Сабактын темасы:
Биздин күчүбүз достукта
Сабактын максаты:
- А) Атуулдар арасында ,улуттар арасында бекем,ажырагыс ынтымак, достук, биримдик болуусу керек экенин билишет. - эгерде бири-бирин сыйласа ,улуттарды сыйлай билсе Б) Өз алдынча сынчыл ой жүгуртүүгө, адептүүлүккө, кепке жатыктыруу жөндөмдүктөрү өнүгөт. - өз оюн толугу менен айта алса,бири-бирин сыйласа В) Толеранттуулукка, патриоттуулукка, достукка бекем ,мекенчил болууга тарбияланат.
- Эгерде эли-жери ,мекени үчүн күйүп бышкан, биримдикти бийик койгон атуул болсо,достукту бекем бааласа
-Бул теманы кандайча түшүнөсүңөр?
- Достук деген эмне? –Ким кандай түшүнөт?
Достук деген эмне? Достук ар бир адамдын адамдын жашоосунда болот, бирок "достук” деген эмне?, качан адамда чыныгы достору болгондо, адам өзүн болуп көрбөгөндөй бактылуу сезет. Тилекке каршы, достук бет кабын кийип алып, башка мамилелер да болот, мунун натыйжасында адам терең кайгыга батат. Достук кандай болорун түшүнүү- өзүбүз жакшы дос болуп, жакшы досторду күтүүгө, достукту бекем сактоого жардам берет.
- Достук жана анын өзгөчөлүктөрү
- Аныктама: Достук бул- өз ара ишеничте, кызыкчылыктардын жалпылыгында негизделген жакын мамилелер. Достук бул- эки адам ортосундагы терең байланыш, берилгендикти жана өз ара жардамдашуу гана болбостон, бул ички жакындык, ачыктык жана сүйүү.
- Достук бул- 1- кезекте сезимдер, достук сүйүү экенине ынандык. Бул тышкы нерсе эмес, терең жүрөктө жаткан нерсе.
- 2 -достук капыстан жаралат. Өзүңдү бирөөгө дос болууга мажбурлай албайсың.
- 3- достук анын жаралуусуна да сакталуусуна да зарыл болгон кээ бир шарттарга негизделге
Достук -бул,
Жүзүңдөгү жылмаюуну көрүп туруп, Жан дүйнөдөгү кайгыны сезген адам ЧЫНЫГЫ «ДОС»
- Кыргызстанда канча улут жашайт?
М: Биз канча улут жашасак да,талашып-тартышпай, биримдикте чогуу ынтымакта ,дос болуп жашашыбыз керек.
Эртенки күнү жанжал чыгып кетсе да ар тарапты карабай ынтымакта болушубуз керек. Бирдиктуу болушубуз керек. Манас атабыз айткандай, “ Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө,бөлүнсөн бөрү жеп кетет “ –дегендей ар кайсы улуттар жашасак да, эртенки кун учун биримдиктуу болушубуз керек ж.б.
Тест
1) Биздин айылда канча улут жашайт?
А) 1 б) 2 в) 3
2) Кыргыз эстрадасында “Кыргызымдан айланам” деп ырдаган башка улуттун ырчысы ким?
А) Алекс б) Султан Садыралиев в) Нена
3) Тундук тарабыбыздагы чектеш олко,улут?
А) Өзбекстан,озбек Б) Казакстан ,казак в) кытай
4) Дүйнөлөк тил кайсыл тил?
А) англис б) орус в) кыргыз
- “ Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө,бөлүнсөң бөрү жеп кет
Бөлүнүп кетти кыргыз деп, бөтөн элге сөз кетет “ –деп ким айткан?
А) Атамбаев б) Манас ата в) Путин
- Келгиле эми көркөм ырлардан айтып бергилечи .
Ынтымакта жашаган, Ар улуттун балдары,
Улутка бай мекеним. Бир туугандай жашашат.
Жадырап күлүп жайнаган, Үй-бүлөдөй болушуп,
Достукту бекем барктаган. Ынтымакты сакташат.
Казак,кыргыз бир тууган, Уруш-талаш болбосун,
Салттарын бекем сактаган. Береке бизде мол болсун,
Кытай,дунган элдери, Ар улуттун элдерин,
Убадага бек турган. Тенирим озу колдосун!
-Чынчылдык, ачыктык
-Тилектеш, ортоктош болуу
-Уга билүү
-Башканын ишине жана санааларына кызыгуусу
-Жардам берүүгө даярдыгы, оорчулукта жанында болуу
-Кечиримдүүлүк (ката кетирүү менен байланыштуу)
-Өзүңдүн катачылыгыңды моюнга ала билүү
-Кеңештерди кабыл ала билүү
-Сырларды сактай билүү
-Балдар силер башка улуттар менен да бекем достукта болушунар керек!
. Сабакты бышыктоо: Төмөнкү учкул сөздөр достуктун канчалык бекем боло алаарын көрсөтүп турат: -Чыныгы дос ар кандай мезгилде дагы сүйөт, ал азап мезгилине төрөлгөн бир тууган сыяктуу -Чыныгы дос бир туугандар да артык болот
7. Сабакты жыйынтыктоо :
Орустардын ачыктыгы,
Немецтердин тактыгы,
Кытайлардын мээнеткечтиги,
Япондордун тартиптүүлүгү,
Француздардын кылдаттыгы жана Арабдардын динге бектиги сыяктуу ар улуттун жакшы сапаттарынан таалим алсак жана алар менен бирдиктүү болсок, бизди эч ким жеңе албайт деп жыйынтыктайлы.
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАР ҮЧҮН ЧОҢ ЫРАКМАТ!