өнчөй толуктоочторун таап, чийишет. | НК-1, НК-3, ПК-1, ПК-2 | Ар бир туура талданган сүйлөм учүн”Чүкө” упай алышат |
| 5 | Баалоо (Evaluate) (10 мүн.) | Мугалим https://bilimai.kg/ru тиркемеси аркылуу дардап келген “Жоолук таштамай” https://bilimai.kg/ru/games/jooluk-tashtamai/1186/play?title=%D0%91%D0%B8%D1%80%20%D3%A9%D2%A3%D1%87%D3%A9%D0%B9%20%D1%82%D0%BE%D0%BB%D1%83%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BE%D1%87%D1%82%D0%BE%D1%80 улуттук оюнун ойнотуу менен алган билимдерин текшерет. Андан тыкары тумарынарда жазылган сүйлөмдөрдү талдагыла. Ар бир окуучу канча чүкө жыйнаганына жараша электрондук күндөлүккө баа коёт. | Окуучулар аты аталганда суроолорго жооп беришет. Тумарында мурунтан жазылып даярдалган сүйлөмдөрдөгү бир өнчөй толуктоочторду таап, чийишет.жуптары менен алмашып текшеришет. | НК-1, НК-3, ПК-1 | Кичинекей тест, өзүн-өзү баалоо баракчасы, оозеки рефлексия |