СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башталгыч класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Башталгыч класс»

Күндөлүк сабактын планы 

2-класс

Окуу предмети: Мекен таануу

Сабактын темасы: Мекеним Кыргызстан

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү


                                      Максаттары:

                                                Көрсөткүчтөр:

1

Билим берүүчүлүк: Окуучулар  улуттук символдор, кооз жерлер жана кыргызстандагы атактуу адамдар жөнүндө маалымат алышат.

--Берилген  текстти түшунүп окуп,түшүнгөнүн кеңири баяндап айта билишсе.

2

Өнүктүрүүчүлүк: Улуттук символдорду,ажайып кооз жерлерибизди,атактуу адамдарыбызды таанып билишет жана билимдерин өнүктүрүшөт.

--Мекенди сүйүү,билим жана тарбия,ынтымак Кыргызстандын гүлдөп өсүшунө кошкон салым экендигин түшүнүшсө.

3

Тарбия берүүчүлүк: Ата мекенди сүйүугө жана Ата журтту  менен сыймыктанууга  тарбияланышат.

-Мекенибиздин жаратылышын,символдорун,атактуу адамдарын таанып билип,аларды барктай билүүгө үйрөнүшсө.

Колдонулуучу методдор жана ыкмалар: Аңгемелешүү,түшүндүрүү,интерактивдүү

Сабактын жүрүшү:

№

Сабактын баскычтары

( убактысы)

Мугалимдин ишмердүүлүгу

Окуучулардын ишмердүүлүгү

Баалоо (калып баалоо техник-ы) эскертүү

1.

Уюштуруу

  1. Саламдашуу

2-мин

Саламатсыңарбы балдар!Эшикте аба-ырайы да сонун болуп,күн бизди карап жылмайып турат.Ошондуктан биз да күнгө окшоп бири-бирибизди карап жылмайып коёлу!

https://youtube.com/shorts/eYMXag2HIm0?si=r35kpmHQQsdKaOWS


Бири-бирине каалоо айтышат.

Комплимент айтышат.





1.2.Шыктандыруу

      2-мин

-Салам досум

-Каякта жүрдүң?

-Мен сени сагындым

-Сен келдиң

-Кандай жакшы

Окуучулар бир-бири менен саламдааташып,кол алышып,кучакташат.


2

Үй тапшырманы суроо

       3-мин

Балдар дарегиң кандай ?-деп сураса эмнелерди айтасың?

“Кайда”? “Кимге”?-деген саптарга эмнелерди жазабыз?

Окуучулар дареги жөнүндө билгендерин айтып беришет



Кайтарым байланыш

3

Жаңы теманы түшүндүрүү

       7-мин

      https://youtu.be/T9XbYAT0Sco?si=s2leORIrJSdwq_B0

     Кыргызстан

Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет.Мекенибизде ар  улуттун өкүлдөрү жашайт.Башка улуттардан айрымаланып,элибиз меймандос келишет.

Биздин мамлекеттик тилибиз- кыргыз тил. Ал эми биздин  мамлекеттик символдорго гимн,туу.герб кирет.

Кыргыз Республикасынын туусу 1992-жылдын 3-мартында бекитилген.

 

Ал эми герб 1994-жылдын 14-январында бекитилген.

Гимн 1992-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.



Окуучулар символдор, жөнүндө маалыматты кунт коюп угушат.


4

Практикалык иш

      15 мин

Окуучуларга  тема боюнча маалымат берилгенден кийин суроолор берилет.

--Гимнди ырдаганда эмне үчүн колубузду жүрөгүбуздүн тушуна коёбуз?

--Мекенибиздин жаратылышы,символдору жөнүндө эмне айта аласынар?




Окуучулар берилген суроолор боюнча ойлонот,оюн туура,так айтууга аракеттенишет.




Калыптандыруучу баалоо

5

Эс алуу мүнөтү

      2-мин


https://www.youtube.com/shorts/e_8VMOvKyrw?feature=share


Көнүгүүлөрдү жасашат





6

Бышыктоо

    5-мин

Мекен жөнүндө ыр,макал билесиңерби,


Суроолорго жооп беришет.


7

Жыйынтыктоо

   2-мин

Биз бүгүнкү сабактан эмнелерди билдик,эмнелерди үйрөндүк?


Мен ...билип калдым.

Эми...мен билем.

Мага...кызыктуу болду

Мен...дагы  билгим келет


Кайтарым баалоо

8

Баалоо

   2-мин

Окуучулар сабакта аткараган  иш аракетине жараша бааланат.

Сабакта активдүү болууга калыптанышат.

Суммативдик баалоо

9

Тапшырма берүү

   2-мин

Мекен жөнүндө 1,2 куплет ыр жаттоо

Тапшырманы күндөлүккө жазышат.